Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев: Кыргыз тилинин келечеги кең, түбөлүгү түз болсун

Улук болсом- тилим менен улукмун,
Улут болсом -тилим менен улутмун!

Эсенгул Ибраев

23-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгына 20 жыл толушуна арналган салтанат болуп өттү. Салтанатты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Ташбоо Жумагулов ачып, куттуктоо сөздү Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевге берди.

Мамлекет башчысы кыргыз тилинин кадыры бул күндү майрамдоо менен эле чектелиши керек эмес экендигине басым жасады. Президент «Кыргыз тили — үч миллион элдин гана тили, анын кудурети күндөлүк тиричилик менен эле чектелет» деген пикир туура эмес деген оюн айтты. «Манасты» окугандар бул тилдин кудурет-күчүн мыкты билсе керек. Түрк тилдүү дүйнө тиягы Алтай, Хакасиядан тарта, биягы Анадолу аралына чейинки кең мейкиндикти ээлеп жатат. Бери дегенде 100 миллион адам түрк тилдеринде сүйлөйт. Демек, кыргыз тили башка түрк тилдериндей эле ушунча кеңири мейкиндикте орток тил кызматын аткара алат. Кыргыз тили аркылуу бүтүндөй түрк цивилизациясын, маданиятын, салтын үйрөнүү мүмкүн», — деди К.Бакиев.(Президент К.Бакиевдин сөзү гезиттин ушул санына толук берилди).

Жыйында Курманбек Бакиев мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө зор салым кошкондугу үчүн Ташбоо Жумагуловго «Даңк» медалын, Улуттук комиссиянын кызматкерлери Дилдебек Андашевге «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» ардактуу наамын, Мейманжан Жээналиевге Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасын тапшырды.

23-сентябрь Президенттин жарлыгы менен расмий түрдө Мамлекеттик тил күнү деп жарыяланганы майрамдын шаңын көтөрдү. Мамлекеттик тил майрамына арналган бул 20 жылдык маараке салтанатта коңшулаш Казакстандан келген өкүл Эргул Шаймерден, кытайлык кыргыздардан белгилүү окумуштуу Макелек Өмүрбай, АКШнын Индиана штатынын университетинин профессору Уильям Форстор (бул жаран кыргыз тилинде сүйлөдү) куттуктоо сөз сүйлөп, кыргыз тили дүйнөлүк адабияттын көркөм кенчтеринин алпы «Манасты» жараткан улуу тил деп атап, түбөлүктүү келечегине жакшы тилектерин билдиришти.

Салтанаттын соңунда кыргыз искусство чеберлеринин чоң программадагы концерти белгилүү төкмө Замирбек Үсөнбаевдин саламдашуусу менен башталып, концерт башынан аягына чейин улуттук сөз өнөрүн даңазалоо менен өттү.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, «Кыргыз Туусу»

Урматтуу бүгүнкү иш-чаранын катышуучулары!
Азиз мекендештер!
Кыргызстандын көз карандысыздыгына карай жолубуздун башаты эне тилибизди жоголуудан коргоп калуу кыймылынан башталганы белгилүү. Өткөн кылымдын 80-жылдарынын аяк ченинде бул чаржайыт кыймыл зор коомдук күчкө өсүп жетип, кыргыз тилинин мамлекеттик даражасын мыйзам түрүндө бекитүүгө жетишкен.

Дал ошол мезгилде элибиздин улуттук аң-сезими тез жетилип, улуттук мамлекеттүүлүктүн пайдубалы түптөлө баштаган. Ал кыймылдын башатында турган уул-кыздарыбызга бүгүн дагы бир жолу таазим этсек туура болот. Ушул өткөн жылдар ичинде Кыргыз мамлекетинин жаңы тарыхы жазылып келди. Бүгүн да анын жаңы барактары ачылууда. Өткөн-кеткенге, бүгүнкүбүзгө кандай гана баа бербейли, бири-бирибизге канча акаарат айтпайлы, биз — алакандай элбиз. Биз өз мамлекетибиздин түндүгүн көтөрүп, анын келечегин аныктап жатабыз. Жыйырма жыл ичиндеги биздин улуу жетишкендигибиз мына ушунда. Манастын урпактарынын бул дүйнөдө орду болгон, боло берет жана ал ордубузду эч кимге бербейбиз, эч качан жоготпойбуз!

Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынышынын 20 жылдык салтанатына келер алдында мен 23-сентябрды Мамлекеттик тил күнү деп жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койдум. Мындан ары бул күндү баарыбыз — кыргыздар жана башка бардык улуттар жалпы элдик майрам катары ырасмий деңгээлде майрамдамакчыбыз. Ошол эле кезде, урматтуу мекендештер, кыргыз тилинин кадыры 23-сентябрда майрамдоо менен эле чектелиши керек эмес деген ойдомун. Мамлекеттик тил күнүмдүк коомдук, саясый, экономикалык жана маданий турмушта негизги байланыш каражаты катары колдонулушу керек. Биз бул тилекке сөзсүз жетебиз, анткени бизде эрк да, каалоо да, жалпы элдик колдоо да бар.

Албетте, ааламдашуу процесси чакан улуттардын тилине, маданиятына жана салттарына залакасын тийгизүүдө. Бул кайталангыс кенчтин жана мурастын бир четинен жоголуп жатышы дүйнө коомчулугун санаага салып жаткан чагы. Анткени, мындай кубулуш цивилизацияны бөксөртүп, дүйнөлүк маданий казынаны курутат. Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов тилибиздин тагдырына, келечегине өмүрүнүн акырына чейин күйүп өттү. Ааламдык масштабда ой жүгүрткөн улуу инсаныбыз майда улуттардын тили менен маданиятына кайдыгер мамиленин аягы келип, жалпы адамзаттын руханий жакырдануусуна жана кризисине алып келерин дайыма айтып да, жазып да келген эле. «Манастай» улуу эпосту дүйнөлүк маданий казынага берген кыргыз тили жоголууга тийиш эмес. Биздин керемет тилди кемитпей сактоо, аны байытуу — азыркы муундун ыйык парзы жана милдети. Бул ой эч кимде талаш да, күмөн да туудурбашы керек.

Кези келген соң айта кетейин. Кыргыз тили үч миллион элдин гана тили, анын кудурети күндөлүк тиричилик менен эле чектелет деген сөздөр чындык эмес. Манасты окугандар бул тилдин кудурет-күчүн мыкты билсе керек. Глобуска көз таштап көрүңүздөрчү — түрк тилдүү дүйнө тиягы Алтай, Хакасиядан тарта аягы Анадолу аралына чейинки кең мейкиндикти ээлеп жатат. Бери дегенде 100 миллион адам түркий тилдеринде сүйлөйт. Демек, кыргыз тили башка түркий тилдериндей эле ушунча кеңири мейкиндикте орток тил кызматын аткара алат. Кыргыз тили аркылуу бүтүндөй түрк цивилизациясын, маданиятын, салтын үйрөнүү мүмкүн . Негизи эле түркий тилдери кыргыз тилинен башат алганын эске сала кетейин.

Пользуясь случаем, уважаемые соотечественники, хочу подчеркнуть, что искренне заблуждаются те, кто думает, что ареал кыргызского языка ограничивается границами нашего небольшого государства. Кыргызский язык, так же, как и все другие тюркские языки, может служить инструментом отношения со всем тюркоязычным этносом, с более чем 100 миллионным его населением. Ведь тюркоязычный мир простирается от просторов Хакасии и Алтая до Анадолийского полуострова. Посредством кыргызского языка любой из вас без особых проблем может общаться, скажем, с татарином или узбеком, казахом, азербайджанцем или туркменом. Это, что называется, информация для размышления…

Урматтуу мекендештер!
Эми мамлекеттик тилдин азыркы абалына жана келечегине байланышкан бир катар ойлорумду ортого салайын. Быйыл жай башында «Көчмөндөр цивилизациясы жана келечек» деген аталыштагы концепцияны жарыялаган элем. Анын алкагында элибиздин маданиятын, тилин, ата салттарын жандандыруу жана өнүктүрүү жагдайлары каралган. Максатыбыз — ааламдашуу толкунунан биздин улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү, биринчи кезекте байыркы тилибизди калкалап калуу.

Ал үчүн эмне жасоо керек?

Биринчиси. Мен ар бир айылга интернет киргизүү тапшырмасын өкмөт алдына койгом. Бул маселе күн тартибинен далайга чейин алынбайт жана такай менин көзөмөлүмдө болорун эскертемин. Интернетти канча тез ар бир айылга киргизе алсак, өнүгүүбүз ошончо бат алгалайт эле. Тилекке каршы, интернетти кыргызчалоо жагы азыр аксап турат. Бирин-экин өз алдынча аракет жасаган азаматтарды айтпаганда, интернетти кыргызчалоо боюнча мамлекеттик деңгээлде иш жүрүп жатат деш кыйын. Кыргыз тилинде сапаттуу электрондук продукция чыгарбай туруп, тилибиздин келечегине пайдубал түзө албайбыз. Өкмөт бул тапшырманы бир да күн көз жаздымынан чыгарбоого тийиш.

Кийинкиси. Кыргызстан мамлекет катары күн сайын ирденип баратканы чындык болуп калды. Быйыл болсо эл аралык алака-катыштарда ордубуз бекемделип, зоболобуз өстү.

Ошого жараша дүйнө коомчулугунун Кыргызстанга кызыгуусу артып жатат. Демек, биздин тыш дүйнө менен дипломатиялык, саясый, соода- экономикалык, маданий мамилелерибиз өсө бермекчи. Демек, келечекте бизге кыргыз тили менен катар кытай, немис, араб, жапон, француз, испан тилдерин суудай билген адистер керек болот.

Бара-бара ырасмий деңгээлде документ алмашуулар, сүйлөшүүлөр мамлекеттик тилге которулмакчы. Бул жөн эле кыял эмес. Жакынкы келечекте жок дегенде Улуттар уюмунун негизги тилдери менен кыргызча сүйлөшүүчү күн да келет деп ишенем. Ошентип, аталган тилдерден кыргызчага, кыргызчадан ал тилдерге синхрондуу которо алган адистер, тилмечтер талап кылынары турган иш.

Бизде педагогикалык багыттагы окуу жайлары жана факультеттер аз эмес. Эми алар өлкөбүздүн келечегине кенен сереп таштап, эртеңки күнү талап кылына турган адистерди даярдоого жүз бурушса, туура болор эле. Бул иш дүйнөлүк тилдерде кыргызча сүйлөшмөлөрдү, көркөм адабияттарды интернет жана электрондук жол менен, окуу борборлору аркылуу жайылтуу менен бекемделүүгө тийиш.

Урматтуу салтанаттын катышуучулары!
Кыргыз тилине мамлекеттик камкордук чынында биз каалагандай деңгээлде боло албай жатат. Муну моюнга алуу абзел. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей, объективдүү себептер болуп келди. Буюрса, экономикабызда жандануу башталууда, биз мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө каралган каражаттын көлөмүн көбөйтүүгө аракет жасай баштадык.

Калк аралаган кезде, эл менен жолугушканда мамлекеттик тилге айрыкча жогорку чиновниктер кош көңүл мамиле кылып жатканы тууралуу адилет сындар айтылат. Андан тышкары, мамлекеттик тил мыйзамынын башкаруу органдарында, башка жерлерде аткарылышы боюнча да дооматтар арбын. Мыйзам демекчи, жер-жерлерде, жеке менчик жана коомдук мекеме-уюмдардын иш кагаздары дээрлик мамлекеттик тилге которулду. Кыргыз калкы басымдуулук кылган аймактарда бул маселе оңой жолго салынды. Башка тилдүү мекендештерибиз аралашкан жерлерде аздыр-көптүр талаш-тартыштарды, түшүнбөстүктөрдү жаратууда.

Менин көз карашымда, тил маселеси — бул коомдук карым-катнашта өзгөчө бир адепти жана сыпаалыкты талап кылган чөйрө. Бул жерде жалаң мыйзамдын, буйруктун күчүнө таянуу менен ийгиликке жетүү кыйын экенин ошол эле жыйырма жылдык тажрыйбабыз көрсөттү. Күчтөө же кыстоо жолу, айталык, сен эмне мамлекеттик тилди билбейсиң деп талап кылуу — конструктивдүү да, адамгерчиликтүү да жол эмес. Биз мойнунан байлап эмес, өз каалоосу менен, ниетин таштап үйрөнүүгө өбөлгө түзө алсак гана майнап чыгат.

Бир эле мисал. Дүйнөдө тилди бала бакчадан тартып окуткандан өткөн майнаптуу жолу болгон эмес. Наристенин дүйнөсү тунук, кооз нерсеге дароо үзүлүп түшөт. Демек, сыртын көргөндө эле өзүнө тартып алгыдай кыргызча жомок китептер, журналдар керек. Менимче, бул жагынан биз мактана албайбыз. Же болбосо, башка улут өкүлдөрүнө кыргыз тилин окутуунун ийкемдүү, оригиналдуу мамлекеттик стандартын сунуш кылып жатабызбы? Буга да оң жооп табарыбыздан күмөн санап турам. Кыргызча көркөм адабияттардын, окуу китептеринин тартыштыгы болсо оор маселе бойдон келатат.

Мына, мамлекеттик тил боюнча комиссиянын иштей турган мейкиндиктери. Дегинкиси, аталган комиссия мамлекеттик тил мыйзамдары менен токтомдору кандай аткарылып жатканына көз салуу менен бирге тилди өнүктүрүүнүн стратегиясына жогоруда айтылгандай, интернет аркылуу жайылтуу, тил окутуунун заманбап усулдарын жана ыкмаларын сунуш кылуу жагына көңүлүн топтой турган мезгил келди деп ойлоймун.

Негизи дүйнөлүк тажрыйбада тилге байланыштуу мыйзамдар дароо шайма-шай иштеп кеткен эмес. Андай мыйзамдар кээде ондогон жылдар барып анан үзүрүн берген. Тил боюнча мамлекеттик саясатты сабырдуулук менен, тең салмакты кармоо менен жүргүзүү керек.

Мамлекеттин уюткусун түзгөн улут катары биз — кыргыздар терең билимибиз, интеллектибиз, бай маданиятыбыз, иштермандыгыбыз жана жүрүм-турумубуз менен башка мекендештирибизге үлгү болуп, өз ичибизге тарта алганда гана алар тилибизди кадырлап, салт-санаабызды сыйлайт деп ойлойм.

Кадырман калайык-калк!
Мен бүгүнкү иш-чарада кыргыз тилинин тазалыгы, аны кыргыздар өзүбүз кадырлап жатабызбы-жокпу, ошол туурасында өзгөчө сөз кылууну чечтим. Кеп чынынан бузулбайт дегендей, эне тилибизге биринчи кезекте дал өзүбүз — кыргыздар жоопкерсиз мамиле жасап жатканыбызды моюнга алалы. Айрыкча шаар жаштары арасында эне тилин өгөйлөө көрүнүшү орун алып баратканы баарыбызды катуу ойлонтууга тийиш. Мында эне тилин жериген жаштар эмес, биз — чоңдор айыптуубуз. Бул улуу муундун ата салтына, эне тилге болгон мамилесинин күзгүдөн чагылышы, урпактарыбызга берип жаткан тарбиябыздын ачуу мөмөсү.

Өзүбүз тилибизди жакшы билбей туруп, же туура сүйлөбөй туруп, же ага текебер мамиле жасап жатып, кантип башкалардан мамлекеттик тилди үйрөн деп талап кыла алабыз?

Жалпыга маалымдоо каражаттарында эне тилдин көрөңгөсү куруп баратканы кабатыр кылууда. Аталыштар, терминдер, түшүнүктөр ар бир гезитте ар башкача жазылып, көпчүлүктүн башы маң болуп бүттү. Радио менен теледе түшүнүксүз сөздөр менен сүйлөмдөрдөн баш адашат. Биздин адабий тилдин чен-эрежелерине ким көз салып, ким тескейт деген суроо туулат. Менчик түрүнө карабастан, бардык жалпыга маалымдоо каражаттары эне тилдин тазалыгы үчүн моралдык жоопкерчилигин сезүүсү керек, башкача айтканда, журналисттер, кабарчылар, алып баруучулар эне тилибиздин тазалыгы үчүн абийири менен жооптуу.

Дагы бир орчундуу жагдай. Биз мамлекеттик тилди терең билүү жана кеңири жайылтуу жагын айтуу менен башка дүйнөлүк тилдерди унутууга акыбыз жок. Мамлекет башчысы катары мени, мисалы, айрыкча айылдарда орус тилин тумалак билбей калган жаштардын келечеги кабатыр кылууда. Алар дүйнөлүк жаңылыктарга, жетишкендиктерге кантип аралашат, Орусияга, андан ары Европага барышса кантишет?

Кезинде Кыргызстанда кош тилдүүлүк саясаты тууралуу сөздөр жүргөн эле. Азыркы ааламдашуу заманы көп тилдүүлүктү талап кылууда. Чоң региондор менен рыноктордун кесилишинде жаткан Кыргызстанда орус тили менен кошо англис, кытай, жапон, перс, араб тилдерин үйрөнүү зарылдыгы туулду. Эгер биз бул тилдерди билбесек, анда дайыма башкалардын көзүн кароого мажбур болобуз. Негизи көп тил билүүнүн экономикалык пайдасы менен кошо руханий байлыгы да бар эмеспи. Канча тил билсең — ошончо адамсың деп тегин жерден айтылбаса керек.

Өлкөнүн уюткулуу улуту болгон соң, кыргыз элине башка улуттук тилдерге камкордук көрүү озуйпасы да жүктөлгөн. Көп улуттуулук — Кыргызстандын байлыгы, энчиси. Демек, ар бир тилдин, салттын сакталышына айкөлдүк менен шарт түзүү — кыргыз калкынын парзы.

Биз өлкөбүздү жаңылоо боюнча биринчи кадамдарды жасап баштадык. Бул демилге коомчулуктун кеңири колдоосуна алынат деп ишенем. Жаңылануу бул бир гана бийликке керек эмес. Ар бир жаран, ар бир үй-бүлө жаңыланууга умтулмайын, биз алга илгерилей албайбыз. Жаңылануу — бул жандүйнөнү, өз ара алака-катышыбызды, күндөлүк турмуш-тиричилигибизди жаңылоо дегендик.

Мен өлкөбүздү байырдаган бардык улуттар кыргыз калкынын айланасында биригет, кыргыз маданияты жана тили ынтымактын жана биримдиктин каражаты болуп кызмат кылат деп ишенем. Тегине, улутуна карабай, бардыгы «Кыргызстан — менин мекеним!» деп сыймыктанарына мен ишенем.

Ылайым баарыбыздын кенчибиз, бабалардан калган ырыскыбыз болгон кыргыз тилинин келечеги кең, түбөлүгү түз болсун.

«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 25.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий