«Манас» жана Чыңгыз

Ал аңгемесинин аты «Кайрылып куштар келгиче» деп аталган. Чыгармада Эламан аталган манасчынын образы ачылып, анда «эл өзүнүн тарыхый тагдырын, келечек өмүргө болгон укугун кандайча аңдап билиши, түшүнүшү туурасында айткым келет» (караңыз, 8-том, 228-б.) деген башкы ой менен, «Манас» эпосу кыргыздардын эмне үчүн руху болуп калганын, манасчынын акылман аракети аркылуу ачууну көздөгөн. Аңгемеде Эламан манасчы түшүндө «ак боз ат минген алп адам…» көрөт. Дагы бир «сакалы аппак, көкүрөгүнө түшкөн» адам аны сооротуп, нускоо берип, олтурган адам эмне иштесе, ошону иште дейт экен. Ошондо караса, Койчуман агасы «Манас» айтып отурган болот, ал да анын жанына барып жанаша отуруп «Манас» айтып калат. Мындай түш көрүп «Манас» айтуу бардык эле чоң манасчылардын «Манас» үйрөнүү жүрүшүндө айта келген даяр мотиви эле. Чыңгыз Айтматов аны түз эле өз чыгармасында колдонгон. Кадыресе, ал манасчынын атасы болгон кейипкерине түш жорутуп, «Манастын» жомок башын тааныштырган болуп, «Манастын» Чыңгыз айтымын (вариантын) жаратканын ушул чыгармасынан бир кертим көрө алганыбыз баарынан нарктуу болуп тургансыйт. Анда, «Чыңгыз айтымынын» «Жомок башын» толук окуп көрөлү:

Ошол күндөн ушул күн,
Төккөн кумдай күн өттү.
Түгөнбөс нечен түн өттү,
Эсеп жеткис жыл өттү.
Сай ташындай жан өттү,
Канаттагы кан өттү.
Сыр найзалуу эр өттү,
Санжыргалуу шер өттү.
Аты калып, наркы жок,
Эчен түрлүү эл өттү.
Ошол күндөн ушул күн,
Коо бузулуп сай болду.
Асты — үстүнө айланып,
Сай бузулуп тоо болду.
Тоо бузулуп коо болду,
Калдайып жаткан бул жердин,
Кайсы жери соо болду.
Ошол күндөн ушул күн,
Деңиз кургап чөл болду,
Чөл бузулуп көл болду.
Түз бузулуп төр болду.
Чокусу көктү тиреген,
Тоо бузулуп саз болду.
Жер бетинде элдерден,
Көп чайпалып аз болду, — дейт (караңыз, «Чыңгыз Айтматов», 1-том, 470-б., Кыргызстан, «Шам» басмасы 1999-жылкы басылышы). Бул Чыңгыз айтымындагы «Манастын» үзүндүсү. Мындан көрүнүп турганы, Чыңгыз Айтматов «Манас» эпосуна өзү түз катышып, «Манасчылык» өнөрдү да өздөштүргөн, бул улуу чыгармага өз айтымын кошуп калган киши катары таанысак жаңылышпайбыз. Ал тургай, апыртуураак айтсак, Чыңгыз Айтматов «манасчы» болгон деп, манасчылар тизмесинде атасак да, эч кимдин айыңдоосуна калбайт кептенебиз.

Чыңгыз Айтматовдун дагы бир чыгармасы «Манас атанын ак кар — көк музу» деп аталат, бул атайын жазылган очерк болуп, мында өзүнүн туулуп өскөн жери — Талас, Манас ата жердеген ыйык жер экени менен сыймыктанат. Манас ата мында Аккула аты менен бастырып жүргөн, чалгында кароол караган тоону кадимтен «Манас тоосу» деп аталып келгенин чыгармасында мындай баяндайт: «Кезинде Аккуласын алкынтып ушул чокуга чыккан экен эр Манас, дагы кайдан жоо келип калбасын деп, туш тарапка көз чаптырып турган экен ушул бийиктикте эр Манас», — деп (караңыз, «Чыңгыз Айтматов», 3-том, 280-б., «Бийиктик» басмасы). Талас жергесинин оорагын Манас атасы менен көтөрүп айткан, ал жердин ыйыктыгын Манас баскан — турган жер катары көрсөткөн.

Майнаптай айтканда, Чыңгыз Айтматов «Манас» жомогун чыгармаларынын рух түркүгү кылып, ал жеткен ойлордун учугун андан ары улап, «Манастын» адамзатка калтырган улуу касиеттерин, каармандарынын ички дүйнөсүн азыркы замандын баян күчү, көркөм айтуу курбатына салып жаңы ачылыштар менен ачып берген. Ал эпосту чыгармачылык чоң курбат менен кеңейтип, өзүнүн чыгармаларында кыргыздын кылымдан келе жаткан улуу оюн ого бетер улуулатып салды. Чыңгыз Айтматов «Манастын» кадырына абдан жеткен киши, аны өз сөзү менен айттырсак, бир кабарчы: «Манас» эпосун укканда ыйлаганыңыз барбы?» — деп сураганда: «Манасты» укканда ыйлабаган кыргыз болбойт», — деп чечкин эле айткан (караңыз, «Манас» энциклопедиясы, 1-том, 47-б.).

«Манас» жана Чыңгыз аталган бул макаланын башталышында айткандай, тек экөөнүн байланышына ой салуу максатында, абдан тайыз айтып бүткөнү калдык. Тегинде, «Манастын» Чыңгыз Айтматов чыгармаларындагы таасирлерине бекем тикчийип отуруп, адабияттык дарамет топтоп айтууга туура келет болчу. Себеби, ал эки улуу чыгарманын теги — түбү байланышы жалпы эле кыргыз адабиятынын өсүү жолун айтып чыгууга барып такала турган оор жумуш. Бул оор жумушту мындан ары ар кимибиз алгоолошуп көтөрүүгө милдеттүүбүз. Ал эми «Манас» жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында деген карашты майнаптоодо биздин сөздөн көрөк, алп жазуучунун өз сөзү менен бүтүрсөк ынанымдуу болот деген ойго келдик, ал киши эпосту чыгармаларында кандай пайдаланганын мындай айтыптыр: «Мен эпос жөнүндө дайыма ойлоном. Бул — элдик акылмандыктын жараткан көп кырдуу, көп катмарлуу чыгармасы. Бирок, мен аны өз чыгармаларымда жөн эле пайдаланбастан, өздөштүрүлгөн түрүндө пайдала-нууга аракеттенем.» (караңыз, «Чыңгыз Айтматов», 8-том, 253-б., «Бийиктик», 2008-жыл).

Макелек Өмүрбай уулу КАРМЫШТЕГИН,
Шинжаң «Тил жана Котормо» журналынын жооптуу
редактору,
профессор,
филология илимдеринин доктору
«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 25.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий