Улуу Үркүн жөнүндө повесть

Жакында кыргыздар 20-кылымдагы Улуу Үркүндүн курмандыктарын эскеришти. Жамы журт анда кырылып калган кыргыздын кайгысы тууралуу сүйлөдү, ичтен сызып, жашын жута ошол окуянын не геноцид, не баскынчылык, не бир башка аттарын айта албай, тарыхка баасын бере албай турду.

Мезгили келгенде, буга тарых өзүнүн сөзүн айтаар. Азырынча ошол мезгилдин адабий, көркөм жагына кайрылалы:

Белгилүү журналист, тарыхчы Арслан Капай уулу жакында мына ошол Улуу Үркүн окуялары жөнүндө көркөм чыгарма жазды. Орусиядагы кыргыз режиссеру Нурбек Эген «Беделдин белиндеги каргыш» деген ошол повесттин негизинде көркөм тасма да тарта турганын «Азаттыкка» билдирген.

Мен ошол повесттин алгачкы окурмандарынын бири болгонума аябай кубанып турам. Азыр эми автордун өзүнүн уруксатын алгандан кийин, силерге да анын бир бөлүгүн көрсөтөйүн дедим.

Ой-пикирлерди ушул жерге калтырыңыздар.

Автордун өзү менен байланышам десеңиз, мына бул даректерге жазсаңыз болот: arslan.koichiev@bbc.co.uk же: arslankoichiev@gmail.com

* * *
…..Солдат толо айылга түшкөндөн жүдөп, Нарбото Кеминди көздөй теминген. Алыс тууганы атаке-сарыбагышка беталганын айылдагылар тургай катын-баласы да байкабай калды.
…Ошондо Нарботонун заманасы куурулду. Жадагалса, айылдын иттери кошо жалтаңдагансып, «авалап» койгон жок деп арданды. Демейде, алдынан көк даңгыт чыкса жара тартчудай өңдөнгөн дөбөттөр куйруктарын кыпчып, тумшуктарын чурайларына тыгып, кемегенин түбүнө корголошкондой… Кудаян элинин бешигиндей болгон жерден көз жумдук деп арман кылат: «Кудаян атамдан энчиге калган кайран жер, Ала-Тоо арасынын сарасы элең! Ээн жайлап, элкин жүргөн төр элең! Калмак катылганда бербеген, казак тийгенде бербеген, Бетегелүү-Чоңташым, жаныбыз менен тең элең! Чоң тоолордун соорусу, чочкочуга кантип тең!..»
Нарбото баатыр башын салып, бастырып барат. Байкаса, ичинен сызып, Бетегелүү-Чоңташты жоктоп баратат! Тобо, кошок айткансып, кошуп баратат!
Ташка туягы тийип, атынын мүдүрүлгөнү Нарботонун оюн бузду. Кашка жолдон качып, көздөн далдаа деп сокмо жолго салган эле, атынын басыгы бузулду. Узун коктунун кууш таманындагы таштуу жолдо аты жер тандап аяк таштайт. «Тарс» этип ташка такасын уруп, таканчыктай калат, кайра жол тандап, илкийт. Ташыркатып аламбы деп Нарбото чоочуйт. Олбуй-солбуй теминет. Атынын ыгына көнүп, ойго термелет. Сары убайымдын учуна чыга албай Нарбото убара. Узун коктунун учу көрүнбөйт, Сары-Өзөн Чүйгө жете албай алдындагы аты убара…
Коктунун оозу жактан ысык аба уруп, илгерилеген сайын илеби катуулайт. Сары- Өзөн Чүйдүн аптабы…
Мүдүрүлүп-сүдүрүлүп жатып, Нарбото коктудан чыкты. Чүй өрөөнү жатат ыңкып, өрөөндү жарып Боом капчыгайынан чыккан өзөн агат.
Мужуктар коно электен илгери Талды-Булак деп коюшчу, ошол тушту көздөй бастырды. Алыста орустун «Орловка» деген кыштагынын тамдары агарат, эгин талаалары созулат. Эгинчи-жатакчылардын алачыктары карарат, аштык кайтарган аштыкчылардын карааны жүрөт. Устаранын мизи өткөнсүп, чөбү кыра чабылган жайыттар жылаңачтанып, үйдөй болуп үйүлгөн үймөк чөптөр дүпүйөт. Берегиде мужуктун айрысын көтөрүнүп чөмөлө үйгөн, чалгысын шилеп, сол таштаганды үйрөнгөн кыргыздар машакаттанат. Аларды малайлар дешет. Мужукка жалданып, малай жүрүп кетти дешет.
«Күндүн төбөдөн өткөрө куйкалаган ысыгында кандай жан чыдайт!» деп Нарбото таңданып, башын чайкайт.
Туурадагы көк жонду этектей кеткен жолго салды. Жонго жалгыз конуп, Токмокко кеткен кара жолду карай отурган кийиз үйдү байкады. Үч чакырымчалык алыста жыландын изиндей созулуп жаткан кара жолдун үстүнөн караган кароолунан бетер жол жакты карап, үйгө жөлөнүп отурган жалгыз караанды байкады. Эрбейген түрүнө караганда жакада калган жатакчылардан го деген. Тигил киши Нарботону көргөндө эргилчектен баш багып, ичкериге бирдеме деп сүйлөгөндөй болду да төмөндөп түшүп, Нарбото өтчү жолду бойлой шиберге отура кетти. Үй ичинен көнөк, чоң аяк көтөрүнө чуркаган кемпири этегин басчудай эңтеңдеп, артынан жете келе абышканын кашына отурду. Абышка Нарбото чукулдаганда озунуп учурашты.
-Жол болсун, баатыр!-деди абышка.
Караса, күндөн уялган көздөрү жымшыйган, жүзүн бырыш баскан, жулма сакалдуу, cары чийкил чүкөдөй абышка экен. Эскилиги жеткен бөркүн баса кийген, үстүндөгү таар чапандын жамаачы көрбөгөн соо жери жок. Майшыйган чокоюнун сөгүлгөн жерин көктөй берип, тамтыгы жок.
-Арбаңыз, аба!-деди Нарбото.
-Кайсы элден келатасың?
-Кудаян элинен.
-Өзүмдүн кабырга тууганым турбайсыңбы!? Каякты беттеп?
-Атаке- сарыбагышка.
-Ээ, тынай эли де. Атаке-сарыбагыш деп орустун атаганы эмеспи. Көп салдатты аркасына салган улуктар өттү эле?
-Бордунун ичине өргүштү. Бетегелүү-Чоңташта жер кесүү менен алек.
Нарбото ушул сөздөрдү айтып, арданганын билгизбей, ачуусун араң жутту. Кемпир көнөктөгү жармадан чоң кара аякка толтура куюп сунду. Нарбото кап ортолой тартып, жарма жуккан эринин тилинин учу менен жалап, туруп калды.
-Көңтөрүп жибер балам! Кой туяктын көзүндөй аякты түгөтө албай…- деди кемпир.
Анысы какшык угулду. Жомоктон эшиткен жорук эсине түштү. Илгери жок издеген баатырдын алдынан кемпир чыгып, койдун туягындай болгон чөйчөккө айран тартып, төлгө кылат эмеспи. Арып-ачкан баатыр туяктын көзүндөй чөйчөктөгү айранды түгөтө албай калса, «шоруң көп экен, балам!» дептир. Анын сыңарындай…Нарбото кара аякты шыпкай тартты.
-Бал челекчи мужуктар конот го?-деди абышка.
-Бал челекчилер эбак конгон. Эми кыштак түшөт имиш.
-Мужуктун басырыгы жаныбызга жабыр болду. Алты жыл мурун мынабу турган Талды-Суунун оозуна төрт мужук конгон, карачы, алты жылдын ичинде дүпүйгөн кыштак болду-деди абышка.
Талды-Cуунун өрөөнгө чыга бергендеги кашатында жаткан Орловка кыштагына колун жаңсады. Нарбото бак-шакка оронгон, тегирмендин башы, чиркөөсүнүн чокусу шоңшойгон кыштакты тиктеди. Эсинде, жүдөө көрүнгөн төрт орустун келгенин элдин баары кеп кылган. «Колунда кокон тыйыны жок келген төрт мужуктун алты жыл ичинде жасаганы ушунчалык» деп, дагы бир жолу таңданды.
-Тик аккан өзөн буулуп, кыйма-чийме өстөн басты. Талды-Cуунун сайы какшыды. Алмалууга кыштачу элек, аралай албай калдык. Журттун малы түшүп кетсе, малын тартып алат, издеп барса башын кандап, атын жыгып алат. Сакалдууну сыйлоону билишпейт экен, кары-жашты карабай урчу болушту. Герман менен согушта кем акыл келген Чоңкол дегени бар экен, колунун чоңдугу күрөктөй экен, шамшы элиндеги кара жаак Караны өлөсө сабаптыр, кан кусуп жатып өлдү бечара. Колундагы кыл кыягын жулуп алып, башын жара чааптыр. Кайсы жазыгы үчүн деп сураган киши жок? Арызданып барышса айдап жолго салыптыр.
-Кара жаак Кара ырчы?-Нарбото атын эшиткендей, бирок эстей албай кайталады.
-Кечээ көп салдат келип, атаке-сарыбагыштын боз балдарын катлөшкеге камаганын жогору өткөн жигиттер айтып келишти,-деп кебин улады абышка.
-Салдат алдыргыдай, катөлөшкеге салдыргыдай эмне болуптур?-деди Нарбото.
-Өгүнтө Ак-Бекеттен аркандап жер кесмекке ченчилер келсе, атакенин боз балдары камчы үйрүгөн имиш. Алматыдан жандыралы салдат апкелип, укпасаңар кыргынга кириптер кылабыз дешиптир.
Нарбото атынын жалын кашып, саамга унчукпай туруп калышты. «Абышканын укумчулугу бар экен го» деди ичинде.
-Кеминге жол чалып калыпсың, баатыр?-деди абышка.
-Көк бөрү тартсам деп, эрмек издеп баратам.
-Жалгыз көк бөрүгө түшөм дегениңе жол болсун!
Нарбото бирдеме деп үн каткычакты абышка көздөрүн күлмүңдөтүп, күтпөгөн жерден тамашага чалды:
-Же чийдин түбүн кыркмакка эрмегиң барбы Кеминде?
Арманын айтып отурган абышка заматта өзгөрүп, санын чаап каткырды. Оозун ачып каткырса, жымшыйган көздөрү жумулат, тиши түшкөн неменин тишинин эти кызарат. Нарбото эрксиз «бырс» күлдү. «Чүкөдөй болгон ушул чал дагы кезегинде чийдин түбүн жырткан экен ээ?» деп күлдү. «Эми кемпиринин маңдайына шүк отурганын армандап, санын аткыган чал экен» деп ойлоп, ууртун араң жыйды. Абышка калжың көрүндү. «Адам ар кандай карыйт» деп калышат аксакалдар, жаман карыгандар калжыңдаган калжыңбаш атыгат имиш…
Кемпир кулагы катуу немедей, укса да укпагандай түр жасап, көнөгүн эңкейтип, кара аякты кайра толтурду. Абышкасына сунду. Жолоочу жигитти жок жерден тамашалап алганына маашырланган абышка күлкүсүн зорго тыйып, кара аяктагы жармадан ооз тийди да «ичтим, баатырга сун!» деп кемпирине узатты.
-Кимдин уулусуң? Катын-бала барбы?-деди абышка.
Нарбото өзүнүн ал-жайын айтты. Катын-бала айылда калганын айтты.
-Өзөндөн өткүчө кеч болот, кечмеликке суу толот, бүгүн конуп, эртең суу тартылганда кет,-деди абышка.
Эки аяк жармасын ичип алган Нарбото көндү. Нарботонун жолдо келатып Толтой абышканын үйүнө конуп калмагы ушундайча болду.
«Калжыңдаган чал» десе өткөн-кеткенди кеп кылып, санжыраны сүрүштүрүп жибермейи бар экен абышканын. Кемпири ириктин эки жилигин, карчыганын калдыгын салып, казан асып, чыгданда күйпөлөктөп жатканда экөө кенен сүйлөштү. Эригип калган неменин сөзгө арааны ачылып, сөздү Тагай-атанын «акүйлүү» болгонунан баштап алып, сарыбагыш-солтонун төбөсү көрүнгөн азыркы балдарына чейин таратты. Аягын, Сооронбайдын Дүрү, Далбайдын Султаны, Төлөнүн Ыбрайымы, Шабдандын балдары деп, дагы көп атты атап бүтүрдү. Кимден кимдин тараарына келгенде жаңылып калмайы бар Нарбото кунт коюп угуп, арасында «биз кайсы жерден кошулабыз?» деп сурады. Кабырга тууган чыкмагынын жөнүн тактап алды.
Толтой абышка манаптын балдарынан ырк кетип барат деген ойдо экен. Атакенин балдары орустун алдында бир ооз болушпай, амал талашып, бүтүн элди болуш-болуш кылып бөлүп алышканына кейигенсиди. «Тагайдын баласын тагай тебеледи» дегендей айтты. Нарбото ушинтип түшүндү. «Бул элде деле эл башыларга ич күптүлүк күч экен го!?» деди ичинде.
-Жерди тешелеп саткан кесип чыкты. Далбайдын баласы Султан баарын сатты, бир буд балга бир теше жер саткан күнү болду деп Кемин ичи нааразы, -деди Толтой абышка.
«Жерди балга айырбаштайт» дегенди укканда Нарбото тан калып, «балды эл тең бөлүп жейт» деп түшүнүп алган жаны:
-Биздин элдин кулагы укпаган өнөр экен. Анысы кандай?-деди үңүлүп.
«Бал челекчиң жерди баш оту менен алат» дегенди укканда айнып калды. Бал жаламакчы болуп барып, бармагын салаарда, кайра тартып алган немеден бетер, «жарабаган оокат тура!» деди.
Экөө аш кайнам убакыт кобурашыптыр. Казандагы этти чыгараар алдында кемпир жыгач аякка куюп, шорпо сунду эле, шоркурата ууртап калышты. Нарбото абышканын саяпкерлигине куштарланып, шорпо үстүндө күлүк тууралуу сурады. Толтой саяпкерлигинен айтты, «Шабдандын ашындагы чабышта бешинчи чыккан күлүктү таптагамын, орустун Ташкенден атейи алдырган зоот атынын чыкпасын билгемин» деп айтты. Жылкы баласынын кыялын айтып, Нарботону тамшандырды.
Кызык сөздүн маалында асылган эт алдыга келди булоолонуп. Абышка кашка жиликти «конок» деп Нарботого тартты.
-Конок деп кой сойбогонум менен колуңда кашка жилик кашкайып турсун!-деп тамашалады.
Өзү кар жиликке ээлик кылып, кемпирине тыштуу кабырганы сунду. Нарбото кестиги менен кашка жиликтин этин кыя туурап, чайнайт. Семиз ириктин эти экен, кесип оозуна салгычакты салааларынан май тамат. «Бах! Үч ыраңга семирген койдун эти турбайбы!» деп даамына тамшанып, май тамчылаган бармагын «лап» эттире жалайт.
Тишине ылайыктап, этти майда туурап жеген абышка коюн мактайт. Өгүнтөн бери чымындатып жибербей, бакандын бийик айырмачына асып караганын айтып, кемпири кыпчылат. Эки жилик, төрт кабыргасы калган карчыгага табакташ болуп, үчөө отурат. Дагы сорпосу келмек.
Бир маалда бир кесим этти жаңы эле сугунган абышка тилин чайнап алган немедей, тили күрмөлбөй күтүүсүздөн токтоп калды. Эки эле жолу чайнаган эти оозунда. Адегенде, карыган неменин тиши сынып кеттиби деп ойлогон Нарбото оозундагы майлуу этти жайыраак чайнап, абышканы тиктеди.
Абышка жүлжүйгөн көздөрүн сүзүп, алысты тыңшайт. Эт желип жатканын унутуп, оозундагы чала чайналган кесим этин унутуп, чоочун дабыш алгандай кулагын түрөт, ээгин бүлкүлдөтсө дабыштан жаңылчудай кулагын түрөт. Нарбото дагы кулагын түрдү. Болгону жылкынын алыстагы дүбүртүн баамдады. Абышка колундагы жилик менен кестикти табакка ыргыта салып, оозундагы этти күрмөп жутту да май колдору менен жер таяна аяктай жерге жата калды. Чымыны ойгонгон бакшыдай туйлап, оң кулагын жерге такайт, каңырыш уккансып, сол кулагын жерге такайт, демин ичине катып, эки кулагын алмак-салмак такайт, алыстагы дабышты тыңшайт. Дабышты ажыратты белем, бир маалда жымшыйган көздөрүнүн нурун чачырата күлүмсүрөп, жулма сакалдуу ээги бүлкүлдөп, «ээ!» деди. Ачып көздү жумгуча баягы күйпүйгөн Толтой абышка жок, жылкынын алыстан чыккан дүбүртүнө арбалган, аруусу кармаган, кадимки Толубай кейиптенген абышкага айланды.
-Кагылайын, Камбар-Ата! Арасында асый чыкма аргымак баратат!-деп кыйкырды абышка жерден кулагын албай.
Кемпири элейип, Нарбото делдейет. Оту ичке тамызылган очоктогу чоктун үрүл-бүрүл жарыгында кулагын жерге такап, жер кучактап жаткан абышканы тиктешип, кошо арбалгансыйт.
-Айчылыкка арыгыс, күнчөлүккө чаалыгыс буудан чыкма баратат! Багуудан кетип калыптыр, кайран!-деп бакырды абышка.
Кашка жиликти кармаган бойдон катып калган Нарбото «ээй» деп кулагын салды. Абышканын оозунан дагы эмне сөз чыгат деп аңдып калды.
-Жаныбардын табы жарашса, туу куйругу бир кучак тулпар чыгат, кетмен туяк, кең соору күлүк чыгат! Арман ээй, алып калаар азамат кайдан чыгат!?-деп абышка өбөктөй калып, ээгин кемшеңдетип, кейип жиберди.
Жакшы ат үчүн катындан кечүүгө даяр Нарбото колундагы кашка жиликти таштай сала, кошо өбөктөй берип, абышканын өңүнө тигилди.
-Айтканыңыз аныкпы, аба?-деди.
-Аткан октой күлүктүн тукуму экен!-деп абышка отура калып, ыйламсырап жиберди.
«Аткан октой күлүк» дегенди укканда Нарбото олжого туйтунчудай ичинен жымыйды. «Ээ, кудай өзүң бере көр!» деп кудуңдады.
-Алып калсам!?-деп сурады.
-Колдон чыгарчу мал эмес! Табын өзүм табамын!-деди абышка.
Колун майлыкка чала аарчыган Нарбото ордунан шарт туруп, эшикти көздөй жөнөдү. Абышка артынан түштү. Сыртка чыгышса, талаа-түз жымжырт сыяктанат. Ай караңгы, көмкөрүлгөн асманда сансыз жылдыз жымыңдайт… «Ал түндө кайдагы жорукту баштадың?» деп кемпирдин наалыганы угулат.
-Аңылдабай, жаагың бас, мастен!-деп абышкасы эңирчектен баш багып, каарып алды.
Кайра тыңшап, дүбүрттү чалышты. Токмоктун жолунда бараткан жылкынын дүбүртүн алышты.
-Ээ, катуулап жетсең, калаага киргизбей кармап каласың,-деди абышка.
-Күлүк чыкманы караңгыда тааный албайм го, аба,-деди Нарбото.
-Жеткирсең өзүм көрсөтөм!-деди абышка.
Тушоодогу атын чечип, токуй салган Нарбото абышканы учкаштырып, булдурсунун колго алып, Токмоктун кара жолуна чыкчу төтө жол менен чапты.
-Жылдыз оңдомойго жокмун, бирок жылдызым мага оң эле,-деп күбүрөндү абышка.
«Сүйөөчүсү барчылап, сүйлөмөйү бар экен абышканын, көөнү эми жылдызга кетип, эмнени бежирейт?» деди оюнда Нарбото. «Токмоктун кара жолуна тезирээк жетсем, көйкүлүктү көрсөм» деп дегдеген жаны атын тез-тез теминип, абышканын айтканын аңдаган жок. Нарботонун далысына жармашып, күмүш курунан бек кармап учкашкан чүкөдөй абышканын көздөрү жылдыз толо асманга кадалат. Нарботонун казандай калпагы, калдайган далысы асмандын жармысын жаап калгансып, абышка шыкаалай карайт. Адегенде Үч-Аркарды, артынан Толтойдун огу турган топ жылдызды таап, ичинен сыйынды. Толо жылдыздын арасынан Толтойдун огун төлгө кылмай адаты бар эле.
Кайсы заманда айтылганын билген киши жок, эс тарткандан уккан сөз эле: «Төбөдөгү үч жылдыз үч аркар өңдөнүп качып барат. Үч жылдыздын артындагы балбылдаган жылдыз — үч аркарды жөө кууган Толтой. Жаасын тартып турат, эки огу сая кетип, ак жылдыз болуп кубулат, жаасын жана бир тартып, тептиргесин чойгондо жебе аркардын кабыргасына кадалып, капталынан кан оргуп, кызыл жылдыз болуп кубулат».
Нарбото атынын санына камчы салам деп жатып, абышканы балтыр тушка эки-үч мертебе уруп алгандай болду.
-Жылдыздуу жигитсиң,-деди абышка.
Так ошол малда согушка деп ылоого алынган үйүр жылкы кара тер түшүп Токмоктун кара жолунда бараткан. Айдоочулары «Токмокко түнү жете баралы» деп ашыгып бараткан.
Нарбото менен абышка үч чакырымдай жерге жете келип, окчун жерден кулак салды. Айдагычтары мылтык асынган орус го десе, береги эле кыргыздардан жасоол жүргөн жигиттер көрүнөт. Ышкырыгынан, кыйкырыгынан таанып, «кыргыздар турбайбы» деди. Санаса-экөө. «Ээ, колумдан келет экен» деди Нарбото. Буйткалуу жерден чап салмакка камданып, желдирип барат.
«Астында баратат!» деп абышканын ою аргымакта, кулагы күтүрөгөн дүбүрттө.
-Акырын тур, өзүм билем!-деди Нарбото.
Чукул жерден тыңшашты. «Ботом-ээй! Мынабу Атаке баатырдын күлүгү Ноктолуу Торунун тукуму эмеспи!» деди абышка бир маалда чоочугансып. «Катыгүн! Качыра көрбө!» деп жалынды. Көз алдына арышын созгон кара жал тору тартылды, Ноктолуу Тору тартылды…
Буйтка деп аңдын оозун ылайык көрүп, Нарбото абышканы калтырмакка атынын оозун тартты. «Узап кетпегей» деп аңтаңдаган абышка аттан шыпырылып жаңы эле түшө бергенде, аңдуучу келип калгансып аңдын төрүнөн атчандардын карааны көрүнбөспү!
-Киши бар!-деди абышка.
Аттан алыстабай, кайра учкашчудай катып калды. Дароо жүрүп кете албай аялдап, Нарбото аңдын төрүндөгү атчандарды карады. Чоочуп кеткен абышкага алты-жети болуп көрүндү, Нарбото баамдаса төртөө экен. «Балакет!» деп булдурсунун бек кармап, үн катты:
-Кимсиңер!?
-Өзүңөр кимсиңер?-деп тигилер жакын бастырды.
Суук кишилер көрүнбөйт, кастыгы байкалбайт.
-Жылкы аңдып жүрөбүз!-деди Нарбото.
Сураша келишсе, Көл кылаасындагы элден ылоого алынган үйүр жылкы кетти дегенди угушуп, ыгы келсе колго түшүрүп алмакка чыгынган Шамшылык кыргыздар болуп чыкты. «Боомдун оозунан бери артынан калбай, акмалап келатабыз, силер тим тургула» деп кыжылдаша кетишти.
-Тим турчу беле!?- деп Нарбото менен абышка тызылдайт. Абышканын кулагына күлүк чыкма аргымактын арышын созуп, туяк таштаганы жаңырат. «Жаныбар!» дейт ичинде, сыр алдырбайт. Тигилер көнчүдөй эмес, олжого жеке туйтунабыз деген түрлөрү бар. Кыжылдашы кызыса чабыш чыкчудай, антсе Нарбото күлүк чыкмадан кур калчудай.
-Үйүр силердики, айдоочуларын чаап бергениме бир жылкы,-деди Нарбото.
-Түн бакырдыкы, жигиттер!-деп абышка жалынды. «Аксакал айтып калды» деп тигилер көндү.
Бешөө болуп жол тороп, жылкыга тийишти. Кыйкырып келип, үйүрдүн башын тоону беттеп буруп калышса, карышкыр сыяктанып капылеттен чыккан кайсы бүлүк деп айдакчылар адегенде түшүнбөй, саамга деңдароо болушту. Карашса, үйүр жылкыны колдорунан жулдурганы турушат. «Согуштун чыгымына төлөгөн ылообуз ушул, Токмоктогу улуктун өзүнө колмо-кол тапшыр» деп бек табышталган эле, ооздорун ачтырып, тумшугунун алдынан алдырганы турушат. «Бузуктар турбайбы!» деп эстерин жыйып, жылкы айдаган жасоолдор жылкыны ажыратып калмакка умтулушту.
-Айдоочусун чаап берем дегенсиң!-деп кыйкырды жылкы тийгендердин бири Нарботого.
«Ырас» деди Нарбото. Учу коргошундалган булдурсунун колго ороду, атынын башын туурасынан тартып, жасоолдорду тороду. Адегенде, колун созуп келаткан олбурлуусун тосуп, буйдамга келтирбей, төбө талаштыра булдурсунун шиледи. Булдурсундун уусу жеттиби же башы жарылып кеттиби, алдыдагы жасоол «жутту!» деп кыйкырып, жалп өчтү. Нарбото башка жеген жасоолдун төбөсүн баскан бойдон ээр үстүнөн кыйшыйганын бир көрдү.
Экинчисине жулунду. Ишенген шеригинин ачуу кыйкырып, ээрден көчүгү кыйшайып, «шалак» этип жылмышканын көргөндө, анысы оңой жоого кабылбаганын билип, эсин жыйды. Бир жамандыкты туйду. «Караңгы аралаш кашыман чыккан кооптуу караан эмнеси?» деп, алдынан мант берип, куйругун түйдү.
«Кокуй!» деп атын койгулап, Токмоктун жолуна салды. «Бачым кабар айтайын, улукту көтөрөйүн» деп ашыкты. Чапканы жаза кеткенине ачууланган Нарбото «ата-а, кысталак!» деп, артынан камчыланды. «Өпкөңдү сенин үзбөсөм!» деп өчөшүп алды, жеткен жерден «кан кустура чабайын!» деп камданып алды.
Караңгыда эки атчан куушуп келет. Нарбото торой чаап отуруп, айдакчыны Токмоктун жолунан жаңылтты, сая кууп отуруп, калың камышка камады. Качан камышка камалганына көзү жеткенде, кашайып аты жылбай калганда айдакчынын жонун муздак тер басып, айласы куруду. Булдурсунун белендеген куугун качырып келгенде, ээрдин кашына жыгылып, кыйшая берди.
-Жан соога!-деп кыйкырды.
Нарбото Акбайпактын капталы менен келип бир тийип, омуроолоп калганда, айдакчы атынан түшө качты.
-Жан соога, акетай, жан соога!- деп жалбарды.
Үнү ыйламсырап, жалооруйт. Чалынып жыгылганда, Нарбото жон талаштыра чапты.
-Айланайын акетай! Жан соога!- деп айдакчы башын катты. Нарбото ээрден эңкейип, үңүлсө, жашы он жети-он сегизден озбогон, орусча сеңселтип чач койгон чырымтал жаш жигит. Көзү алаят. Нарбото аяды.
-Качкан жагың каяк!-деп, тап берди.
-Акетай! Жан соога! Көл кылаасынан жыйналган жылкы эле, Токмоктун улугуна тапшырганы баратканбыз,- деп айдакчы башка сөз айта албайт.
-Жаш экенсиң, болбосо!
Сөгүнүп артка чапты.
«Жер түбүнө желип кетишти, чунак жигит кайдасың?» деп абышка кокуйлап жолго чыгып алган экен. Нарбото атынын башын тарткычакты, учкаштырып алгычакты абышканын жүрөгү кабынан чыгып кете жаздады. Жигиттер кылчайбай кетчүдөй, жылкыларды токтотпостон чуркатып, тоо ашырып кетчүдөй чыйпыйы чыкты. Тоону көздөй баштанган жылкылар караңгыга житип, аралыгы алыстап барат.
Шамшынын оозунан жетишти. «Сөз бекиткен элек!» дешти. Дешсе, жигиттер жылкыны бир коого тыгып, «арасынан тандап ал!» деп туруп беришти. Абышка караңгыда көп жылкыны бир айланып жиберип, «ал тээтигил арча торуну!» деди Нарботого. Абышканын жылкыны бир тегеренип туруп, торуну айтканынан, торуну тааныганынан тигилер шекшиништи, «бу куу абышканын бир билгени бар окшойт, тегин жерден артынан түшө аңдымак эмес, буудан чыкманы алдырдык, канттик» дешип, шашып жатышкан немелер, тору атты карматып, Шамшынын төрүн көздөй ылдамдашты.
Нокто салынган атты кармап кала берген абышка алдастап, ары чыгып бир карайт, бери чыгып бир карайт. Антсе, «жаңылып калдыбы?» деп Нарбото алдастайт. Жок, торунун өзү экен. Жазбай тааныганын карачы, Ноктолуу Торунун туягы экен! Абышка аттын мүрүсүнөн үнсүз сылагылайт. Ичинде бугу бар эле, буулукканын чыгармакка камданып, өксөп ийбей карманып, эңшийген ээгин кымтынат. Капчыгайды өрдөй чапкандар уулуганын угушса кайра чаап келишчүдөй абышка унчукпайт. Абышканын ою менен болуп, Нарбото дагы унчукпайт.
Жылкылардын дүбүртү Шамшынын төрүн өрдөп барып, алыстап барып үзүлдү. Мына ошондо абышка өкүрүп барып торуну баса калды. Мойнун кучактап өңгүрөдү, жалына мурдун тыгып, жыттагылап өңгүрөдү, тал-тал болгон көкүлүнөн сылап жатып өңгүрөдү. Көзүнөн буурчак-буурчак жаш кетип, сакалы ылдый куюлат. Жону жуурулуп, жоор болгонун көрүп боору эзилет.»Ок жылаандай октолчу, Ноктолуу Тору өзү экен! Эмне мынча кор болдуң!?» деп ыйлайт. Абышканын өңгүрөп жибергени Нарботого өөн көрүндү. «Кызык киши го! Жин тийгенсип, ылайыксыз жерден ыйлаганы эмнеси?» деди.
-Токтотуңуз! Ай-талаада ыйлаган кайсы жакшылык! Соо кишинин кылаар иши эмес!-деди.
Чолпондой көзү жайнап жылкы турат, жер чалып, кошкурунат. «Жаныбарым, үркпө!» деп абышка улутунат. Мүрүсүнө жүзүн такап сүйкөнөт, көзүнүн жашын сүртүнөт. Атакенин заманына көчүп баргандай сүйлөнөт. «Атаке калмакты куугандагы, Көкжал Баракты сая кууп, көк желкеден алчудагы тулпардын тукуму эмеспи!» дейт. «Абылай менен чабышта жаралуу баатырды жоо колуна карматпай, андан мындан бир аттап, ала качкан аргымактын баласы эмеспи!» дейт.
Этинен азып, шапайган тору ээсин тапкандай, эзелки бир ээсинин колуна түшкөндөй элирип, эликтей туйлады. Көздөрүн жоодуратып, кулактарын камыштай тикчийтип, теребелди жаңырта кишенеди. Шамшынын тоолору кошо кишенегенсип, кокту-колот жаңырды. Атаке заманындагы аттын кишенегенин уккансып, абышка мас.
Аруусу келген абышканын көз алдына Атакенин тушундагы тулпарлар тартылат: «Кыркмачкери бар эле, Көк чологу бар эле, Керкулун деген бар эле, Ак кызылы кайда эле?» деп шолоктоду. Аягын таппай калды.
Абышка качанкы тулпарларды жоктоп санаса, Нарботонун эсине ошол тулпарлардын ээлери түшөт: Бердике, Садыр, Жайыл деп. Кайра туруп, ою бузулат. «Курган чал, минтсе атты береби?» деп, талашка түшчүдөй кызганды. «Кекселигин карматса, көргүлүктү көрөт!» деп кекенди.
-Көтүбүздөн жасоол куугун түшсө!?-деди Нарбото.
Абышка эсине келди.
-Жөнөйлү,- деди бөжөңдөп.
Нарбото экөө учкашып, торатты жетелеп үйгө бет алышты.
-Чоочун көзгө көрсөтпөй багалы, тулпар экенин билишсе уурдайт, орус билсе соет. Күндүз талаада далдаа откозуп, түнкүсүн үй ичине кишендеп байлайлы,-деди абышка.
Чоочун бирөөгө алдырып жиберчүдөй коркот.
-Сен кетпе, Нарбото! Чыпчаң бир жумада тыңытып беремин, анан алпарып айлыңда бак, барып көз салып турам,-деди.
«Ээ, абышка сөзүндө турат экен!» деп Нарбото ичинен жымыйды. Катын-балага карабай калмай болду.
Апкелип, түз эле үйгө жетелеп киришти. Кагуу жегенине кайыл кемпир кирпик какпай абышкасын күтүп отурган эле, аттын ноктолуу башы босогодон көрүнгөндө эле күйпөлөктөп, үйдүн эр жак капшытын бошотушуп жиберди. Эргилчеги жапыс үйгө киргенден үркүп, ат адегенде кошкурунду. Абышка ноктосун тарткылап, Нарбото артынан камчылап, машакаттанышты. Жону эргилчекке урунуп, жоору канап кетти. Болбой жатып киргизишти.
Жанараакта эле кара жолдо чаң сапырылтып келатып, эми минтип капталы менен кийиз үйдүн капшытын тиреп, кишилер менен чогуу тыгылып калганына эси эңгиреген тору ат арткы аяктарын талтайта тура калып, сийип жиберди. Саарасы казыктай жерди оюп кетти. Үрүл-бүрүлдө көзүн жүлжүйтө тигилип, ат сийдигинин тунук чыкканын байкап койгон Толтой:
-Эх, жаныбарым! Ноктолуу Торунун сийдигинен болгон күлүк чыкма!-деп сүйлөндү.
Үйдүн ичи чыла жыттанып, абышка чылым чеккендей мас. Кемпири сырттан бир кучак чөп жулуп келип, алдын кургактады.
Караңгыда сынына көзү канбай калды эле, абышка үйдүн төрүнө тура калып, атты талбай карап, кумарланды. «Кара саны түрүлүп» деп, тору этине толуп турган санын айтты, «кар жилиги кадоодой» деп, кар жилигине көзү кадалып турду, «түпөк куйрук, кең соору» деп, куйругу менен соорусунун сымбатына бир түрлүү куштарланды. Бир эле көзү жете бербегени — Атакенин тушундагы күлүк тукумунун атакеден адашып кеткени…
-Эмнеси?-деди.
Десе, Нарботонун оюна абышканын «Атакеден ырк кетип» деген сөзү келди.
Бала көрбөй өмүрү өтүп бараткан абышканын төбөсү бала тапкандай көктө. Кайгычыл абышкасынын мынчалык кубанганын көрбөгөн кемпири кошо кубанып, ыгы менен.
Үйдүн ичи сапырылып, жарымын ат жалгыз ээлеп, калганын үчөө ээлеп, желбей калды эле деп, табактагы эттен жеп, жармадан кере жутуп, түн бир оокум дегенде жатып калышты. Кенен жерден ушул тепкедей жондун үстүнө корголой конгон үйдүн керегеси тартылгансып, тар үй огобетер тарый түштү. Кишилер эптеп жайланышты. Кемегенин түбүндө ээр жазданып, Нарбото жатат керилип, «жомоктогу Толубай сынчыга туш келдим бейм. Катынымдын көзүнө карабай чыкканымды карачы, өзүмө куп ылайык жарашкан күлүк таптым, орус шек албагандай ээлеп аламын бейм!» деп. Төр ченди ээлеп абышка жатат, «өңүмбү же түшүмбү? Нарбото болбогондо кайдан?! Табына келтирсем Нарботодой кайбарга жарашчудай ат экен, оруска алдырбай, ат кылаар!?» деп. Кемпир жатты томпоюп чыгдан жакта, «жаман чалым Эр Толтойдун кебин кийгенсип, Суркийикти илгенсип, эргиштеп алган тура!?» деп. Көз алдына экөөнүн жаш кезеги элестейт, кыраңда гүл терип чуркаган кыз кезеңи элестейт, абышкасынын эргиштеген гүлжигит кези элестейт. Жаш чагында ушинтип эргиштеп турчу эле…
Сак жатышты. Ат кошкурунса көздөрү умачтай ачылып, кулактарын түрө калышат…

Төрөкул Дооров, 13.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий