Кыргызда биринчи Элчи Аял ким болгон?

Элибизден мурда аял кишиден элчи чыкты беле? Чыкса анда анын тарыхта орду барбы? Кыргыз санжырасында бар! — деген жоопту айтат. Бирок, азырынча анын илимий түрдө такталган тарыхы жок. Муну ошондуктан сенсация катары окурман журтунун назарына койдук. Балким, тарых окумуштуулары ага кызыгып көрүшөр.

Тарыхчылар тактай турган нерсе
Санжырачылар негизинен кыргыз урууларын үчкө бөлүп жүрөт. Оң, сол жана ичкилик дешет. Айрымдары аны оң,сол, ортоңку фланга деп да бөлүп жүргөндөр бар. «Фланга» дегендер жоокерчилик заманда: «оң» дечүлөр — оң канатка; «сол» дечүлөр — сол канатка; «ичкиликтер» дечүлөр-ортоңку канатка салгылашкан — деп чечмелешет.

Биз азыр колдонуп жүргөн кыргыз санжырасы — Чыңгыз хандын тушунан берки айтылып келе жаткан оозеки тарых. Ырас, Хам, Зам деген жер каймактаган замандагы элдин уруу-урууга тарап,улутка айланышы жөнүндөгү гипотезалар да кездешет. Бул улуттардын бири-бирине тектеш экенин илимий түрдө аныктоого мүмкүнчүлүк ачкан.

Кыргыз санжырачыларынын айрымдары Александр Македонскийдин Фергана өрөөнүндөгү чабуулу агрессивдүү болгон эмес — деп жазма тарыхта жазылып калган булактарда кездешет. Деги эле,анын Борбордук Азиядагы баскынчылыгы өтө жемиштүү болбой жай баракат болгон. Себеби,ошол кезде перс бийлигине көз каранды болгон сак уруулары укмуштуудай чоң каршылык көрсөткөн. Перстердин коомдук — саясий чөйрөсүнө сак элинин таасири болгонун, аны менен эсептешээрин гректин тарыхчылары биздин заманга чейинки тарыхына жазып калтырып кеткен.

Айталы, төмөндөгүдөй: сактардын аялдары эркекче кийинип жоо менен чабышат. Аттары кууса жетет,качса кутулат деген баасын берген. Борбордук Азияда ат үстүндө ойноо жагынан кыргызга эч бир улут жетпейт. Демек «сак» деген — бул кыргыз. Качканда тоо ташты аралап,таптырбай кеткенин да моюндарына алышкан. Себеби,капчыгайга качып киргенде эле,гректер чабуулун токтотушкан. Анткени жер удулун билбегендиктен алда кандай күтүлбөгөн кокустуктан чоочулашкан. Жер чалып,аярлап иш жасоого аргасыз болушкан.

Кыргыздар Александр Македонскийди — Искендер Зулкарнайн — деп аташкан. Мындан ары, анын кыргызча берилген энчилүү атын айтабыз. Жогоруда Фергана өрөөнүндөгү чабуулу жөнүндө айттык. Дал ушуга байланыштуу кыргыз санжырасында бир легенда айтылган. Бирок илимий түрдө аныктоону талап кылат. Минтип айтып жаткан себебибиз, тарыхтан ордун табуу үчүн атайын изилдөөнү талап кылат. Мисалы, Барсбек каганды — Атилла дешет. Балким, Айым эне деле башкача аталышы мүмкүн.

Уламыштагы элчи аял — Айым эне
Фергананы Искендер басып киргенде алга жылуусу жай баракат болгон. Анын үстүнө чабуул жайкы мезгилге туш келип,жоокерлердин арасында ич өткөк ылаңы жайылып кеткендиктен өргүүгө аргасыз болот.

Кыргыз уруулары чогулуп, Искендердин алдын тосуп элчиликке киши жибермек болушат. Бирок эч ким даабай,батына албай коюшат. Ошондо сол урууларынын бири мундуз уруусунан Акман аттуу кишинин аялы — Айым Искендерге элчиликке бармай болот. Жети төөгө Көкжаңгактын жаңгагын жүктөтүп, тартуу-табылга менен чакан элчилик жолго чыгат.

Жоо жайгашкан жерге чукулдап барганда,душмандын жоокери алдын тосот.

— Биз Искендерге келе жаткан элчибиз. Элчиликти Айым аттуу аял жетектеп келе жатат? — дешет кыргыз элчилери.

Душмандын жоокерлери элчилерди:
— Искендерден жооп болгончо күтө тургула,-деп чабарман жиберишет.

Искендер: «-Элчилерди,мага алып келгиле «, — деген сөз оозунан чыгат.Сыягы «аял кишиден элчи келе жатат» — деп, айтканына таң калган окшойт.

— Менин алдыма элчиликке аял киши келген эмес эле. Аял болсоң да,элчи катары кабыл алайын!- деп келип: -Кандай талабыңар, канча жоокериңер бар? — сыяктуу суроо узатат.

— Элим мени: «Сиз менен урушпай эле багынып берели» дешкенинен жиберди. Дүйнөнүн көп жерин багынткан атагыңыз, бизге ушундай чечимге келишибизге алып келди. Канча жоокериңер бар?»- дегениңизге «жети төөгө жүктөлгөн жаңгакты санасаңыз, жоокерлерибиздин саны чыгат?»- деп жооп берет.

Аял киши элчиликке келсе, аны сыйлабаганым болбос! Тартуу-табылганы алгыла да, төөдөгү жүктү түшүрүп санагыла — дейт Искендер.

Айымды элчи катары өргүтүп, сый -сыпаатын көрсөттүрөт. Кечке эки төөнүн жүгүн араң санап бүтөт. Санаган жаңгактарды жоокерлерине тараттырып берет. Жаңгакты жеген жоокерлердин ич өткөгү кан буугандай басылат.

Чамасы Искендер жаңгакты жеп көргөндө эле дарылык касиетин байкаган окшойт. Эртеси беш төөдөгү жаңгакты жүктөтүп, өз өлкөсүнө жөнөттүрөт.

Айымды өз чатырына чакырттырып, кабыл алат. «Элиңердин талабын канааттандырдым. Тынчтык жолу менен багынды деп эсептеймин», — деп Искендер чабуулун токтотуп, согуштук багытын башка жакка буруп кетет.

Айым элчиликтен келе жатып Ферганадан каза табат. Анткени анын боюнда болгон. Искендерге элчиликке бара жатканда: «Аял киши» — деп мени кандай кабыл алар болду экен» — деген чочулоо болсо,аны көргөндө сүрүнөн боюнан козголуп калат. Бирок анысын байкатпай, өзүн токтоо кармаган аракетинен анысын туйдурбайт. Бирок «ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат «, — демекчи, жолдо кан кетип, каза табат. Кыргыздар түп көтөрүлө келип каза тапкан жерине сөөгүн ак кепиндеп, жол боюндагы дөбөгө, көрүнө жерге коюшат.

Ушундан соң «Айым» атына «эне» деген сөз кошулуп айтылып, бүгүн да «Айым эне» дешет, ошол дөбөнү. «Айым эне дөбөсүнүн» легендасы эл оозунда дал ушундай айтылса, «грек жаңгагы» бүткүл дүйнөгө тараган жаңгак легендасы «беш төөнүн жүгү» — дешет кыргыздар. Ошентип, гректин жаңгагы кыргыздын Көк жаңгагынын эле жаңгагы — деп айтышат.

Эмнеси болсо да, «Айым эне дөбөсү» жана грек жаңгагынын легендаларынын ортосунда бири-бири менен логикалык байланышы бар. Тарых изилдөөчүлөрүбүз биздин заманга чейинки тарыхты казып, анын орду тарыхтан табыларына шек санабасак болот. Бул кыргызда бүгүн биз билген, күндөлүк турмушубузда көрүп жүргөн эжебиз Роза Отунбаева биринчи элчи болгонбу? кызыбыз же Айым эне 1-элчи болгонбу (?), — деген суроого туура жооп алмакбыз.

Жакып Төлөгөнов, «Эл сөзү» («Кыргыз гезиттер айылы»), 11.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий