Асанкан Жумакматовдун артында калган издер

Социалисттик сүргүндүн тап душманы катары Украинага айдалып, сүргүндөн келгенден кийин Асанкан Жумакматов Фрунзедеги педтехникумдун орус группасына кирет. Бир жылдан кийин опера — балет театрынын башкы дирижеру В.В. Целиковский кыргыз искусствосунун 1-Декадасына карата жөндөмдүү жаштарды тандап жүрүп, жакшы окуп жаткан Асанканды театрга алып кетет. Асанкан педтехникумду биротоло таштап, театрдын оркестрине литаврист болуп кирет. Ушундан тартып анын кыргыз искусствосундагы даңгыр жолу башталат.

1939-жылы Москвада өткөн 1-Декада советтик социалисттик система кылымдар бою көчмөн турмушта жашаган кыргыз элине эмне бергенин далилдөө менен улуттун жүзүн көрсөткөн, анын тарыхын, маданиятын дүйнө жүзүнө тааныткан.

Шубин уюштурган эл аспаптар оркестринде Мураталы, Молдобасан, Карамолдо, Ыбрай, Чалакыз, Актан, Осмонкул, Алымкул, Калык, Атай, Муса, Шаршен, Саид, Шекербектер катышкан. Опера — балет театрынын артисттери Малдыбаев, Боталиев, Садыков, Эшимбеков, Кийизбаева, Махмутова, Эркинбаева, Куттубаевалар «Алтын кыз», «Ажал ордунда», «Айчүрөк» опера, драмаларда негизги партияларды ырдашкан. Көшөгөнү Яков Штоффер чыгыш табитинде жомоктогудай кооздогон.

Кыял чабыты, учкул фантазиясы көкөлөп турган сүрөткер Штоффер экинчи акт үчүн эки чоң боз үй жасаган. Аны сахнага орнотууга бир топ убакыт талап кылынгандыктан, антракты саал создуктуруп коюшкан. Ошол учурда Асанкан оркестранттар менен Пушкин көчөсүнө чыгат (анда Чоң театрынын филиалы азыркы оперетта театры жайгашкан жерде болчу). Аңгыча артисттер кирүүчү 5-подъездге жалтыраган лимузин келип токтойт. Башында ак калпак, үстүндө кыргыз чепкен, эчтеме оюнда жок Асанкан чуркап барып эшикти ача коёт. Калган катышуучулар, музыканттар караанын көрсөтпөй жоголушкан. Лимузинден Сталин, Маленков, Микоян чыгат. Саясий бюронун мүчөлөрүнүн портреттери республиканын ар кайсы мекемелеринде илинип тургандыктан, аларды дароо тааныйт.

— Саламатсызбы, жолдош Сталин!

— Сен ким?

— Мен кыргызмын.

— Ырдайсыңбы, бийлейсиңби?

— Добулбас кагам!..

Бул сүйлөшүү бир нече мүнөткө созулуп бараткандыктан, жансакчысы энтиге келип, «кечиресиз, жолдош Сталин» деп театрга киргизип кетет. Асанкан учкан бойдон келип, оркестрдеги булуңга отуруп калат. Өкмөттүк ложадан Буденный менен Ворошилов көрүнөт. Ложанын тереңинде, парданын ары жагында Сталин отурат. Көрүүчүлөр: «Жашасын, Сталин! Жашасын, Сталин!» — деп кол чаап, жер тепкилеп жибергенде, Сталин пардадан чыгып көпчүлүккө таазим кылат.

Асанкан «Сталин — Кудай, падыша, бүгүнкү Ленин!» — деп окуган. Ал кезде сансыз кылмыштардын демилгечиси жана уюштуруучусу дал ушул Сталин өзү экенин, атасынын камалышына да Сталин күнөөлүү экенин кайдан билсин?

Асанкан Жумакматов Кыргызстанга эвакуацияланып келген Рахлиндин симфониялык оркестринде урма аспапта иштеп калган. 1942-жылы аскерге чакырылып, Каспий, Грозный аркылуу Шолохов жазган Сальский талаасында салгылашкан армиянын катарында болуп, Сталинграддын алдындагы кандуу салгылаштарга катышат. 1943-жылы жарадар болуп, Волга дарыясы аркылуу Троицк шаарындагы госпиталга жеткирилет. Ийнинен үзүлүп, шалактаган колун кесмек болушат. Бирок дирижер болсом деп бала кезинен эңсеген кесипке ээ болуш үчүн кол керек. Хирургдардан көптөн — көп өтүнүп суранган соң, алар консилиум өткөрүп, колдун мүрүнөн кеспей, сөөктөрдү бириктирип акыретке жамап, пластелин өткөрүп, гипстеп салышат. Акырек, далы менен кошо гипстелген колго 12 литр суу куюлган чаканы көтөртүп көрүшөт. Таштай болуп каткан гипс кол менен мойнун капталына кыйшайтып бир жыл, эки ай госпиталда турат. 1944-жылы Асанкан аскерден демобилизацияланып келет да театрдын оркестриндеги урма аспапка литаврист болуп кирет.

1945-жылы Москва консерваториясынын алдында улуттук студия ачылат да, Асанкан он беш жашынан эңсеген дирижердук факультетке кирет.

Бирок, колу 45 градуска гана көтөрүлгөндүктөн Москвадагы аскер комиссариатынын күчү менен гана комиссия аргасыздан кабыл алат. Асанкан күнүгө машыктырып жүрүп, колун көндүрөт, консерваторияда эң жакшы окуйт, комсомол комитетинин секретарлыгына шайланат. Согуштун катышуучусу катары ал эки жактан, Москвадан жана Кыргызстандан жардам алып турган. Андыктан, тамак — аш, кийим — кечеден кыйналган эмес, согуштан тун лейтенант наамында келгендиктен ал ар дайым айчырайлуу, өңдүү — түстүү селкилердин көз алдында болгон.

1948-жылы Москва консерваториясынын улуттук студиясын артыкчылык менен бүтүрүп келип, Жумакматов Кыргыз опера — балет театрынын башкы дирижерлугуна дайындалат. Кыргызстандык көрүүчүлөрдү «чү» деген жерден эле классикалык чыгармалар менен тааныштыра баштайт. Чуйковскийдин «Карганын дамасы», Даргомыжскийдин «Суу пери» операларын коюуга киришет. Андан соң кыргыз операларынан «Көл боюнда», «Алтын Көкүлдү», «Алтын кызды» жана «Ким кантти?» деген музыкалык комедияны коёт. Башкы дирижер катары анын биринчи чоң эмгеги «Кармен» операсы болду.

Улуттук студиянын деңгээлинде болгондуктан, 1948-жылдан 1953-жылга чейин театрда иштеп туруп тажрыйба топтоп, консерваториядан профессионалдык адистеги окуусун улантууну көздөйт. Консерваторияда Альгис Жюрайтис, Евгений Светланов, Геннадий Рождественский менен бирге окуйт.

Бахтын, Гайндын, Моцарттын, Бетховендин чыгармаларынын укмуштай архитекнотикасы, музыканын формасын гана эмес эмоционалдуу күүсүн кармай билген сейрек таланттары Асанканды таң калтырчу. Бүтүндүктүн тап-так алкагына сыйган ушул байлыкты ачып, аныктай билүү дирижердун классикадагы 1- даражадагы милдети. Мына, ушул илим үчүн окуткан профессорлорго ыраазы болбой койбойсуң.

Консерваторияда окуп жүргөндө Асанкан үч жерде иштей турган. Күндүз Моссовет театрында дирижер, түнкүсүн Кинематография оркестри менен фильмдердин музыкасын жазышчу. Моссовет театрында иштеп калгандыгынын себеби анын көркөм жетекчиси жана башкы режиссеру Юрий Завадский сталиндик сыйлыктарды ыйгаруу боюнча комитеттин председатели эле. Ал Асанкан опера — балет театрында башкы дирижер болуп турганда сыйлыкка көрсөтүлгөн. Көл боюнда операсын көрүп тандап алууга Фрунзеге келип калат. Комиссия спектаклди жактырат. Бирок кол койдуруш үчүн Сталиндин алдына келээрден мурда боло турган лауреаттардын тизмеси Хрейниковдун колуна тийет. Ал анда СССР композиторлор союзунун председатели, СССР Жогорку советинин депутаты, Власов менен мамилеси жаман экен, ал тизмедеги Власов, Фере, Кийизбаева, Куттубаев, Малдыбаев, Жумакматов деген фамилияларды сызып таштайт. Анын үстүнө бири-биринин үстүнөн жазган кыргыздардын арызы столунда жаткан.

Ошол күндөрдө Завацкий Жумакматов койгон «Русалканы» көрүп, суроо берип, келечек пландарына кызыгат. Асанкан «Окуумду улантсамбы», деген оюн айтат. «Эгер консерваторияга кире турган болсоңуз, Моссоветтин театрына келиңиз, мен сизди кызматка алам», дейт. Ошентип Асанкан Москвада окуп да, иштеп да калат. Моссовет театрында 60 кишиден турган оркестр болгон жана Сошальская, Морецкая, Серова, Орлова, Мордвинов, Михайлов, Плятт, Абдулов, Яковлев, Стриженов сыяктуу улуу артисттер менен бирге иштегем.

Кыргыз искусствосунун 2-Декадасынын алдында, 1955-жылы, согуштан мурда башталган, союздук республикалардын статусуна ылайык опера жана балет театрынын имаратынын курулушу бүттү. Асанкан эң жакшы баалар менен консерваторияны аяктап жатканда, аны экинчи декаданын музыкалык жетекчиси кылып дайындашат. Декаданын чордону «Токтогул операсы» болду. Театрдын тарыхында бир эмес төрт «Токтогул операсы» жазылган. Биринчи «Токтогулду» Москва консерваториясынын профессору Веприк согуштун алдында жазган. Экинчи «Токтогулду» Веприк менен Малдыбаев жазып, ал 1949-жылы коюлган. Үчүнчү «Токтогулду» Малдыбаев менен Абдраев жазып, 1956-жылы көрсөткөн. Акыры, төртүнчү «Токтогул» Власов, Малдыбаев, Фере деген авторлор трио аркылуу максатына жетти көрүнөт. Бирок, Асанкан аны Москвалык көрүүчүлөргө ылайыктап музыкалык материалдарын да, либреттосун да кыскартып, компактуу спектакль кылгандан кийин гана декадалык репертуарга кирген.

Токтогулду Чодронов эмес, Мырзабаев ырдай турган болгондо, ал Москвада мас болуп дирижёр Асанкан Жумакматовду «Жайлаймын» деп издей баштаганда, аны спектакль бүткөнчө камап коюшкан. Малдыбаев «Керимбайды өзүм үчүн жазгам, мен аткарам», дегенде, «Сиз лирикалык тенорсуз, Күлчоросуз, Сыргаксыз, Ленскийсиз, а Керимбай орой, аны драмалык тенор Токтоналиев аткарат. Сиз өкмөттүк ложада сый-урматка бөлүнүп, композитор Хренников менен отура бериңиз», десе, «Сен байманаптын тукумусуң, кайра айдап кирем, партиядан чыгартам», деп опузаланган Малдыбаев.

Мындай окуялар театрда көп болот. «Аида» операсында С.Кийизбаеванын үнү жетпей, «до» нотасын ала албай калганда, «бул партияны Сатаевага бериңиз. Аида эфиоп падышасынын 18 жашар кызы, сиз элүүдөсүз, семирип да кетипсиз, спектаклди кулатасыз, сиз режиссерлукка өтүңүз» десе, «Жок, мен сахнада ырдап жатып өлөм, дайым биринчи болуп келгем», — деп үнү жарабай, өзү карып калганына карабай министрге арызданып барып, Жумакматовду иштен чыгарткан. Жумакматов Кыргызстандан кубаланып, Азербайджанга кеткен. Россия менен Кыргызстандын кошулгандыгынын 100-жылдыгына карата Жумакматовду Азербайджандан чакыртып алып кыргыз өкмөтү кечирим сурап, эл аспаптар оркестрине башкы дирижер кылып дайындаган. Асанкан иши жакшы жүрбөй калган оркестрди жолго коюп, Токтогулдун, Мураталынын, Ниязалынын, Карамолдонун, Ыбырайдын, Атайдын элүүдөн ашык күүлөрүн иштеп чыгып, оркестрге салган.

Кыргызга мурда тааныш эмес, ары жаңы, ары татаал өнөрдү өздөштүрүп, дүйнөлүк аренага алып чыккан Асанкан Жумакматов 1923-жылы 16-июлда Ысык-Ата курортунда Ак-Сөөк болуштун үйбүлөсүндө туулган. Атасы азыркы Ысык-Ата, Чүй, Ивановка, Кант аймагына караган Солто уруусунун бир канатын бийлеп турган. Совет бийлиги орнолгондо атасын кулакка тартып, Сибирге айдап, Асанканды энеси, бир туугандары менен Украинага сүргүндөгөн. Асанкан Украинадагы жетим балдар үйүндө тарбияланып, жакшы окуп, украинче, орусча үйрөнүп, грамота менен сыйланып, Одессага барган. Айдалган аксакалдардын арасында Анвар Куттубаеванын атасын, Жаңгарач-бийдин баласын кайрадан абакка салып, атып жиберишкен. Анвар Куттубаева жөнүндө «менин тагдырымды оркестри» деген китебинде Жумакматовдун жазганы бар:

«Бүгүнкү күндө мени бир өкүнүчтүү сезим кыжаалат кылып, кыйнап жүрөт. Биз кыргыздын театр өнөрүнө Анвар Куттубаеванын сиңирген эмгегин баалай албадык. Улуу актриса Анвар Куттубаева эч качан өзүн көрсөтчү эмес, ал каармандын дал өзүнө айланып аткарган ролго толук бойдон сиңип кетчү. Аялда кандай берилгич, назик, жароокер касиеттер болсо, ал ошонун баарын өзүнө сиңирип образга берилип кирген актриса эле. Жылдызы жанып турганда Анвардын атагы бардык артисттерден артып турган. Ал бир нерсе сурап чоңдордун алдына барган эмес. Адептүүлүгү, жупунулугу, сулуулугу, алсыздыгы искусстводо жөөлөшүп, өзүнө жол салган шылуундардын алдында мажирөөлүк кылды. Анвар эч кимге билинбей элүү жаштан өтүп бул дүйнөдөн кете берди».

Театрдын музыкалык жетекчиси катары маэстро Жумакматов адилет пикирин айткан. 1939 — жылы Анвар Куттубаева Ленин ордени менен сыйланып,Кыргыз Республикасынын эл артисти деген ардактуу наамга татыктуу болгон.Декаданын соңундагы корутунду концерттен кийинки банкетте Анвар Куттубаева Сталиндин жанында отурган.Мында партиянын бурят-монгол ишмеринин кызынын окуясы башкачараак кайталанган.Бурят кызын көтөрүп,күлүмсүрөп турган Сталиндин сүрөтү газеталарга басылып,бүткүл өлкөнүн көңүлүн бурган.Саал мурдараак анын атасын да,энесин да Сталин аттырып салган. Так ошо сыяктуу Украинага айдалган Анвардын атасы Келдикке, уулу Акматты да аттырып салып,анан анын кызын Сталин эркелетип отурган.Сталиндин кескин карама-каршы жактары ушунда эле.

Асанкан Жумакматов опера жана балет театрында үч мертебе он жылдан отуз жыл иштеди,филармонияда эл аспаптар оркестринде үч жолу иштеп,аны бийик профессионал деңгээлге көтөрүп, дээрлик дүйнөнүн көп өлкөлөрүн кыдыртты.Акыры Кыргыз телерадио компаниясынын симфониялык оркестрин башкарып турганда,атайын ооруканадагы медициналык персоналдардын кайдыгер этиятсыздыгынан күтүлбөгөн кырсыктан каза болду.

Симфониялык оркестрдин,эл аспаптар оркестринин репертуарын айтпаганда да, Асанкан Жумакматов жалаң гана кыргыз опера жана балет театрында элүүдөн ашык чоң спектаклдерди койгон.Өлкөнүн эң мыкты деген он театры менен ат салышып, ал «Евгений Онегин», «Борис Годунов», «Князь Игорь», «Кармен», «Фауст», «Дон Карлос», «Аида», «Риголетто», «Отелло», «Русалка», «Пиковая дама», «Петр 1», «Черевички», «Мефистофель», «Ромео менен Джульетта», «Томирис», «Бул жердин таңы бейкут», «Аршин мал алан», «Көл боюнда», «Ак шумкар», «Жамийла», «Саманчынын жолу», «Алтын көкүл», «Айчүрөк», «Ажал ордуна», «Алтын кыз», «Чолпон», «Ким кантти» сыяктуу ири опера-балеттерди жүзөгө ашырган.Эгер Асанкан Жумакматов болбогондо,опера-балет театры бүгүнкү күндөгүдөй бардыгынан кол жууп,жетимсиреп,аңгырап турат беле,ким билет.

Эрнис Турсунов, Кыргыз Эл акыны,
«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 25.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий