Алтынбек Исмаилов

Акын Алтынбек Исмаилов Өзгөн районунун Көлдүк айылында 1982-жылы 1-январда туулган. 2001-жылы Ош шаарындагы Кыргыз-Түрк «Сема» лицейин, 2005-жылы Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин түркология факультетин бүтүргөн. Учурда аталган окуу жайда окутуучу болуп эмгектенет.

Ал көркөм котормого да аралашып, суфистик-мистикалык поэзиянын ири өкүлдөрү, белгилүү түрк акындары Мевлана Жалалиддин Руми менен Юнус Эмренин ырларын кыргыз тилине которгон. Алгачкы «Таш күзгү» аттуу ыр жыйнагы 2008-жылы жарык көргөн. Ырлары орус жана түрк тилдерине которулган.

2005-жылы Крымда өткөн «Түрк калктарынын Эл аралык VI поэзия фестивалынын» дипломанты,
2006-жылы Астана шаарында өткөн чыгармачыл жаштардын Эл аралык «Шабыт» поэзия фестивалынын дипломанты,
2007-жылы Түркияда өткөн IX Эл аралык поэзия фестивалынын дипломанты болгон.
2007-жылы Мевлана Жалалиддин Руминин 800 жылдык мааракесине арналган Республикалык мелдештин баш байгесине татыктуу болуп,
2008-жылы Республикалык жаштардын Жолдошбай Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыгынын лауреаты болгон.

2007-жылдан Евразия Жазуучулар союзунун Кыргызстандагы өкүлү. 2007-жылдан Түрк дүйнөсүнүн жаш Жазуучулар союзунун Кыргызстандагы өкүлү. 2006-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

 

Алтынбек Исмаилов жана аныны чыгармачылыгы тууралуу

Калем: “Кыздарды эмес, кыргыздарды сүйөм”

Алтынбек Исмаилов, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү: «Менимче, акын алкым эмес калкын, кулкун эмес журтун ойлогон атуул болушу керек»

Алтынбек Исмаилов: «Кечелерибизде байкуш студенттерден башка эч ким жок»

Алтынбек Исмаилов: Өз эне тилиңен өзгө тилге ыр оодаруу оңой-олтоң иш эмес

А.Исмаилов: Менимче, ал киши абдан калыс, коррупциядан алыс президент болмок”…

Исмаилов: Өз оюн кыргыз тилинде оозеки жеткире албаган жарандар абдан көбөйдү

Адамзатка шоола чачкан Мевлана

Азербайжан акыны Бахтияр Вахабзаденин “Гүлистан” дастаны кыргыз тилинде басылып чыкты

Жаңы китептер жентеги

Бакуну багындырган акындар

 

Ырлар

ТАШ КҮЗГҮ

Канаты
Сынган куштай
Карбаластап,
Кайгынын
Кайыгында
Чайпаламын.
Күзгүдөн
Карап алып
Кир жүзүмдү,
Ишенбей
Кайра-кайра
Чайканамын!

Карачы,
Таш күзгүнү,
Кыйналган
Кыргыз жүрөт.
Дал ошол
Кыргыздарды
Шылдыңдаган
«Жылтылдап»
Жылдыз жүрөт!
Бир сөздү
Он сөз кылып
Туудурушкан,
Жамандап
Жакшыларды
Жазыксыз
Куудурушкан,
Ушакчы
Кемпир, чалдар,
Чоң муштум
Зөөкүр балдар,
Жана да
«Жыртаңдаган»
Бир кыз жүрөт!

Кыргызча
Сүйлөгөндү
Билбей туруп,
Орусча
Омуроолоп
Сөгүшкөндөр,
Көчөдөн
Өткөндөрдү
Көзүнө
Илбей туруп,
Магдырап
«Макулуктай»
Өбүшкөндөр,
Кадимки
Койкоңдогон
Кем акыл
«Көгүчкөндөр»,
Жүрөгү
Соккон менен
Тирүүлөй
Өлүшкөндөр,
Аралаш
Баары жүрөт,
Карасы,
Агы жүрөт.
Балдары
Батырбаган,
Же өлүп
Шум ажалга
Атылбаган,
Кунарсыз
Качып келген
Элеттерден.
Нан издеп
Жолбун иттей
Таштанды
Челектерден
Кайырчы,
Карып болгон
Бирөөнүн
Жары жүрөт.
Адашып
Унааларда,
Жаштардан
Кагуу жеген
Ак сакал
Кары жүрөт!

Эт эмес,
Нан алгыдай
Айлыгы жок.
Эки күн
Жан баккыдай
Май, уну жок
Базарда
Байпак саткан
Катындардан,
Эки сап
Ырдан башка
Байлыгы жок
Жазуучу,
Акындардан
Миң эссе
Тың жашаган
Сойкулар
Дагы жүрөт!
Кой союп
Кошоматка
Чебеленген,
Каадалуу
Кожоюндун
Көзүн карап,
Парвана
Көпөлөктөй
Тегеренген
Жойпулар
Дагы жүрөт!

Энесин —
Тилин саткан,
Эгемен
Дилин саткан,
Эзелтен
Келе жаткан
Энчилүү
Динин саткан
Ыймансыз
Жаштар жүрөт!
Берилип
Чет өлкөгө
Белимчи,
Аңги болгон,
Берилип
Бөтөлкөгө
Аракеч,
Баңги болгон
Ыпылас
Мастар жүрөт!

Кенедей
Таш күзгүдөн
Көрүнгөн
Көз алдыма,
Кыскасы,
Баары жүрөт,
Баары жүрөт…

Тазалап
Таш күзгүнү,
Сыйдалап
Сүртүп турам.
Көбүргөн
Самын менен
Айналарды
Көгөрүп,
Көкүрөктөн
Бүркүп турам.
А бирок,
Өзгөрүү жок!
Түкүрүп
Турмушума,
Аябай
Чүнчүп турам!..

Канаты
Сынган куштай
Карбаластап,
Кайгынын
Кайыгында
Чайпаламын.
Күзгүдөн
Карап алып
Кир жүзүмдү,
Ишенбей
Кайра-кайра
Чайканамын!
23.12.2002

 

ҮШКҮРҮК

Дирилдеп
Жалбырактар
Теректеги,
Тынымсыз
Төмөн көздөй
Түшүп турат.
Турмушту
Көргөн сайын
Элеттеги,
Титиреп
Тулку боюм
Үшүп турат.

Түйшөлүп
Күндөгүдөй
Бүгүн дагы,
Көтөрдүм
Көк желкеме
Кылымдын
Көйгөйү  көп
Жүгүн дагы!
Үлдүрөп
Араң чыгат,
Үмүтсүз
Үшүк урган
Үнүм дагы!

Мынакей
Көз алдымда,
Кучактап
Жалбыраксыз
Куу даракты,
Кыргызым,
Турасың сен,
Кулкунга
Куюп алып
Уу аракты!

Көөдөнүм
Туз куйгандай
Ачышууда,
Көргөндөр
Безип сенден
Жаа бою
Качышууда!
«Кудай ай,
Кудай ай»-деп,
«Кырчындай
Кайран гана
Курак ай»-деп,
Энелер
Баш чайкашып,
Басышууда!!!

А сага
Баары бирдей,
Кенебейсиң.
Мурдуңду
Балта кеспес
Немедейсиң!
Толтуруп
Кусуп салган
Калпагыңды,
Тамтаңдап
Кайра-кайра
Тебелейсиң!
Кучактап
Турган ошол
Куу даракты,
«Оо катын,
Арак тап»-деп
Жемелейсиң!

Ичпесең
Ишиң жылып,
Өзгөдөн
Алда канча
Бийик жүрдүң!
Ичкенде
Ичиң жылып,
Өбөктөп
«Ат жалына
Сийип» жүрдүң!
Жай-кышы
Жадабастан,
Жыртылса
Жамабастан,
Коңултак
Керзи өтүктү
Кийип жүрдүң!

Аракеч
Аталсаң да,
Атаңдын
Каргышына
Аркансыз
Маталсаң да,
Агарган
«Ак молдону»
Кыялбадың!
Тууган эл,
Тууган жерден
Таптакыр
Уялбадың!!!

Карачы,
Эми минтип
Бир кызык
Кебетеге
Келген кезиң.
Кумар көз
Аялыңды
Кайгынын
Тактайына
Керген кезиң!
Бүт өмүр
Жаштыгыңды.
Жем-чөбүң,
Байлык салчу
Баштыгыңды,
«Жан алгыч»
Бөтөлкөгө
Берген кезиң!

Кыргызым,
Кыргызбайым,
Кыйкырык
Кеп-сөзүмдү
Угасыңбы?!
Макулук,
Маңкурт
Болбой,
Бутуңа
Адамга окшоп
Турасыңбы?!
Ашатып адатыңча,
Же мени
«Бок сөз» менен
Урасыңбы?!.

Үшкүрүк,
Үшкүрүктөр,
Үзүлгөн
Үмүттөрдү
Түртүп улам
Үтүктөп турам
Үндү,
Үшүгөн
Максаттарга
Бүркүп улам!
Бүркүп улам!!!

Дирилдеп
Жалбырактар
Теректеги,
Тынымсыз
Төмөн көздөй
Түшүп турат.
Турмушту
Көргөн сайын
Элеттеги,
Титиреп
Тулку боюм
Үшүп турат!

Дирилдеп
Жалбырактар
Түшүп турат…
30.08.2003

 

АРУУЛУККА УМТУЛУУ

Секирем бийиктикке термелип мен,
Себебин билесиңби эмнеликтен?
Кайчылап кайталанма турмушумду,
Кутулгум келет менин пенделиктен!

Аруулук — алыс учкан канат белем,
Ар убак мен ошону самап келем.
Аттиң ай, пендечилик болбогондо,
Асмандан жерге түшпөй калат белем?!

Кантип мен эркин куштай учам улам?
Көр оокат коё бербейт тушап улам.
Бошонгум келет менин биротоло,
Булгаган кир дүйнөнүн кучагынан!

Умтулуп бийиктикке термелемин,
Учалбай турам бирок жерде элемин.
Бөлүнүп кетсем эгер мен силерден,
Бут тоспой жөн койгула, пенделерим?!
16.04.2003

 

ИЧИМДЕГИ БИР АДАМ

Эмнегедир коркунуч басат мени,
Ээн баш ойлор алкымдан асат мени.
Мезгил учкан мейкиндик талаасына,
Мен ырларды, а ырлар жазат мени…

Көңүл чөгүп, бычаксыз канап турдум,
Күн отуна сөөгүмдү калап турдум.
Көз жүгүртүп көкүрөк күзгүгө мен,
Көпкө дейре өзүмдү карап турдум!

Көөдөнүмдү ансайын тушап жалын,
Күйдү, күйдү жалбырак, бутак-шагым.
Муңга толгон жүрөктүн отун алчу,
Муздак ташты моюндан кучактадым!

Бүт шимирип мендеги ысыктыкты,
Бир заматта ошол таш ысып чыкты.
Алоолонгон жанымды билбейм бирөө,
Аскаларга алпарып жышып чыкты!

Тыңшап үнүн табигат, теребелдин,
Түрмөктөлгөн ырларга тебелендим.
Түпнускамды табалбай түпнускамды,
Тегерендим дүйнөнү тегерендим…

Сезбей качан түн кирип, таң атканын,
Сезбей күндүн жарык нур таратканын,
Көрдүм анан эң алгач өзүмдү мен,
Көлөкөлөр жетелеп баратканын!

Ичким келди… А бирок ичирбеди,
Ичимдеги жалын-өрт кичирбеди.
Иттик кылып жатканын көрдүм анан,
Ичимдеги бир адам ичимдеги!

Көбүк бүркүп, деңиздей толкуп турдум,
Көргүм келбей, күзгүдөн коркуп турдум.
Издеп жүргөн көрсө мен өмүр бою,
Ичимдеги «өзүмдөн» коркуптурмун!
30.05.2006

 

ЖАЛГЫЗ ТЕРЕК

Сүйдүм сени, жолдоштукка тандадым,
Сөз айталбай бир топ мезгил жандадым.
Өзгө адамды жактырарың укканда,
Өлө жаздап, өзүмдү араң кармадым!

Билбейм кантип жаратымды бүтөймүн?
Билик жандын өрт алышын күсөймүн.
Куу жыгачтай болгон менен кебетем,
Көөдөн быкшып, чычаладай түтөймүн!

Жүрөгүм таш, мен сүйүүгө сенекмин,
Жалбыраксыз жалгыз калган терекмин.
Сөңгөгүмө шынаа кагып кууратпа,
Сенден башка адамга да керекмин?!

Жолоочудай күндө сага кезигем,
Жарам ырбап, көргөн сайын эзилем.
Өзөк жанды мите курттай кемирип,
Өзүмдү-өзүм жеп аткандай сезилем!

 

ТӨҢКӨРҮШ

Байка кыргыз, бир нерсе башталууда,
Баткак кечкен кадамдар ташталууда.
Кара курсак кампайып тойгон менен
Корком, корком, жандүйнөң ач калууда!

Өйкөп күндө өмүрдү сүргөн жаман,
Өз жаныңды камаган түрмөң жаман.
Суу кашектей быкшыган сезим менен
Сулуулукка сук артып жүргөн жаман!

Быкшып күйбөй, жалындап жанган жакшы,
Бардык жерде таза күл калган жакшы.
Жалган сөздү жамынып жашаганча,
Жаратканга жылаңач барган жакшы!

Жер каратып кедейлик, уяңдыгың,
Жеңден тартып басынтат улам бүгүн.
Ач-жылаңач өткөндөн уялбастан,
АДАМ болбой калгандан уял бүгүн!

Ала кушту атынан аташ керек,
Адамсыңбы, адамча жашаш керек.
Жакшы турмуш өзү эле келбейт тура,
Жандүйнөгө төңкөрүш жасаш керек!

 

КУСАЛЫК

Түйүлүп түйдөк жиптей көкүрөгүм,
Түшүнбөйм эмнегедир өкүнөмүн.
Көөдөндү кайра-кайра былчылдатып,
Кусалык, кыйнабачы өтүнөмүн?!

Жаралап жандүйнөнү жышып турган,
Жармашып жан алгычтай кысып турган,
Желкеге минген ойлор жарга такап,
Жүрөгүм муздап барат ысып турган!

Тегирмен талкалаган талкан болуп,
Тулку бой кайра катат калкан болуп.
Сыйыртмак салган сымал моюнума,
Сезимдер муунтушат аркан болуп!

Ашыктык, азап-муңбу? Аян кылып,
Айталбай алдастаймын баян кылып.
Капкара көөсү кетпес казанга окшоп,
Көңүлдү каптап турат караңгылык!

Түйүлүп түйдөк жиптей көкүрөгүм,
Түшүнбөйм эмнегедир өкүнөмүн.
Көөдөндү кайра-кайра былчылдатып,
Кусалык, кыйнабачы өтүнөмүн?!
15.10.2003 

 

КАНТИП АЙТАМ?

Эх кыргызым, ойлончу эсти жебе,
Эне-атаңдын айтканын эски дебе.
Тарыхты сен тарс атып салган менен,
Таңдайыңа сайылат эски жебе!

Какшап келем: доо кетип балдарыңа,
Каргыш сөзгө кабылып калбагыла.
Бурмаладык тилди деп кантип айтам,
Бабалардын байыркы арбагына?!

Уу чалканды мойнума артам дагы,
Улутумдун азабын тартам дагы.
Унуттук деп тилимди кантип айтам,
Урпактарга уялбай аркамдагы?!

Тилсиз элдин тукуму курут болгон,
Тилин сактап калган эл улут болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар,
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон!

Ташты сыгып, тарыхты төккүм келет,
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
Эне тилин эсирип чангандарды,
Эне тилде ашатып сөккүм келет!
15.04.2004

 

ЭРГҮҮ

Ыр жазып кыялдардын учагында,
«Ысык ой” тыбырчылайт кучагымда.
Талп этип кайра жерге кулап түшөм,
Талпынып бийиктикке учамын да…
30.12.2006 

 

ЖАНЫМ СЫЗДАЙТ

Тырмап ойлор көкүрөктү тарактай,
Туталанам тытылган бир барактай.
Билбейм неге жаным сыздайт мынчалык,
Бүт мөмөсүн силкип салган дарактай!
Жатам алсыз жапыз тамда кырыман,
Жалыны жок үмүттөргө жылынам.
Түркүн ойдун аскасынан ашалбай,
Төбөм менен жерди сүзүп жыгылам!

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий