«Көкүрөк ойгонсо гана көп жылыш болот»

Азыр чет өлкөлөрдө окуп, иштеп жүргөн кыргыз жаштары көп. Аларды айрым мекендештер «саткын» катары көрүшсө, кээ бирөөлөр алкашат. Тырмактайынан түрк лицейинде, беш жарым жыл Түркияда, алты жыл Францияда окуп, иштеп, учурда Францияда политология боюнча докторантурада окуп жаткан Эсенгелди ЖУМАКУНОВду кепке тарттык.

Мекениңизге эмне максат менен кайтып келдиңиз?
Мен Кыргызстандагы саясый партияларды изилдеп көрсөмбү дегем. Азыр бул абдан актуалдуу тема. Анткени, көп өлкөлөрдө парламент партиялардан түзүлүп жатат. Өлкө демократиялуу болушу үчүн партиялар көп болушу керек. Магистратуралык ишимди да Кыргызстандагы саясый абал, система тууралуу жазган элем. Франциялык бир изилдөөчү «АКШ бейөкмөт уюмдарга басым жасаганы менен Орто Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан демократиялуу өлкө болуп кете алган жок. Өлкө демократиялуу болушу үчүн туруктуу партиялар зарыл» деп жазыптыр. Башка саясат изилдөөчүлөр да Евробиримдикке кирген өлкөлөр бир топ демократиялашып кеткендигин, ал мамлекеттерде партиялар активдүү иштегендигин айтып келишет. Албетте, Европа өлкөлөрүнүн демократиялашуу жагынан тажрыйбасы мол. Бирок, батыш саясатчылары муну Евробиримдиктин таасиринен улам деп айтып жатышат. Бул ойго мен да толук кошулам. Менимче, Кыргызстанда башкы донор АКШ болгон үчүн Кыргызстан толук демократиялуу өлкө боло алган жок. Тактап айтканда, бейөкмөт уюмдар элдин ишеничине толук кирип, таасирдүү иш жүргүзө алган жок. Азыр өлкөбүз өнүгүү үчүн ар кимдин оозун карабай, реалдуу багытты тандашы керек. Мен кыргыз атуулу катары акыркы мезгилде ушуга баш катыра баштадым.

Франциялык телеканалдарда бизде болгон окуялар, кыргыздар тууралуу көрсөтүүлөр чагылдырылбайбы?
Кээде болуп калат. Көбүнесе документалдуу фильмдер болот. Негизинен кыргыздарга өтө деле басым жасаган көрсөтүү, уктуруулар жок. Болгону 2007-жылы Франциянын «Люмонд» деген эң чоң гезитине «Кыргызстан туризмдин өлкөсү, Ысык-Көлгө баргыла» деген маанидеги жакшы жарнама чыгыптыр. Аны окуп кубанып калдым.

Сиз Түркияда да беш-алты жыл жашаптырсыз, ал жакта кыргыздарга болгон көз караш кандай?
Түрк эли кыргыздарды боордош, тууган калк катары эсептешет. Бирок, ар бир элдин акмагы бар дегендей, алардын ичинде да түшүнбөстүк менен мамиле кылгандары жок эмес.

Кыргыз ММКларынан кабарыңыз кандай?
Негизи интернет жакшы нерсе экен. Францияда жүрүп «Press kg.» сайтынан кыргыз гезиттерин окуп турам. Азыр кыргыз гезиттери маалыматты ар тараптуу, окумдуу кылып бере албай жатышат. Сайтта он чакты гезит бар экен. Окуй келсең ичиндеги мазмуну окшош.

Кыргызстан, Түркия, Франциянын жаштарынын ортосунда, турмушунда кандай айырмачылыктар бар экен?
Түркияда жаштар окууга абдан ынтызар. Алар тырышып окушат же жанталашып иштешет. Францияда да башынан эле келечектүү окуу жайларга окуп, максаттарга умтулуу күч. Жашоо биздегиге караганда жеңил болгондуктан, француз жаштары көп деле тытынып иштешпейт. Түркияда турмуш шарт Францияга караганда оорураак. Бирок азыр дүйнөлүк каржы каатчылыгына байланыштуу Францияда да каражат тартыш. Учурда өлкө бийлиги менчик секторго акча бөлүү жагын караштырып жатат. Кыскасы, азыр Франция экономикалык жактан кыйын абалда.

Чет өлкөдө жүргөн кыргыздын жаш саясатчы жараны катары Кыргызстандын келечеги кандай болот деп ойлойсуз?
— Азыр Мекенибиз дүйнөлүк карым-катнаштан, кызматташуулардан, эл аралык абройдон кол жууп кала элек. Аракет кылсак өлкөбүз бат эле оңолгону турат. Ал үчүн жаштар ичкилик, баңгиликтен алыс болуп, акча табууну эле ойлобой, руханий байлыкты да эске алуулары зарыл. Байкашымча, азыр кыргыз жаштары кантип бат баюуну, эптеп акча табууну гана ойлоп калышкандай. Мен Түркия, Францияда жүрүп ар бир өлкө адабият, маданиятына маани бербесе, экономикасы өнүкпөсүн түшүндүм. Көкүрөк ойгонбосо, канчалык аракеттенбейли коррупцияны, кайдыгерликти жок кыла албайбыз. Ушуну сиз, биз, башкалар эске албай жатабыз.

Мелис Совет уулу, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий