Кыргыз эл артисти Асек ЖУМАБАЕВ: «КАРАМОЛДО: Асек, сен чоң артис болосуң, аракты кыскарт, бозого өт деди»

Журналисттик кесипти аркалап жүргөндөгү куржунубузду аңтарсак, көзү барында ымандай сырын айтып кеткен о, далай залкарларыбыздын маңдай-тескей маектери бар экен. Кайра окусаң деле эскиргиз, эсил кайрандарыбыз жарк этип тирилип келгендей… Алардан эч көкүрөгүбүз суубайт окшойт. Кайрандарды кайткыс сапарга узатаарда: «Сиз дайыма биз менен жашай бересиз» дегенибиз да, балким ошондондур… Маркумдар атпай-журтун арбагында колдой жүрсүн, а биз «Кайран залкар!» аттуу рубрикабызды арабыздан кеткен ошол залкарларыбызга арнайбыз…

Асек агабызды өлө жакшы көрөбүз. Күлүккө чапчу тулпардай болуп 80ге чыкса да сымбат сынынан жазбай, колунан комузу түшпөй, ыр десе ырын ырдап, тамашасы бир укмуш. Качан болсо тапанчадай шайма-шай жүргөн бул адам чыкыя кийинип, жигиттердей шарт-шарт басып, өзүнүн ырындагыдай фашисттердин башын жулуп алчу жоокердей учуп-күйүп турат. Көкүрөгү жапжаш бойдон. Күнүгө таң эрте келет. Жөн келбей кымыздын кылыктуусун, бозонун богоктуусун көтөрө келет. «Сиз мени бозокеч кылганы калдыңыз» дейм тамашалай. Бу күнү да адаттагыдай (2003-жылдын 23-майы эле) Асек агам кымызын кылкылдата, мен бозодон кере жутуп көпкө маектештик.

— Сексенде деп ойлобогонубузду карачы, буйруса жүзгө чыгат экенсиз. Эми жаш кезиңизди эскере отуруңуз.

— Меники өзүнчө эле узун тарых. Өзүмдүн атым Кожобай, бирок мени Жумабай деген агалары багып чоңойтуптур. Себеби Кожобайдын атасы Баялы чоң көзү ачык болгон экен, анан өз баласына өзүнүн көзү тийип 22 жашында Кожобай каза болуптур. Энем Асылбүбү мени 14 жашында жети айлык кылып төрөптүр. Күйөөсүнөн жаш калса мени Жумабай менен Төрө багып алып, эки энем өз ара араздашып, өз энемди мага такыр жолотпой өстүрүштү. Кийин Асылбүбү Абдылда деген башкармабызга күйөөгө тийип кетти. 11 жашымда болсо керек, кышында кыштоодо болчубуз, таятам менен кошуна жашачубуз. Жумабай каза болуп калган. Айылдан жездебиз келди, «Төрө апа, Асылбүбү коркутуп жатат, сизди чакырды, Асекти ала келсин» дейт десе Төрө апам «эшик суук, өзүм ооруп атам, унаа жок, жөө бара албайм» деп көнбөй койду. Ошондо таэнем ачууланып, мени жетелеп, үч километр жерди жөө басып кыштакка келдик. Үйгө кирсек «Асек келди» деди эле, өз энем төшөктө жаткан экен, көзүн ачып мени кечке тиктеп эле көзүн жумду. Ызы-чуу түшүп калды. Көрсө мени күтүп аткан окшойт, ошентип өз энемди 11 жашымда жуттум.

— Деги мектепте окудуңуз беле?

— Кепкенедей болуп алып кудай ургандай тентек элем. 1-класска 8 жашымда кирдим. Чындап айтсам 4 класстык эле билимим бар. Чүкө атып, ордо ойноп, жорго минип ат чабышка чыгып жүрүп окубай койдум. «Жумабайдын баласы китеп бетин ачпайт, окубайт» деп мугалимдер кулактын кужурун жешчү. Эптеп мектепке барып келип, класстан класска көчүп жүрдүм. 7-8-9-классты Ортосаз айылына ат менен келип окудум. 12ге чыккан кезимде, баягы тагдыр деген кызык да өз энемдин экинчи күйөөсү Абдылда башкармага Төрө энем тийген. Анан башкарманын баласы болуп чалчактаганымды сураба, бүт колхоз эркелетет. Ушуга чейин эркелеп жүрүп эмне кыларымды билбей атпайымбы. Бирок өздүк көркөм чыгармачылыкка катышып өлө ырдачумун, сабак окугандан көрө ырдаган артык эле. Анан кайгыма кайгы кошулуп, Төрө энем өлүп калды, 18ге толгон кезимде каран түн түшүп согуш чыкты.

— А согушка эмнеге барган жоксуз?

— Будуң-чаң, чакчелекей, мен кырдуу он беш бала армияга кетти. Мен элден айланайын, «бир уруудан жалгыз баласың, жаның калсын» деп катып, аскер комитети менен сүйлөшүп алып калышты. Мекен, эл, жер деген дух менде деле бар болчу, бирок согуштан калганыма сүйүндүм. Айылга учетчик, бригадир кылып койду, тың бригадир болдум окшойт, айтор өкмөткө жактым. Айдын жарыгына салып келин-кыздарга орок ордуртам. Тың экен деп Ортосаз айылына сельсоветтин секретары кылып коюшту.

— Жерден бооруңузду көтөргөндө эле актив болсоңуз, кийин кандайча артисттикке ооп кеттиңиз?

— Жоро, отуруштарда ырдай койчумун. Таятам күү чертчү, кошуна жашап жүргөндө комузду чала үйрөнүп алгам. Ортосазда секретарь кезим, жыйналыш кылып атсак бирөөлөр келди дешти, чыксам Нарын театрынан келишиптир. Абдыашым Көбөгөнов, Сайра Балкыбекова, Жумаш Сыдыкбекова, Абдыкалый Темиров ж.б. болуп 12 киши турат. Кыштын күнү оюн коебуз деп жөө келишиптир. Чабарман чаптырып Ортосаздын активдеринин барынын аттарын алдырып келип, учкаштырып, чиркештирип «Ленинчил жаш» айылына, Байсал деген байдын үйүнө баргыла, артыңардан барам» деп кетирдим. 1943-жыл болчу. Кечинде арактан ичип алып, суусар тебетейди кийип жетип бардым, сельсоветтин секретары дешсе менин бала экенимди билбей тура калышты. Аксакалыбыз «бул биздин жетимче, жакшы ырдайт» деп тааныштырды. «Ырда» деп суранышканынан жородогу ырларды биринин артынан бирин создум. Ошондо Көбөгөнов «бала сен секретарлыгыңды кой, сен чоң артист, чоң ырчы болчу бала экенсиң, бизге кошул» дегенинен болгон жокмун.

— Ой-боюңузга койбой алып кетиштиби?

— Кайдан, жайыма койсо актив болуп жүрө бермекмин. Кийин колхоздо чатак болуп, райком келип мени кызматтан алып, партиядан чыгарып, «камайбыз» деп атканда Нарынга Айша деген эжекелеримкине качып келдим. Анан театр өзүнө тартат десең, эки күн катары менен театрга келип, терезеден карап туруп кетип калам, киргенден сүрдөйм. Абдыашым Көбөгөнов байкап калыптыр, чакыртты, кирсем «этюд жаса, муну, аны туура» деди, айтканын аткарсам жактырышып, театрга кабыл алышты. Кыш болчу, жөө Акталаага командировкага чыгып кеттик. Камайбыз деп издөө салышып, алты ай камакта отурдум. Көбөгөновдор обкомго чейин кирип, «таланттуу артист, мыкты ырчыбыз эле» деп суранып атып чыгарышкан.

— Муса, Атайдын ырларын сиз ырдап, чет өлкөлөргө чейин тааныткансыз. Мусага жолуга алдыңызбы?

— Чоң арманым ушу, арак ичип кетип Муса менен кездеше албай калбадымбы. 1946-жылы Нарын театры жабылып, 1948-жылга чейин Ысыккөл театрында иштедим. 1948-жылы Көлдүн Койсары курортуна концерт коелу деп барсак эл уу-дуу, «Муса Баетов курортто эс алып жатат» деп, анан күндүз кечке издедим, таппайм, көрсө Малдыбаев келип, экөө бир жакка конокко кетиптир. Кечинде «Баетов менен Малдыбаев концерт көрүп атат» деп артисттер сүрдөп, коркуп атышат. Менин номерим келгенде «не болсо ошо болсун» деп 200 грамм аракты согуп алып чыктым да, Мусанын ырларын төгө бердим. Бүткөн соң прокурор досум бар эле, ошо келип калыптыр, экөөбүз буфетке кирип, анан Жети-Өгүзгө кетип калыппыз. Муса мени концерттен кийин издеп, «мага сөзсүз жолук, Фрунзеге кел» деп кат жазып таштап кетиптир. Мен да барбадым, а киши 1949-жылы каза болуп калбадыбы. Өлөрүндө Малдыбаевге «теңтуштук керээзим болсун, Асекти биякка алып кел, менин ырларымды ырдасын, бирок филармонияга жибербе, операга алып кел» дептир.

— Мидин менен «саякаттап» кетчү дешчү эле сизди?

— 1949-жыл, Ысыккөл драмтеатрынан отпускага чыгып, акча алып Нарынга автобуска түшөм деп жүргөм, ичкенбиз да, анан бир машинага түшүп уктап калыпмын. Ойгонсом баш зыңгырайт. Караүңкүргө келиппиз, түшүп эле буфетке жөнөдүм. Ошо жерден Мидинге жолугуп, тааныштык, «ушаланган шапкедей болуп арбак ургур, Нарында эмне бар?» деп алып калды, эки-үч күн жүрдүк, акча түгөндү. «Эмне кылабыз?» десем Соңкөлгө тентийбиз, «жапайы артист» болобуз деди. Бир бөтөлкө аракты коюнга салып жөө жөнөдүк. Эки ай Соңкөлдө арак ичип тентидик. Мидин бир саат ыр окуйт, куйкум айтат, мен бир саат ырдап, элдин черин жазып, кечинде тамагын жеп, арагын ичип жатып калабыз. Малчылар менен сүйлөшкөнбүз, «акысына кой бересиңер» деп. Жети кой жыйнадык, аны Караүңкүргө алып келип сатып, дагы арак ичип жүрдүк. Мидинге «көйнөк алалы, мончого түшөлү, чач кырктыралы» десем, «акча жок» деп болбойт, аракка эле даяр, «качан кетебиз?» десем «машина келет» деп коет, мен өзүнүн машинасы экен десем, кайдан, бир күнү бензин куйган машинага сүйлөшүп келиптир, экөөбүз эки бурчуна туруп Нарынга келатабыз, шамал ыркырайт. «Акчаны кантип төлөйбүз?» десем, «башың болгон менен мээң жок, Нарынга кире бериш жердеги коктудан машина жайлайт, ошондо секирип качабыз» деди. Секирип качтык. Жүдөгөн, кирдеген, мас кебетебиз менен Нарынга кирип келдик. Мени болсо «Асек жоголду» деп издөө салышып, тажаганда театрдан чыгарып салышыптыр. Жайы менен Соңкөлдө сайрап жүрүп, күздө иштерге ишим жок көчө таптап жүрсөм, жанагинтип бир чети Баетовдун керээзиби, айтор Аманкул Куттубаев Фрунзеге алып келди. Москвага окууга жөнөтсө «кыйналам, орусча билбейм» деп болбой койдум. Ошентип бир-эки ай бош жүрдүм, Жумакем менен (Ж.Шералиев) таанышып, радиого жазылып, кырдрамга кирип чыга коюп жүрдүм. Анан кеч күздө Куттубаевге жолугуп, ал опера-балет театрына киргизди. 47 жыл иштедим. 1951-жылы «үй жок, жүдөдүм, кетем» десем Карамолдонун үйүнүн жанынан бир бөлмө үй берди. Карамолдо «сен чоң артист болосуң, аракты кыскарт, бозого өт» деди. Аялды да Карамолдо алып берген.

— Кандайча?

— Карамолдонун Роза деген жээни бар эле, ал менин байбичем Сайра менен Карамолдонукуна көп келер эле. Сайра жоош, татынакай кыз болчу, мен болсо мөңкүп турам. 1951-жылы 8-мартта Карамолдо Сайраны үйүнө чакырып, «бу жетим жакшы бала, экөөң бириңдин багыңды бириң ачкыла» деп кемпири жоолук салып үйлөнтүп койгон. Кудайга шүгүр, аял жакшы болбосо эркектин эзели багы ачылбайт. Сайрага ыраазымын, 52 жыл болду бирге өмүр сүргөнүбүзгө, үч кыз, үч эркек төрөп берген, баары өз-өз жайында, өз турмушу менен.

— Кыргыздын комузун дүйнөгө биринчи тааныткан сиз болгон экенсиз?

— 1955-жылы Варшавада өткөн студенттер менен жаштардын бешинчи фестивалына орусча бир сөз билбей барып Москвадан жарадым. Кудай берип фестивалда Мусакемдин «Бакытын», Атайдын «Ой булбулун» ырдадым. Дуулдап кол чабылып, кайра-кайра суранышат. «Ой булбулду» кайра төктүм. Фестивалдын лауреаты болуп, биринчиликти-алтын медалды жеңип алдым. Москвадан акча беришкен, ага ар кимге арак алып бере берип, эч нерсеге жаратпай түгөткөм. Ошондон кийин кыргыздын комузу менен Асектин бактысы ачылып дүйнөнүн 68 өлкөсүн кыдырдым. «Кыргыздын комузун чет өлкөгө мен тааныткам» десем эч ким менден талаша албастыр.

— Азыр эмне кылып атасыз?

— Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда сентябрдан бери мугалиммин. Май айында 80 жашка чыктым. Өкмөт тараптан кыймылдап бир нерсе жасайбы деп күтүп коюп отурам.

Жылдыз МУСАБЕКОВА, 2003-жылдын 30-майы
«Айат пресс» («Кыргыз гезиттер айылы»), 24.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий