Салттуу музыка «Сарттуу» музыкага орун береби?

(Нурак АБДРАХМАНОВ менен маек)

Эл сүйбөгөн бийликтин
Жоголгонун көргөмүн.
Алтындан курган дүйнөнүн
Тонолгонун көргөмүн.

Эл жактырган өнөрдүн
Жоголгонун көрбөдүм.
Акылдан курган дүйнөнүн
Тонолгонун көрбөдүм.

Кыргызстанда салтуу музыканы сактап калууга эми гана көңүл бурула баштады. Кеч болуп калган жокпу? Мындан аркы иш- аракеттер кандай болсо дейсиз?

— Абдан эле кеч болуп калды. Совет мезгилинде СССРдеги элдерди бир улутка айландыруу башталганда көп өнөрпоздорду көрүп, аралашып калдым. Асанбай Каримовду эки-үч жолу көрүп, концерттерин уктум. 2-3 күн Асанбайды ээрчип да калдым. Ал чоор тартканда өзү, зал кошо солкулдап турчу. Чоорду керемет сыйкыр менен тартаар эле. Шайлообек Апылов аттуу киночубуз Асанбайды даректүү киного тартса, КГБ аны үй түрмө кылып, Чым-Коргондо дарылатып, кыйналып кеткендиктен аялы бала-чакасы менен кетип калып, ал Бишкектеги үйүндө жалгыз калган эле. СССР кулагандан кийин гана эркин болуп калды. Ошол убактагы бийлик ушундай мамилеси менен элдик өнөрдү шыпырып түштү, басмырлады. «Маш ботойду» өзүндөй кылып дааналап черткен комузчу калбай бараткан. Эл ичинде күүлөргө өзүнчө кайрык кошуп, шаң берип черте турган таланттуу өнөрпоздор болоор эле да. Мен кичинемден аралашып, алардын далайын көрүп калдым. Менин черткенимди көрүшүп, «бул жери мындай да, тигил жерин эки кайры, үч кайры» дешип, алардын көп нерсесин алып калдым. Анан көбү «сен жарайт экенсиң» деп калышаар эле. Өнөрдү бапестөө, улуудан кичүүгө калтыруу бүгүнкү консерваторияда, искусство институтунда, мамлекеттик башка тийиштүү мекемелерде жок. Салттуу музыканы сактоо совет мезгилиндеги мен айткан шыпырып түшүү, канатты кесүүгө чейинки мезгилдегидей болуп азыр уланса жакшы болмок.Ошолордун бардыгы калып калат эле.

Ошол салтты, ошондой мамилени азыр калыбына келтирсе болобу?

— Жапондор «ушунчалык чоң өнөрдү билгичтик менен сактап калуу өтө керек нерсе» дешти. «Кимден сактап калабыз?» десем, «Батыш цивилизациясынан, жаштардын рок музыкасынан, тарсылдаган эстрадасынан сактап калыш керек. Эстрадага берилип кетип, бул унутулуп калса, эч качан калыбына келбейт. Бул устаттан шакиртине колмо кол өтө турган татаал нерсе экен. Ушунун баарын кийинки муунга билгичтик менен өткөрүшүңөр керек» дешти. Ошол нерселер кыялымда жүрчү эле, оңдой берди болуп бул жерде «Кыргыз ордосу» түзүлүп, кыргыз улутуна таандык бардык өзгөчөлүктөрүн сактап калуу максатында уюм түзүп жатабыз. Ушул уюм азыркы колдо калган нерселерди сактап калууга шарт түзөт деген үмүт бар.

Бизде кызыктуу бир шарттар болбоду беле. Мисалы, композиторлор Калый , Насыр баштап, дирижер Асанкан байкелерибиз баш болуп, «кыргыздыкы өлүп бараткан фольклор, муну жоготуш керек, сактап калуунун кереги жок» деген сөздөрдү айтышчы. Композиторлор союзуна чыгармаларын эч ким укпагандар мүчө болот, ал эми комузчу, чоорчу, төкмө акындарга окшогондорду кабыл алмак түгүл, жакын жолотушчу эмес да.

Кызыктуу бир фактыны айтайын. Ош коогалаңында менин күүлөрүмдү жай бою коюшуптур. Кийин түштүккө барганымда айтып атышпайбы: «бул күүлөрүңдү сахнада чертпе, балам, аларды биз укканда баягы окуялар көз алдыбызга келип, өзүбүздү кармай албай калабыз. Буларың оор күүлөр» дешип. Чыңгыз байкебиз кайтыш болгондо да ошол күүлөрдү коюп коюшту. Ушундай орчундуу нерселер болгондо менин күүлөрүмдү коюшат да, бирок мага «эл артисти» деген наам берилсин дешсе чийип салышат. Өнөр-талантыма баш ийип, композиторлор союзуна кабыл алып, баалагылары келишпейт. Ушундай мамиледен кийин минтип биригүү зарылчылыгы келип чыгып жатат.

Салттуу музыканы билим берүү министрлиги аркылуу мектеп программасына же искусство институтуна, консерваторияга киргизүү аракеттерин көрүп жатасыздарбы?
Ошол жактарда да эл уккудай эч кандай чыгармалары жок болсо да чөнтөгүнө «окуган» деген документти салып алып, илимдин кандидаты деген наамдарды алып алгандар отуруп алышып,иш жүргүзүп жатышпайбы. Элге белгилүү болуп калган өнөр адамдарын тартып, чеберчилик мектеби деген сыяктуу окууларды уюштурса болот эле го? Ошондо балдар бир нерсе үйрөнөт эле.Консерватория, искусство институтунда окугандар күү үйрөнгөнү менин үйүмө барышат. Андан көрө институт, консерватория мага окшогондорду чакырып сабак бердиртип койсо болбойт беле? Жок, алардын кадыры кетип калат антишсе.

Бул иш мамлекеттик деңгээлде эмес, сиздердин өзүңүздөрдүн демилге менен колго алынып жаткан турбайбы?

— Ооба да.

— Сизге окшоп өз демилгеси менен жер-жерлерде иштеп жаткандар бар бирин-серин. Абалды бийлик эмне үчүн түшүнбөйт,билбейбиз.

— Бир кезде түшүнөт.

— Анда убакыт өтүп кетип, кеч болуп калбайбы?

— Өзүбүздүн рухка, улуттук өзгөчөлүккө кайрылып жатпайбызбы.Ушул иш жолго түшүп кетсе, мени тааныгысы, билгиси келбей жаткандардын баарысы ыпыр-сыпырдын арасында калат. ЮНЕСКОнун дүйнөлүк конкурсунда бир сыйлыгын утуп алган Кыргызстандагы жалгыз адам мен экенмин.

— Ошол кайсы жылдары эле?

— 2001-жылы Самаркандда өткөн. Дүйнөдөгү көптөгөн профессор, академиктерден да өтүмдүүрөөк болгонум үчүн мага ошол сыйлыкты берип жатышат да. Ошондон кийин мен өзүмдү академиктен да жогорураак экенмин деп калдым. Себеби, ал жерде салттуу музыка боюнча профессор, академиктер да чыгып өнөр тартуулашкан. Өзүмдүн Кыргызстанымда болсо илимдин кандидатымын деген киши менин төбөмө түкүргүсү келип жатпайбы. Ушундай маңкурттуктар, түшүнбөстүктөр болгондуктан, айласыз ушул ишти баштадык. «Ага хан» атындагы фондго ыракмат,ошолор түшүнүп, салттуу өнөрдү колдош керек деп жардам берип жатат. Мени ээрчип, артымдан сахнага чыгып, аны шаңга бөлөп жаткан наристелердин бардыгы ошол фонддун каржылоосу менен тарбияланып жаткан менин шакирттерим.

Өлкө президентинин улуттук маданиятты, каада-салтты, өзгөчөлүктөрдү сактайбыз деген жаңы жарлыгына карабастан министрлик, биздин азыркы төбөлдөрүбүз биздин улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү жогото турган, Батыштын музыка өнөрпоздорун туураган эстрада «жылдыздарына» «маданиятка эмгек сиңирген ишмер» же «эмгек сиңирген артист»,»эл артист» деген наамдарды берет да, нукура элдик өнөрпоздорго, элдик уздар менен чеберлерге эч көңүл бурушпайт. Мисалы, бир да комузчу ушул убакка чейин «эл артистин» (Самара СССР убагында алган да) наамын алалек. Мен 70ке барып калдым. Кочкордо Зайнидин, Көлдө Намазбек Уралиев бар. Алардын күүлөрү алтын фондуда бар, кароолорго тынбай катышып, жеңүүчү болуп жүрүшөт, булар деле 50-60ка барып калышты. Жакында казак-кыргызга бирдей барктуу төкөбүз Майра Керим кызы да эч наамы жок өтүп кетти. Ушул айтылган армандын баары өзүбүздүн улуттук искусствобузга төбөлдөр тарабынан түкүргөндүк да. Ушуну алар качан түшүнөт-билбейм.

Маектешкен Машакбай РАХМАНКУЛОВ,
«Назар» («Кыргыз гезиттер айылы»), 18.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий