Өнөр алды — кызыл тил

Элибиз илгертен кеп-сөздү баалап, барктап келген. «Өнөр алды — кызыл тил», «Удулу келгенде айтылбаган сөздүн атасы өлөт», «Бутунан жаңылган турат, сөзүнөн жаңылган турбайт», «Сөзүң өлгөнчө өзүң өл», «Жакшынын сөзү кепил, жамандын өзү кепил» деген сыяктуу не бир сонун макал-лакаптардан эле кыргызда сөзгө канчалык маани берилээрин түшүнсө болот. Илгери бүтүндөй уруулардын тагдыры чечилген чоң жыйын-курултайларда уруу башчылары сөзү түгөнүп баратканда же маанилүү кеп айттырыш үчүн чечендерди, кептин баркын билген сөзмөрлөрдү ортого бекеринен салышпагандыр. Себеби, орду, мааниси менен айтылган кепке калың журт муюп, ал эми таамай айтылган сөз таамай атылган октой тийип, каршылашы кепке жыгылган. Ошол эле өткөн жоокер заманда акылман-кеменгерлер, сөзгө чечендер элчиликке барып, эл тагдырын чечип, журтун калың жоонун чапкынынан аман алып калганы көркөм сөз казналарда айтылып эле жүрбөйбү. Азыркы кыргыз тилинин тагдыры өтө эле кейиштүү десем, аша чаппасмын. Буга мисалды кадам сайын тапса болот. Андыктан, майдаланып отурбайлы. Кеп башкада, атап айтканда кыргыз улутунун, анын тилинин мындан аркы тагдырында турат. Ушундан улам абройлуу эл аралык уюмдар кыргыз тили, анын артынан улуту да жок болуу алдында турат деп жок жерден добулбас какпагандыр.

Эмесе кеп башынан болсун. Азыр чоң-чоң китептер, бөйрөктүү журналдар чыкпай, чыкса да калың журтка жетпей калганда, сөзгө, маалыматка суусаган эл гезиттерге жулунуп, же жалаң телевизор тиктеп, радио тыңшап калбадыбы. Эми ошол гезиттердин, радио менен теленин тилин окуп-тыңшап, жан кашаят. Мисалы, «Агым» гезитинде «Султан мырзанын айтканына баам салсак, жумушунан четтетилген журналисттер ичкүйдүлүктөн улам гана сындашып, алар айтпаса эле котормо иштеринин мыктылыгында сөз жок сыягы…» деген мектеп окуучусунун сочинениесиндегидей чубалган чалмакей тантык сүйлөм жүрөт. Туурасы «Султан мырзанын пикиринде, эгерде эле жумуштан кетирилгенине ичтери күйгөн журналисттер тийишип сындабаганда, котормо иши мыкты бойдон экен да». Кыска-нуска, түшүнүктүү. А тигил сүйлөмдүн авторуна токтолсок, баягы эле «сынчынын сыңар өтүгү майрык» дегендей болуптур. Муну менен Султан Жумагуловду коргоп-жактайын дегеним жок. Ал деле жөндүү сынга муюп, кемчиликтерин мойнуна алып жүрөт.

Дагы бир мисал: соңку кездерде кыргыз маалымат каражаттарында «этникалык кыргыз», «этникалык казак», «этникалык тажик» деген келесоо сөз катышы кезиге калууда. Чындыгында «этникалык» деген сөз «этнос» термининин таандык мүчө улангандагы эле түрү. Ал эми «этнос» — бул «улут» дегенди билдирээрин университеттин дипломдорун алып жүргөн журналист-жазмакерлер билбей калышканына жол болсун. Демек, «этникалык кыргыз» деп тантыбай, «улуту кыргыз» деп жүргүлө, урматтуу кесиптеш дос-курбулар, иничектер. Башкалар го мейли, мен урматтаган эле аттуу-баштуу журналисттер, акын-жазуучулар сөздүктөрдү бир карап койгонго моюндары жар бербегени кейиштүү.

Дагы айтсам, Ак үйдөгү гана эмес, дегеле өлкөдөгү котормо ишинин азыркы абалы жалгыз бир кишинин колунда эмес. Бул иш жалпысынан билимдүү, сабаттуу колго алынууга өтө муктаж. Бүгүн жеке эле котормо, журналистика эмес, бардык тармактар сабаттуу адистерге суусап турат. Иштин маңызы, балээнин баары дал ушунда, атап айтканда сабаттуу адистердин, кесипкөйлөрдүн таңсыгында гана. Андыктан, муну обу жок саясатташтыруунун эч кажети жок.

Бирок, маданият, эне тил, кыргыз адабияты чөйрөсү түпкү реформага баарынан мурда муктаж болууда. Себеби, жылаңач патриотторубуз ач айкырык салып, «кыргыз тили мамлекеттик болбой жатат», «эне тилибиз жоголду, өлдү!» деп кокуйлагандай азыркы абал, дал ошол жалпы маданият, тил-адабият тармагын ээлеп алышып, же колдорунан эч нерсе келбей, же колунан келчүлөргө жол бербей, өзүлөрүнчө асып-сасып жаткандардын саясатынан улам түзүлдү. Дал ошондойлор азыркы муундун эне тилин бүгүнкүдөй кылып буруп, тантыратып, калжыраган алжыма грамматикага, түрмөнүн зөөкүр кебине сугарып гана эмес, мотурайган келечек муундун тилин, дилин, сабатын бузууда. Ошол асып-сасыган маданият, адабият чиновниктери өзүлөрүнүн жылымтыгын билдирбес үчүн көздөрүн аңтарып, оозунан көбүк чачып, кыргыз тилинин, маданиятынын азыркы коогалаң абалына башкаларды күнөөлөп, кыргыздарды башкалар менен кагыштыргылары келишет. «Атың чыкпаса жер өрттө» деген ушул белем.

Ошондой ортозаар кесиптеш, нары адабиятчы бир курдаш-курбум, мындан бир нече жыл мурда Ч.Айтматовдун көзү тирүүсүндө «Тавро Кассандрасын» кыргызчага котором деп оолугуптур. Же алына карасачы. Ошол кейпи менен Айтматовдун орусча философияга жык толгон «Кассандрасын» котором деп ээликкенине күйбөгөн жериң күл болот экен. Анан, ага тиши өтпөй, же котормодон жок, же өзүнүн дайыны жок, чыгарма туура үч жыл которулбай жатканына кабатырланган «Агым» ал курбума былтыр суроо узаткан эле… Муну менен узун-сабак макала, маани-маңызы жок аңгеме-дүкөн, супсак чыгармаларды жазгандын баары эле чыныгы журналист, адабиятчы же жазуучу боло албастыгын эскерте кетмекчимин. Ушундай кырдаалда жазуучулар бирлиги эки-үчкө бөлүнүп-жарылып, ортодо ит тытыш болуп жатканы, расмий жазуучулардын башчылыгы үчүн көптөн бери талаш-тартыш дагы эле аяктай электигине таң калбай эле койсо болот. Себеби, жазуучу атангандардын басымдуу көбү чала сабат чатакчыл журналисттер.
Баарынан да улуттук журналистиканын азыркы кейиштүү абалында журналисттер бирлиги өзүнүн мүчөлөрүнүн көкүрөгүнө Жогорку Кеңештин депутатынан да ашып түшкөн олчойгон кыпкызыл төш белги тагып койгонун кантесиң. Ошол төш белгини алып жүргөндөрдүн 90 пайызы «журналист» деген бийик наамга татыксыз болуп турса да.

Ошенсте да, көпкөк мөңгүдөн башат алган кашка суудай, же болбосо, жер түпкүрүнөн чыпкаланып сызылып чыккан мөлтүр булактай, Сагымбай менен Саякбайдын «Манасындагы» эне тил мухитиндей чалкыган, тоо суусундай буркан-шаркан түшкөн таза кыргыз тили бүгүн күүгүмдөнө баштаганына жүрөгүн өйүтө ойлонуп, кабыргасын кайыштыра катуу кабатырланган замандаштар бар экендиги үмүт отун тутантат. Ошолордун бири — адабият иликтөөчү, фольклорчу, эне тили үчүн чындап күйүп гана эмес, аны кантип бапестеп сактоонун жол-жобосуна дейре талыкпай айтып-жазып келаткан чыныгы илимпоз Сулайман Кайыпов. Бул киши советтик доордо сапаттуу билим алып, Москвага чейин окуп келди. Кийин Түркиядагы кыргыз боордошторго бир топ жыл эне тил сүтүн «эмизип» келди. Ошол кишинин жакында жарык көргөн китебин барактасам, азыркы чала сабат, жедеп арамзаада болуп бүткөн жазмакерлердин табият-таалимин ташка тамга баскандай кашкайта чагылдырган саптары бар экен. «Мурдагы дөө-шаалардын баары бирдей «кичирип», макала, китептерин, ошентип, кандайдыр бир сырдуу бутаны мелжеп жазып калышпадыбы, кайбарлар. Дилиндеги менен тилиндеги түк коошпойт… Ар бир сүйлөмдүн алдына бир арам ойлор бугуп жатканын көзүң көр болсоң да көрүп турасың…» дептир кайран досум.

Сабатсыз, чалагайым сөз түзүмдөрү, алжыма сүйлөмдөр, бардык кыргыз гезиттеринде, теледе жана радиодо кадам сайын кезигет. Ошондуктан, эне тилинен жакшы кат-сабаты бар кыргыздар, атап айтканда, улуу жана орто муундар азыркы муундун кеп-сөзүн оңой менен түшүнбөй калды. Эми ушуга да орустарды айыптайлыбы? Көз карандысыз мамлекет болуп туруп, өз алдынча күнкөрсуз, сабаттуу жана маданияттуу тил саясатын чындап жүргүзүүгө бизге эмне жана ким тоскоол болууда? Өзүбүздүн эле жалкоолук, чала сабатыбыз жана маданиятсыздыгыбыз. Тил саясаты, мамлекеттик тил десе эле сырттан душман издеп, башка улуттарга тийишип-сөйкөнгөн ит адатты таштоо, мурдагы советтик коммунисттик коомдун мыйзамдарына ылайык жашап, билим алып келген муунду каргап-шилегенди токтотуу, өз итиркейин өзү келтире берген кайбар аң-сезимден арылуу керек.

….Кепти кеңири нукка салсак, кыргыздардын улуттук ынтымакка келип, илгерилеп өнүгүүнүн ордуна дал азыркыдай өз ара эрегишкен, бири-бирин көрө албаган ичитар ит кыялын, мурдунан алысыраак ойлоно албаган кемпай айбан аң-сезимин билип алган тышкы күчтөр элибизди каалагандай калчап, каалаган динге киргизип, мөлтүрөгөн кыздарыбызды илгери жоо тийгенде туткундагансып, дүйнөнүн туш-тарабына алып кетип жатышат. Мажүрүм талдай ийилген, көрк-сымбаты келишкен сопсонун кыздарыбыз Бишкектин көчөлөрүндө ырайлары суук, курсактары челкейген, куу чач, карачаар чет элдик чалдарды колтуктап алышканын көрүп эле жүрбөйбүзбү. Улуттук ар-намысты дал ушундан ойготуш керек. Бирок, кудай сактасын, намыс десе, тиги чет элдик чалдарды келтектеп-токмоктоп, жантаслим, зөөкүрдүк кыла көрбөгүлө. Анын ордуна кыз-келиндерибиз эмне үчүн башкаларды колтуктап, аларга тийип алышканын ойлонгула. Эрлерибиз ошол чет элдиктердей маданияттуу, бардар, сылык-сыпаа болгонго тырышса. Кыздарыбыз деле таза, маданияттуу, жасалгалуу үйдө кем-карчы жок, оокатка бай жашагылары келишет да. Кыргыз эле жигиттерге, эрлерге тиели дешет, кургур кыздарыбыз. Бирок, тийээрин-тийип алып, Бишкектин тегерегиндеги «шанхайларда» үңкүрлөрдө, Ош базардын жанындагы тоокканаларда жашагылары, анан көчө-базарларда ысык-суукта майда-барат сатып отургулары келишпейт. Деми күч, бирок, көчүгүндө оңураак шымы жок, жалаң жалган ураан менен жашаган мекенчилдерибиз ушуну түшүнүп коюшса.

Улут келечеги акыры барып, калктын саламаттыгына такалаары айдан ачык. Эл, улут үчүн күйүп-бышкан дарыгерлерибиз муну канканшап айтып да, жазып да келатышат. Бирок, «ит үрө берет, кербен жүрө берет» болууда. Ал ортодо жапжаш кыргыз кыз-келиндер төрөттөн каза болгон учурлар көбөйүп кеткенинин, жатынын жарып чыккан ымыркайларын таштандыга ыргытышканынын чын себеби эмнеде? Баягы эле бала кезинен кемпай өсүп, жакшы билим албаганында, кендирди кескен кедейликте, жакыр турмушта жашагандыгында. Жакырдыктын түпкү себеби кайрадан эле кемпай аң-сезиминде, билим деңгээлинде. Ушундай туюк айлампа. Орой айтканда, жанын тыңыраак бакканга, өз курсагын жакшы тойгузганга акылы жетпеген байкуштарда. Ошондой байкуш үй-бүлөдөн чыккан арык, илмийген, жада калса үнүн чыгарып сүйлөгөнгө алы келбеген араңжан кыздар кийин турмушка чыгып, бала төрөгөнгө келгенде каза болуп калышууда. Улуттук ар-намысты митинг-пикеттерде, бийик трибуналарда эмес, дал ушул жерден ойготуп, ач айкырык салыш керек. Жөнөкөй айтканда, элди кантип тоюндуруп-кийиндирүү, элет калкына сапаттуу билим берүү, анан барып ошол сапаттуу билимге таянып, улуттук аң-сезимди туура багыттоо тууралуу кыйкыруу зарыл. Ал эми эл жакшылары, жалпы бийлик тигил өбөлгөлөрдү түзбөй, аларды ойлобой, куру сөзгө ооз көптүрүп, жалаң жасалма сөзгө, акты ак, караны кара дегендин ордуна элди алдаганга маш болуп калганы жакшылыкка алып барбайт.

Кыскасы, «Күбөлүү сөз — никелүү зайыптай». Анын сыңарындай, «Учурдун» окурмандарын күбөгө тартып, узун кепти баштап койдум окшойт. Калганын окурман айтаар.

Садырбек Чериков, «Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 25.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий