Аксай, Арпа жөнүндө бабалардын жомогу

Аскасы асман тиреген, ак мөңгүлүү Ала-Тообуздун касиетинен каниет алып жашап келебиз, кыргыз! Акактай таза сууларыбызга чайынып, атыр жыттуу аңкыган абабыздан моокум кангыча дем алып, Ысык-Көл, Соң-Көл, Сары-Челек, Чатыр-Көлдөй көлдөрүбүз, Арсланбап, Суусамыр, Көкжайык, Аксай, Арпа сыяктуу керемет төрлөрүбүз менен сыймыктанып келебиз, кыргыз! Шаркыраган суусу менен Кыргыстан эле эмес, бүт Орто Азия мамлекеттерине пайда келтирип, ондогон ГЭСтер курулуп, жарыгын берип жылытып, адам баласынын өмүрүн узарткан, көк майсанга айлантып жерлерин сугарган Нарын дарыясы кыргыз элине берилген кудайдын бир белеги.

Алла Таала ушул кыргызга гана ыроолоп берилген белектерди көздүн карегиндей сактоо, кийинки урпактарга бир чарчы метрин да тукулжуратпай өткөрүп берүү — ар бир мен кыргыздын атуулумун деген адамдын жана азыркы бийлик башындагылардын биринчи парзы. «Кудай берген өмүрдү кудай алат» — дейт. Эч ким бул дүйнөгө түркүк болгон эмес. бул жалган дүйнөдө адамзатынын бир келип, бир кетип турганы закон ченемдүү нерсе. «Бийлик менен байлык башты жутат, болгонго каниет кылып жутунбаган утат» — деп коюшкан бабалар. «Кайда баратабыз? Көздү ачалы көр пенделер» — деген бабалардын нарктуу акыл-насаат сөзүнөн сабак алып, жомок, санжыраларынан кабар алып, сөз учугун ошол жакка оодаралы: 20-кылымдын 50-жылдарынын аягы, тактап айтканда 57-58-жылдар болсо керек эле. Манас китебинин эки томдугу, Семетей, Сейтек болуп, төрт китеп басмадан жарык көрүп, буларга удаа эле Муса Баетов, Мыскал Өмүрканова ж.б. ырчы-акындардын, күүчүлөрдүн атайын пластинкалары чыгарылып, кудай бетин салбасын, райондун борбору, шаарлары гана эмес, айыл жерлеринде, жада калса алыскы кыштоо-жайлоолорго чейин «Манас» китеби жана ырчылардын пластинкалары жеткирилип, тоо-суу жаңырта патефондон ыр ырдалып, күнү-түнү «Манас» китептери окулуп турган мезгил эсте. Анда биз кичинекей тестиер балдар элек. Кыштоо-жайлоолордо аксакалдар чогулуп, жоро ичилип, шеринелер желип, ак боз үйгө эл батпай ыр-күүлөр уктурулуп, «Манас» китеби окулуп, ар бир Манастагы окуяларга ылайык көз жаштарын токтото албай ыйлашкан ак элечекчен энелер, жеңелер, кыздар, Манас окуп жаткан адамды сүрөөгө алышкан эркектердин кыйкырып сүрөгөн үндөрү өзүнчө эле бир керемет сезилчү. Көрсө, кыргыздын театр өнөрү кылымдап мурун эле жаралган тура. Азыр элестетип көрсөк образдарга кирип, ар бир персонажга баа берилип, сүрөөгө алынчу тура. Үч-төрт саат «Манас» окулуп, анан кыргыздын санжырасына өтүшчү аксакалдар: — «Мына, биз отурган жер ыйык жер — деп баштады аксакалын жайкалткан санжырачы ата — Арпа өрөөнү түштүк-батышынан Фергана тоо тизмеги, түштүгүнөн Торугарт кырка тоосу, чыгышынан Ат-Башы кырка тоосу, түндүгүнөн Жаман тоо курчап, ушул биз отурган жер Кожогулдун сайы, төмөнүрөөк Калматайдын жары, кадимки кыргыздын баатыр кызы Жаңыл Мырзанын жайлап турган жери, андан ары Масеилдин бели, андан аркы сай Бургандын сайы делип келет- деп колу менен жаңсап көрсөтүп, Калматай Жаңыл Мырзанын күйөөсү, Кожогул, Масеил, Бурган Жаңыл Мырзанын кайнилеринен болгон. Ошол доордо Жаңыл Мырза Сарыбагыш уруусунун мыкты чыкма баатырлары Үчүке, Түлкүнү басынтып намысына тийгендиги үчүн экөөнү катары менен жаа менен атып, өлтүрүп качканда, артынан кубалап келип кармаган Аккочкор аттуу 19-20 жаш чамасындагы баатыр жигит Сарыбагыш элинин Чагалдак аттуу уруусунан болгондугу, Жаңыл Мырза качып баратып артын караса жапжаш келишкен баатыр жигит кубалап жетип калган экен. Жаңыл Мырза мунусун да атып салсамбы деген ойго келип, жигиттин баатырдыгына көзү түшүп, өзү менен бир курактагы жаштыгы, келишкен сулуу көркү купулуна толуп, кызыгып колго түшүп бергендиги кылымдап айтылып келет. Бирок ошол кездеги кыргыз бийлери Жаңыл Мырзаны күнөөлүү — деп таап 60тан ашып калган Калматайга алып берип койгондугу тууралуу да аңыз кеп бар. Ошондон улам, Жаңыл Мырзанын ичинде кеги калып, качан Арпанын Семиз сазында, төрт уруу эл катышкан чоң тойдо, кайнилери болбой Жаңыл Мырзаны кыйнап, эскини эскертпегиле дегенине болбой, өз урууларынын намысы үчүн жамбы аттырышат. Жамбыны атып түшүрүп, жоо кийимчен Жаңыл Мырза качат. Артынан кубалаган кайниси Кожогулду сайдан өтө берген жерден жаа менен атып өлтүрөт. Ошол сай Кожогулдун сайы аталыптыр, балтыр бешик эркек баласын өңөрүп, артынан жете барган күйөөсү Калматайды атынан атып түшүрүп, баласынын ыйлап ээрчигенине карабай ары качат, ошол жер Калматайдын жары, андан ары кубалап барган Масеилди, Бурганды катары менен атып өлтүрүп, ал жерлер Масеилдин бели, Бургандын сайы аталыптыр. Жаңыл Мырза Ак Бейит, Таш Рабатты басып, Аксайды ашып, Чатыр-Көл аркылуу Ак Чийдеги нойгут элине кирип кеткен деген уламыш айтылып, тарыхта Жаңыл Мырза нойгут элинен чыккан баатыр кыз — деп аталып келет.

Аксай дагы кыргыздын касиеттүү жерлеринин бири. Ички Теңир-Тоодогу бийик тоолуу өрөөн. Орографиясына карата Батыш Аксай жана Чыгыш Аксайга (Мүдүрүм өрөөнүндө) бөлүнөт. Орто Азиянын эң суук уюлу. Кээде кышында кар аз түшүп, айрым жылдары жер «кара» чыгат. Өткөн кылымдарда Ысык-Көлдөн Бугу, Саяк уруулары малдары менен көчүп келишип кыштап-жайлап кетишкен учурлары да болгон. Өрөөн Кыргызстандагы ири жайлоо жана кыштоо. Убагында атагы таш жарган Карач хандын баатыр кызы Кыз Сайкал Аксайды жерлеп, Аксайдын түз эле талаасына билгизбей көп кол бата турган ор каздырып, атайын жол салдырып, душмандарга буктурма коюп, капыстан кол салып жеңип турган экен. Учурунда орго түмөндөгөн кол батчу экен — деп айтылат. Биз дагы Аксайга барып көрүп калдык. Азыр эле эки жүз-үч жүз адам аты менен бата турган жер. Ошол жерден Кыз Сайкал Манас экөө беттешип, бирин-бири алыша албай, акырында Сайкал Манаска таазим кылып, кайыптан туулган Тайбуурулдай бууданды тартуу кылып, өзүн Манастын акыреттик жары деп атап, Манас өлгөндө башында кырк күн зыйнатында турган деген тарыхта сөз бар. Кийин Тайбуурулдай тулпарды Семетей минип калат. Аксай, Арпа ушундай кыргызды жоодон, душмандардан коргоп, сактаган баатыр кыздарынын издери калган ыйык жер. Манастын ишенген адамы, акылчысы Кошой бабабыз жердеген, Алманбеттин сөөгү жаткан касиеттүү жер. Илгертен эле ушул касиеттүү жерлерге талаш-тартыштар көп болуп, кан төгүлгөн. Кошой бабабыз өмүр бою ошол касиеттүү жерден чыкпай, коргон, чеп салып, эли-жерин коргоп келгендиги баарыга белгилүү. Манас алгач Алтайдан келгенде, Кошойго ушул Арпа, Аксайга келип жолугуп, акыл-насаатын алып, Ала-Тоого көчүп келгендигинен кабарыбыз бар. Арпа, Аксайды бөлөк элге ижарага берет, сатат деген бул — анык кыргыздын душманы, арсыз арам адамдын ою-сөзү. Мындай адамдарды кыргыз деп айтууга ооз барбайт. Мен Арпа, Аксай жөнүндө бабалардын жомок, санжырасын казактын үлкөн актаңдай акыны Сүйүнбайдын:
— Азамат, эр жоодо өлөт,
Ажал жетсе хан да өлөт.
Ай ааламды тергеген,
Ак Пайгамбар а да өлөт.
Алсыз адам үйдө өлөт,
Арсыз адам күндө өлөт, — деген сөзү менен бүтүрмөкчүмүн.

«Эл сөзү» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий