Жазуучулардын жаратмандыгы жанданабы?

Бул жолку сөзүмдү деле Мукай Элебаевдин 1935-жылы 20- январда жазган «Өмүрүмдө өзүм көргөндөн башканы жазган жан эмесмин» деген сүйлөмү менен баштаганы турам, анткени мындан дээрлик жарым кылым мурда — 1958-жылы июль айында Фрунзе шаарынын (азыркы Бишкек) Пушкин көчөсүндөгү жер үйдө турган Кыргызстан Жазуучулар союзунун астанасын биринчи аттагандан бери бул уюмдан алыстаган жокмун, анда каралган негизги маселелерден кабардар болуп келем. Өзүм илимий мекемеде иштегениме карабастан каны-жаным жазуучулар менен биргедей сезилет. Баса, сөзүмдүн негизи Жазуучулар союзу жөнүндө бараткандан кийин, ага алгач баш бакканымды айта кетпесем болбос.

Ошол1958-жылы онду бүтүп, КМУнун (азыр КУУ) журналистика факультетине документ тапшырып, орус тилинен «жыгылып» калып, үйгө сапар алганы жүрсөм, азыр журналистика факультетинде кафедра башчы болуп иштеп жаткан Бегалы Тагаев жолугуп калып, Союзга ээрчитип барды. Түндүк жактан кире берген корридордун оң жагындагы биринчи бөлмө кеңешчилердики экен, кире берген жакта Насыке (Насирдин Байтемиров), төр тарабында Түмөкө (Түмөнбай Байзаков) отуруптур. Насыке эң алды Бегалынын ырларын окутуп укту, анан мага келгенде 3-4 ыр окудум. Ошондо Насыке «Ыр жазууда бири жеңил (уйкаштырып койгулата бермей), экинчиси татаал — эки жол болот, сен жеңилинен качууга аракет кылат экенсиң, тиги турган Байдылда Сарногоевге алпар, «Ала-Тоо» журналына тандап көрсүн», — деди. Карай калсам, китеп салган шкафга жөлөнүп бир сары жигит биз ыр окуганда тыңшап турган экен, мени өзү олтурган бөлмөгө ээрчитип барып, эки ырды көчүрүп берүүм керектигин айтты. Кийин ошолордун бири («Эски адат») журналдын 1958-жылкы №12 санына чыгып калды, ошондогу сүйүнгөндү айта көрбө, ошол «Ала-Тоонун» жашыл түсү, бадырайган тамгалары көрүнүп, атүгүл барактарын ачкандагы жыты да күнү бүгүнкүдөй буруксуп турат. Ошентип, Насыке менен Байдыкенин (Сарногоев) шарапаты менен Жазуучулар Союзунун астанасын аттаган биринчи кадамым жемиштүү башталган, аны кантип унутайын.
Ошондогу Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы Азиз Салиев эле, андан кийин Токтоболот Абдымомунов, Теңдик Аскаров, Чыңгыз Айтматов, Жунай Мавлянов; Жазуучулар Союзу үчкө бөлүнгөндө: биринде Надырбек Алымбеков, экинчисинде Төлөгөн Касымбеков, үчүнчүсүндө Омор Султанов; андан кийин ошондогу Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун аракети менен Союздар бириккенден кийин Жалил Садыков, Анатай Өмүрканов, Омор Султановдор иштешти. Буларды тизмелеп чыкканымдын себеби — башкы сөзүбүз жазуучулар жана Жазуучулар Союзун жетектегендер жөнүндө болору сөз башынан боолголонбодубу.
Алгач Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери кыргыз жазуучулары өздөрүнүн жазуучулук вазийпаларын кандайча аткаргандыгы туурасындагы «Жаңы ордо» гезитине жарыяланган «Жазуучулар эл алдындагы ыйык милдетин аткарышы керек» деген учкай ой-чабыттарымды окуй кетели, анткени окурмандардын калың катмарына жетпей калган (Макала кыскартылып берилет).
Жазуучулар эл алдындагы ыйык милдетин аткарышы керек
Жазуучулар (акындар, кара сөзчүлөр, драматургдар, сынчылар ж.б.) — Кудай даарыган адамдар деп айтканыбыз менен жакшылап маани берип, ошол өзгөчөлүктүн калк камын көрүүдөгү салымын, жаңыдан такандап жаткан мамлекетибизге өбөк болор жагын, ар тараптан уюлгуп кирип, карапайым адамдарыбыздын ( интеллигенттерибиздин деле) кыраакылыгын мокотуп, көздөрүн тумандатып жаткандарга каршы күрөшүү жөндөмүн эсепке албай жана пайдаланбай жатабыз.
(Уландысы бар)

Кыргыз туусу («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий