Күйгөнүм да, сүйгөнүм да эне тил

Кыргыз тилине мамлекеттик тил статусу берилгенине 23-сентябрда 20 жыл толот. 1989-жылы кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алып, көптөгөн адамдарды сүйүндүргөн. Эгерде бул белгилүү датаны адамга салыштырып карай турган болсок, анда ал адам жыйырмага чыгып отурат. Бул аралыкта ал адам кандай жолду басып, өзүнүн дүйнө таанымын кайсыл багытта өстүрдү деген суроо туулат. Албетте ал адам жыйырма жыл аралыгында көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөндүгү белгилүү. Анын сыңарындай кыргыз тили дагы жыйырма жыл ичинде ары урунуп, бери урунуп башынан көптөгөн тоскоолдуктарды кечирди.

Орус эли чынында улуу эл. Аны тана албайбыз. Бирок орус тили расмий тил макамын алгандан бери кыргыз тили өз мамлекетинде, өз элинде экинчи сорттогу тилге айланды. Мамлекеттик деңгээлде даярдалган документтин дээрлик бардыгы расмий тил орус тилинде даярдалып, керек болгон гана учурда кыргыз тилине которулуп турду. Бир тилдин толук кандуу иштеши үчүн мамлекеттик деңгээлде даярдалып жаткан документтин бардыгы ошол тилде гана жазылганда, ал тилдин аброю дагы ошончо бийик болот. Тилекке каршы ошол жогору жакта иштеген чиновниктер эки сөздү кыргызча айтса, калганын орусчалап кыргызчаны дагы чалып сүйлөшөт. Жок дегенде «то есть», «да», «конечно» ж.б.

Бирок жогоруда айтылган кыйынчылыктарды жана тоскоолдуктарды жеңип, кыргыз тилинин келечегине болгон алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын демилгеси менен көптөгөн талап-өтүнүчтөрдү эске алып, 2008-жылы 28-июнда Жогорку Кеңеш «Кыргыз тилинин жазуу эрежелерине» айрым өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизди. Ошого ылайык, Мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан «Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү» жарык көрдү. Кыргызстан өз алдынча мамлекет болуп, туусун желбиреткенден бери кыргыз тилинин бир дагы сөздүгү жарык көрбөптүр. Эми минтип 80 миң сөздөн турган Х.Карасаевдин «Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү» жаңыланып, толукталып кайрадан басылып чыгып отурат.

Жыйырма жыл ичинде кыргыз орфографиясына эки жолу өзгөртүү киргизилди. (1995, 2003-жылдары). Бул сунуш кылынган эрежелер кыргызча жазууда бир топ кыйынчылыктарды жаратып, эл арасында, окутуучулар жана окуучулар арасында нааразычылыктын келип чыгышына негиз болду. +згөчө жер-суу аттарынын бириктирилип жазылышы кыйынчылык туудурду. Жер-суу, энчилүү аттардын бириктирилип жазылышынан улам алардын мааниси бузулуп, көзгө да, кулакка да жаман угулуп турду. Жыйынтыгында бул эрежелерди коомчулук кабыл албай койду. Албетте коомчулук кабыл албаган соң андай эреженин иштеп кетиши да кыйынга турду. Кыргыз орфографиясынын соңку редакциясында жер-суу, энчилүү аттар мурдагысындай ажыратылып жазыла турган болду. Калпыстыктардын кетишине жол бербөө, жана жер-суу, энчилүү аттардын туура жазылышы жөнүндө атайын ушул 80 миң сөздөн турган орфографиялык сөздүк жарык көрдү.

Коомчулуктун сабатсыздыгын жоюуда Жалпыга маалымдоо каражаттарынын аткарган ролу эбегейсиз. Алар өз жаңылыктарында, кабарларында жана гезит беттерине жарыяланган макалаларын кыргыз тилинин орфографиялык эрежесинин негизинде жазышат. Ушул максатта тил комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугуп, алардын көпчүлүк учурда кетирген каталары, кош сөздөр менен кошмок сөздөрдүн туура жазылышы тууралуу семинар өткөрдү.

Шаарыбыздын тургундарына «Жалпыга маалымдоо каражаттары коомду сабатсыздыктан алып чыга алабы?» деген суроо узатып төмөндөгү жоопторду алдык.

Жыпара, мугалим
— Жалпыга маалымдоо каражаттарында колдонулуп жаткан ар бир сөз өсүп келе жаткан жаш муунга сөзсүз түрдө өз таасирин тийгизет. Өзгөчө техниканын өнүгүп жаткан маалында кирген жаңы сөздөр бизге ошол телевидение, радио, гезит, журналдар аркылуу жетип жатат да. Ошондуктан маалымдоо каражаттары коомдун сабатсыздыгын жоюуда чоң роль ойнойт десем болот.

Майрамбек, шаар тургуну
— Ансыз деле сабатсыз болуп калган элди ушул телевидение менен гезиттер кайра бузуп жатат. Кээ бир гезиттерди окугуң дагы келбейт. Ичин ачсаң катасы толтура. Кантип анан ошол гезит-журналдар коомдогу сабатсыздыкты жойсун. Тескерисинче адамдардын башын ого бетер айлантып жатпайбы. Ал эми телевидениедегини айтпай деле койсок болот. Кээ бир журналисттердин сүйлөгөнүн дагы түшүнбөй каласың. Анысы аз келгенсип кээ бир депутаттардын «чала» сүйлөгөндөрүн көргөзүп жинге тийишет.

Айзат, студент
— Маалымдоо каражаттары сабатсыздыкты жоёт эле болуш керек. Анткени алар тилибизге кирип жаткан жаңы сөздөрдү колдонуп элге маалымат берип жатат. Ошол кабарларды окуу менен жаңы сөздөр менен таанышып жатабыз. Алыскы аймактарда жашаган элдер үчүн гезит-журналдар маалымат алуунун бирден бир булагы. Андыктан ал жерде жазылган ар бир сөз алардын сабатсыздыгын жоюуда чоң эле кызмат кылат болуш керек.

Гүлжан, сатуучу
— Мен ар жума сайын жаңы гезиттерди сатып алам. Анын үстүнө эртеден кечке чейин базарда болгондуктан ошол гезиттерди эрмектейм. Кээде гезиттерден оркойгон каталар кетет. Ал эми бир гезитте Кара-Балта деп бөлүп жазса кээсинде кошуп жазышат. Ушуларды бардык гезит бирдей, окшош жазса жакшы болмок эле. Өткөндө кызым «Апа, «Кара-Суу» деген сөздү кошуп жазамбы же бөлүп жазамбы»,- деп сураганда кандай жазыла тургандыгын өзүм дагы билбестигимди айттым.

Акбар, айдоочу
— Сабатсыздыкты жойсо жоюп жаткандыр, бирок мен гезиттерди көп деле окубайм. Ошондуктан айта албайм.

Алтынай, пенсионер
— Албетте жоёт. Мурда гезит-журналдардан карап эле кат таанып үйрөнгөнбүз. Ал убакта аларды катуу карашчу да. Ошон үчүн көп ката кетпесе керек. Азыр кээ бир гезиттерди окугандан уялам. Кыргыздын жакшынакай сөздөрүн бурмалап, маанисин бузуп жазып жатат. Ушул кантип жакшы болсун!

Расул Үсөналиев


Эне тилдин арманы
Баштайын сөздү башынан,
Маселе арбын чачыман.
Элирген, эркин тил элем,
Дайрадай ашып-ташыган.
Дайранын бар го түрдүүсү,
Күр-шары абдан сүрдүүсү.
Ташкыны, күчү жагынан,
Кылымдын кыйрын кыдырып,
Келгемин жазбай табыман.
Эң башкысы кыргыздай,
Элимдин аман барынан.
«Өнөр алды кызыл тил»,
Өксүгүс маани жагынан.
Түгөнбөй түтөп келгемин,
Жолумдун дагы агынан.
Кулакка түп-түз куюлган,
Кум сөздөр туш-туш жагыман.
Жол дечи, баса, жол дечи,
Жол сапары мол дечи.
Кырсыгы дагы кыйла экен,
Кыйласы дагы оң дечи?
Күн кечирип келишкен,
Тоосундай албан ой дечи?
Жайлоосуна көрк берген,
Апапак ак үй өргөсү.
Жок да өтүп, бар өтүп,
Табышкан сөздү өлбөчү.
Ай өлбөйт, жоодур көз өлбөйт,
Жолунан жангыс күн дайым,
Баарыңды бардай сезем дейт,
Сезгенден алтын табам дейт,
Сезимден канат алам дейт,
Мына ушинтип сөз мухид,
Уланып улам тереңдейт.
Тереңдиги жагынан,
Теңир жок ага дагы улам.
Чеберлер дагы чебердейт,
Сөз жоокердей жарданат.
Жансыздарга жан салат,
Балбан сөзгө, бал сөзгө,
Акыл тапкыч нар сөзгө,
Бийиктен аска тамшанат.
Кокту-колот кошулуп,
Өзөн-сайы шаңданат.
Керемети келишип,
Балбан тилден бал тамат.
Тоо жантайы төш делет,
Төш таянып көч келет,
Көчтүн жайы ар кыл го,
Алар да түркүн эстелет.
Кыргыз көчү байыртан,
Кыйлаларын эскерет.
Кармоо кыйын так далил,
Жаткан тозуп миң белес.
Алты айчалык жана түз,
Милдет эмес чектемек?!
Манас ата арытан,
Манас баатыр беритен,
Сайрап турган булбулча,
Канчаларды эритсем.
Уккун уулум баянды,
Жай отуруп эми сен?!
Сансыз ырчы, сан ырчы,
Сайрап турган сан чечен.
Баян кылбайм бардыгын,
Санабагын канча экен?
Жайсаң ырчы көбүнөн,
Таамай сөзгө март экен
Сайрай берип күн-түндөп,
Талып жатып калчу экен.
Кулак курчун кандырып,
Сөзгө кумар калкы экен.
Тоолор кыйла көчүптүр,
Далай пенде өтүптүр.
Ортосунда сөз дайра,
Жазда, жаздай кечиптир,
Сөз падыша, сөз ата,
Улуулугун сезиптир?
Деген тура тынбастан,
Дагы көпкө кезиктир,
Чылбыр, тизгин, жүгөндөн,
Түмөндөгөн түк өлбөс,
Жетээр жерге жетиптир,
Чечээрлерин чечиптир,
Сапар тынбай уланып,
Кайра сапар кетиптир.
Сөз унчугат, унчукпайт,
Шашпай айтып отурса.
Эмне гана сыр чыкпайт,
Сөлтүк кылбайт сөз кимди,
Сөз далайды кырсыктайт.
Жайсаң ырчы Токтогул,
Аралашса жөн чыкпайт.
Эң майдасын чоң кылат,
Орто сөзүн зор кылат.
Сөздүн күчүн көр байкап,
Кумурсканы кой кылат.
Ай-ааламда сөз гана,
Болбос ишти болтурат.
Жаалданган чатакка,
Сөздөр гана кол сунат.
Сөз кадырын билгенге,
Сезим жыргап ой тунат,
Сөздү сөзгө кураган,
Сөз маңдайын сылаган,
Сөз байлыгын артынат.
Жээренчи ата, Кет Бука,
Жылдыздар го жаркырак.
Те-е тереңде жатпайбы,
Улуу сөздү, салтты улап.
Бирден өттү, топ өттү,
Андан бери көп өттү.
Түгөнбөс түп барчылап,
Бөтөнчө жан төрөлгөн.
Тил бешикке бөлөнгөн,
Арыстанбек кечээки.
Сөз оозунда кубулган,
Тоо суусундай чубурган,
Арыстанбек атындай,
Көпкө даңкы угулган.
Жыйылып да суюлуп,
Түркүн-түркүн кубулуп,
Кылым келип кырданчу,
Кылым келип жыйырманчы,
Көңүлдөр көп бурулган,
Кирип келди тез да, жай.
Ар кыл доош угулуп,
Орустардын оозунан,
Аргасынын жогунан,
Сөздөр жатты кырылып.

(Уландысы бар)

Тенти Орокчиев, «Кыргыз Руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 18.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий