Токтогулдун бозторгой

Атагы кылымдардын кыйырына жеткен даңазалуу төкмө акындын
санжыралуу комузунун «өмүр үзүмдөрүнөн» баян.

Анан дагы, бир тууган таякеси — журтчулугубуздун көөнөрбөc төкмө акыны, даңазалуу комузчусу Токтогул Сатылган уулу келип тонуна ороп (ара жолдон…) аман-эсен алып кеткен экен деген «шыбыш» сөздөр азыр да айыл аралап жүрөт … тура деп Насикат апаны сөзгө тарттык.

Ал адам да бизден мындай «жоромолдуу» сөздөрдү угар замат «бырс» этип күлүп, анан барып кызуу кепке аралашкандай болду.

Эл ичинде айтыла жүргөн бул «шыбыштардын» «бир чымчымы» чындыкка жакындай келет. Буга ачык-айрым жооп айтуудан мурда, алдын ала биздин үй-бүлөлүк турмуштан, асыресе, бизди (бала бакырасын) кыйын-кезең кырдаалдан «сууруп» чыгып, адам катарына кошкон ата-энемдин (күлкүсүнөн кайгы-муңу ашыкча тарткан) өмүр-жолунан азын-оолак сөз кыла кетүүгө туура келет.

Теңир алкоосу Атам Абдырайым Багышбек уулу, апам Качкынбай кызы Токтош да бейиши болгурлар, ак эмгегинен баар тапкан, кайрымдуу-жоомарт жандар эле. Бири-бирин кадыр тутуп, дит уялашкан ынтымактуу, бөтөнчө боорукер бүлөлөштөрдөн болуучу.

Теңирим (табигат) атама жигерленген эмгекчилдигинен, бийиктикке «серпилген» адамгерчилик сапаттардан тышкары, кыргыз калкынын урмат-сыйына арзыган көөнөрбөс ырчылык, комузчулук өнөрүн да тартуулаган экен! Катаал жылдарда чиедей балдарын кор кылбай багам деп жүрүп, ал көөнөрбөс өнөрүнүн сересине да чыга албай өттү. Канткен күндө да эл ичинде анын да кайталангыс өнөрү айтылып калгандай болду. Буга да шүгүрчүлүк деп келебиз.

Тагдырдын жазмышынан го, атам да өз заманында, ыр-күүнүн айтылуу дөө-шаалары — Атай, Алымкул, Шекербек, Эркесарыга окшогон тубаса таланттуу, кайталангыс инсандар менен карым-катнаштагы, бирин-бири аздектеп, урматташкан сый-сыпаттуу жакшы санаалаш курбалдаштардан болуучу.

Бири-бирин издешип, кээсинде чогула калышканда, айыл ичин күлкү чайып, ыр күүнүн шаңына «ороло» калуучу. Адатта Атай маркум комузун «таптап» жол баштап, «Кыз кербезин» сабалап, Токтогулдун «Миң кыялын» кубулжута чертип, «Ой, булбулун», «Талпынып сага жетпедим» деген керемет ырларын аткарганда, чогулган элдин кумар-чери жазылгандай, алкоолору да артыла турган! Атай да өз кезегинде атамдын «Боз салкын», «Таңкы шоокум» деген күүлөрүн чертип, «Айкүмүш» дастанын комуздун коштоосунда (аргендей үнүн безеп) аткарганын бөтөнчө кумарланып угаар эле ыраматылык. Анан калса, атам бечара да, ар бир аткарган күүсүнө, ырдаган ырына дилин төшөп, бүткүл күч кубатын жумшагандай, ийине жеткире аткарууга бөтөнчө далалат кыла турган!

 

«Өпчүл» турмуштун зардалы

Атам ыраматылыктын Токтогул таякеме барып өнөр-казынасына «көз жүгүртүп» келсем деп ак эткенден так этип (дилгир тарта) жүргөндүгүн апам бечара көп эскерээр эле. Анан барды келди «өпчүл» турмуштун азабы да… деп, оор үшкүрүнүп коё турган.

…Өмүр кесип, көп адамдар унутулгус (сейрек кездешүүчү) окуяларга да дуушар болот окшобойбу. Ушундан улам ата-энемдин баштан кечирген унутулгус бир окуясын айта кетүүнү ыктуудай көрүп турам.

1931-жылдын кеч күзү экен. Күндөрдүн биринде Кетмен-Төбө тараптан чоң таякебиз Берик Карасарт уулу (Токтогул таякемдин аталаш агасы) кайтыш болуптур деген «ачуу» кабар келет.

Кой, Токтоштай (атам апамды ар дайым «тай» мүчөсүн жалгап атаар эле), чоң таекеге барып, арбагына таазим кылып, бир ууч топурак багыштабасак болбос. Ошентип тууган-туушкандардын ат-көлүгүн сураштырып жолго чыгышат. Ал жылы да «Беш-Таш» ашуусу каткалаң тартып, кар эрте түшүп, жолдор «торолуп» бир топ эл түйшүк тартуулаганына карабай, атам эки жашар уулу Абдыжалилди өңөрүп, ай күнү жакындашып калган апамды коштоп, эптеп жетелешип ашуу ашып кетишет.

Чоң таекени «узатып» кайра жолго чыгалы дешсе, аба-ырайы бузулуп, үстөккө-босток жааган кар да калыңдап, ашуу да бекип, ата-энем аргасыздан таекелерде мейман болушуп, кыштап чыгышат.

Атама эрмек (эңсеп жүргөн!) табылгандай, эртели-кеч Токтогул таекемдин жанында болуп (Токтогул таекем да ал кезде оорукчан тартып, мурдагыдай эл аралап, алыс сапар чыкпай, айыл «тегерегинде» жүрүп калган убагы экен) асыресе, анын комузчулук өнөрүнө «оодук» тарта көңүл буруп, таалим алган дешет.

Токомдун залкар күүлөрүн баса жатып угуп, черткен күүлөрүн кайталап чертип… Өзүнүн да аздектеген чыгармаларын, күүлөрүн Токомдун «элегинен» өткөрүп, сындатып чыгармачылык шыгын кыйла эле бүлөгөн окшойт.

Баарынан да, апам таекелердин айылында Токомдун кут даарыган үйүнөн «көз жарып», үй-бүлөдө удаалаш келген жетинчи кызы мени көрүшкөн тура! Адам кадырын аздектеген асыл Током! Кубанычы артылгандай түлөөсүн өткөрүп, тойчугун берип, ак батасын артып, жакшылыкка жооруп, менин атымды «Насикат» деп койгон экен.

Менин бул «Насикат» аттуу күүм да дит уялашкан көңүл «секисиндеги» асылзаада адамыма арналган чыгармам. Баарыбыз пендебиз, «жаза тайып» менин да көзүм өтсө, «Токомдун «Насикаты» деп эскере жүрчү адамым, азыр силерсиңер. Абдырайым балам, теңирим да сага комузчулук, ырчылык өнөрдү жакшылап ыроологон экен. Сен бул көөнөрбөс өнөрүңдү аздектеп узан! Менин азыркы таптагы байлыгым да, жан-курбал эрмегим да, бул колумдагы комузум — «Боз торгоюм». Көңүл калтырышпай, көптөн бери аздектеп, эрмек кылып келем. Кыйла элдин батасын алып, алкышына арзыдык! Бүгүндөн баштап ыйык туткан «Боз торгоюм» сенин колуңда болсун. Тирүүчүлүктө көргөзгөн эстелик — белегим ушул! «Боз торгойдун» буюрса өмүрү узакка созулат. Менин колумдан «Насикат» да, «Миң кыял» да кандай шаңшыса, сенин колуңдан «Боз торгой» да ошондой таңшып жүрсүн! Наристе жээниме ак топу кийгизип, колуна элик сап камчы карматып, ата жолун аздектеген атуулдан болсун деп аруу тилек артам! — Асыл Током ошентип, көз жашын чайып, ата-энемди атказган экен.

Мезгил да бат эле оошкондой болот. 1933-жылы Токомдун акка моюн сунуп, кайрылгыс сапарга узатууга… ата-энем Беш-Таш ашуусун (кыш айынын башталышында) жөө- жалаң ашып барышып, журтчулугубуздун залкар уулунун арбагына таазим кылышып, бир кочуш топурагын «ыроолоп»… «Боз торгоюн» күүгө салып, асыл Токомдун «Насикатын» ботодой боздотуп, «Миң кыялын» сыздата чертип, чогулган элди муңкантып, ыр-күүнүн алпы асыл Током менен коштошкон экен ыраматылык атам дагы.

Конуш жаңыртуу

Сизге чоң ырахмат, Насикат эже! Сейрек учуроочу окуяны төкпөй-чачпай баяндап бердиңиз. Ошол кыргыз журтчулугунун залкар уулу ыр-күүнүн көөнөрбөс алпы Током менен коштошкон күндөн тарта аяк-башы болуп сексен жылга чамалаш убакыт «серпилип» өткөн экен. Эми Токомдун баа жеткис табериги «Боз торгоюнун» кийинки жылдардагы тагдырына да азын-оолак токтоло өтсөңүз? Асыресе, ал кандайча сакталып келди? Кимдердин колунан өттү дегендей…

— Журтчулугубуздун кайталангыс айтылуу атуулдарынын бири асыл Токомду (Токтогул таекемди) «узатып» келишкенден кийин … эне-атамдын кабак-кашы да анча ачыла бербей, көп убакыт кандайдыр элден оолак тарткансыгандай, айыл ичиндеги ар кыл жыйындарга (той- тамаша дегендей…) аралашпай да калышты. Кээсинде атамдын бала-бакыралары, коңшу-колоңдору, же көңүлдөш жоро-жолдоштору менен баш кошо калганда, комузун колго ала коюп, айрым көңүл дитиндеги жүрөк кылын термелткен мукамдуу күүлөрүнөн кайрып, кээсинде (көңүл «чабытына» карап…) аргендей үнүн безеп, азилдеш ырларына «чарпып» жибермейи да бар эле, ал да унутта калгандай… бар- жокко кайыл тартып жүргөн шайдоот, ачык-айрым мүнөзү да басмырттангандай суз тартып жүрдү.

Баарынан да ата жолун аздектеп, ыр-күүгө болгон талант-шыгы артылып, эл көзүнө «кылтакталып», алардын алкоолоруна да арзып калган чакта (үй-бүлөдө кыздардын туну) Акзыйнат аттуу эжебиздин (күтүүсүздөн кырсык чалып) кайтыш болушу үй-бүлөнү өтө эле оор кайгыга салып таштады. Үй-бүлөдөгү ушул кырсыктан кийин атам да жан эрмек комуздарын, асыресе, «Боз торгоюн» кармаганды сейректетип жибергендей болду. Азыр ойлосом Улуу залкардын көөнөрбөс табериги — «Боз торгоюн» атам (чоң үмүт, ишенимде жүргөн) Акзыйнатка энчилеп, учуру келгенде эл-журтунун батасын алып, ыраматылык Токомдун «көз таразасынан» өткөрүп…, анан барып «чоң жолго» атказууга аруу тилек артып, ниет кылып жүргөн окшобойбу! Турмуш агымы да тез эле өзгөрүлгөндөй болду. Үй-бүлөдө кыздардын кенжеси турмуш мыйзамы ушундай экен.., мен да, түтүн булатып, үй-бүлө күттүм. Тагдыр жазмышыбы… ыр-күүгө ышкысы артып, атамдан таалим алып, шакирти катары жүргөн айылдашым Осмоналы уулу Жанузак аттуу жигитке баш коштум.

Нуржан Касымбеков,
Эл аралык «Манас Руху» нарк-насил коомдук фондусунун төрагасы,
Талас аймагы,
«Кыргыз туусу», («Кыргыз гезиттер айылы»), 18-21.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий