Эне сай кыргыз календарын колдонсок…

(дил баян)

Кыргыз ели орто азийадагы ең карт тарыхка ее ески елдердин бирөө екендиги жалпы илымпоздор мойундаган чындык.улуу окумуштуу, атактуу кыргыз тарыхчысы аныбар байтур өзүнүн «кыргыз тарыхы лексыйалары» деген ири илымий емгегинде ене сай кыргыздарынын маданийаты жөнүндө саймедиреп: «кытай тарыхий жазмаларына караганда, ене сай кыргыздары түрк тилинде сүйлөшкөн тайпалардын ичинде ең алды менен туруктуу календарга ее болгон» деп жазат. «жер шарылашуу» шарданы жалаң гана економиканын жер шарылашуусу болбостон , биздин бодолгобузча — ал маданийаттын, керек болсо тилдин, диндин, идийологийанын, жалпы еле адалдык менен арамдыктын, күкүк сайрап, гүл жайнаган көп түрдүүлүк менен бутагын жырып, бир калыптуулукка, кууроого араанын ачкан жутуп алмайлыктын(ассимилйатсыйа) шарданы екенинде сөз жок. бирок, ар елдин өздүк тамырын, рухун сактоонун еки тизгин, бир чылбыры өз колунда.

Капырай десең… мына, Айтматов шүкүт берген « идийологийалык маңкуртташуу» нун калбырына елгене баштасак, өздүк маданийат, улуттук тил кайда бараар-тураарын билбей чыркырайт. муну өз тамырыбызды, өз ене тилибызди барктап колдоно албаган жарандар ошондой болуу тагдырына түртө баштадык. тее түпкү тамырынан кабар-атар жок көптөгөн елдер өздүк тамыр-тегин «жер шарылашуунун» боороонунан далдалап алуу үчүн, өздүк тегин издеп, зил маданийатынан наар татып жатса, биз качанда такталып, бадырайып турган өздүк тамыр, маданийатыбызды унуткарып таштап кете берсек кудай урат.

Айтмакчы, ай аттарыбызды болсода кыргызча жалпылаштырып алуу жоопкерчилиги улут үчүн ет жүрөгү«тыз» еткен жарандардын колунда. биз, кыргыздар бул чакта «йанвар, фебрал…август, декабр…» сыйактуу кайр диндин «кудай»ларынын ысымы менен аталган ай аттарын жалпылаштырып алдык.а казак туугандар мыкты ел екен,«казан,акпан…»деп акпарат аралжыларында какшанып жатып, улуттук ай аттарын жалпылаштырып алды, аларга кут болсун.бүгүнкү замандын адабий тилди жалпылаштыруу бийлигин алаканга уучтаган кыргызча акпарат, басма сөз, интернет айдарлары (өтө еле аз болсо да) бир келки чечимге келип, кыргызча ай аттарын жалпылаштырып алууга жарабадык.

2006- жылы болмок: «Кызылсуу гезити» азаматтык менен жол баштап, жыл башынан еле «үчтүн айы, бирдин айы, жалган куран, чын куран …» деп кыргыз атмайды кубантып кыргызча ай аттарын баштап келип, «бугу»га келгенде бурулуп,«кулжага» келгенде кубулуп байагы еле «ийун, ийул…»га өтүп кетти. емне себеп екенин билбедик.кантпесин, бир азаматтык кылды еле.еми болсо интернет бетинен кыргызча кутман айалдасы www.kutman.ucoz.com «үчтүн айы, бирдин айы, жалган куран, чын куран …» деп кыргызча ай аттарын колдонуп кубантсада, бул али кыргыз журтчулугуна жалпылашпаганы себептүү кайра бозортуп койот кишини.кыргызча акпарат, басма сөз, интернет айдарларындагы ет жүрөгү кыргыз үчүн «тыз » еткен жарандардын емики жоопкерчилигинин бирөө- кыргызча ай аттарын жапырт колдонуп жалпылаштыруу болмок,анан жарандар ене тилиндеги таттуу аталган ай аттарынан тап-такыр кол үзө алмак емес.

Учурда бизге белгилүү кыргызча ай аттары еки түрдүү, бири өтө кадимки тарыхий нукка ее, бирөө жакынкы мезгилдерге таандык.

1. Санжырачы Султаналы Борбодой айткан кыргызча ай аттары (койулган сыфырлар ел аралык ай санагына таан) 1.үчтүн айы 2.бирдин айы 3.жалган куран 4. чын куран 5.бугу 6.кулжа 7.теке 8. баш оона 9. айак оона 10.тогуздун айы 11. жетинин айы 12. бештин айы.

Жогорку кыргызча ай аттары бойунча, кеелер 1-айды (йанвар) бирдин айы менен, кеелер үчтүн айы менен… деген сыйактуу чалды-куйду атап, бир келкиге келбей башты айландырып салды.

2. Окумуштуу, улуу тарыхчы Аныбар Байтур тактаган түпкү атабыз «ене сай кыргыздары» иштеткен кыргызча ай аттары (ене сай кыргыз дарынын ай санагы бойунча) 1.нооруз (баш ай, жаңы ай деп да аталган) 2.көрүк 3. күкүк 4. чилде 5. сарыча 6. кыр күйөк 7 . мизам 8. карача 9. казан ( же согум деп аташкан) 10. каңтар 11. акпан 12. чал ( соң ай деп да аталган) караңызчы ! татынакай болгон ата мурас ай аттарына!? еми байкадыңыз бекен? казак туугандар атап жаткан ай аттары деерлик ене сай кыргыздары колдонгон ай аттары, кантпесин, 2000жылдык тарыхка ее календарыбыздыене сай кыргыздарынын унутчаак урпактарынан мурда биздин ата-бабабыздын ай аттарын жалпылаштырууга жетишиптир казак туугандар, жарайт, түпкү атабыз бир да. «ене сай кыргыз дарынын салты бойунча, нооруз майрамы ең салтанаттуу өткөрүлгөн.«нооруз» деген сөз байыркы иран тилинде «жаңы жыл» дегендик болот.бул майрам байыркы ирандыктардын шамсийа»күн календары» календары бойунча ар жылы 3-айдын 21-күнү өткөрүлүүчү. ал еми кыргыз есеби бойунча асманда козу жылдыз көрүнгөн күндүн екинчи күнү (3-айдын 22-күнү)өткөрүлгөн.анткени, бул күн ене сай кыргыздарынын жыл есеби бойунча 1-ай есептелген «баш ай»(жаңы ай)дын 1-күнүнө туура келет.» деп жазат улуу тарыхчы аныбар байтур. ене сай кыргыздары нооруз айында «баш ай»катары ар жылы жаңы жылды белгилешкен екен. демек, ене сай кыргыздарынын кыргызча ай аттарын азыркы ел аралык ай санагына туураласак, мындай кыргызча ай аттары тамшантат:
1. акпан (йанвар) 2. чал(фебрал) 3. нооруз (март)4. көрүк(апрел) 5. күкүк (май)6. чилде.(ийун) 7. сарыча (ийул)8. кыр күйөк(август) 9. мизам(сентыйабр) 10.карача (октыйабр) 11.казан ( согум )(нойабр) 12.каңтар(декабр).

Ошентип, емне еле болбосун ең байыркы ата мурас календарды урпактар унуткарбай урунганга не жетсин !!!«колдо бар алтындын баркы жок» деген ушул, тап-татынакай кыргызча ай аттары такталып, урпактын учугун узартуусун күтүп турат. кыргыз тилиндеги акпарат, басма сөз, интернет баракчалары атпай елге жалпылаштыруусун күтүп турат. анда кадырлуу агайын: баарыбыз атуулдук арыйет менен жоопкерчилыкти желкеге алып, жарандык жалбырттаган рух менен кыргызча ай аттарын кылым кыйырына жаңыртууга жарайт бекенбиз ?!бааарыбыз белсене жалпылаштырууга милдетибиз бар деп ойлоп, макаланын етегине чекит койдум….

Нурмамбет Осмон уулу,
кытайлык кыргыздардын «Ак тилек»
Интернет журналы, 24.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий