ДҮЙНӨЛҮК АДАБИЯТТЫН СЕРЕСИН КАРАЙ…

Редакциядан:
Шум ажал өткөн жылдын 10- июнунда дүйнөдө теңдеши жок жазуучубуз Чыңгыз агабызды тооруп отуруп, арабыздан жулуп кетти. Бул күн — Ата Журтубуз үчүн кара шейшемби болуп калды.

Ошол күнкү жаман кабар дүйнө жүзүн кезип, өкүнбөгөн да, кайгырбаган да адам болбоду.

Ошол каргашалуу күндөн бир канча айлар мурда Чыңгыз Айтматовдун айылдашы Жумабек Токтогазиев дүйнөлүк адабияттын залкары менен чакан маек курган экен, аны окурмандарыбызга сунуштап олтурабыз.

Жаштарыбыздын азыркы жана келечектеги чыгармачылык, жазуучулук өнөрлөрүнө пайда келтирер аракетибиз — азыркы заманыбызда, азыркы учурубузда алар менен чыгармачылык тыгыз мамиледе дүйнөлүк алдыңкы көз караштагы адабияттын өсүү жолу менен тең жарыша алдыга карай иш алып барбасак, ар кимибиз ар жерде, өз алдыбызга иштеп жүрө берсек, алардын кабары, ысымдары да чыкпай, билинбей калат.Ысык-Көлдөгү жайкы чыгармачылык мектептеги пикир алмашуудан соң, жаштардын ырлары, прозалары, драмалары үч тилде — кыргыз, орус, англис тилдеринде «Алма мөмөсү» алманахына чыкмакчы. Демек, көл жээгиндеги «Белек» пансионатында жаштарыбыздын ар кыл чыгармалары такшалган жазуучуларыбыздын, илимпоздорубуздун калбырларынан өтүп, артыкчылыгы менен айырмаланган чыгармалары жарык көрөт. Мындайча айтканда, алардын ысымдары менен алгачкы кадамдары атайын алманахтардын беттеринен орун табат. Кыскасы, келечекте биздин дагы улуттук адабиятыбыз дүйнөлүк адабият менен ат салышат. Күлүктөрүбүздү бийик маарага карай сүрөө, ыйык көлүбүздүн жээгине алып барып, чыгармачылык чабыттарына, багыт берүү-дейт, Чыңгыз ага, чыгармачыл жаштар менен болгон бул жолугушуусундагы сөзүндө.

Швейцариялык кызматташтык Фонду менен Чыңгыз Айтматов атындагы Фонддун жаш калемгерлер арасындагы кароо-сынактын үчүнчү жолку жайкы жыйынын өткөрүүдө сынакка катышып жаткан отуз беш жаш калемгерлер өздөрүнүн чыгармаларын ушул сынакка сунуш кылышат.

Бул кароо-сынакка карата 13-августтагы жаш калемгерлерге атайын келип жолугушуу өткөргөн Чыңгыз Айтматов Бишкектеги «Кино үйүндө» жогорудагыдай сөз сүйлөп, келечекке карай тилегин айтып, ак жолун каалап узатты.

Жолугушуунун соңунда, Чыңгыз агадан чакан интервью алууга макулдашып, суроо-жоопко өттүк.

Чыңгыз ага, Сизден дүйнөлүк адабият менен катар эле биздин улуттук адабиятка болгон оюңузду, пикириңизди уккубуз келет.
— Дүйнөлүк адабият дегендин өзү эле баамдаганга бул ар бир улуттун өздөрүнө гана тиешелүү түгөнбөс, ары көөнөрбөс маданий мүлкү. Улуттук казынасын. алып карасак, бизден жүз, беш жүз жыл эмес, андан мурда эле өнүккөн, улуттук нукура адабияттар бар. Алардын адабиятынын өсүү жолу дагы өздөрүнүн гана тарыхына байланыштуу. Тагыраак айтканда, алардын цивилизациясына жараша адабияттарынын түрлөрү өнүгүп келген.

Биздин адабиятыбыз дагы мына ошолордун адабиятындай эле — «Манас» эпосубуз башында турган эпосторубуз сыяктуу улуттук нукура адабиятыбыздагы табылгаларыбыз, кенчтерибиз бар. Бул, азыр да бизге аба менен суудай керек. Ошентсе да, азыркы заманыбызга жараша ой жүгүртүүбүз, көз караштарыбыз өзгөрүшү мүмкүн. Адабияттын талабы, жолу ушундай. Бүгүнкү күндө мурдагыдай жомок сыяктууларды жазуу ар бир жазуучу үчүн аздык кылат. Чыныгы адабият бүгүнкү күндүн философиясына — ой жүгүртүүсүнө жакын болуш керек. Азыркы, биз жашап жаткан жыйырма биринчи кылымдын адамзаты эмне болуп жатат, кантип жатат, эмне деген жетишкендиктери бар, кандай максат менен ааламды аңтарып жатышат… Бул адамзаттын проблемасы, эртеңкиси, келечеги түгөнгүс нерсе. Бул өсүш ушуну менен эле токтолуп калбаган, ары жагы улам табышмактуу болуп кете берүүчү жашоо. Мындай өсүшкө муундан муунга көчүп, муундан муунга өтүп отурган жалпы эле дүйнөлүк адабиятка, жаңы көз караш менен, дүйнөгө болгон жаңы түшүнүк менен киришибиз керек.

Ошондуктан, менин оюмча, азыркы өзүбүздүн улуттук адабиятыбызды, тилибизди өстүрүп,сактап, батыштын адабияты эмне болуп жатат, ошону өз убагында окуп, таанышып, өздөштүрө билип, ошолор менен таңата, алардан күчтүү жазышыбыз керек. Алардын табылгасы өзүндө. Биздики болсо-өзүбүздүн турмушубуз, тилибиз, биздин Ата Журтубуз, элибиз. Мына ошолорду алып чыкканда гана мыкты роман, повесть, аңгемелерди жаратып, жазууга тийишпиз деген аракеттерди жасап жатабыз.

Эки ооз сөз менен эле дүйнөлүк адабият мындай, же улуттук тил тигиндей деп, айтып салыш болбогон нерсе. Андан терең, кеңири түшүнүк алуубуз зарыл.

Менин жекече баамымда, Сиз биздин улуттук адабиятыбызды алаканыңызга салгандай эле тээ бийиктен, жогортодон көрүп, баа берип турасыз?
Балким ошондой болуп көрүнүп, сезилип жаткан чыгаар. А мен өзүбүздүн көркөм адабиятты окуганда байкаштырып, ошолорго салыштырып көрөм. Автордун канчалык ою терең, канчалык деңгээлде түшүнүгү бар. Алалы, сүйүү маселеси , аны айтса да, жазса да түгөнгүс. Бул адамдын эң бир сезимтал жагдайы. Манас атанын убагында бул сөз өзүнчө туюлуп, өзүнчө айтылат. Бүгүнкү күндө бул сөз психологияга өтө байланыштуу, абдан терең, ал гана эмес, саясатка дагы байланыштуу болуп кетиши мүмкүн… Алалы, улуттар арасында, улут ичинде эмнелер болуп жатат? Бай, кедей, алар кандай өнүп чыгышты, келечеги эмне болот?

Эң негизги тема, мен үчүн, дүйнө жүзүндөгү түгөнбөгөн карама-каршылыктардын токтобой, уланып жатышы. Так мына ушуларды мүмкүнчүлүктүн, күчтүн болушунча чагылдырып, аларга жол бербегендей кылып, чыгарманы алардын адам баласынын жашоосуна опот алып келбегендей жаратуу болуп олтурат.

Соңку суроом… Жана чакан жыйында Сиздин «Тоолор ураганда» романыңызды которуу боюнча бирөөлөрү «Сардал кыз» деп которуптур деди.
Ооба.

А бирок, бул аталыш менин жекече баамдоом боюнча «сардал» деген сөз кыргызда-узун бойлуу, бою нооча келген деген сөздү билдирет эмеспи. Менимче, «Тоолор ураганда» деген аталыш чыгармадагы кеңири түшүнүккө жооп бербесе керек.
— Эми муну чечебиз, ойлонуштурабыз. Бул орус тилинде «Вечная невеста» деген түшүнүктү берет…

— Соңку суроо. Сиз бир чыгармаңызды бүтүп, анан экинчи чыгармаңыздын үстүндө иштеп жатканыңызда окурмандарыңызга ал жөнүндө эч бир ооз ачпай, аны биротоло бүтмөйүнчө купуя жүрө бересиз, менин байкашымча ушундай. Бүгүнкү күндө кандай чыгарманын үстүндө иштеп жатасыз, ал кандай, эмне деген чыгарма?
Менин бул жерде жашыра турган эч бир жөнүм жок. Ырас, жаңы чыгарманы баштайын деген оюм бар. Ар дайым эртең менен турганда бул жөнүндө ойлоном, бирок шарты, сааты келе элек. Жакында колума калем, кагаз алып отуруп калам го. Бул чыгарма өзүбүздүн эле тарыхка байланыштуу. Согуштан кийинки турмушту жазайын деп жүргөн тилегим бар. Бирок, качан баштайм, так кесе айтыш кыйын…

Мен Чыңгыз агага дагы-дагы узак өмүр, чың ден соолук каалап, коштоштум. Ал быйыл жетимиш тогузга келди. А мен элүү тогуздамын.Ортобуздагы өмүр жашыбыздын айырмасы толук жыйырма жыл… Аманчылык болсо, Чыңгыз ага келерки — 2008-жылы сексенге чыгат. Бул дагы биздин улутубуз үчүн, чыгармачыл кыргыз акын, жазуучуларыбыз, калемдештерибиз үчүн чоң юбилейлик жыл. Аманчылык болсо, Чыңгыз аганын бул юбилейин дүйнөлүк адабияттын алп калемдештери да майрамдашат. Республикабыздын Кара-Буура районунун Шекер айылынан чыккан Чыңгыз ага бүтүндөй кыргыз улутун, кыргыз деген күнөстүү өлкөнүн дагы атын аалам элине жар салып, даңазалап салды. «Мен Шекерлик болгонума сыймыктанам». Жолдо кетип баратып ушулар оюма түштү…

Жаратканыбыз жерибизге,элибизге тынчтыгын берсин!

Жумабек ТОКТОГАЗИЕВ, 2007-жыл, август,
«Назар» («Кыргыз гезиттер айылы»), 11.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий