Сентябрда үч жаш режиссердун тасмаларынын бет ачары болот

Ушул жылдын сентябрь айында Бишкектеги «Октябрь» кинотеатры менен Кино үйүндө Кыргызстандын үч жаш режиссерунун кыска метраждуу фильмдеринин бет ачары болот. Алар «Кыргызфильм», «Айтыш фильм» жана «Селкинчек» студияларына таандык.

Маалыматка ылайык, бет ачарда режиссер Айбек Өмүровдун 18 мүнөттүк «Мүйүздүү эне», Элнура Осмоналиеванын «Шамчырак» (25 мүнөт), Бакай Эгендин «Дубалдар» (30 мүнөт) тасмалары бар.

Бет ачар 11-сентябрдан 13-сентябрга чейин созулат.

М.Ибраева, «Кабар» МА, 10.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий