Кайран тил

Баштагы макалаларыбыздын биринде мектептер менен окуу жайлары кыргыз тилин окутууда жалаң эле жалаңкат эрежелерди жаттата бербестен сөзгө басым жасоо керек, ири алдыда сөздү үйрөтүүсү керек деген элек. Билим министрлигинин чечкиндүүлүгү менен кыргыз тилин окутуунун программасын, усулдук ыкмаларын түп тамырынан бери кайрадан карап чыкпаса, адатыбызча дагы кемзааралык кылып олтура берсек он жылдан кийин тили азыркыдан да «бечел» жаштардын өзүнчө бир муунуна ээ болорубуз турган иш.

Ансыз да сопсоо туруп эле биз журналисттер «Кыргызстан бутуна туруп калды» деп жазып, сүйлөп калдык. Кыргыз өлөрчө ичип алып, ылжыганча мас болуп, жыгылып-кооп, төрт аяктап бараткан адамды гана «бутуна туралбай калыптыр» деп айткан. «Кыргызстан бутуна туруп калыптыр» дегендин ордуна «Кыргызстан ирденип калды, тирденип калды, телчигип баратат, тыңый баштады» деп айтып, жазсак туура болмок.

Акыйкат деген сөз Кудайдын бир аты экендигин, башкасы түгөп калгансып эми ошол Кудайдын атын да өзүнө энчилеп алган Адилет министрлигинин аталышы туура эместигин журналист Эсенбай Нурушев «Кыргыз туусу» гезитиндеги бир макаласында жакшы эле кеп кылган. Ошентип Юстиция министрлигин «адилет» кылып, Финансы министрлигин — Каржы министрлиги атадык.

«Каржы» деген кыргыз тилине арабдардан кириптир да орусчага оодарганда «расход», демек кыргызча «чыгым» дегенди түшүндүрөт экен. Мисалы: «Карагайымды каржылап (чыгымдап) атып карызымдан араң кутулдум» же «Калыйман кара эчкисин каржылап, баласына кийим-кечек алып берди» ж.б. Көрдүңүздөрбү, «каржыла» деген сөз «каражат бөл» же «финансыла» дегенди түшүндүрбөй, тескерисинче «чыгымда», «расходдо» дегенди түшүндүрүп атпайбы. «Каржы» дегендин «чыгым» экенин билсек («Кыргыз туусу», 10-июнь, 2009-ж.) «Бишкек-Нарын-Торугарт» жолунун узундугу — 539 км. Аны АБР банкы каржылайт. 70 млн. АКШ доллары сарпталат» деп жазбайт элек го. Ошондуктан «көз көбүрөөк көргөн сайын көр болот» боло бербей мурдагыдай эле Юстиция министрлиги, Финансы министрлиги деп жазганыбыз оң болот эле деген ойду айткыбыз келет.

Эми макалабыз сөз жөнүндө болуп аткан соң сөзгө конок берели. Маселен Атбашы, Нарын тарапта «апарман» («напарман» деп да коюшат) деген сөз бар. Айрым сөз билген адамдардан сурап көрсөм, мындай сөздү биринчи жолу угуп атышканын, маанисин түшүнбөй тургандыктарын айтышты. Чын эле «апарман» деген сөздү К. К. Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгүнөн» да, Х. Карасаевдин «Орфографиялык сөздүгүнөн» да таппадым. Демек бул сөз аларга жеткен эмес, жетсе киргизет эле.

«Апарман» деген кызыл менен сарынын ортосундагы түс. Орусча «оранжевый» дейт, анын өңүн «кызгылтым», «сары кызыл», «күрөң сары» деген эпитеттер менен да так өзүндөй кылып айтып берүү мүмкүн эмес. Бала кезде энелерибиздин: «апарманга боеп койдук», «апарман боек өңүн ачып кетти», «апарман боек алдырттык» деген сөздөрүн көп угар элек. Азыр да сайма сайып, шырдак жасагандар «апарман» түстү арбын колдонушат. Эмнегедир К. Юдахиндин сөздүгүнө иран тилинен кирип, түштүктө колдонулуп жүргөн «пуштун-розовый цвет» кириптир да «апарман» жок.

Сөздүктөн мен жолуктурбаган айрым сөздөрдү да мисалга тартайын. Өлкөбүздүн Түштүгүндө айтылып жүргөн: «мака — жүгөрү, гөзө — кумара, аптырой — күнөс жер, газала -торгойдун бир түрү, чиеш — чаташ, маин — сыпайы, назик, жумшак» деген маанидеги, Түндүгүндө айтылып жүргөн: «козу түш — күндүзгү убакыттын өлчөмү, маңги тал, жинди тал, жинди тал — тушкелди өскөн тал, мерти келди же карты келди — сааты келди, учуру келди, кылкан бет — түктүү бет, кылкан мурут — кырчындай жаш жигит, кыйды көчүк — коркок» деген маанидеги сөздөрдү таппадым. Мен мисал келтирген сөздөр аталган сөздүккө кирбей калгандардын миңден бири десем болор. Буга бир эле далил, айтылуу кара сөз чебери Мелис Абакировдун («Барымта» (роман). Бишкек 2008) китебин окуп олтуруп, сөздүктө жок: «Албаачы — кургатылган жемиш саткан адам, Тогоол — сейрек жолугушуу, Жашыл үй — жаштарга тигилген бозүй, Санди — алтын жип жүгүртүлгөн жибек кездеме, Килемчи — килем саткан соодагер, Чөп оту — арендага берилген жайыт, кыштоо, От майы — жайыт акысы, Битик — кат, Чойоке — убактылуу зайып болууну кесип кылган аял, Эки кой көчтүк — аралык өлчөмү, Даркен — баш бербес, баш ийбес, Кадек — түстүү кездеме, Турпан өтүк — уйгур өтүк, Куяш — күн чыккан тарап» жана мындан башка да бул макалага баарын батырууга мүмкүн болбогон толгон-токой сөздөр бар экенин айтсак жетиштүү. Мындай мисал толтура. Андыктан атайылап эле фольклордук экспедиция түзүп, Кыргызстанды түрө кыдырып, Кытай кыргыздарындагы, Мургаб менен Жергеталдагы, Улуу Памирдеги, Вандагы, ички Кытайдагы, Монголиядагы «түгөнүп» бараткан кыргыздардын «өлүп» бараткан сөздөрүн кумдан алтын жыйнагандай жыйнап, К. К. Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгүн» кайрадан толуктап, иштеп, басып чыгарчу мезгил жетмек турсун өтүп бараткандыгын айткым келди.

Кай бирде дейин дегениңди жалпылап түшүндүрө албай, ошого дал келе турган сөз таппаганда сөз жасаган күндөр да болду. Көрсө сөз жасаш да керек экен. Мына ошол саясый, социалдык, экономикалык турмуштун доор учурундагы жолун, багытын, удулун туюнткан «Жолбүгүн», карапайым калктын каалоо-тилегин, арыз муңун «артып» алып, «аткарылар бекен?», «Акүй айтканымды угар бекен?» деп айыл жерлеринен үмүт менен келген каттардын үнүн үндөп, муңун муңдаган «Бомбейкат», өңчөй майда кабарлардын «кызыл кырманынан» турган «Оп майда», көзү өтүп кеткен адамга көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшкөн чоочун тилдеги «некрологдун» ордун алмаштырган«Мүрзөгүл» , элет элинин жашоосун чагылдырган «Элета», ушу кезде улуттун улуткөй маселелерин козгоп жаткан УТРКдагы «Улутман» ж.б. сөздөр ушундай кырдаалдан улам жасалган эле.

Буга байланыштуу дагы бир окуяга токтоло кетейин. Жарыкка чыгып келип токтоп калган «Жетимен» маданий журналынын ар бир саны 2000 нускадан жарык көрүп, дээрлик бардык саны элге бекер таратылган. Ал эми башка сөз. Мен «Жетимен» деген ат кандайча коюлуп калганына гана токтолоюн. Журнал ырасмий каттоодон 2004-жылдын 1-мартында өткөн. Аны чыгармакчы болгон 7 киши ага дейре үч айга чейин Юстиция министрлигине ар кандай аталыштарды сунуш кыла берип тажап, анан атын «От» деп коелу деп аныбызды жөнөтсөк министрликтен: «Мыйзамга ылайык эки тыбыштан турган сөз тигил же бул нерсенин аталышы боло албайт» деген жооп келди. «Ай, айланайын, килейген облустун Ош деген аты деле турбайбы десек, «Ош деген бул мыйзам кабыл алынганга чейин коюлган» деп оозунан «кагаз бүрксө» жанына киши туралгыдай эмес. Айлабыз кетти. Анан айттым: «Келгиле мындай кылалы, журналды чыгарабыз деген 7 киши экенбиз, кыргызда «Жетинин бири кыдыр» дейт эмеспи, силердин ар бириңер азырынча көрүнгөндүн көзүн карап, сүрмө топ болуп «бизге» айланалек, «менин» жоготолек, «мен» деген азаматтарсыңар, макул десеңер ошол «жетиге-мен» дегенди кошолу да «Жетимен» кылалы, кандай дейсиңер?» дедим. Макул болушту. Чын эле министрликте мындай ат жок экен. Каттап берди. Ошентип кыргыз маданиятынын тарыхына «Жетимен» деген ат менен дагы бир журнал кирди.

Баса, башында акылы болбогон менен байлыгына жана бийлигине чиренип сүр көрсөткөндү жакшы көргөн кишилерге айтылган — «Сүрсөөлөт», зордугуна, чоңдугуна, мыкаачылыгына, зөөкүрдүгүнө, күчүнө таянып, өзүнөн начар өлкөлөргө басым-кысым, кордук көрсөткөн өлкөлөргө, уюшкан топторго, жеке адамдарга айтылган —«Бөтөнзордук» деген сөздөр да ушундай жагдайларда жаралган.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ,
«Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 28.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий