Манасчы «Семетейин» элге сунат

Кыргыз Республикасынын эл акыны, белгилүү манасчы Уркаш Мамбеталиев өз варианты боюнча «Семетей» эпосун кагазга түшүрүп, атайын китеп кылып чыгаруунун үстүндө чымырканып иштеп жүргөн учуру. Чыгармачыл инсан эмеспи, чечекейи чеч болуп редакциябызга сүйүнүч айтып келиптир. Биз да сүйүндүк. Китепке жазылган баш сөздү окурмандарга эртерээк жеткирели дедик. Артынан китептин бактысы ачылып, чыгып калаар деп манасчы агабыздын кубанычын бөлүштүк.

Окурманга тартууланып жаткан Мамбеталиев Уркаштын «Семетей» эпосунун варианты биз көнүп калган оозеки айтылган текст эмес, тескерисинче манасчынын өзү көгөрө кагазга түшүрүп берген жеке эмгегинин жыйынтыгы.

«Семетейдин» бул айтымда жазылган варианты манасчынын экинчи толукталган басылышына жатат. Биринчи басылышы 1994-жылы «Манастын» 1000 жылдыгына арналып, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Адабият жана искусство институтунун жардамы менен жарык көргөн.

Белгилүү манасчы ушул эмгегине чейин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында солист-манасчы болуп иштөө менен кыргыз искусство чеберлери менен «Манас» эпосун таанытууда дүйнөнүн көп жерлеринде болгон. Мына ушундай чыгармачылык эргүү менен эмгектенүү мезгил өткөн сайын Уркаштын айтуучулук шыгын толуктап, курчутуп, тереңдетип, акырында аны жыйынтыктоого түрткү бергендей байкалат. Ушул жагдайдан алып караганда, көркөм чыгармачылык менен автордун ортосундагы байланыштарды байкап көрсөк «Манас» эпосунун өзүнө такатсыз тартып турган сыйкырдуу деми, сыйкырдуу күчү манасчынын тынчын алып, ички илхамын жандыра кылымдан кылымга өтүп келген, улам жаңырган муундардын турмуш-тагдырын өз ичине камтып, мезгил тереңдигинде катмарлап келген жомокко, өзүнүн үлүшүн чыгармачылык шыгын кошкусу келгендигинде го деп ойлойм. Кантсе да, жол боюнда чачылып жаткан ыр жоктой, Уркаш ушул отуз бир миң ыр сабынан турган көлөмдүү көркөм баянды жаратуудагы чыгармачылык эмгекке мезгилди шаштырбай, өзүнүн шыгын, мүмкүнчүлүктөрүн таразалап байкагандан кийин гана «Семетей» эпосунун өзү көптөн берки түзүүгө аракеттенген вариантын өз колу менен кагазга түшүрүп, окурмандардын сынына астейдил тартуулап олтурат. Эпосту өз колу менен жазуу салты Тоголок Молдо, Ыбрай Абдрахманов, Жусуп Мамайдан башталганын билебиз. Бул «Манас» айтуучулардын мезгилдери тарыхтын өзгөргөндүгү менен байланыштуу экени талашсыз. Эч кимге жашыруун эмес, кылымдардан бери карай өзүнүн руханий дүйнөсүн кыргыз акындары жана манасчылары бүгүнкү күнгө чейин оозеки түрүндө сактап келген. Азыркы цивилизациянын жана глобалдаштыруунун кысымы астында, материалдуу маданиятка жатпаган биздин оозеки маданият күчүнөн тайып, кыймыл-аракетин токтотуп баратканы, бул талашсыз чындык, ал жоюлуп, жоголуп кетүү коркунучуна келип такалды. Мезгилге байланыштуу биздин оозеки маданиятыбыздын тагдырына байланыштуу кээ бир манасчылар эпосту сактоо, муундардын байланышын үзүлдүрбөө жолдорун издеп, өз вариантын өз колу менен жазып жаратууга аракеттене киришкени байкалат. Белгилүү манасчылардын арасында ар түркүн жагынан төп келген (аткаруу жагынан да, жаратуу жагынан да) универсал манасчы сейрек кездешет. Мына ошондуктан, Сагынбай менен Саякбайдын заманы, мезгили, мууну артта калды, жаңы ушуларга теңдеш ай-туучуларды күтүү мезгилдин өзгөрүшүнүн себебинен мүмкүн эместигине ишенсе болот. Бирок, Улуу Сөздүн өзүнө тартуу күчү, сыйкыры, түгөнбөс табышмактуу сыры төмөндөбөйт, басаңдабайт, ал манасчынын жаңы тибин жаратууга негиз түзөрү күмөн туудурбайт (бул жөнүндө сөз өзүнчө болуу керек).

Ачык жана ишенимдүү аргумент катары Кытайдагы Жусуп Мамайды, биздеги Тоголок Молдо, Ыбрай Абдрахмановду жана бүгүн сөз кылып жаткан Уркаш Мамбеталиевди анын окуучусу Дөөлөт Сыдыковду (жазма түрүндө «Сейтектин» вариантын жараткан) атаса болот. Белгилүү го, улуу эпостун өзүндө айтылган Жайсаңды, Ырамандын ырчы уулун эске албаганда, адамдын эс-акылы сактап келген Келдибек менен Акылбек, Тыныбек менен Балык, Назар менен Дыйканбай ж.б. XIX кылымдагы манасчылардын династиясын түзөт. Булардын ар бири айтуучу, аткаруучу, ошондой эле жаратуучу. Ал эми ХХ кылымдагы манасчылардын классикалык тиби Чоюке менен Шапак, Тоголок Молдо менен Молдобасан, Сагынбай менен Саякбай, Мамбет, Шаабай менен Уркаш ж.б. жатат. Булар дагы Улуу Сөздүн улуу салтын уланткандар жана кайрадан жараткандар. Манасчылардын ушул классикалык тибине салыштырганда жазма вариантын өздөрү түзгөндөрдүн иштөө ыкмасы сөзсүз түрдө айырмаланып турат. Эң негизги өзгөчөлүгү ал дароо импровизацияланбайт, эл алдында аткарылбайт, демек эпосту оозеки түрүндө жаратпайт. Ал жазгыч акындар сымал кагаз жүзүндө иштейт, индивидуалдуу чыгармачыл процессти баштан өткөрөт, ал жаратып жаткан «Манаска» угуучу аудитория катышпайт, тескерисинче, ал жаратып жаткан «Манаска» редакторлук иш, башка варианттардын жана китептин таасири катышпай, кийлигишпей койбойт.

(Уландысы бар)

Рахима КЫДЫРБАЕВА, филология илимдеринин доктору,
КРУИАнын
мүчө-корреспонденти, профессор
«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 25.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий