СҮЙМӨНКУЛСУЗ 17 ЖЫЛ

Редакциядан: Элибизде айтылат, «Өлгөндөр даңкталмайын тирүүлөр баркталбайт» деп. Анын сыңарындай улуу инсан, табылгыс талант Сүймөнкул Чокморовдун арабыздан кеткенине быйыл 17-күздүн жалбырагы саргаят. Бул инсан жөнүндө биз бир нече жолу жаздык, дагы да жазыла бермекчи. Бизди өкүнткөнү — анын кийинки муунга керээз кылып, аманат таштаган өнөрканасы кароосуз калып, эстелиги мэрия тарабынан кайсы жерге коюлары чечилсе да, алиге чейин тургузулбай келет. Министр Султан Раевге бул маселе боюнча бир канча жолу байланыштык. «Бул жакта эмесмин» деген жооптон башканы айтпай койду. Эскерип жүрүү тирүүнүн иши экен, төмөнкү макалабыз улуу таланттын 27-сентябрь, өлгөн күнүнө карата болгон гүлдестебиз болсун.

Таланты карызга эч ким бербейт колго,
Талант бул — жараткандан алган олжо!

Баласагун

Ойлоп көрсөм, Сүймөнкул Чокморов тууралуу алгачкы тааныштыгым Бактыгул, Карабалта, Максудов деген каармандар менен байланыштуу экен. Учурунда кыйналбай эле аткарып койгондой көрүнгөн ошол ролдор кандай түйшүк, азап менен жаралганын кийин билдим. Көрсө, роль жаратуу машакаты өмүрүн бир канча жылга кыскартып коюптур. Көп жыгылды, кайра турду, элүү беш операцияны башынан өткөрдү. «…Кулагыма мөл булактын шылдыры угулат. Туптунук, мупмуздак. Бассам-турсам, бирөө жарым менен сүйлөшүп атсам да, атүгүл телефондон да булактын шылдырын угам. Билесиңби, врачтар мага суткасына үч стакандан ашык ичпейсиң деген. Суткасына үч гана стакан!»- деп, дарыгерлер көп нерсени чектеген өмүрдү кечириптир. «Балким киного аралашпасаңыз башкача болот беле?», — дешсе, анда жупуну мүнөзүнөн жазбай: «Таланттар тобу менен келет. Мен болбосом, башкасы келмек», — деп жооп бериптир…

***
Сүймөнкул залкар манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөтүн тартам деп барып калса, ал киши анын али ачыла элек дараметин байкаган экен, жөн бала эместигин айтыптыр. Дагы бир кызык жагдай — анын ысымы да жакшы жышаан менен байланыштырылып коюлуптур. Репрессия каатчылыгы кыргыз журтун бир сыйра жапырып өтүп, айбаты кайтып калган 1939-жылы ноябрь айында жарыкка келип, «элде сүймөнчүлүк, жакшылык болсун» деген ата тилеги менен Сүймөнкул атын алыптыр. Эки турмуш куруп, он бир бала көргөн Чокмор ата «эркек балдарымдын кенжеси — көкүрөк күчүгүм» деп өзгөчө жакшы көрүптүр. Кичинесинде чабалыраак келген уулун ат минсе өңөрүп алып, башка чарба жумуштарына аралаштырып ала жүрүп чоңойткон. Ата аракети менен ат мингенди эрте үйрөнүп, кол өнөрчүлүк, устачылык иштерге кол кабыш кылып, денеси бышып, сүрөт дүйнөсү менен тааныштыгы да ушул бала кезинде башталган. Үчүнчү классында катуу ооруп, бир жарым жылдай мектепке барбай калганда, жалгыз эрмеги — баракка бирдемелерди чиймелемей болгон. Жөн эле чиймелеп койбой, окуу китептериндеги Пушкиндин, Горькийдин, Лермонтовдун, Толстойдун сүрөттөрүн куду өзүндөй кылып түшүрүп койгону байкалган. Бирок, жетинчи классты бүткөн жылы, жатканга жай маселеси бар шаар азабынан жүдөп, жатаканасы бар деп документтерин музыкалык окуу жайга тапшырып коет. Намырбек агасы инисинин үйүндө илинип турган Клоддун «Түшкө жуук», Тоидзенин «Жолборс терисин жамынган баатыр», Делакруанын «Арстандарга аңчылык» деген сүрөттөрүнүн репродукцияларын кызыгып карап калганын көп байкап, жөндөм-шыгын да жакшы билгендиктен сүрөтчүлөр окуу жайына алып келет.

***
Сүймөнкул Чокморов сүрөт тартууда жаратылыш темасына көбүрөк басым жасаган. Күндүн кечи менен таңын күтүп, өзгөчө күз жытын жакшы көрүп, ушул маалда сүрөттү көп тарткан экен. Улут көрөңгөсү, улут насили деп көп тынчсызданып, көп издениптир. Жашы улуу айыл адамдары менен баарлашып, санжыра-баяндарын ынтаа коюп угуп, кыргыз кийимдерин кийген адамдарды көрсө, артынан ээрчип сүрөтүн тарткан убаракерчилик менен айыл араламайы адат болгон. «Кийинкилерге керек, булардын баары жоголуп, таппай калабыз» деп, улуттук кыртыштан алыс болгон көркөм изденүүлөрдү жактыра берген эмес. Тарыхка да жакын болгон. Бабасы Байсаба Таластан көчүп келип туруп калган солто элинин акылмандары Жангарач, Байтик баатырларды «эл баккан, эл коргогон инсандар» деп, алар тууралуу материалдарды кызыгып жыйнаган. Атайдын «Эсимдесин», күүлөрдөн «Көкөй кестини» жакшы көрүп угуп, өзү да комузду колго алып, шартылдата чертип калчу экен. Домбраны да сыбызгытып мыкты ойноп, ырдаса, үнү да уккулуктуу болгон. Мандолинде, роялда ойной билген, Бетховен, Моцартты укканы боюнча аткарган. Көп окуп, билгенин шашпай, жай, угумдуу айтып берген мүнөзүн, башкалардын да пикирин баалай билгени көп эскерилип жазылыптыр.

***
Жөн турмушта ага жай, шашпаган жүрүм-турум мүнөздүү болгону менен, керек болгондо ал абалынан өзгөрүп, ыкчам, чечкиндүү, шарт адамдын элесин алып чыга келген. Бир абалдан бир абалга өтүп образ берүү жөндөмү кинотасмаларга тартылганда айрыкча ачылган. Тасмадагы өмүрүнүн башаты болгон «Караш-карашка» тартылып жатканда Төлөмүш Океев: «…бою бийик, кыймылы илең-салаң, анча деле шамдагай эмес… Ал эми Бактыгул каршылаштарын тоголото чаап, бүткүл аймакка атагы чыккан белгилүү неме да… Фильм экранга чыкты. Биздин кооптонуубуз чаң учкандай жоголду. Ал профессионал актер болбосо да, бул татаал ролду укмуш аткарды» деп эскерген. Алгачкы далалатында эле кино жаратуучулардын көзүнө чалдыккан Чокморов кийинки ролдорунун баарын жогорку чеберчилик менен мыкты жаратты. Аны атак ээрчиди, эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн төрт жолу биринчи сыйлыкты алды. Бирок өмүрүнүн акыркы жылдары күрөшкө айланды. Он жыл ичинде — өмүрүнүн акырына чейин Сүймөнкулдун бөйрөгүнө, вена кан тамыры, айтор, денесине 56 операция жасалды. Бөйрөктү дарылай турган аппарат гана тогуз жыл кармап турду. Тилекке каршы оңоло албады, ыңаалап жарык дүйнөгө келген күз айында — 1992-жылдын 27-сентябрында кете берди. «Дүйнөгө Кыргыз деп келип, Кыргыз деп өткөн» залкар таланттын тирүүсүндө ишке ашып калса деген беш арманы кетти өзү менен. Ал эми кийинки муунга керээз кылып, аманат таштаган өнөрканасы кароосуз калып, сүрөттөрү сакталбай, ар кай тарапка чачылып, эстелиги болсо, жыл айланып тургузулбай келет…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы, «Назар» («Кыргыз гезиттер айылы»), 18.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий