«КУЛЧА ИШТЕП, БИЙЧЕ ЖАШАЙМ»

«Ата көргөн ок жанат, эне көргөн тон бычат» деген  элдик накыл-кеп төгүн жерден  айтылбаптыр да. Кол өнөрчүлүктү  өркүндөткөн сайын жашообуз  оңолуп, эл катарына  кошула баштадык. Кулча иштеп, бийче  жашоону  үйрөнүүдөбүз»,- мына ушундайча  өз турмуш жагдайын  ортого салган  ысык-Көл районунун  Ананьево  айылынын тургуну  Ж. Токторбаевдин  жыгаччылык  өнөрү менен таанышып  кайттык.

-Жунушбай, боз үйдүн босогосунан тартып, түндүгүнө чейинки жумушту кылдат бүтүрүү үчүн көз май коротуп мээнеттенгенден тышкары өтө чеберчилик, эң негизгиси чыгармачылык шык-жөндөм керек го. Качантан бери өнөрүңүздү өргө чаап келеатасыз?

-«Башка келсе — байтал жорго болот» деген анык мен болгом. Ачыгын айтсам чоң атамдан, таята-таэкелеримден бери келе жаткан өнөрдү аздектөө мындай турсун колума керки кармап көргөн эмесмин. Курсагың ток болсо кайгың жок болот деген чын белем. Боз үй жасап, ишкерликти да, кол өнөрчүлүктү да өнүктүрөм деген ой-санаа жок кеэде жашоо мага жеңил көрүнчү. Кыйынчылыкты оңой эле жеңем деген эрдемсинүү бар эле. 2000-жылы бир эмес, 2 банктан кредит ала коюп, карызымды учурунда төлөй албай туура 7 жыл кыйналдым. Алган кредитимдин үстөк акысы өсүп кетип, айлам алты кетти. Анан ары ойлонуп, бери толгонуп, акыры кычыраган кышкы аязга карабай боз үй жасоого кириштим.

Семеновка айылында турган таэкем, республикага белгилүү уста Кенчинбай Орозобаевге кайрылууга аргасыз болдум. Намыс бутумдан тушаганына карабай бардым да андан кеп-кеңеш алып кайттым.

Ошентип, кыйналып-кысталып, нечен уйкусуз түндү өткөрүп жүрүп керегесин кертип, түндүгүн көтөргөн боз үйүм Бишкек шаарында өткөн «Ата мурас иши» деп аталган кол өнөрчүлөрдүн республикалык кароо-сынагында алтын медалга татыктуу болбоспу. Боз үйдүн ички жасалгасы да айырмаланып турду. Аялым Берметтин, кыздарым Канымкүлдүн, Гулназдын, уулум Бактыярдын тарткан түйшүктөрү текке кеткен жок.

Ушул күнгө чейин баш аягы 12 боз үй жасадык.

-Ички-сырткы жасалгасы, кыскасы, төгөрөгү төп келген боз үйдүн баасы канча турат? Кардарларьңыздын көркөм табитине, алардын берген заказына ылайык ак өргө көтөрөсүздөрбү, же кытырыган кызыл акча үчүн эптеп эле аларды жолго саласыздарбы? Боз үйдүн уук-керегелери бышык болуш үчүн кандай элдик ыкмаларды колдоносуздар?

-Мындан 5 жыл мурда ички-сырткы жасалгасы башкаларга гана эмес, өзүбүздүн көңүлүбүзгө туура келсе аны дароо сатыкка койчубуз. 8-10 мин долларга баалачубуз. Азыр болсо сиз айткандай төгөрөгү төп келген ак өргөлөр 25-30 миң долларга чейин өстү. Жакында эле Казакстандын Алма-Ата областына бир боз үй саттык.

100 баштуу боз үйдүн керегесин жайып, түндүгүн көтөрүп жаткан учурубузда казак туугандар аябай таң калышты. Керегеден керегеге аттап-секирип, ууктарды жеңил эле басып, түндүгүнө чейин жеткен балдарды карап турушуп, «ой-бай, ууктар сынып кетпейби, түндүгү ортосунан белунуп калбайбы»,-дешип жакаларын карманышты. Ууктары да, керегелери да абдан бышык жасалганы үчүн 60-70 кг. салмактагы баланы тилдирип, ысык сууга аябай кайнатып бышырам. Ийилгенге жарагандан кийин гана ишке киришем. Ууктарга мен өзгөчө көңүл бурам, аны эзелтен бери келе жаткан калыпка салбайм, мүмкүн болушунча жоонураак жасаганга дилгирленем. Боз үйдүн эшигин да кыргыз элинин улуттук колоритинин негизинде, айтайын, оюм-чийимдер менен кооздоого аракеттенем. Эшикке керектүү делген жыгачты гана бышырбайм, калган жыгачтын баарын ысык сууга аябай кайнатам. Бул элдик ыкманы чоң атамдан, атамдан үйрөнгөм. Чоң атамдын колунан чыккан боз үй ушул азыр да күнү бүгүнкү сынынан бузулбай сакталып турат. Ал боз үйгө туура 120 жыл болуптур.

-Сөзүңүзгө караганда, чоң атаңыздын өнөрүн уланткандан бери ишиңиз жүрүп, итиңиз үрө баштаган көрүнөт…

-70 жыл доорун сүргөн СССРдин тушунда «баары даяр, керектүүлөрүбүздү сатып алабыз. Боз үйдө жашоо кантип болсун. Кол өнөрчүлүк менен ким жыргап кетиптир» деген түркөй түшүнүк менен жашап келиптирбиз. Компартиянын идеологиясына   катуу   сугарылгандардын бири  болсом керек, айтоор  сөз башында  эле ыймандай сырымды жаап-жашырбай айтканымдай колума керки кармоону өөн  көрүп жүргөм. Кудайга шүгүрчүлүк  келтирейин, өнөрүм өргө  чаптырууда. Кредиттеримден толук кутулгандан кийин артып калган акчага Бермет экөөбүз Европаны түрө кыдырып, өнүккөн мамлекеттердеги элдин жашоо-шарты менен тааныштык. Ал жакка жөн барбай кайтаарыбызда 35 мин долларга 50 орундуу чоң авто-буз сатып алып айдап келдим. Эгерде «алма быш, оозума түш» деп чалкалап жата берсем мага мынчалык дүйнөнү ким берет эле? Европа эмес, бул жерде турган Бишкекке баруу түшүмө кирмек эмес. Мамлекеттин ишкерлерге, кол өнөрчүлөргө көрсөткөн көмөгүнөн, туура жүргүзгөн саясатынан улам бизге окшогон айылдык карапайым адамдардын жашоо-шарттары улам барган сайын жакшырып баратпайбы. Баса, 2005-жылы К.Бакиев Прези­дент болуп шайланган учурда көтөргөн ак ар өргөбүз ак жолтой болду. Элке башчысы биздин боз үйдүн босогосун аттап, төрүндө мейман болгон эле.

-Мындан да жакшы жашоо үчүн алдыга дагы башка ой-максаттарды коюп жатсаңыз керек?

-Үйүмдүн алдына эки кабаттуу цех ачуу оюмда бар. Айрым иштерин бүткөрүп да койдум. Баштаган ишибизди тез жана сапаттуу бүткөрүү үчүн бардык ыңгайлуу шарттарды түзөбүз. Эрмек сокчу жерден баштап, жүн тытчу, кийиз бышырылчу жайдын өз орду болот.

Байып, тапкан-ташыганым өзүмдөн аша баштаган бир учурга келсем, сөзсүз мечит сапам деген убадам бар. Оозумдан чыккан сөзүмдүн өтөөсүнө чыгуу үчүн ушул тапта мечитке каражат топтоп жатам.

«Кырчын» жайлоосунда 3 боз үйүм тигилип турат. Чет өлкөлүк туристтерди кыргыз элинин улуттук жүзү болгон салт-санаалары, үрп-адаттары, маданияты, адеп-ахлагы менен таң калтыруу үчүн ак өргөөлөрүмдүн ички-сырткы жасалгаларын дагы башкача кооздосокпу деген мунажат-тилегибиз бар.

Ш.Жаналиева, «Ысык-Көл кабарлары»

Соц тармактар:

Добавить комментарий