«Кыргыз киносу кайра өз ордун алууга тийиш»

«ФАТИМА жана ЗУХРА» аттуу өзбек тасмасы эсиңиздедир. Биз жактырган «Согдиана», «Супер келинчек», «Таштанды» фильмдери да ага тектеш. Дегенибиз, бир режиссердун эмгектери. Сыймыктантканы, дал ошол сүймөнчүк тасмалардын режиссерунда кыргыз каны ойноп турганы. Бирок өзү өзбек, кыргыз деп бөлбөй, Чыгышты бир бүтүн караган киши. Мына чыгармачыл жандын дүйнө таануусу! Бахрам ЯКУБОВ менен кокусунан кезиктик. Баарлашып, айткандарына муюп, тасмалары боюнча пикир алыштык.

«Фатима жана Зухра» жаралган жеринде эмес, бизде да кеңири тараган. Айтыңызчы, бул тасма материалдык да ийгилик алып келдиби же пираттар сизден озуп кеттиби?
Эки жагы тең болду. Пираттык дарт бизде эле эмес, силерде да өрчүгөнүнөн кабарым бар. Чыгармачыл адам үчүн материалдык тарабы мааниге ээ эмес. Фильм ийгиликтүү чыктыбы, ал кандай жол менен болсо да элге бат тарап кетет. Башкысы — элдин кабылдоосу. Өзбек эли гана эмес, биртууган мамлекеттер калкы да көрүп, негизгиси, ошол фильм менен эмне айткыбыз келгенин түшүнүштү. Андан бери канча өтсө дагы да эл эстеп, дагы деле кайталап көрүп келишет. Мени ушул кубандырат. Ал эми пайдасына биз эмес, продюсер көбүрөөк баш катырса керек. Негедир, дал ушул кино элдин эсинде калды. Бирок, мага бардык тасмаларым кымбат.

Сюжети жүрөктү эзет биз кеп кылган тасманын. Дал ошондой темада тасма жаратууга сизге эмне түрткү болгон?
Идея, сюжет бир гана автор же режиссердон жаралбайт экен. Бул биздин турмуштан чыгат. Сүрөтчүнүн дүйнөсү эл турмушу, элдин талабы менен дайым айкалышып турат. Карасаңар, азыр айрымдар атайын фестиваль эрежелерине шайкеш, өлкөдөн тыш аудиторияга ылайыкталган фильмдерди тартып жүрүшөт. Киносынчы Разлогов айтмакчы, биз эч качан өз элибиз менен болгон байланышты жоготпоого тийишпиз. Элдин дартын туюп турууга милдеттүүбүз. «Фатима жана Зухраны» тартууда фестиваль да, эларалык сыйлык да ойго келбеди. Биз элди ойлодук. Эмнеге тасманы тилге карабай аңдап алды көрөрман эл? Көрсө, анда айтылган көйгөй баарыбызда бар тура. Эсиңерде болсо, тасмада «Кудайга салдым» дейт баш каарман. Турмушта мыйзам эмес, а сен өзүң жана Алла гана чече турган маселелер бар. Мезгил келет, баарын Кудай таразалайт. Дүйнөдө жалгыз калсаң да, Кудай өзү жардамга келет деген үмүт жанат. Мейли кыргыз, мейли казак, мейли өзбек, дартыбыз бир. Анткени, колорит бир — Чыгыш элибиз. Бекеринен, Европада чыгыш акылмандыгы туурасында кеп кылышпастыр. Бирок, жалпыланып келип, адамзаттын көйгөйү да бириге түшөт.

Негедир өзбек тасмаларында башкы каармандар эстрада жылдыздары. Неге мындай тенденция жүрдү?
Мындай «дарт» бизде эле эмес, кезегинде Голливудда да болгон. 1990-жылдары бардык тармактардагыдай эле кино чөйрөсү да аксады. Байкашымча, силерде анын таасирлери азыр да уланууда. Эми гана жаштар кыймылдап атканына күбө болуп турам. А биз 10 жыл мурун кинону кайра колго алууга кириштик. Көрүүчүлөрдү кайрадан залга тартууга милдеткер элек. Кайра куруудан кийин шоу-бизнес көтөрүлүп чыкты. Эл аларды угуп, жылдыздар жарала баштады. Элди кино залга кайтаруу үчүн биз ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга мажбур болдук. Ал эми ушул тапта акырындап шоу жылдыздарынан баш тартып калдык. Эми эл ырчыларга карабайт, мыкты тасма болсо зал толо берет.

Өзбек тасмалары көбүнчө турмуштук, ал эми тарыхый, философиялык фильмдер көзгө чалдыкпайт…
Ооба, биздин ата-бабалар улуу адамдар болгон. Буларды кай жерде болбосун айтып мактанабыз. А бизчи? Биз кимбиз? Элге не иш жасап койдук? Эгер биз татыктуу эмгек жасабасак, ата-бабаларыбыздын чыпалагына да татыбайбыз. Азыр биз өзүбүздүн ким экенибизди тактап алалы, элди залга кайрып алганыбызга бекем ынаналы. Кезеги келет, ошондо тарыхка кайрылып, андан кеп чубайлы. Казактар тарткан «Көчмөндөрдү» көрдүм. Бирок, ал тасма элдин көңүлүн бекем ээлей алган жок…

Каныңызда кыргыз каны бар экенинен кабар алдык…
Ооба, таята-таенем кыргыз болгон. Балким, өңүмдөн деле байкалар. Бирок бул маанилүү нерсе эмес. Эки элдин салт-санаа, үрп-адаттарын карап келем. Мен бөлалбайм. Убагында ким бирөөлөр бөлүп койгон. Тегибиз бир элбиз. Мен баарыңарды сүйөм.

Кыргыз актерлору менен иш алпарып же биргелешкен тасма жаратуу пландарыңыз барбы?
— Көп өлкөлөрдө болдум. Ал эми Кыргызстанга алгач ирет келишим. Коңшулаш турган, тагаларым жердеген өлкөнү көрөлектигиме ызаланып, бош убакыт боло калганда эле жөнөгөнүм бул. Мага эл аябай жакты. Кызыктуу, боорукер, жүрөгү ачык, ишенчээк адамдар. Мен кыргыздар менен иштешким келет. Калганын турмуш көрсөтөр. Кино тартууда мага Ташкент менен Бишкектин айырмасы жок. Болот Шамшиев, Төлөмүш Океевдин тасмалары эсимде. Кыргыз кино жана адабияты дайым алдыда келген. Дайым кубалап көрүп, кубалап окучумун. Сыймыктанчумун. Үйрөнчүмүн силерден. Силер Чыңгыз Айтматовдун мекениндесиңер. Балдар, тамашаны койгула! Жаш киночу, жаш жазуучулардан өтүнөт элем. Силер кайра кыргыз киносун, адабиятын өз деңгээлине чыгарууга, сыймыктуу атын кайтарууга милдеткерсиңер. Кыргыз улуу эл, баалайм, салтын сыйлайм. Искусствосун сүйөм. Сыймыктанам!

«Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий