1916-жыл: Үркүнбү же кыргынбы?

«Кайың барбы кыргыз балта чаппаган, кокту барбы кыргыз сөөгү жатпаган»-демекчи, 22 кылымдык карт тарыхка ээ кыргыз эли кандай гана кайгылуу күндөрдү башынан өткөрбөдү. Кыргыз элинин башына түшкөн ошондой апаат күндөрдүн бири 1916-жылдагы Улуу Үркүн окуясы.

Дал ошол тарыхый окуя боюнча бүгүнкү күндө окумуштуулар тарабынан да, саясатчылар тарабынан да ар кандай кайчы пикирлер, ойлор айтылып, бир жактуу жыйынтык чыгарылбай келет. Атүгүл акыркы жылдары Улуу Үркүн окуясын падышачылык Орусия тарабынан кыргыз элине карата атайын жасалган тукум-курут, геноцид катары баалагандар да четтен чыгууда. Чын эле, 1916-жылдагы кыргыз элинин тарыхындагы кандуу окуялар падышачылык Орусиянын атайын жасаган тукум-курут саясаты беле?

Ишенбай Абдуразаков, экс-мамкатчы:
— Эми бул өтө чоң олуттуу маселе болгондуктан, астейдил мамиле жасашыбыз керек. Геноцид деген түшүнүк бул-кайсы бир мамлекет, же эл бир элди же улутту биротоло кырып-жоюп жок кылыш үчүн атайын иштелип чыккан мамлекеттик план. Ал эми 1916-жылдагы кыргыз элинин башына түшкөн трагедиянын себептери башкачараак болгон. Ошондуктан, ошол окуяны саясатка аралаштырбай сабырдуулук менен мамиле кылганыбыз оң го. Ооба, 1916-жылы кыргыз эли өтө чоң-чоң каргашалуу окуяны, улуу трагедияны башынан кечирген. Бирок, буга жалпы орус калкы күнөөлүү дегенге себеп жок.

Бегиш Ааматов, экс-депутат:
— Эми, 1916-жылдагы кыргыз элинин башына түшкөн ошол апаат күндөрдү жалпы орус элинин абийирине коюп, аларды бир жактуу күнөөлөш туура эмес. Буга падышачылык Орусияны 300 жылдан бери башкарып келген Романовдордун үй-бүлөлүк башкаруусу күнөөлүү. Алар өз карамагындагы колониялык элдердин гана эмес, орус элинин да ой-пикири менен эч качан эсептешкен эмес. 1905-жылдагы жапондор менен болгон согушту да алар биринчи баштап, бөөдө миңдеген адамдардын өлүмүнө себепкер болушкан. Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышына да Романовдордун үй-бүлөсү себепкер болушкан. Керек болсо алар жөн жаткан армян калкын Осмон империясына каршы тукуруп, «курал алып согушкула, эгемендүүлүгүңөргө ээ болгула деп»- бир жарым миллион армян элинин кырылып кетишине себепкер болушкан. Алардын ошол кездеги адамды жек көрүүчүлүк саясаты бир гана Орто Азиядагы кыргыз-казактарга гана эмес, орус элине да багытталып, орус эли да ошол бийликтен тажап бүтүшкөн.

Тажап бүтүп, 1917-жылы орус февраль-октябрь революцияларын ишке ашырып, Николай II ни үй-бүлөсү менен жок кылышпадыбы.

Жеңишбек Жунушалиев, тарых илимдеринин доктору, профессор:
— 1916-жылдын тарыхы негизинен Совет мезгилинде жазылган. Өзүңөр жакшы билгендей, Советтик идоелогияга «революция, көтөрүлүш» деген сөздөр орустар айтмакчы «бальзам для души» болчу да. Советтик тарых илиминде 1916-жылдагы кандуу окуялар, жалпы кыргыз элинин Улуттук боштондук үчүн болгон күрөшү катары бааланып келген. Бирок, ал көтөрүлүш Кыргызстандын бүткүл аймагын камтыган эмес да. Чүй-Токмоктун өйдө жагы, Ысык-Көл өрөөнү, Нарындын Ак-Талаа, Кочкор аймактарын гана өз кучагына алган.

1916-жылдагы кыргыз элинин орустарга каршы көтөрүлүшкө чыгышына падышачылык Орусиянын жергиликтүү калкты тылдык жумуштарга алуудан башка дагы эки критерийи себеп болгон десек болот.
Биринчиси, бул биздин шорубузга түндүк Кыргызстан аймагы Орусиянын дыйканчылыкка ыңгайлуу аймактарынын климатына окшош болгондуктан, келгиндердин басымдуу көпчүлүгү дал ушул аймакка отурукташып калган.

Экинчиси, көчмөн элдердин күчтүүрөөк болуп калса эле кошуналарын таламай-тономой адаты. Башкача айтканда, көчмөн элдердин менталитети.

Кээ бир саясатчыларыбыз Геноцид катары баалап жаткан ошол кандуу окуяны, сен экөөбүздүн чоң аталарыбыз баштаган. Орустардын ошол агрардык саясатына нааразы болгон кыргыздар алгач 2,5 миң орусту катын-балдары менен кошуп туруп өлтүрүп, 1,5 миңин жарадар кылып, 800 кыз-келинин туткундап алышкан. Эскерте кетейин, буларды орустардын жазалоочу отряддары келгенге чейин жасашкан. Анан орустардын мыкты куралданган аскерлери келип, кыргыздарды четинен кыра баштаган.

Дастан Сарыгулов, экс-мамкатчы:
— 1916-жылдагы окуяны геноцид — деп баалаш керек. Бул кыргыз элин биротоло талкалап, кыргыз жеринен сүрүп чыгып, биротоло жок кылууга падышачылык Орусия тарабынан атайын жасалган кыргын болгон. Менде ак гвардиячылардын катарында кызмат өтөп, бирок кийинчерээк Ташкент прокурору тарабынан жергиликтүү калкка сатылып кетти — деген күнөө менен камакка алынган капитан Брудзе дегендин 20 барак кол жазмадан турган көрсөтмөсү бар. Анда кыргыз элин кырып-жоюп, жок кылуу жөнүндөгү падышачылык Орусиянын планы бар экендигин ачыкка чыгарган маалыматтар бар. Ошондуктан, бул окуяны мен орустардын кыргыздарга атайын жасаган геноциди — деп баалайм.

Касым Исаев, коомдук ишмер:
— Жок, геноцид катары баалаганыбыз туура эмес болуп калат. Орусия кыргыздын жигиттерин тылдык жумуштарга тарта баштаганда, чатакты биз баштаганбыз да. Азыр эми бул окуяны саясатташтырыштын эч кандай кереги жок го — деп ойлойм.

Мен муну орустарды жакшы көргөндүгүмдөн же аларды актап айткан жокмун. Бирок, ал кездеги кыргыз элине жасалган мыкаачылык иштер жалпы орус элинин ой-мүдөөсүн билдирген эмес да. Керек болсо ошол орус калкы азыркы биздин жетекчилерибиз бере албаган жашоону кыргыз элине тартуулады. Орустар болбогондо ким билет, балким жарымыбыз өзбектерде, жарымыбыз казактарда калат белек.

Даярдаган Эрнис Балбаков, «Эл сөзү» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий