«Ашуу болсоң Долондой, акын болсоң Жолондой бол»

Азыркы калем кармаган жаштардын оозунан бул акындын «Ата Журт кыйындыкка кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга» же болбосо: «Энесин эстебеген, Ата Журтун калп сүйүп каларлыгын ойлогула!» деген сымак учкул ыр саптарын угуп, «эл деп, чагылгандай чарт жарылган уулдар барбызбы?» деп ойлоном. Жолон Мамытовдун жогорудагыдай жалындуу саптарынын маанисине акыл калчап, деги ушундай саптарды жазган акын ким эле? Кандай жашап, кандай күн көрүп өтүп кетти экен деген суроо көбөйө берди. Акыры акындын жары, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, тележурналист, акын жана драматург Меңди МАМАЗАИРОВАга жолуктум. Оңдой берди болуп Меңди эже кезектеги эс алууда экен. Экөөбүз аңгеме-дүкөн курдук. Бир жолку макала менен кыргыз поэзиясынын берметтерин жараткандардын бири Жолон Мамытовдун өмүрүн, чыгармачылыгын айтып бүтүрө коймок белем. Ошентсе да, тырмак алды деп ушуну сунуштап отурам.

 

Сабактан «2» алып, Шаршен болгон Жолон

Жолон сентябрь келип, окуу башталганча китептеги кызык тексттерди, ырларды жаттап алчу экен. 5-класста өзүнүн биртууган агасы, мектептин директору Кудайберди Мамытов кыргыз тили менен адабиятынан сабак берип калат. 1-сентябрь күнү эле жат жазуу жаздырат. Эртеси Жолонго «2» деген баа коюлат. Мунун себебин мугалим китептен көчүрүлгөндүк менен түшүндүрөт. Аны уккан Жолон «мен ал текстти жатка билем» деп ыйлап жибериптир. Директор «андай болсо доскага кел да жаз» дейт. Жолон шурудай тизип тексттин баарын жазып чыгат. Ошондо мугалим агасы да, окуучулар да ишенишет.

Согуштан кийинки жокчулук. Электр жарыгы жок. Азыр кинолордон гана көрчү шише лампа кийгизген керосин фонар. Керосин түтпөйт. Апасынын тилин укпай, түн оогончо китеп окуган Жолон. «О, Исталин, чыракты өчүр. Эртең кирасин майды дагы кимден сурайм» деп апасы Алмакандын тили тешилет. Болбойт. «Апа, кое турчу. Сөз жаттап атам» дейт суранып. Көрсө, баарына дилгир тестиер Жолон мектептеги кружокко катышып, куудул Шаршендин ролун аткармак экен. Эртеси эл менен мектепке оюн көргөнү барган апасы өзүнүн ашка-тойго деп аяган кыжым чапанын тескерисинен кийген, маңдайындагы куудул Шаршен өз баласы экенин тааныбай, боору ката күлөт.

 

Мал доктур

Жолон орто мектепти бүткөн соң борборго келет. Ал маалда жакшы окуган улан-кыздардын баары Москва, Ленинград, Киев, Ташкент деп канаттарын күүлөп турушчу. Ошондой билимге суусаган жаштардын бири Жолон Москвадагы М.Ломоносов атындагы университетке тапшырып, акыркы сыноодон өтпөй калат. Намыстанып, үйгө кеткиси келбеген улан экинчи агым менен айыл чарба институтунун ветеринария факультетине өтөт. Ушул жерден ага тагдыр жылмайып, беделдүү окутуучу, кафедра башчысы, кадимки Абдулхай Алдашев менен таанышат. Окуусун ийгиликтүү аяктаган Жолон түштүктүн жагдайында койлорду боор курт илдетинен кантип айыктыруу боюнча жана башка көптөгөн илимий ачылыштарды жасайт.

 

Ыр менен ордунан тургузуп…

Жаш акынга Сооронбай Жусуев ак жол тилеп, баш сөз жазган ыр топтому Ош облустук «Ленин жолу» газетасында жарык көрөт. Андан соң «Ала-Тоо» журналына акындын чоң ыр топтому жарык көрүп, жазуучулар союзунун жетекчилеринин көңүлүн бурган. Ошентип 1968-жылы бир китеби жарык көрбөй туруп, жаш акын СССР жазуучулар союзунун мүчөсү болот. Жолондун ыр окуу, бүтүндөй поэмаларын жатка айткан артыкчылыгы бар эле. Элдин көбү билген бир окуя. Ош мамлекеттик институтунда Жолон лирикалык бир топ ырларды окуйт. Студенттер колдору кызыганча алакан чаап, коштоп турушат. Патриоттук ырларынын бирин окуп аткан. «Ала-Тоо, чындыктын мекени десеңер, ордуңардан тургула!» -деген акындын чакырыгы угулганда баары ордуларынан тура калышат. Кайра акындын «Ыракмат, отургула» деген үнү буйрук сымак угулуп, анан барып отуруп калышат. Мындай арбаган, угуучуларды сөз күчүнө ээрчиткен учурлар көп болгон дешет достору, замандаштары.

 

Жолон жана поэзия

Жолондун ыр саптарынын дарамети, таасири кандай болгон? Акындыкка кандай мамиле кылган? Бул суроого өзүнүн саптарынан келтирсек жетиштүү болоор.

Акын деген ардактуу ат, сый кандай,
Ошол сөзгө сан жакшылык сыйгандай.
Оттуу ырдан окчун калат өмүрү,
Акын өжөр боло албаса дыйкандай.

Ыр талаадан жыйган сайын бир түшүм,
Кайра барктап, каңтарбаса кыртышын.
Экинчи ирет эл алдына чыгалгыс,
Эңгиреген кездер келет ырчы үчүн.

Жолон Мамытовдун көп ырлары элдик ырларга айланып, айрым сөздөрү учкул болуп кеткен. «Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй», «Түбөлүк сүйөм дегенге, ишенбей калдым жок, жолдош!», «Тегирмендин парасына кайчыланып», «Махаббат — рак шишиги чарт жарылган», «Саргайган, мен сүйүүнүн алкоголу», «Кереги не Сатурнга шакектин, шакек даркер сенин ушул кезиңе» деген жана башка ыр саптары.

 

Экөө жеткен махабат бийиктигине азыр ким жетти?

Рыспай Абдыкадыровдун айтылуу «Издейм сени» обондуу ырынын тексти Жолон акындын калемине таандык экенин эмки жаштар анча биле бербейт. Эмне үчүн 40 жылдан ашуун мезгилди арыткан бул ыр алигиче ар бир муундун өз ыры болуп келатат? Биздин оюбузча эки чыгармачыл адамдын махабатка болгон ой жүгүртүүсүнүн окшоштугу, бир мезгилде жашаганы, бир учурда башына келген сүйүүнүн чечилиши болсо керек. Албетте, ырдын тексти мурдараак жаралып, өзүн издеп жүргөн обончунун колуна тийип, максатына төп келип калганы. Жолон Мамытов махабат ырларында калп айтпайт, тартынбайт, болгон сырын жашырбайт. «Көөнүм түшкөн бардык, бардык кыздарга жана дагы жалгыз Сага арналат» дейт эч тартынбаган акын.

 

Уруштан, карыздан качкан акын

Бала кезинен эле беттегенин бербеген көк, кежир, эрке өсөт. Кээде үйдө туура эмес иш кылса, ал иш унутулганча башка айылда жашаган туугандарыныкына качып кетчү. Издеп, кабатыр болгон эне баласынын табылганына сүйүнүп кечирип койчу экен. Ал адаты кийин деле калбаптыр. Бул тууралуу Меңди эже жылмайып эскерет: «Менин ачуум тараганча досторунукуна кетип калчу. Эмне үчүн аял сыяктанып качып кетесиң» деп баарыбир тыкылдатам. Ал «сенин маңдайыңда отурсам сөздөн сөз чыгат, ал урушка айланат. Анан бетибиз ачылат, бет ачылган соң жашоо кандай болот» дечү. Эгер арасынан бир күн өтүп кетсе, ошол досун жана бир топторун ээрчитип келип, үйдү майрамга айландырчу. Бул жоругун достору: Мелис Абакиров, Жакып Медетов, Асан Жакшылыков, маркум Орозбай Көчкөнов, Омор Сооронов жакшы билишет…

Акындын дагы бир кызык мүнөзү, сураганга колундагы акчасын бүт берип, кайра андан карызын сурай алчу эмес экен. Ал эмес, бирөөдөн карыз акча суроо да колунан келбептир. Кокус жазып-тайып карызга акча алса аны күндөлүгүнө качан, канча алганын дааналап жазып алып, балдарын да карыз албаганга үйрөтүптүр кайран киши.

 

«Лермонтов болалбадым»

Бир жолу кошунасы Зарипа Жакиеваныкында мейманда болушкан Жолон менен Меңди үйлөрүнө кайтышат. Ырлары меймандарга жаккан Жолон жубайы менен жакшы сүйлөшүп отуруп эле, капысынан үн катпай калат. Буга таң калган Меңди:

— Ой, сага эмне болду?-дейт, көзү жашка толуп турган Жолондон чочуп. Акыры ал:

— Мэң, билесиңби, мен акын боло албайт окшойм. Мен Лермонтов болсом дегем, болбодум. Маяковский боломбу дегем, болбодум. Эми каяктагы Пушкин… Акын боло албасам жарыкчылыкта жашоонун кажети барбы?- дейт кайгылуу. Ошондогу акындын турушу, көздөрү Меңди Мамазаировага эч кимге айтпаган коркунуч жаратыптыр. Ошол бойдон бул темага кайрылбаган Жолон кийин бул сөздү улуу баласы Маякка да билгизип, акын боло албай кетип баратканын айтыптыр…

«Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий