Улукбектин санжырасы (2)

уландысы

* * *
Эми Көкө, Тайырдын ысымдары тууралу.
Эки аялдын(Алан Көө менен Наалы эже) тең үй алдында иштеп жүргөн кызматкерлери бар. Биринде — Малик Байат болсо, экинчисинде — Көкө, Тайыр.

Эгер Көкө, Тайырды бир адамдын ысмы катары карасак, анда анын атынын туура айтылышы — «Көкө Тайыр» деп биригип айтылат. Эң кызыгы бул ысым Көкө Теңирдин Кавказ элдериндеги айтылган формасы болуп чыгат. Анткени алар Теңирди — «Тейир», «Тайыр» формаларында сүйлөшөт.

А чынын айтканда, Алан Көө тууралу мифте да эки адам бар. Алар: Малик Байат жана түн ичинде түндүктөн нур болуп куюлуп түшкөн «сары адам». Менин оюмча, кыргыз санжырасында ал «сары адам» — Көкөгө, ал эми Малик Байат — Тайырга айланган.

Демек, Нур адам менен Көкө — бир эле адам. Ал эки элге эки вариант менен тарап кеткен. Кыргыз санжырасында ал «көкө», монгол санжырасында ал — «нурга» айланып түшкөн сары адам.

Ошентип, байыркы огуз тилинде «кудай» маанисин билдирген Малик Байаттын аты менен кыргыз — түрк тилдеринде «кудайдын» маанисин билдирген Көкө, Тайырдын ысымдары түбүндө бир эле адамдын аты болгонуда шек жок.

Дал ушул көз караштан алганда, Алан көө энебиз менен Наалы эжебиз да бир эле адам болуп чыгат. Алан Көө тууралу миф — мифтин алгачкы варианты. Ал Кыргыз жерине келгенде(сыягы мусулман дининин таасири болуу керек) «күйөөсүз төрөгөн Алан Көөдөн» күйөөгө чыгып төрөгөн Наалы эжеге айланган. Аты да өзгөрүлүп, Алан эже — «Налы эже»(Алан көө — Налы көө) болуп калган. Т.а. бул — бир эле ысымдын эки тилде айтылышы.

Алан Көөнүн мурунку күйөөсүнөн: Белгунотай, Бугунотай деген эки уулу бар.
Алар кыргыз санжырасындагы Наалы эженин Адыгине, Тагай деген эки бир тууганы катары баяндалат.

Алан көө күйөөсү жок үч уул төрөйт. Алар: Бугу Хатаги, Бухату-Салчи жана Бодончар46 .

Хатагиден — катаган, Салчиден — салчит(салжак-мен Б.Т.), Бодончардан — боржигин(баргужин-мен Б.Т.) уруусу тарайт47 .

Наалы эже күйөөгө тийип, эки уул төрөйт. Алар: Моңол жана Дор. Менин жеке пикирим боюнча, бул жалпы айтылып калган ат. Белгилүү ойчул жазуучу Ч. Өмүралиевдин жазганы боюнча «дор» кыргыз тилиндеги көптүктү билдирүүүч «лар» мүчөсүнүн эле өзгөргөн түрү48 .

Керей ханына жазган бир катында «көк тырмактуу турналар» 49 деген образдуу ат менен Чынгыз хан катаган, коңурат, дурмен урууларын өзүнүн эли катары атайт.

Монгол тарыхчысы Санан Сецендин маалыматы боюнча да, коңураттар «Улуу Монголдун» «көк монгол» деп аталган бутагынан келип чыгат. «Көк» деген сөздү кээде тарыхчылар «көк түс»(голубой), кээде «асман» маанисинде которуп жүрүшөт. Сыягы анын экинчи мааниси туура. Коңурат уруусунун ичинде «көктүн уулу»50 деген урук бар. Мунун өзү чын эле коңураттар да, Чынгыз хан сыяктуу эле Теңирдин эрки менен жаралган эл экенин айтып турат. Жөн жеринен Чынгыз хандын энеси жана аялы — Борте коңурат уруусунан эмес экени ушундан улам болуу керек.

Мына ушул «көк монголдор» — монгол санжырасы боюнча, боз үйдүн түндүгүнөн нурга айланып түшкөн «сары адам»- Малик Байаттын, кыргыз санжырасы боюнча, Көкөнүн урпактары.

* * *
Бул санжырага Совет бийлигин орнотууга катышкан алгачкы кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү да кайрылган. Мисалы, ал тууралу А. Сыдыков минтип жазган: Илгери бир замандарда Адыгине, Тагай, Мунгуш деген үч бир тууган жана алардын Наалы эже деген карындашы жашаптыр. 15-16 жаштарга чыкканда Наалы Адыгиненин улуу аялынын жардамы менен алардын үйүндө кызмат кылып жүргөн бир малай жигит менен жолугушуп жүрүптүр. Кээ бир айтым сөздөргө караганда ал малай жигиттин ысмы — Көкө экен. Ошентип жүрүп, бир күнү Наалы эже бир эркек уул төрөйт. Агасынын ачуусунан корккон Наалы жигитке баланы үйдөн алыс талаага алып барып ташта дейт. Жигит Наалы айткандай кылат. Ошол күнү Адыгине ууга чыгат да, талаада баратып, баланы таап алат. Үйүнө апкелип, аялына берет да, багып алышат. Акыры сыр ачылып, баланын ата-энеси кимдер экени билинет. Бирок Адыгине ага ачууланбай, түшүнүү менен мамиле жасайт. Ошентип могол уруусу келип чыгат51 .

А. Сыдыковдун ой жүгүртүүсү боюнча, Адыгиненин малайы, Моголдун атасы — Көкө, монгол тегинен чыккан адам болуп саналат.

Менин пикиримде атактуу «көк монголдордун» теги дал ушул кыргыздын Көкөсүндө жатат Ал эми Көкөнүн ысмынын өзү анын жөн адам эмес экенинен кабар берип тургансыйт. Анткени, илгеркилер ысымды адамга баш-аламан эле бере берген эмес. Ал башка кыргыз санжыраларында айтылган хандын уулу экени чын болуу керек. Аны Наалы эже билген. Ошондуктан элге сөз болгонуна карабай, ал аны менен кошулууга барган.

* * *
Атактуу санжырачы Абдишарип Тургунбай уулуна таандык санжырада Наалы эже бир күнү түндө сыртка чыгып, түн жарымында Көкө уктап жаткан үйдөн жарык чыгып турганын көрөт. Акырын барып караса, Көкөнүн башында шам күйүп туруптур52 . Ал муну көп жолу байкап, анын жөн адам эмес экенин билет.

Кыргыз санжырасындагы бул көрүнүш монгол санжырасындагы түн жарымында Алан Көөнүн үйүнүн ичинен чыккан жарыкты эске салат. Алан Көө өзү балдарына айткандай «түн жарымында түндүктөн алтын нур куюлуп түшчү да, анан бир сары кишиге айланып, анын курсагын сылачу…» Ошентип ошол сары кишиге «курсагын сылатып» жүрүп, Алан Көө андан үч бала төрөдү.

Кыргыз санжырасы менен монгол санжырасы бир эле адамды айтып жатканын ушул окшош сюжеттерден кийин кантип шек кылууга болот Б.а. кыргыз санжырасындагы «башынан нур чачырап» уктап жаткан Көкө менен монгол санжырасындагы «түндүктөн алтын нур» болуп куюлуп түшкөн «сары адам» — бир эле киши. Дагы бир жолу айтамын, Көкөнүн «көктөн келген адам» экенин анын ысмы да ырастап турат.

Сөзүбүз куру болбосун үчүн кыргыз санжырасынан дагы бир мисал тартайын. Бул санжырада Көкөнүн теги айтылуу Арстанбапты жердеген кыпчактын «тору кыпчак» деген уругунан Султан Жалил деген бийдин уулу Султан Кылыч деген хан53 экени айтылат. Анын уулу — Кылыч Арыстан өз убагында Өзгөнгө мунара, Ат-Башыга 40 бөлмөлүү «таш рават» ж.б.д.у.с. көптөгөн имарат, күмбөздөрдү салдырган хан болуптур. Жунгарлардын мезгилинде кожо, молдолор Кылыч Арыстанды «калмактын динине кирип, буркан болуп кетти» деген ушак-айың таратып, аны өлтүрө турган болушканда, азыркы казактын Ак-Дөбө(Актюбинск) деген жерине качып келип туруп калат.

Кылыч Арыстандын эки аялы бар экен. Анын улуу аялынан үч, кичүү аялынан Дайыр жана Көкө деген эки уулу бар эле. Улуу аялынын балдары кичүү аялынын балдарын жектеп, көп урушат экен. Аны билген Кылыч Арыстан өлөрүндө эки баласына «мен өлгөндөн кийин өз жериңерди тапкыла» деген керез сөзүн айтат. Атасынын көзү өткөндөн кийин эки бала издеп отуруп, Адыгине, Тагайга келишет. Алар эки баланы өз катары кабыл алып, малдарын бактырып, элге аралаштырып коюшат.

Санжырада Көкө эр жүрөк, ары баатыр, балбан жана олуя чалыш касиети бар адам экени айтылат. Ошол мезгилде кыргыз менен кытайдын ортосунда жер талашып, уруш болот да, ошол чабышта Көкө чоң эрдик көрсөтөт. Ошондон кийин Адыгине менен Тагай ага жылуу мамиле жасап, аларга жакын болуп калат.

Ушул учурларда Көкө менен Наалы эже да бири бирин жактырып, жолугушуп жүрүшкөн экен. Сыягы сөз чыккан болуу керек, Адыгине, Тагай аялдарынан «сурагылачы, эжемин жактырган кишиси болсо, айтсын, нике кыйдырып коёлу» дешет. Анда Наалы эже: «Мага эки жактан күйөө издеп убара болбогула, өз баладай болуп калды, мынабу Көкөгө эле нике кыйып койгула» дейт.

Биздин муну кеп кылып жатканыбыздын себеби, бул санжырада Көкөнүн бир өзгөчө касиети тууралу айтылат. Ал: бет алдынан киши караганда анын боор-эти айнектен көрүнгөндөй көрүнүп турчу экен. Ошондуктан ал аялы Наалыга: «Мен сууга киринип жатканда, аялдык кылып, алдыман карабай жүр» дейт. «Эмне себептен минтип айтат» деп аялы ага кайра кызыгып, бир күнү Көкө жуунуп жатканда тешиктен караса, жүрөк-боору айнектен карагандай көрүнүп туруптур. Аны Көкө билип, жуунуп бүткөндөн кийин сыртка чыгып: «Эми күнүм бүттү. Караба десем, карадың. Ичиңдеги бала эркек болсо, атын Моңол кой» дейт да, көп узабай эле дүйнөдөн кайтат. Наалы эркек төрөп, күйөөсүнүн айтканы боюнча, баланын ысмын Моңол деп коёт54 .

Ушул эле санжырада Дор бир урушта колго түшүп келген калмак жигити экени айтылат. Моңол менен Дордон тараган урпактар жанаша аралаш жашап, кийин «моңолдор» деп бир аталып кетет.

Ал эми Жаңыбай уулу Сапарбай абанын санжырасында Наалы эженин бир эмес: Моңол, Мунгуш жана Черик55 деген үч баласы болгону баяндалат. Бирок, эмнегедир монгол санжыраларында Алан Көөнүн улуу баласы катары саналган катагандын ысмы кыргыз санжыраларында анын уулу катарында айтылбайт

* * *
Бул санжырадагы жаңы сөз Көкөнүн теги «кыпчак» экени. Экинчи тактай турган нерсе, Өзгөн мунарасы Карахандар дөөлөтүнүн тушунда курулган Х кылымдарга таандык курулуш. Ал эми Таш-Рават 16-кылымга таандык эстелик.

Эгер карахандар бийлигинин мезгилинде ислам «мамлекеттик дин» катары кабыл алынганын эске алсак, анда ага кирбеген адамдар мамлекеттин территориясынан куугунтукталганы өзүнөн өзү түшүнүктүү.

Экинчиден, монгол элинин келип чыгышы да дал ушул мезгилдерге таандык. Чынгыз хандын санжырасы боюнча андан нары түпкү энеси катары айтылган Алан Көөгө чейинки убакты56 санасак, мезгил 9-10 к.к. аралыгы болуп чыгат.

Бул Түштүк Сибирдеги улуу Кыргыз державасынын күч-кубатка ээ болуп, батышы азыркы Ала-Тоо аймагынан, чыгышта Сары Деңизге чейинки жерлерди мыкчып турган учуру эле.

Биз үчүн бул макалада монгол элинин келип чыгышын тактоо максат эмес. Биз үчүн анын теги канчалык деңгээлде кыргызга тиешеси бар экенин аныктоодо турат. Бул санжырада да Көкө касиеттүү киши экени айтылууда. Биз дагы бир жолу монгол санжырасы менен кыргыз санжырасындагы моңгол элинин келип чыгышына байланышкан маалыматтын түпкү теги бир экенине күбө болуудабыз. Менимче, монгол санжырасындагы түндөсү «нур» болуп түндүктөн куюлуп түшүп, таңга маал чыгып баратканда «сары итке» айланып кетип жүргөн «алтын киши», кыргыз санжырасындагы уктап жатканда башынан нур чачырап, «шам» болуп күйүп турган же жуунуп жатканда «жүрөк-боору айнектен карагандай» көрүнүп турган Көкөнүн эле өзү.

Көкөнүн башындагы күйүп турган «шамдын» кыргыздарга таандык экенин тастыктаган дагы бир мындай маалымат бар. Ал атактуу араб саякатчысы Абу- Дулафтын жазганы менен байланышат. Анын жазганы боюнча, кыргыздар «жагылган шамды өчү өчмөйүнчө өчүрүшпөйт. Алардын өлкөсүндө түндөсү үйдү жарык кылып турган бир асыл таш бар»57 . Шамдын ордуна көбүнчө ошону колдонушат. Изилдөөчүлөрдүн белгилегендерине караганда мындай таш тууралу башка элдердин тарыхында айтылбайт. Демек мындай ташты кыргыздар гана алып жүрүшкөн.

* * *
Тотемдик жана түстүк белгилер боюнча ой жүгүртсөк, түндөсү түндүктөн «алтын нур» болуп куюлуп түшүп, таңга маал «сары итке» айланып чыгып кетип жүргөн адам кыргыз санжырасындагы Кыргыздын «кызыл иттен» тараганы тууралу мифти эске салат. Түстүк символикада кызыл ит кээде «сары ит» болуп да айтыла берет. Ошондуктан дал ошол монгол санжырасындагы «сары ит» кыргыз санжырасындагы «кызыл иттен» тараган Кыргыздын урпагы болушу толук мүмкүн Ал эми «ит» же «бөрү» тууралу кеп кылсак, анда ал байыркы турандык көчмөн элдердин мифтеринде «жоокердик тотем» катары белгилүү ыйык жаныбар.

Чынгыз хандын түпкү теги Кыргыз менен байланыштуу экенин өз убагында атактуу орус окумуштуусу Кычанов58 да белгилеген болчу. Ал аны тотемдик белгиге эмес, «түстүк белгиге» карата айткан. Анткени, ошол кезде монголдор кара чач, кара көз эл эле. Ал эми Чынгыз хан кебетелүү «сары чач, көк көз» адамдар негизинен кыргыздар болчу.

* * *
Дагы бир эске сала турган нерсе: тарыхта «монгол уруулары» деп айтылып келаткан моңол(могол), катаган, коңурат, найман, нойгут ж.б. уруулар кыргыз санжыралары боюнча бүт кыргыз уруулары катары айтылып, бүгүн да анын элдик курамын түзүп турушат.

Эң кызыгы — монгол санжырасында Чынгыз хандын теги, түпкү энеси болгон Алан — Көөдөн тарта баяндалат да, ал эми Алан-Көөнүн өзү59 жана монгол уруусунун кайдан, качан келип чыкканы жөнүндө кабар эч жерде кеп кылынбайт(). Андан да кызыгы атактуу кол башчы аксак Темирдин урпагы улуу астроном окумуштуу Мирза Улугбектин «Төрт улус тарыхы» аттуу китебиндеги жазылган маалымат болуп саналат. Анда «кыргыздар монгол тегинен»60 тараган эл катары айтылат. Мисалы китепте мындай делет: Болжол менен Угуз хандын мезгилинен миң жылдай убакыт өткөндөн кийин эл кыргынга учурап, Элхандын уулу Кыян61 жана анын асыранды уулу Нөкүз экөө аялдары менен тирүү калышты. Ушул кыргында алардан башка дагы «40 нөөкөр кыз» бир тарапка кетип, «30 жоокер жигит» башка тарапка качып чыкты. Уламышта ошол «40 кыздан» кийин кыргыздар, «30 жигиттен» кийин «отуз уул» тарады62 деп айтылат.

Дал эле ушул маалымат Ө. Караевдин жазганы боюнча ХҮк. таандык «Шажарат ал-атрак»(«Родословная тюрков»)63 деген эмгекте да учурайт. Айырмасы: «отуз уул» — «кырк кыздын» «отуз уулунан» тараган» делет.

Улугбек мырзанын санжырасы кыргыз менен монгол түбү бир эл экенин кабарлайт. Б.а. кийин Кыян менен Нөкүздөн — монгол, «40 кыздан» — кыргыздар келип чыкты делет.

Ал эми «30 уул» кыргыз санжыралары боюнча Кыргыздын «Оң-Сол» канаттарынын жалпы аты. Албетте, ошол эле учурда монгол уруусу саясий аренага жаңыдан чыга баштаган мезгилде «отуз уул» — «отуз татар» деп аталышы да мүмкүн экенин эстен чыгарбоо керек. Бирок, Улугбек «отуз татар» деп айтпастан, аны «отуз уул» деп айтып жатканы биз үчүн өтө кызык.

Ө. Караевдин жазганы боюнча, Чагатай улусунун аймагында негизинен түрк жана түрктөшкөн монгол уруулары жашашкан. Алардын Маверанахрда жашагандары өздөрүн «чагатайлар» деп, ал эми Моголстандын көчмөндөрү өздөрүн «монголдор» же ортоазиялык тил менен айтканда «моголдор» деп аташкан64 . Т.а. Чагатай улусунун чыгыш бөлүгүндө жашаган монгол урууларын түрктөштүрүү процесси Темирландын жана анын урпактарынын мезгилинде аяктап, Мухаммед Хайдардын мезгилинде Моголстандын бардык эли өздөрүн «моголдор», мамлекетин Моголстан дешкен. Анда жашашкан элдер «өздөрү кайсы уруудан жана уруктан экенин жакшы билишкени» менен ХVI кылымда могол этноними Моголстандын элинин жалпы атына айланган. Ошондон улам Мухаммед Хайдар: «Кыргыздар өздөрү могол уруусунан болсо да, ханга баш ийбегендиктен алардан бөлүнүп кетишти. Бүт моголдор мусулман динине өтүп, ислам жолундагыларга кошулушту, ал эми кыргыздар болсо мурункудай эле бул динге ишенбеген бойдон калышты. Алар ушул себептен улам эки жакка ажырашты»65 деп жазат.

Белгилүү окумуштуу В.П. Юдин да «Мухаммед Хайдардын: «моголдор менен кыргыздар түбү бир эл» деп айтканына кошулуп, «кыргыздар ислам динин кабыл албаганы мындай турсун, чагатай хандарына баш ийишпегенин да»66 белгилейт.

Анан эки элдин өтө окшоштугун айтып келип, «сыягы кыргыз элинин келип чыгышын түшүндүрүүдө терминди кубалап67 изилдөө жүргүзүү» ката дейт. Автор оюн улантып, казактардын андай көз караштан баш тартышканын туура деп эсептейт68 . Албетте, бул пикир казактар үчүн туурадыр, бирок кыргыздар үчүн өтө калпыс идея. Биз В. Юдин белгилеген: «баарын, балыкчы, барак, дуулат, керейит, кушчу, монгол69 , монголдор70 , нойгут»71 ж.б. уруктар жана уруулар монгол уруулары болгону үчүн эле «моголдор» деген аталышты ала албайбыз. Анткени, кыргыздар моголдордун эмес, тескерисинче моголдор кыргыздардын ичине сиңген. Экинчиден, жогоруда В. Юдин санаган уруулардын ичинен кимиси чыныгы «монгол» тегинен чыкканын да тактоо керек. Үчүнчүдөн, «ким кимден чыккан» деген суроого биздин изилдөөлөр кыргыздар монголдордон эмес, тескерисинче, монголдор кыргыздан келип чыкканын көрсөтүүдө. Чынында эле ата баладан чыкпагандай эле, байыркы эл жаңы элден чыгышы мүмкүн эмес. Дал ушул көз караштан алганда монгол элин байыркы кыргыз тамырынан бутактап өсүп чыккан бир улуу урпак катары кароо туура.

* * *
Жогоруда профессор С. Аттокуровдун пикирин келтиргенбиз. Анын жазганы боюнча, «моңолдор уруусу Монгол империясы кулай баштаган мезгилде кыргыз чөйрөсүндө пайда болгон «жаңы» уруулардын бири»72 . Ал эми Наалы эже тууралу айтылган кыргыз санжырасы биздеги «моңол», же «могол» деп аталган уруу Монгол империясы кулап жатканда эмес, тескерисинче, монгол уруусу «моңол» деген аталыш менен жаңыдан жарык дүйнөгө баш баккан учурун айтып отурат. Т.а. кыргыз санжырасында монгол уруусунун түпкү теги, келип чыгышы тууралу сөз жүрүп жатат.

Ошентип биздин изилдөөлөр монгол санжырасындагы Алан-Көө менен кыргыз санжырасындагы Наалы эже бир адамдын ысмы экенин тактоодо.

* * *
Акырында айтарыбыз бул: «Куттуу айыл — Куланак» деген китептин авторлору монгол этнониминин этимологиясын «түбөлүк уул» маанисин билдирүүчү «мэнгү»73 сөзү менен байланыштырышат. Сыягы монголдун бул сөзү «таза», «түбөлүк» деген маанилерди түшүндүрүүчү кыргыздын «мөнгү» деген сөзү менен тамырлаш болуу керек.

Чынгыз хандын тушунда монголдор «асыл тукум», ак сөөк элге айланганы тарыхта жакшы белгилүү. Ошол учурда монгол этнониминин этимологиясы «муңдуу кулду» эмес, «түбөлүк элди» түшүндүрүп, адегенде «мэнгү уул», «мөнгү уул» деп айтылышы толук мүмкүн Кыргыз ичинде бул уруу тууралу: «моңолдор элдин уюткусу», «моңол элдин калысы» деп айтылганы да ошондон улам экени шексиз.

Моголдор сырттан эмес, ичтен чыккан эл болгону үчүн кыргыз элинин биримдигин, жеринин бүтүндүгүн талашып, намысын коргоп жүргөн уруулардан болгон. Мисалы З. Закировдун китебиндеги санжырада Көкө, Тайыр Нарындын башын жайлаган Адыгине, Тагайга качып келишкени айтылат. Дайыр — төө, Көкө — уй кайтарып жүрөт. Экөөсү тең малчылар.

Бир күнү калмактын ханы той берип: «жеңсең жериңди таштап кетем, жеңилсең Улуу-Тоо, Керме Тоону мага бересиң» дейт. Ошол намыс талашууда Көкө калмактын балбаны Шаброну жыгып, Кыргыз жерин сактап, алып калат74 .

Кече эле кыргыздын басыз уруусуна байланыштуу айтылган сөздөрдө да, моңолдордун бир мезгилде кыргыз ичинде өзгөчө орду болгону белгилениптир:
Жаңакты басыз терчү эле
Жегенди моңол билчү эле
Ээрди басыз кылчу эле
Мингенди моңол билчү эле
Жакшы чыгып Жаныбек
Басыздар элге теңелди
Мактанган моңол жоголду75

Ал эми кыргыздардын Чагатай тегинен өзүнө хан көтөрбөгөнү, аларды ээрчип исламга кирбегени жана моголдорду сүрүп, өздөрү мезгилинде «Моголстандын жапайы арыстандары» деп аталганы кыргыз атын алып турган элдин монголдордон байыркы экенинен, улуу экенинен, анын тамыры экенинен кабар берип турат деп ойлойм.

1 Эренжен Хара-Даван, Чингис-хан как полководец и его
наследие, Алма-Ата, «КРАМДС-Ахмед Яссауи», 1992г., с-36.
2 Санжырада «бугу эне» деп айтылат. А чынында бугунун
ургачысын кыргыздар деле «марал» дешет.
3 Төрөкан уулу Эсенкул, Кыргыздын кыскача санжырасы,
Бишкек, Мамлекеттик «Учкун» концерни, 1995ж., 20-бет.
Санжырада аялдын ысмы — Зууракан (Зулайка) сарттын
кызы делет.
4 Кыргыз санжырасы («Ала-Тоо» журналынын тиркемеси),
Бишкек, 1994ж., 242-б.
5 Кыргыз санжырасы(«Ала-Тоо» журналынын тиркемеси),
Бишкек, «Ала-Тоо» журналынын редакциясы, 1994ж., 243-б.,
жыйнаган Ш.Мамырбаев, Чоң тарыхтан бир үзүм.
6 Ошол эле китепте, 246-б.
7 Сокровенное сказание монголов, пер. С.А.Козина.
8 Сокровенное сказание монголов, пер. С.А.Козина, 12-б.
9 «Байыркы монгол тилинде гуа — «сулуу»(прекрасный), байыркы
түрк тилинде кува — «куу»(лебедь), (Цыденжапов Ш.Р., Тайна
Чингисхана, Улан-Удэ, 1992г., 32-б.)» билдирет.
10 Монгол тилинде «бат» — «бекем», «катуу», «ишенимдүү» дегенди
билдирет. Менимче экинчи сөз «чиган» кыргыздын «чыгаан»
деген эле сөзү менен тектеш сыяктанат — Б.Т.
11 монгол тилинде: Аучжам Бороул
12 Төрөкан уулу Эсенкулдун санжрасында: «Наалы эженин күлүк
Коңуркула аты жана Таманак аттуу мыкты тайганы болгон»
деп айтылат. Э. Төрөкан уулу, Кыргыздын кыскача санжырасы,
Бишкек, мамлекеттик «Учкун» концерни, 1995ж., 39-бет.
13 Ыйык Баянда бул сөз «догум» деп берилет. Бирок башка ада-
бияттарда бул сөз: «токум», «тукум» формасында айтылат.
Бул кыргыз тилиндеги «тукум» деген сөз. Ал «урук», «уруу»
маанисинде.
Баргучин — токум, кээде Баргужин — токум деп айтыла берет.
Кыргызча: «Баргы адамынын тукуму», «баргы уругу» дегенди
түшүндүрөт. Монгол тилиндеги баргут, кыргыз тилиндеги
«баргылар» деген маани менен барабар; Рашид-ад-Диндин
жазганы боюнча, баргы, хори жана төлөс уруулары кошуна
жашашкан(Рашид-ад-Дин, Сборник летописей, М-Л, 1952г.,
т-1, кн.-1, с-121.); Аларды жалпы жонунан «баргуттар» деп
атай беришкен. Ошентип, негизинен Чыгыш Сибирдин түштүк
аймактары жалпы — «Баргужин -Токум» аталган. Кыргызча:
Баргы тукуму же уруулары деген сөз. Албетте, маселе Кыргыз
ичиндеги, адыгине уруусунун курамындагы баргы уругунун
канчалык деңгээлде ушул аймакта жашаган баргуттар менен
байланышы бар, мына ошону тактоодо турат.
Ыйык Баяндагы ойрот, булагат, эхирит жана хорин уруула-
рынан турган союзду башкарган жана Гол-Баргужин — Токум-
дун башчысы — Бархудай Мерген тарихий инсан Барга батыр
болушу мүмкүн. Анткени, тарыхта Байкал аймагында жаша-
ган уруулар кийин монгол курамынын өзөгүнө кирген. Улуу
кол башчы Чынгыз хандын минтип айтканы да жөн жеринен
эмес: «Баргужин-Токумдун Онон жана Керулэн жээктеринде
төрөлгөн ар бир эркек уул жаратылышынан кайраттуу, эр
азамат, билги, тапкыч болуп чоңойот. Ар бир кыз табиятынан
чачтары таралбаса деле сулуу, эч кандай эндиксиз эле кызыл
жүздүү, чыйрак, изги жандар болот»(Рашид-ад-Дин, Сборник
летописей, М-Л, 1952г., т-1, кн.-2, с-264.)
14 Арих-Усун топонимин кээ бир изилдөөчүлөр Байкалдын
байыркы монголчо айтылышы дешет (Цыденжапов Ш.Р., Тайна
Чингисхана, Улан-Удэ, 1992г., 35-б.)
15 Хорилер менен хори, хоорай, хонгорай элдери менен тектик
байланшы болушу мүмкүн.-Б.Т.
16 Эсептесек, Бөртө Чинодон Добун Мергенге чейин Чынгыз
хандын «12» атасы өтүп жатат — Б.Т.
17 Булардан кийин тарыхта улуу Жунгар мамлекетин түзгөн
калмак эли келип чыкккан- Б.Т.
18 тексте: Маалих Баяуд. Маллах — монгол тилинде «малчы», «мал
караган адам» дегенди билдирет. Маалихтин ысмы ушул сөздөн
келип чыгышы мүмкүн деп ойлойм-Б.Т.
19 Сокровенное сказание монголов, пер. С.А.Козина, 13-14-б.б.
20 Ыйык баянындын орсуча котормосунда «Бугу Хадаги» деп
берилет(мен-Б.Т.).
21 Ыйык Баяндын орусча котормосунда «Бухату Салжи»(мен-Б.Т.)
22 Ыйык Баяндын орусча котормосунда «Бодончар»(мен — Б.Т.)
23 Бахадур А., Түрк санжырасы, Кыргыздар деген китептин
1-тому, Бишкек, Кыргызстан, 1993ж., 38-бет.кыргызчага
котор. Ч.Өмүралиев.
24 Сокровенное сказание монголов, пер. С.А.Козина, 16-17-б.б.,
кырг. rоторгон мен-Б.Т.
25 «Манас» эпосунда: «Кыргыз, кыпчак, катаган, баарыбыз бир
атадан» деп айтылат. Бирок, эпостогу кыпчактар да, катаган-
дар да өздөрүн жалпы «кыргыздар» деп айтышат.
26 Кычанов Е. И., Завоеватель Вселенной: Чингис — хан, «Власти-
тели Азии» деген китепте, изд. Фирма «Восточная литература»,
РАН, 2004г., 283-стр.
27 Аттокуров С., Кыргыз санжырасы, Бишкек, «Кыргызстан»,
1995ж., 126-б.
28 Аттокуров С., Кыргыз санжырасы, Бишкек, «Кыргызстан»,
1995ж., 126-.б.
29 ошол эле китептин, 127-б.б.
30 Башка варианты боюнча, «Муңгуш Адыгиненин күң аялынан»
делет(Кыргыз санжырасы(«Ала-Тоо» журналынын тиркемес),
Бишкек, «Ала-Тоо» журналынын редакциясы, 1994ж., 240-б.,
жыйнаган Ш.Мамырбаев, Чоң тарыхтан бир үзүм)
31 Кенчиев Ж., Санжыра, 1-китеп, Бишкек, 1991ж., «Печатник»,
61-б.
32 Кенчиев Ж., Санжыра, 1-китеп, Бишкек, 1991ж., «Печатник»,
64-65-б.б.
33 Аттокуров С., Кыргыз санжырасы, Бишкек, «Кыргызстан»,
1995ж., 112-б.
34 Кыргыз санжырасы(«Ала-Тоо» журналынын тиркемес),
Бишкек, «Ала-Тоо» журналынын редакциясы, 1994ж., 243-б.,
жыйнаган Ш.Мамырбаев, Чоң тарыхтан бир үзүм.
35 Иран тилинде «мырза» — ак сөөк текке тиешелүү адамды билдирет.
36 Монгол тилинде «сайд» — «министр» деген сөз.
37 Каратаев О., Эралиев С., Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк,
Бишкек, «Бийиктик», 2005ж., 359-бет.
38 Сокровенное сказание монголов, пер. С.А.Козина, 25-б.; ушул
эле жерде Учжин-эхэ деп да айтылат; монгол тилинде эхе —
«эне» деген сөз(С.Сыдыков, Монгольско-тюркские языковые
параллели, Фрунзе, 1983г.,»Илим», 32-б.)
39 Кенчиев Ж., Санжыра, 1-китеп, Бишкек, 1991ж., «Печатник»,
65-б.; ошондо Наалы эже 32 жашка чыккан болот.
40 Ошол эле жерде, 65-б.
41 Төрөкан уулу Э., Кыргыздын кыскача санжырасы, …..26-бет.
42 Монголдун «маллах» деген сөзүнөн болушу мүмкүн экенин
жогоруда айтканбыз. Бул сөз — «малчы», «мал караган адам»
дегенди түшүндүрөт. Демек анын ысмынын мааниси — «малдуу
бай» болуу керек Байат — анын уруусунун атын билдириши да
мүмкүн — Б.Т.)
43 Т.К.Чоротегиндин «Махмуд Кашкари(Барскани) жана анын
«Дивани Лугати ат-түрк» сөз жыйнагы»(1072-1077), Бишкек,
«Кыргызстан», 1977-ж., 134-бет., деген китебинен алынды.
44 Сокровенное сказание монголов, пер. С.А.Козина, 14-б
45 Манас эпосу боюнча ой жүгүртсөк, нойгут — байыркы кыргыз
урууларынын бири.
46 Сокровенное сказание монголов, пер. С.А.Козина, 13-б.
47 Ошол эле китептин 16-бети.
48 Жумабаев Б., Өмүралиев Ч., Куттуу айыл — Куланак, Бишкек,
«Бийиктик», 2007ж., 110-бет
49 Тынышпаев М., Материалы к истории киргиз-казкского народа,
Ташкент, «Восточное отд. Киргиз. Гос. Изд.», 1925г., 18-б.
50 Ошол эле жерде, 18-б.
51 Абдыкерим Сыдыков — национальный лидер, авторлору:
З.Курманов, В.М. Плоских, С. Бегалиев, Ч. Ногойбаева,
З.Ф. Сорокина, Бишкек, «кыргызстан», 1992ж., 88-бет.
52 Абдыракманов С., Доор аяны, Бишкек, 2008ж., 146-бет. Автор
бул санжыраны атактуу санжырачы Абдишарип Тургунбай
уулунан жазып алган.
53 Төрөкан уулу Э., Кыргыздын кыскача санжырасы, Бишкек,
Мамлекеттик «Учкун» концерни, 1995ж, 24-бет.
54 Ушул эле санжыранын 26-27-беттери.
55 Жаңыбай уулу Сапарбай, «Кыргыз санжырасы», Ош дубандык
басмаканасы, 1993ж., 19-бет.
56 Санжырада Чынгыз хан Алан Көөнүн 12-муундагы урпагы
экени айтылат.
57 Абу-дулаф, «Рисале»(«Записки»), «Кыргыздар» деген китептен
алынды, 10 томдук жыйнак, түзүүчүлөр: Ө. Караев жана
К.Жусупов, ОАО «Учкун», 2004ж., 9-том, 41-бет.
58 Е.И. Кычанов, Властители Азии, М., «Восточная литература»
РАН, 2004г., 283-стр.
59 Ыйык Баянда Алан Көө — «хори» уруусунан экенин баш жагында
кеп кылганбыз. Бирок хори уруусунун теги кайсы элде жатары
белгисиз Эгер хори уругу, профессор В.Я. Бутанаев кыргыз
экенин далилдеген байыркы хакас элинин уламышындагы
«тогуз уруу хоорай»(ал «хонгорай» деп да айтылат) эли менен
байланыштуу болсо, анда хори уруусунун тамыры — кыргыз — Б.Т.
60 Улугбек М., Турт улус тарихи(өзбек тилинде), Тошкент, 1994г.,
57-б.
61 Бул этноним кээ бир санжыраларда «кыят» формасында
айтылат-Б.Т.
62 Улугбек, …ушул эле 57-бетте
63 Караев Ө., Чагатайский улус. Государство Хайду. Могулстан.,
Бишкек, «Кыргызстан», 1995ж.,135-бет.
64 Караев Ө., Чагатайский улус. Государство Хайду. Могулстан.,
Бишкек, «Кыргызстан», 1995ж., 44-бет.
65 Караев Ө., Чагатайский улус. Государство Хайду. Могулстан.,
Бишкек, «Кыргызстан», 1995ж., 44-бет.
66 Юдин В.П., Центральная Азия в Х1Ү — ХҮ111 в.в. глазами
востоковеда, Алматы, «Дайык-Пресс», 2001ж., 287-бет.
67 Юдин В.П., ..88-бет. Автор «кыргыз элинин келип чыгышын
анын «кыргыз» аталышына байланыштырып изилдөө жүргүзүү
туура эмес» деген пикирде.
68 Юдин В.П.,…88-бет. Казактар өздөрүнүн «кыргыз» аталышы-
нан баш тартканын айтып жатат — Б.Т.
69 Могол-Б.Т.
70 Моңолдор — Б.Т.
71 Автор, Абрамзондун «Этнический состав киргизского населе-
ния Северной Киргизии» деген эмгегине шилтеме берет. Ал эм-
гек «Труды Киргизской археолого-этнографической экспеди-
ции», т-4, М., 1960г., 3-137-беттеринде жарыяланган.
72 Аттокуров С., Кыргыз санжырасы, Бишкек, «Кыргызстан»,
1995ж., 126-.б.
73 Жумабаев Б., Өмүралиев Ч., «Куттуу айыл — Куланак», Бишкек, «Бийиктик», 2007ж., 100-бет.
74 Закиров С., Кыргыз санжырасы, Бишкек, КЭ нин Башкы
редакциясы, 1996-ж., 211-14-беттер
75 Закиров С., Кыргыз санжырасы, …. 211-14-беттер.

Байас Турал, «Тарыхий мурас» журналы («Кыргыз гезиттер айылы»), 19.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий