Ордуң ким басат?

18-августта кыргыз элине төкмө акындыгы менен таанылган, каны казак болсо да, өзү кыргыз болуп сиңген Майра КЕРИМ кызы дүйнөдөн кайтты. Акжолтой, Эркебулан аттуу балдардын, Торгун кыздын мээримдүү апасы, неберелердин чоң энеси болгон бул талант жаш кетти. Анын турмушта, чыгармачылыкта кандай адам экенин кесиптештери, замандаштары айтып берсин

Замирбек Үсөнбаев, Кыргыз эл акыны:
Майранын жеке эле акындык өнөрү эмес, обончулук, аткаруучулук таланты да бар эле. Талантына жараша эмгекчил, өжөр болчу. Жаш, беттегенин бербеген таланттын дүйнөдөн эрте кетиши төкмө өнөрү үчүн жоготуу болду.

Шайырбек Абдырахманов, «Айтыш» коомдук фондунун теңтөрагасы:
Илгери Каныкей энебиз тажиктерден келип кыргызга эл, Манаска бел болуп, кыргызды төбөсүнө көтөрүп кызмат кылган. Чынында ал кыргызга жеңе, бирок биз дайыма «Каныкей энебиз» дейбиз. Ошол сыңары Майра жеңеге да кыргыздагы Каныкей энебиздей келиндердин бири деп баа берет элем. Мен бул кишинин ушунчалык кайраттуулугуна, эрдигине таң бердим. Ал айтышка ийне сайдырып, калтырап келип, көшөгөнүн артында онтоп отурчу. «Майра эже азыр сиз чыгасыз» дегенде отургучуна таянып араң туруп, сахнага чыгып, домбура ойной баштаганда калтыраганы токтоп калар эле. Ырдап бүтүп, эл алдында жаркылдап күлүп туруп, кайра көшөгөнүн артына келгенде мурунку оорулуу кейпине келчү. Эл алдында ооруганын такыр билдирбей, кайраттуу ырдап, сүйлөп берчү.

Табылды Актанов, КР эл артисти, төкмө акын:
Тоңдуруп муздай көңүлдү,
Томсортуп күлгүн өмүрдү,
Домбура, комуз шолоктоп,
Добушсуз калсын дедиңби?
Алсырап турам арга жок,
Айта албай эмне дээримди.
Суутуп демди суук сөз,
Сур жылан болуп сезилди.
Жыласың түшкөн шум ажал,
Жылдызды кантип өчүрдү?
Жылаажын үнүң уга албай,
Жыя албай турам эсимди.
Кири жок мүнөз, ак жаркын,
Ким улайт улуу көчүңдү,
Тикенек тиреп калгансып,
Тилинип жүрөк эзилди.
Асылган ажал оорудан,
Алдыңбы ушинтип өчүңдү,
Жазмышка турам көнө албай,
Жаралуу ойду жеңе албай,
Томсоргон суук мүрзөгө
Топурак уучтап бере албай.
Топ акын тоодой үшкүрүп,
Тумчугуп турбуз дем албай.
Өрт болуп күйгөн өлүмдөн,
Өзүңдү калдык бөлө албай.
Жалындап күйгөн от болуп,
Жалбырттап өчтүң чок болуп,
Жыйылып келген калың журт,
Жылдызсыз калган окшодук.
Закымдап кирип жашоого,
Заматта кеттиң жок болуп.
Эркелеп турчу Майра жок,
Эңгирейт ордуң бош болуп.
Эки ооз сөз айтып калалы,
«Ээ Таке» дечи козголуп.
Бир боорум Майра ардагым,
Билбеймин бардыр арманың.
Айта албай калган дастаның,
Акжолтой улар калганын.
Кайгырып турат Ысык-Көл,
Кабаттап коштоп арманын,
Жаткан жериң жай болсун,
Жакшы жат эми Жайдарым.
Өзүңсүз өтөй жүрөрбүз,
Өнөрдүн улуу майрамын,
Жоюлбас өнөр кызыл тил,
Табылбас сендей акын гүл.
Жоктотпой ырдап берербиз,
Оо кийин, жомогун айтып Майранын!

Садык Шернияз, «Айтыш» коомдук фондунун теңтөрагасы:
Өкүнүчтүүсү, эженин талыбас эмгеги жетишерлик баасын алган жок. Себеби, бүткүл дүйнөгө белгилүү акын өнөрүн алып жүргөн Адам мамлекеттик сыйлык албай калды. Майра эже бери дегенде Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти деген наамга татыктуу эле. Бирок, ал жаркыраган мүнөзү, өзүнүн обону, артында калган ырлары, шакирттери менен элдин эсинде түбөлүккө сакталат. Акыркы жолу Майра эже Нарынга ооруганына карабай, машинада жатып барып Элмирбек менен эң сонун айтыш уюштуруп келди. Мындан эженин айтыш өнөрүнө берилгендигин, эч кимде жок эрктүүлүк, кайратын билсек болот. Менимче Майра эженин таланты азыр бааланбаганы менен мезгил өткөн сайын жанданып, «кыргызда Токтогул, Калык, Осмонкул, Алымкул, Барпы болгон» делгендей эле «Майра акын мындай айтышкан» деп ооздон-оозго өтүп, элде сакталат деп ойлойм. Кийин айтыштарда «Майра болсо мындай айтышмак экен» деген эскерүүлөр бул адамдын өтүшү биз үчүн кандай жоготуу экенин айгинелейт. Буюрса «Айтыш» коомдук фонду бардык акындар тууралуу жакшы элестүү тасма жаратат.

Элмирбек Иманалиев, төкмө акын:
Кыргыз төкмө акындары бир чынжырды элестетсе, ошонун ортосунда бир чөгөрүлгөн берметтей орду бар болчу. Бул киши менен он жылдан ашуун айтыштым. Он жыл бою айтыштын ажарын ачып келди. Көп кырдуу талант эле. Обондору өзүнчө бир керемет, жазган ырларынын мазмуну, тилинин чечендиги өзүнчө эле кенч болчу. Ушундай салмак менен акындыкта анын орду чоң эле да.

Түгөлбай Казаков, КР эл артисти:
…1992-жылы Алматыга казактардын курултайына бардык. Бизди бир боз үйгө киргизишти. Арнайы тигилген эмес экен, сол капшытында казактар шарактап отурушуптур. Оң капшытына отуруп калдык. Казак жигиттер салам-алиги жок эле арабыздагы домбура кармаган кызга асылып киришти. Анын казак экенин укканда катын тебетей (үкүлүү) кийген бирөөсү домбурасын ала коюп, көктөгү жемин жерден көргөндөй качырып сала берди. Илгерки кылтыр баш Кулукеге окшоп орой ырдаган неме экен, «эр табылбай калгансып кыргызда эмне тентип жүрөсүң» деп, кыргызга эмей эле негрге тийгендей омуроолоп кирди. Казакты көчүгүнөн түртүп көккө чыгаралбай, кыргызды башынан басып жерге киргизе албай көпкө убара болду. Домбурасын ит кууган тооктой тыпыратып, өзү андан ашып айгайлап, далайга атыраңдап барып токтоду. Казактар тиги жигитти жоо сайып келгендей кубаттап калышты.

Майранын ким экенин ошондо көргөм. «Өзүң жиндисиң» принцибине салып паска түшкөн жок. Улуу акындардын салты менен казактарга саламдашып, курултайы менен куттуктап, эки элди көтөрө ырдап, анан барып түлкүнү көргөн бүркүттөй тиги жигитти көздөй шукшурулуп жөнөдү. Ар бир сөзүнө катыра жооп берип келип:
Казактан камчыга сап жигит таппай
Кеткемин төкмөлөрдүн мекенине — дегенде, тиги жигит Майранын маңдайына келип чөгөлөй калып кечирим сурап жиберди. Майра ошондо ички маданияты бийик, талантын акылы ажарына чыгарган, сөздүн гүлүн терип, ойлорун элеп ырдаган нукура акындын классикалык үлгүсүн көргөздү эле.

Былтыркы кыргыз-казак айтышы баарыбыздын эсибизде. Анын алдында «Катышасыңбы?» десем ооруп жүргөнүн, химтерапия алып жатканын айтып, көңүлдөнгөн жок. Оорудан тышкары 92-жылкы айтышта кыргыз калыстарынан көңүлү калган да жайы бар эле. Химтерапиядан кийин ыр эмес кишини көргүсү келбей каларын, адам эки дүйнөнүн ортосунда турарын жакшы билсем да айтышка чакырдым. Бир жагынан ичине арман кетпесин дедим, экинчи жагынан саналуу өмүрү калган адамды ырда дегениме кейидим. Бирок Майра ошол айтышта эч кимдин колунан келбес эрдик көрсөттү. Акындыгы башка кеп. Анын кайратын айтам. Куландан соо тургандардын оозуна келбеген ырлар Майрадан чыгып жатпадыбы! Кайран кыз, кыргыздын намысын ошондо жана бир көкөлөтүп кетпеди беле. Далай айтыш болор, бирок эми анын ырын ким ырдайт?!

Билген элден караан үзгөн дулдулум,
билбес элге билек болгон кургурум.
Бейитиңе кала бердим узатып,
беймаал убак тили каткан булбулум — деп, нечен жыл сапарлаш жүргөн домбурасы кала берген чыгар…

Мелис Совет уулу, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий