Мурза жана анын эки жубайы

Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровдун жубайы Алмажан ОСМОНКУЛОВА менен маек

Жубайыңыздын «Экөө ээн бакта» аттуу бир томдук китеби 20 жылдан кийин жарык көрүп, кыргыз адабиятында чоң жаңылык болду. Ушул китепти чыгаруунун түйшүктөрү, Мурза акенин чыгармачылыгы, үй-музейин түзүү, мындан кийин чыгармаларынын толук жыйнагын чыгаруу туурасында оюңузду уксак.

— Томдугу колго тийген бул күн биз үчүн, кыргыз эли үчүн ажайып күн болду. Көзү өтсө да аны эли-журту эскерип жатат. Көрсө, чыгармачыл адамдардын өлгөндөн кийин да өмүрү болот экен.

Бул жыйнакты көзү тирүүсүндө «Кыргызстан» басмасынан чыгарайын десе баасы өтө кымбат экен, ошол бойдон кала берген. Ноокаттык чөнтөгү калың бир жердешине барып «демөөрчүлүк кылып койбойсуңбу?» десе, «азыркы заманда китебиңизди ким окумак эле, андан көрө үй, машина сурабайсызбы» деп көңүлүн сындырып коюптур. Биз аны дискке терип койгон элек.. Мурзанын кийинки жубайы Галя экөөбүз аябай эле жүгүрдүк, бирок чыгарыш кыйын экен, көп акча керек болду. Менин балдарым окуусун жаңы бүтүп, эми иштеп жатса, мен пенсионер болсом-бизде каяктагы акча. Чыгаралбайт окшойбуз дедим да түңүлүп бараткам.

Кийин үйдүн проблемалары менен Ноокатта жүрүүгө туура келди. Жакында келип, Кеңеш Жусупов жакын аяшым болот, ошого телефон чалсам эле «Китеп чыкты» дейт. Сүйүнгөнүмдөн ошол замат жетип бардым, карасам баягы өзү чогултуп кеткен жыйнак экен. Китептин чыгышына менден да кем эмес салым кошушкан Мурзанын досу Мелис Абакировго, китепти басып чыгарган «Турар» басмаканасынын жетекчиси Тилек Мураталиевге чексиз ыраазымын. Сүйүнүп кайра Ноокатка жөнөдүм, туугандарга кабар кылайын деп.

Мен 4 жылдан бери Ноокаттамын. Мурза өзү Бишкекте жашап жүргөндө подвалдан имарат алган эле, «ошол жерди жаш акын-жазуучулардын үйү кылам» деп. Бирок, оюн ишке ашыралбай кетти. Ал эми Ноокаттагы үйдү өзү салган да. Азыр үй салыш ар бир эле адамга кыйын, ал эми чыгармачыл адамдарга эки-үч эсе түйшүк. Ошол кишинин айткандарын ишке ашырайын деп Ноокаттагы үйдү балама жаздырдым, 4 жылдан бери соттошуп жүрүп. Эми ошол үйдү маданият очогу кылып, акын-жазуучулардын жолугушуучу жери кылайын деп жүгүрүп жүрөм. Жакында Ноокатка кайра кетем. Үйдүн башы ачылды. Быйыл ремонтун жасайм, дарбаза коем да ал жерге жаркыратып «Бул үй Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровдун үйү» деп жаздырып койсом, мен аябай чоң иш бүтүргөн болоор элем.

Китеп сиздер даярдаган боюнча Жазуучулар союзунда калып кетиптирби?

— Дискте «Тандалган чыгармалары» да. Ал ошол бойдон калып калды, эч ким деле алган жок. Кийин, билбейм, Галя алдыбы-жокпу, ал азыр Москвада жүрөт.

Бул китеп сиздер даярдаган дисктен чыккан жокпу?
— Жок. Ноокаттын борборундагы лицейди Мурза Гапаровдун атынан коюшкан. Ошол жерден 2 бөлмөнү «музей кыласыңар» деп беришкен. Сүрөтчү уулубуз Исраил интерьерин жасады. Мен болсо бүт материалдарды ошол жакка алып баргам. РайОНОнун чоңуна кирип, материалдарды тизме түзүп өткөрүп бергем. Буйруса октябрга чейин ошол музей ачылат.

Анда Бишкекте ачылбай калабы?

Бишкекте ачылса жакшы болот эле го. Каерде ачаарыбызды билбейм.

Подвал маселеси кандай болуптур?

Подвалды Галя эч нерсе кылалбады да. Кийин сатып жибериптир, тыйын керек болгон го. Үйдүн жанындагы подвал эле.

Галя менен мамилеңиздер кандай?

Абдан жакшы мамиледебиз, эже-сиңдидей. Галяны тамашалап «экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош» десем, «бизди Мурза Гапарович тарбиялаган» деп калат. Ал да ички дүйнөсү абдан таза аял. Кантип аны менен жакшы мамиледе болбойм. Айкыз деген кызыбыз бар. Ал да чыгармачыл адам, 20дан ашты. Сценарий жазат, кинолорго тартылат, атасы жөнүндө даректүү фильм чыгарган.

Галянын ыймандуулугу жөнүндө бир окуяны айтып берейин. Мурза түрктөрдүн гезитинде да иштеп калбадыбы. Анан кайсы бир себепке байланыштуу аларга үйдөн чай берүүгө туура келип калыптыр. Маселенин баары чечилип калганда түрктөргө кимдир бирөө «анын аялы орус» деп койсо керек, алар барбайбызга чыгыптыр. Анан Галя мени чакырып «сиз чай беришиңиз керек экен, кечки 7де кетишет дейт, ошондо келейин» деп Айкызды жетелеп көчөгө кетти. 7де эшик чырылдаганын чыксам Галя экен. «Кир, азыр кетишет» десем болбой кайра кетти. Меймандарды тейлеп жүрүп терезеден сыртты карасам Галя кышкы суукта Айкызды үшүтпөйүн деп жетелеп короодо жүрөт. Меймандардын узак сөзүн ары-бери кыскартып узаттык да, Айкызды Галя экөөбүз өөп-жыттап үйгө киргизгенбиз.

Буйруса күздө Ноокатта Мурза акенин адабий үй- музейи ачылып калат турбайбы?

Ачылышы кыйын го. Биринчиден, ремонт жасаш керек. Үй аябай авариялык абалда. Быйыл коргону менен дарбазасын жасап койсом. Ага да каражат керек да. Балдарым кичинеден иштеп баштады. Кичүүсү музыкант, Каспий деңизинин боюндагы Актауда иштеп жатат. Сүрөтчү балам Россияда иштеп жүрөт. Ушулар кичине акча салса, анан оңдойм да. Бирок чоңдорго да кирип жатам.Губернатордун орун басарына кирдим, акимге да кирип жатам. Аларда деле каражат жок да, аны каяктан табат? Быйылча дубалды, анан дарбазаны тургузуп алсак, эмдиги жылы үйдү ремонт кылып алсам. Үй аябай жакшы салынган, эги-из (бийик) жерде. Ал жерден район борбору Ноокат алаканга салгандай көрүнүп турат. Айылдын аты Нойгут деп аталат. Мухамбет деген жигит Мурза жөнүндө документалдуу кинону Нойгуттан, ошол үйдөн тарткан, бышкан кыш менен салынган үй. Бул кишинин ойлогон ойлорун ишке ашырыш керек да. Башка ким кылат?

Мурза акенин белгисиз, табылбай калган кол жазмалары барбы? Чыгармаларынын толук жыйнагын топтоп жатасыздарбы?

Ошону чыгарсак жакшы болот эле. Пьесалары, аңгемелери бар дегендей. Чыкпай калган аңгемелери, пьесалары жок, баары эле чыккан.

Тилегиңиздер ишке ашсын.

РЕДАКЦИЯДАН

«Эл жазуучусу» наамы бар сыпаа инсан Мурза Гапаровдун «Жаңгак токоюнун жомоктору» аттуу китеби 1989-жылы жарык көргөн мезгилден бери 20 жыл өтүп, андан бери бир да китеби чыкпаптыр. «Таланттууларга колдоо керек, ал эми таланты жоктор жолду өздөрү эле таап алышат» дегендей, союз урагандан бери жазуучусу деле, жазмакери деле не деген гана китептери менен томдуктарын чыгарышкан жок. Маданияттын каймагыбыз деп төш каккан жазуучулар экиге эмес, төрткө бөлүнүп кетип, күч-күч менен кайра баш кошушту эле, эми жакындан бери ал «хронический» жөтөлү кайра башталды. Айыл жеринде да классик «акындар менен жазуучулар» жайнап, алардын саны 600-700 чамалап барып токтогон. Ушунун баары кыргыз мамлекетинин бийлигин мыкчып отурган мыкчыгерлердин мамлекет башкаруудагы жөндөмсүздүгүнөн, улуттук адабият менен искусствого, салттуу маданиятка кайдигер экендигинен, улуттук идеологиянын маанилүү бир өңүрү унутулуп жаткандыгынан кабар берет. Мамкатчы деген чоң кызмат сырттан келген чоң меймандардын колуна суу куйдуртуп, концерт бердиртүү, же мамлекеттик сыйлыктар менен наамдарды бөлүштүрүүдөн сырткары да опол тоодой иштердин баштоочусу болуп, аларды жолго салса болоор эле. Түштүк жергесинде кыргыздын салттуу музыкасы «сарттуу» музыкага орун бошотуп, тил, дил, маданият, кол өнөрчүлүк акырындап жоголуп бараткан азыркы шарттарда Мурза Гапаровдун Ноокаттагы адабий үй — музейин түзүүнү пенсиядагы жубайына таштап койбой, мамлекет колуна алганга чама-чаркы жетпейт окшойт.

Маектешкен Машакбай РАХМАНКУЛОВ,
«Назар» («кыргыз гезиттер айылы»), 11.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий