Айтыштан улам айтылган ойлор

Ушул жылдын 27-28-29-август күндөрү Ош драма театрында айтыш боюнча Президенттин байгесине арналган төкмө акындардын Эл аралык экинчи мелдеши өткөрүлдү. Бул мелдешке республика боюнча отуз алты акын катышты. Айтыш салты анчейин болбой жаткан Ошто бул сынактын өтүшү өзгөчө жагымдуу. Андан да жагымдуусу калыстар тобунун курамында Пайзилда Ирисов агайдын отурушу. Бул киши Кыргызстандагы айтыш өнөрү боюнча кандидаттык диссертация жактаган, айтыштарды эл оозунан жыйнап, башка да жыйналып калган кол жазмаларды иреттеп эки томдук китеп кылып чыгарган жападан жалгыз адис, айтышовед. «Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун» дегендей ал кишинин ар бир айткан сөзү бул өнөрдү аздектегендер үчүн өзгөчө баалуу деп ойлойбуз.

Казакстандан Абылай жана Серик деген эки таланттуу төкмөчүлөр келишти. Алар бир күнгө кечигип келишкендиктен, аларга турнирдин ардактуу коноктору деген статус берилди. Анткени байге үчүн белгиленген акчанын суммасы жеңип чыккандардан тартып, кызыктыруучу деген сыйлыктарга чейин бөлүнүп калган эле. Жакында эле кызматка келип, шаарды бардык жагынан түп көтөрө оңдоп жаткан мэр коноктор үчүн өз сыйлыгын уюштуруп, калыстар тобу да аларга толук укук берип, «кыргыз акындарынан каалаганыңар менен айтышкыла» деген сунуш кийирди.

Айтып коюу керек, уюштурулганы жагынан бул мелдеш үлгү боло турган деңгээлде өттү. Адатта сыйлык бар жерде чыр болуп жүргөн илдет бул жолу уюштуруучулардын да, айрыкча, калыстар тобунун да адилет кызматынын алдында байкалган жок.

Дегинкиси айтыш өнөрү өзүнүн узак тарыхында чыныгы демократтык өнөр катары кыргыздардын рухий-эстетикалык азыгы да болуп, алардын аң-сезиминде адилеттүүлүктүн негизги булагы да болуп келген. Адилетсиз ой айтып ырдаган ырчылар эл эсинде сакталган эмес. Үч күнгө созулган таймашта Президенттик байгенин жеңүүчүсү болуп таланттуу Аалы Туткучев таанылды. Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулунун колунан баш байгени (эки жүз миң сом) алып жатып: «Атам мага менин уулум эмес, элдин уулу бол» деп айтчу эле, — деп толкунданып кетти. Ал финалга таланты андан кем эмес Азамат Болгонбаев экөө чыкты. Театрдын оңой менен толбос залында бош орун болбоду. Алды менен орозодо эл келеби да келбейби деп чочулаган уюштуруучулар да ыраазы болушту. Финалга чыккан Аалы менен Азаматтын айтышы мазмуну, формасы, жаркын идеяларды айтуу, жагымдуу манерада ырдоо, ырларынын көркөмдүк-эстетикалык бийиктиги, тамаша-күлкү жагынан да бул турнирдин туу чокусу болуп калды.

Бештен онго чейинки упай менен белгилөө сунушуна ылайык жарым сааттын ичинде экөө биринен бири өтүп олтуруп, болгону эки эле упай артыкчылык менен Аалы жеңүүчү болуп таанылды. Ар бир ыр, экөөнүн ар бир учкул саптары залды титиреткен кол чабуулар менен коштолуп олтурду. Кол чабууларды деле дилден тилге «которгонубузда» өз элибизге, анын өлбөс-өчпөс өнөрүнө эреркеп, сыймыктанганыбыз болот. Азыркы шартта улуттук сезимди акындардын төгүп ырдап олтурушу гана козгоп, жандандыра алат. Эмне үчүн? Анткени тарыхыбызды он миң жыл мурда башталган деген сыяктуу жел ойлор да, жалпы өнүгүү-өсүү абалыбыз да, манасчыга бир айтканын жүз кайталатып көрсөтүп жатканыбыз да улуттук сезимибизди дүрбөтүп, баарыбыздын башыбызды бириктире албайт. Ал эми Жеңишбек менен Элмирбек, Аалы менен Азамат Лейлекке барып ырдайбы, Жумгалга барып ырдайбы, бардык жерде элдин көңүлүн көтөрүп, улуттук мүнөзүн эсине салып, кол чаптырат. Демек, бул — биз көнүп калган уруулук сезимден улуттук сезимди жогору коюп, сыймыктандыра турган рухий күч. Кийинки маалыматтарга караганда айтыш өнөрүнө, акындарга өзгөчө көңүл бөлүнгөнүн Президенттин байгеси жарым миллион сомго жетип, жыл сайын ар бир облуста айтыш таймашы гана эмес, дастанчылык, манасчылык, комуз күүлөрү боюнча да мелдештер өткөрүлө тургандыгы каралып жатыптыр. Туруктуу өткөрүлүп келе жаткан Көк бөрү мелдештери, айтыш боюнча экинчи жолу таймаштын өткөрүлүшү — жакшылыктын гана жышааны.

Экинчи таймаш эмне берди?

Ошто өткөрүлгөн экинчи таймаштын негизги жетишкендиктеринин бири — катышкан бардык акындардын ар бири өздөрүнүн деңгээлин башкалар менен салыштырып аныктап алышты. Буга мисал катары бир факт: эки акындын упайлары бирдей болуп калып, жашы улуусу ага артыкчылык берилишин талап кылды. Ал экөөнө айтыштын «Алым сабак» түрү боюнча он мүнөттүк таймаш сунуш кылынды. Көрүүчүлөргө жарыяланды. Бул адилет чечимди алар кызуу колдоп беришти. «Алым сабакта» бири-биринин оюн, сөзүн, уйкаштыгын улап, бир сап айтса, бир сап менен, эки сап айтса, эки сап менен жооп берип айтыша тургандыгы эскертилди. Ал үчүн өткөн жылы раматылык Тууганбай Абдиев менен Аалы Туткучевдин алым сабагы үлгү катары эске салынды. Талап ойдогудай аткарылбай, алар чейрек финалга чыкпай калышты. Айтыштын жүрүшүндө мындан башка «чыр» болгон жок.

Алып баруучу Шайырбек Абдырахманов эмнегедир мени «илимдин доктору» деп туура эмес жарыялап жиберди. «Мен болгону илимдин кандидатымын, уят, уккандар эмне дейт» — десем, «Болуптур» — деп туруп, кайра эле ошентет. Айла жок, «Айтылган сөз атылган октой, аны кармап келип, мылтыктын ичине сала албайсың» деген учкул сөз эсиме түштү.

Таймаш үч күнгө созулуп, чейрек финалга чыккандар — сегиз, андан төртөө — жарым финалга, акындар Аалы Туткучев менен Азамат Болгонбаев финалга чыгышты.

Калыстар тобунун мүчөсү катары, бул өнөрдүн тарыхы жана өзгөчөлүктөрү менен аз да болсо тааныштыгы бар инсан катары эки ооз ойлорумду айткым келди.

Ырчылык өнөр — жандуу өнөр

Ал кыргыз тарыхында кылымдар бою жашап келе жатат. Анын өнүгүшүндө кыргыз элинин философиялык, укуктук жана психологиялык дүйнө таанымы калыптанган. Бирок жаңы маданият менен жазма адабияттын катарында бул өнөр да бийлик идеологиясына кызмат кылуучу булакка айланып, өзүнүн кыргыздардын улуттук аң-сезимин чагылтуучу касиеттеринен жана санат-насыят сыяктуу нукура жанрларынан алыстап калган. Андай ырлар Жеңижоктун, Токтогулдун, Барпынын ырлары катары эл эсинде сакталып келген. Андан ары Ысмайыл Борончиев менен бул өнөр биротоло токтоду деген ойлорго карабай, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев жана башка акындардын чыгармачылыгы менен жашап келген. Ал эми бул өнөрдүн туу чокусун түзгөн «Манас» айтуунун көп кылымдык салты Сагымбай, Саякбай менен аягына чыкты окшойт.

Мунун жандуу салты жаттап алып «Манас» айтуу, төкмөлүк жөндөмүнүн негизинде эпизоддор айтуу менен алмашылды. Ал эми төкмөлүк өнөр өзүнүн негизги касиети — накта кыргыз менталитетине байланышкан идеяларды жаратуучу касиетинен ажырады. Булардын баары табигый көрүнүш: жаңы мезгил, жаңы баалуулуктар, жаңы муундагы угуучулар… Искусствонун ондогон түрлөрүнүн катарындагы ырчылык өнөрдүн орду… Бирок элдик өнөр колдоого муктаж. Себеби ал кайра жаралуу мезгилине келди.

Классикалык акындар поэзиясында дайыма акындын идеясы, айткан ою биринчи орунда болуп келген. Идеялардын булагы болгон санат ырлары ырчылык өнөрдүн өтө жогору бааланган жанры болуп келген. Ошол салтты калыбына келтирүү зарыл, бирок өтө татаал. Зарылдыгы — эл өзүнүн тарыхында өнүгүп келген өнөрү менен жашагысы келет, сыймыктанат, «башка элдерде жок өнөр экен, бул силерге гана эмес, жалпы адамзатка таандык өнөр» деп, ЮНЕСКО уюму колдоого алып жатса, кандай гана болбосун өнүктүрүү керек. Ал үчүн кыйынчылык деле жок: мектептерде класс менен класстын, мектеп менен мектептин, андан ары округдардын, райондордун ортосунда «Ыр кесе» сыяктуу уюштурса болот. Андан калса райондордун юбилейлери өтүп жатат, алардын программаларына бул өнөр боюнча таймаштар кирсе, той-тамашалар өткөрүлгөндө ушундай мелдештер болсо, айтор, бул өнөрдүн өнүгүшүн эл өзү колдойт, аны уюштуруу гана керек.

Анан көптөгөн адис-изилдөөчүлөр жана адабиятчылар калк арасында «Манастан» үзүндү айтып жүргөндөрдү жактырышпай, Саякбайдын алдында алар ким эле дешет. Жаттап алып «Манас» айткандар эч качан Саякбайдын ордун алмаштыра албайт. Ал бештен белгилүү нерсе. Бирок мектеп окуучуларынан тартып, чоңдорго чейин үзүндү айтуу — элдин эпоско карата бөксөрбөс кызыгуусу, эпос духунун азыркы шартта жашашы. Өзү жүрүп жаткан андай аракеттерди муундан муунга өтүп жаткан улуу мурастын унутулбай, биз менен келе жатышы катары баалап, колдой бергенден башка жакшылык жок.

Ырчылардан калган таасирлер

Жеңишбек Токтобековдун төкмөлүк таланты жана ырдоо стили классик акындарды эске салат. Анын төгүп жаткандагы башкалардан кыйла бийиктикке чыгарып турган касиети — маанилүү идеяларды ырдоого умтулушу. Таалим-тарбия, улуттун асыл баалуулуктары, тили, бийик нравалык сапаттары — Жеңишбектин айныбай ырдап келе жаткан тематикалары. Тирүүлүктүн жыргалы деп ал кудай берген өмүрдү жакшы жашоого, жакшылык жаратууга умтулуу деп түшүнөт, жан дүйнөнүн тазалыгына чакырат. Ал эми мындай дүйнө таанымга кедерги болгон терс көрүнүштөрдү улуттун улуулугун кемсинтүүчү илдеттер деп айыптайт. Жалпы төкмөлүк өнөрдөгү бийик мыйзамдарды, нарк-насилди, акындык абройду таза сактап, чебер ырдаганы үчүн бүткүл элге кадыр-баркы чоң.

Дагы бир мыкты акыныбыз — Элмирбек Иманалиев. Кыргыз тарыхына, салтына байланышкан маалыматтарды жакшы билет да, айтышып калган атаандашын ушул өңдүү темаларга «жетелеп» кирип, оңой эле жеңип коет. Үнү сонун, ырдоо чеберчилиги өтө жагымдуу, сөз тапкычтыгы да жогору, комузда, домбурада бирдей ойной алат. Бул — казакча да төгө берет дегендик. Казак-кыргыз акындарынын буга тең келчүсү өзү билген бирөө-экөө гана болбосо, жок. Кээде гана нөшөрдөй төгүп жатып, темасына анчейин байланышы жок саптарды кошуп жиберет. Азыркы ырчылык өнөрдө төбөсү көрүнүп, урмат-сыйга бөлөнгөн мыктылардын бири — дал ушул Элмирбек.

Алардан жаш жагынан кийинки болуп келе жаткандар: Аалы Туткучев менен Азамат Болгонбаев. Аалыда жаркын жана маанилүү идеялардын чубуруп чыгышы, өтө жагымдуу чеберчилик менен угуучуларды өзүнө тартып алышы күчтүү. Оозеки поэзиянын изилдөөчүлөрү айтышып жүргөндөй Аалыда дискурсивдик билим (жөнөкөй айтканда, эсинде сакталып турган маалымат кору) мол, анын керектүүсүн ырга «айлантып чыгаруучу» поэтикалык-көркөм интуиция да өтө тез. Бул угуучунун тилине которгондо ой жүгүртүүнүн жана чукугандай сөз тапкычтыктын артыкчылыгы жана тездиги. Ырдап жүргөндөрдүн баарында эле бул сыйкырдуу касиет көрүнө бербейт. Башкача айтканда, мындай төрт жагы төп келген таланты менен Аалы Туткучев замандын өнүгүшүнө байланышкан идеяларды талыкпай төгө берет деп ойлойбуз.

Дагы бир сыймыктанар акыныбыз — Азамат Болгонбаев. Башкаларда жок касиет анда көп. Алардын ичинен негизгиси — төгүп ырдоо маданияты. Төкмөчүлүктүн эң татаал, бирок өтө баалуу жагы — дал ошол маданият. Ал терең жагын алганда — акындын ой жүгүртүү маданияты, ырларынын көркөм-поэтикалык дүйнөсү. Эми ал жаркын дүйнө демейдеги икир-чикирден, кээде боло калчу вульгардык-эротикалык жакка ыктаган саптардан, атаандашын жеңүү үчүн кемсинтип-келекелөөчү каражаттарды ыксыз колдонуудан таза экендиги Азаматты башка акындардан айырмалап турган сапаты десек болот.

Айтыштын бул жолку таймашынын Ошто өткөрүлгөнү бул тарапта да төкмөлүктү өнүктүрүүгө, жаш таланттарды колдоп-өстүрүүгө багытталды окшойт. Анткени бул тарапта биз санап өткөн акындардын деңгээлине чыга тургандар жок, болсо да алар жөнөкөй ыкмалар менен, жөнөкөй ойлордон жогору көтөрүлбөй ырдашат. Алардын арасынан аз болсо да өнөрүн көрсөткөндөр Рахматулла Козукеев, Абдивали Акимбеков, Сапарбек Зулпуев жана жаштардан жаңы чыгып келе жаткан үчөө-төртөөнү кошсок болот. Эң өкүнүчтүүсү — алар чыгармачылыгын өстүрүү жагынан иштешпейт. Бул жолу да алар шайлоо жакшы өттү деген сыяктуу маалыматтардан өйдө чыга алышпады.

Айтор бул жолку таймаш бул өнөрдү жандантуу жагына түрткү болуп, өкмөттүк колдоо жаңыча көрсөтүлө баштаганын далилдеди.

Пайзилда Ирисов, ОшМУнун профессору, калыстар тобунун мүчөсү
«
Zaman-Кыргызстан», 18.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий