АПАМ ЖАПКАН НАНДЫ САГЫНАМ…

Ар бир эне үчүн бул дүйнөдө бир гана баласы сүймөнчүктүү, ал эми бала үчүн апасы кол жеткис асыл жан эмеспи. Бул жолку рубрикабыздын коногу театр, кино жаатында салмактуу орунду ээлеп келе жаткан актёр — Дүйшөн БАЙДӨБӨТОВ.

«Апам эч качан сүрөткө түшкөн эмес»
— Апамдын аты Жибек. Апам эч качан үнүн катуу чыгарып, бирөө менен урушкан жан эмес. Айылдагы жамандык-жакшылыктардын баарынын дасторконун өзү тейлечү. Атам экөө тең куран, намаз окуган ыйман жолундагы молдо адамдар эле. Шариятта сүрөткө түшүүгө тыюу салынат эмеспи, ошол себептен экөө тең сүрөткө түшүшкөн эмес. Бирок экөөнүн тең элеси күнү бүгүнкүдөй карегимде.

«Балдарын жоготуп…»
— 1930-жылдар аралыгы Совет бийлиги орноп, байларды кулакка тартуу башталбады беле. Ата-энемдин да жылкысы, бирин-экин малы бар экен. Анын үстүнө, айылда биринчи болуп кирпичтен там курган да менин ата-энем болуптур. Өзү теңдүү колунда барлардын малы алынып, өзүлөрү алыска айдалып жатканын көргөн ата-энем төрт баласын, кичине оокатын алып Ысык-Атадан Түпкө ат араба менен кетишиптир. Арадан эки жыл өткөн соң Ысык-Атага кайтып келатышып, каргашалуу окуяга кабылышат. Боом капчыгайындагы Кызыл-Көпүрө деген жерге келишкенде алдыдан УралЗИС машинасы чыга калат. Машинадан үрккөн ат арабасы менен сууга түшүп кетет. Ошондо бири экиде, экинчиси үч жашта болгон агаларым сууга агып кетишиптир. Ата-энем ошентип эки баласынан айрылышкан экен.

«Апамдын каттамасы»
— Апам тамакты укмуш жасачу. Же мен эртеден-кечке көчөдө ойноп жүрүп, анан ачка болуп жегенгеби, кыскасы, даамдуулугун сураба. Азыр тамакка даам бере турган канча татымды кошпоюн, баары бир апамдын тамагына караандабайт. Каттамага каймак сыйпап казанга бышырчу. Апамдын каттамасы деле бир арбычу эмес да. Анткени жаңы эле казандан алары менен ысык бойдон колунан жулуп кетем. «Күндө туусам, күндө жок» деп апам улам каттама жасап, мага жедирип коюп отура берчү.
Апам уй саап жатканда тепирейип жанында дайыма даяр болчумун. Кичине саары менен эле чака менен бөтөлкөмө ысык боюнча куюп берчү. Кандай бөтөлкө экени эсимде жок, бирок упчу териден жасалган болчу. Апам уюн саай берчү. Мен болсо сүт ичип отурар элем. Бөтөлкө менен ушинтип 11 жашка чейин сүт ичип жүрүп чоңойдум.

«Апам балбан болчу»
— Атам күзүндө кыш камын көрүп, жылда бир бодо сойчу. Бир жолу согум жегени айылдыктар биздин үйгө чогулушту. Келгендер чара-чара болгон этти жеп киришти. Апам мени 49 жашында төрөгөн. Анын үстүнө, үйдүн кичүүсү элем. Эркелигим башымдан ашчу. Этти тегеректеп отургандардын бири дагы мага көңүл бөлгөн жок. Жиним келгенинен «эттин баарын жеп салышты. Мага бир тоголок эт беришкен жок!» деп элдин көзүнчө кыйкырып кирдим. Анан эле апам жетип келип, мага болушам деген чоң апам Калбүбү экөөбүздү дыркыратып сүйрөп чыкты. Негизи, апам эки адамды жөн эле көтөрүп койгон балбан аял эле.

«Апамдын ордуна атам жазалаган»
— Бир жолу апамдын «кой-айын» капарыма албай, тентектик кылып жатканымды көргөн атамдын жаны кашайып кетти. «Мага сендей баланын кереги жок!» деп сүйрөп келип, алдына отургузду. Алгач эмне кыларын түшүнгөн жокмун. Анан эле чылапчын алдыртты. Чөнтөгүнөн бычагын алып чыгып, эки алаканын жайып бата кыла баштады. Бата тиленгенден кийин малды мууздарын билем да. Тыбырчылап, жандалбастап качууга аракет жасай баштадым. Кайдан?! Кичинекей мени эки тизеси менен кыпчып алган. Менин ашынган тентектигимди атам апамдын ордуна ушинтип жазалаган. Ошондон кийин кадимкидей мага эс кирип калды.

Күтүү
— Апам баш-аягы 16 бала төрөгөн. Тигинтип эки баласы кичине кезинде эле сууга акса, эр жеткен үч баласы аскерден кайтпай калган. Үйдүн алдында тепкич бар эле. Апам ошол тепкичте күндө күн батышты карап, агаларымды күтүп отурчу. Жүн тыта турган же ийик ийире турган болсо да апамдын жасап жаткан ишине ошол тепкич күбө болчу. «Түндө түшүмө киришти. Эртең кечинде келип калат го, жок дегенде бирөөсү…» деп эле нуру өчкөн көздөрү менен ыйламсырай берчү. Ошол көздөрдү, анан сөздөрдү эстесем, ичим туз куйгандай ачышат.

Мен анда 5-класс болчумун. Капысынан апам катуу ооруп калды. Байкуш апамдын аты жаман ооруга кабылганын кайдан билдим. Ошентип, 60 жашында үч баласын эшик алдында күтүп жүрүп, келбес сапарга кетти…

Башынан кандай кыйынчылык өткөрбөсүн, баарына чыдаган — аялзаты. Бул жарыкта эч бир теңдеши жок апаларыбыз дайыма балдарынын, жакындарынын маңдайында бар болушсун. Силерге таазим, урматтуу апалар!

Сүйүн Кулматова (lira@super.kg), «Супер-инфо»

Соц тармактар:

Добавить комментарий