Саякбай Каралаевдин уул-кыздары

«Назар» гезити мындан ары ушундай рубрика алдында окурмандарыбызга элибиздин залкар инсандарынын урпактары, уул- кыз, небере-чөбөрөлөрү тууралуу материалдарды жарыялап турмакчы. Алгач биз «20- кылымдын Гомери» деп аталган залкар манасчы Саякбай Каралаевдин уул- кыздары тууралуу айтып берүүнү чечтик.

Биз жыйнаган маалыматтарга караганда залкар манасчы Саякбай Каралаев бугунун арыкмырза уруусуна, сары калпак уругуна кирет. Сары калпак атанын үч уулу болгон экен: Шомпор-Орус-Сарытон. Шомпордон Мойнок-Тилен-Сафай. Тиленден Жекшен Ашуубаев, Сафайдан -Карала-Саякбай. Саякбай Каралаев ак-өлөңдүкпү же мамандыкпы деп талаш болуп келет. Чынында Саякбай Каралаев өзү Ак- Өлөңдө туулгам деп жазат. Бирок ата -бабасы Маман жергесинен болуп, кийин Ак- Суунун Маман айылына көчүп кетишкен экен. Саяктардын жеринде төрөлдү деп атын Саякбай койгон дешет.

Саякбай Каралаевдин урпактары, уул- кыздары азыр барбы деп издештирип жүрүп, анын «кенже сары кызы» Гүлсүн эжеге жолуктук. «Журналист болгум келчү. Бирок атам мени №28 орус мектепке берип коюптур, кыргыздын көп акын- жазуучулары менен кошуна жашаганыбыз менен орусча жазгандарды ал убакта университеттин журналистика бөлүмүнө алышчу эмес. Сыргак, Чубак байкемдер №5 мектепти бүткөн. Сыргак абам журналист болуп «Кыргызстан маданияты» гезитинде иштеп жүрдү» деп айтты.

Саякбай Каралаевдин эки баласы, төрт кызы болгон. Уулдарынын аттарын Сыргак, Чубак деп «Манастын» каармандарынан, кызы Рапикандын чын аты Рабига- Каныкейдин өз атынан коюлган. Сыргак менен Чубак ооруп калгандан кийин калган кыздарынын атын Каликан, Гүлсүн деп катардагы аттардан эле ыйгарган.

«Кенже сарым» деп көкүрөк күчүгү Гүлсүндү бөтөнчө жакшы көргөн. «Ушул кызым доктур болуп, бизди дарылайт» деп медициналык институттан окутуп, дарыгерлик кесипке ээ кылган. Каликан «эл мугалими» деген ардактуу наамга ээ болгон, көпчүлүктүн назарында турган инсан болгон.

Чубактан тукум жок, Сыргактан бир уул, бир кыз бар. Кыздарынан да небере-чөбөрөлөр бар.

Ата- энесин, бир туугандарын эскергенде Гүлсүн эженин көзүнөн жаш куюлуп кетет. «Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар» дегендей, Гүлсүн эженин ага- эжелеринен азыр 76 жаштагы эжеси гана калды, калгандарынын көзү өтүп кетти. Агалары болбогондон кийин даңкка жараша жүктү көтөрүп жүрүү да оңой эмес. Үч-төрт жылдай болгонбу, айтылуу инсандарды юбилейлик медаль менен сыйлашыптыр, анын арасында манасчы Саякбай Каралаевге да бар экен. Ал убактагы президенттик администрация кызматкерлерине барса, ал кишинин уул- кыздары калган жок деп медалды сейфке катып коюшканда, анда бир көзүнө жаш тегеренген. Саякбай Каралаевдин эстелиги да 7-8 жылдан кийин Чынгыз Айтматов кийлигишип атып, коюлган. Каражатты көбүнчө Рабига эжесинин үй-бүлөсү чыгарган.

Азыр Бишкек шаарындагы Набережная көчөсү Саякбай Каралаевдин ысымын алып жүрөт. Аны кызы Гүлсүн чуркап жүрүп койдурган. Ал көчө мурункусундай эле Набережная деп жазылган боюнча турат. Атын өздөрү өзгөртүп жазыш керек беле деп Гүлсүн эже билбей турат. Залкар манасчыга мамиле ушундай болсо, башкаларга кандай болот?

Саякбай Каралаевдин уулдары Чубак менен Сыргак тууралуу көпчүлүк учурда сөз болбойт. «Атага тең уул, атадан артык уул» болуу ар кимдин эле колунан келе бербесе керек. Уулдарынын бири Чубак кандайдыр бир чатакка катышып, кесилип кеткен экен. Аны камактан алып калуу Болот Мамбетовдун да колунан келген эмес окшойт. Кылмышы жеңил эмес болгон көрүнөт.

Манасчынын портретин бир жыл бою тарткан Сүймөнкул Чокморовду Саякбай Каралаев бөтөнчө жакшы көргөн. Байдылда Сарногоев да «мени эле бала кылып алыңызчы, сары акын Каралаев болуп алайын деп» тамашага чалып көп айтчу экен. Саякбай Каралаев балдарына катуу сүйлөбөгөн киши болуптур. Айылдан туугандары келгенде гана уулдарынын тентеги болсо, «тыйып койгулачы» деп алардан өтүнчү деп калышат. Үйүнүн жанында жайгашкан жетимдер үйүндөгү балдарды да көп аячу экен.

«Залкар манасчынын урпактарынан да манасчы чыга тургандары барбы?» деп сурасак, Гүлсүн эже абаларыман манасчылар чыкпады. Манасчылык өнөр укумдан- тукумга берилбейт окшойт» дегендей ойдо экен. Бир гана- залкар манасчынын чөбөрөсү Болотбекте «чымындар» бар экени, баскан- турганы, мүнөзү чоң атасыныкына окшош экени байкалат.

Бирок Гүлсүн эже билбеген дагы бир факты бар. Түздөн- түз уулдарынан манасчы чыкпаганы менен, азыркы жаш манасчылардын көч башында турган Таланталы Бакчиев Саякбай Каралаевдин аталаш урпактарынан болот. Ак-Өлөңдө да аталаш туугандары болсо керек, мектептин алдына залкар манасчынын эстелигин коюу демилгесин көтөрүп жүрөт.

Саякбай Каралаев кадимкидей эле көп кабаттуу квартирада жашап өткөн экен. Муктар Ауэзов аны жакшы шарт менен Казакстанга кетүүгө чакырган, бирок ал макул болгон эмес. Өз элинде, өз жеринде калууну артык көргөн. Өкмөт залкар манасчыга Балыкчыдан көп кабаттуу квартира бөлүп берген. Бирок ага жашаган эмес, уулу Сыргак жашаган. Мамандыктар Саякбай Каралаевге «үй салып беребиз, келип айылга жаша» дегенде, убагында манасчы келген эмес, кийин акыркы сапарга узатууда айрымдар катуу ызаланып, бизге келбеди деп тажияга келбей коюшкан. Саякбай Каралаевдин шаардагы квартирасында азыр Сыргактын уулу, небереси жашайт.

Айгүл БАКЕЕВА, «Назар» («Кыргыз гезиттер айылы»), 18.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий