Нурия Султанмуратова, тогуз коргоол боюнча дүйнө чемпиону: «Тогуз коргоол шахматтан да татаал оюн»

Блиц-анкета
Кичи мекени — Талас
Спорттогу жетишкендиктери — эл аралык даражада спорт чебери, КРнын 5 жолку чемпиону, дүйнө чемпиону
Кумири — Каныбек Осмоналиев
Суусундугу — жарма (таласча)
Эс алганы — жайлоо
Үйбүлөдө — жолдошуна сүйүктүү жар, балдарына мээримдүү эне
Жакшы көргөн тамагы — манты

— Он күн мурун Чехиянын Пардубице шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык оюндардын олимпиадасында тогуз коргоол боюнча кыргыз курамы биринчиликти жеңип, алардын арасында сиз кошо катышып, дүйнө чемпиондугун жеңип алдыңыз. Ушуга токтоло кетсеңиз?
-Салтка айланып, бүткүл дүйнө элинин акыл-эс оюндарынын олимпиадасы деп аталган саамалык иштин башталганына тогуз жыл болуптур. Тогуз коргоол оюнуна катышкан мамлекет саны ондон ашты. Казак, Орус, Америка, Азербайжан ж.б.

-Ал жерде дагы кайсы оюндун түрлөрү бар экен?
-Кубик-рубик, овари, судоку, какуро, манка, калах сыяктуу оюндар бар.

-Мелдеш кандай деңгээлде өттү?
-Тогуз коргоолго катышкан башка улуттун өкүлдөрү интернет сайттан окуп-билип, үйрөнүп атышкандарын айтышты. Ал сайтты Кубат Картаңбаев деген жигитибиз кодекс, эрежелеринен тарта иштеп чыгып, интернетке жарыялап койгон. Менимче, 1999-жылдан бери келатат. Мелдешке кызыгуу арткандардын саны күн санап өсүп атканы, түшүнбөгөн талаш-тартыш маселелер боюнча бизге кайрылгандары көңүл көтөрдү.

-Казактарчы?
-Боордоштор бул жагынан бизден тың болуп, мурунку жылдарда өткөн олимпиадаларга катышып, «тогуз кумалак — казактыкы» деп ээлик кылууга үлгүрүшүптүр. Албетте, биз буга моюн сунуп калбайбыз. Тогуз коргоолду казактарга тарттырып ийүүнүн кажети жок. Бул биздин улуттук оюнубуз экенин далилдеген бир топ фактылар бар.

-Мисалы?
-Венгер окумуштуусу Жорж Алмааши «Азиянын жүрөгүнө саякат» аттуу китебинде «тогуз коргоол акыл-эс оюнун кыргыз эли гана ойнойт экен» деп көзгө сая көрсөткөн. Муну Манаста жана башка толуп жаткан музейлердеги таштан чегилген экспонаттар да тастыктайт. Бул эми тарыхчылардын иши эле. Ошолор чечишип алса болмок.

-Өзүңүз тогуз коргоол дүйнөсүнө кандайча келип калдыңыз эле?
-Мектепти бүткөнгө чейин көрүп-билген эмесмин. Кийин Ж.Баласагын атындагы улуттук университеттин математика факультетине тапшырып калдым. Окуу жайдын ар кыл ийримдеринин ичинен тогуз коргоолду тандап, таанышып жактырдым. Кесибим математик болгондон кийин оюн экөөнүн үндөш экени да түрткү болду.

-Акыл-эс оюну оюнчудан эмнени талап кылат?
-Биринчи кезекте чыдамкайлык менен токтоолукту. Атаандашыңдын ар бир жүрүшүнө тогуз жообуңдун ичинен тандап туруп бир жүрүш менен жооп берүүң зарыл. Кээ бир башталыштарды онунчу жүрүшүнө чейин жадыбалдай жаттоо керек болот. Күжүрмөн эмгекти талап кылат.

-Дүйнө эли ойногон шахматты татаал оюн деп келебиз. Ал эми тогуз коргоолчу?
-Минтип так кесе айтууга болбойт. Мен буга кошулбайм. Кайсы бир учурда А.Карпов көл жергесине келип, Корчной менен дүйнөлүк биринчилик үчүн так талашуу мелдешине даярдык көрүп, тогуз коргоол менен жакындан таанышыптыр. Ойноп көрүп, «тогуз коргоол оюну шахматтан ашса ашат, бирок кем калбайт» деп бүтүм чыгарган экен. Дүйнө чемпиону да оңой киши эмес да. Мен анын айтканына толугу менен кошулам.

-Мен билгенден жолдошуңуз Камчы Касымов да тогуз коргоол дегенде эт-бетинен кетип, оюнду кыргыз элине жайылтуунун далбасын уруп келет. Ортоңордо уулдар чоңоюп келатат. Кимиси силердин ишти улантчудай?
-Азырынча үч уулдун ата-энесибиз. Улуусу үстөл үстүндөгү теннис менен шугулданып жүрөт. Ортончусу сегизге эле чыкканына карабай, биз менен тең ата болуп, тыягы өзү теңдүү казак балдардын шайын оодарса, биякта шаар ичиндегилердин жанын койбой утуп, чемпион экенин жар салат. Зээндүү. Үмүтүбүз чоң.

-Шакирттериң барбы?
-Ушу тапта Улуттук университеттеги ийримге сабак берем. Тың чыкма кыздар көп эле. Асты улуттук спорттун чеберине жетти.

Өкүнүчтүүсү, кыздардын жолу ойдогудай боло бербейт экен. Бой жетип, турмушка чыгып, бүлө күтөт. Ошону менен тогуз коргоолду көмүскөдө калтырып коюшат.

Шакирт деп кеттиңиз. Ошол эле казактарды алып көрсөк. Алар мектеп жашынан баштап оюнду үйрөнө башташат. Бул мамлекеттик деңгээлде колго алынган. Жылына ар түрдүү мелдештер өтүп, саны кыркка чыгат. Бизде ушул жагы өксүк болгонсуйт. Элге билим берүү министрлиги жана мамлекеттик спорт агенттиги биргелешип жакшы программа иштеп чыгышса деген тилек.

«Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 06.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий