Бабаң кыргыз кеп айткан, Балдарга жуксун деп айткан

О кыргызымдын» кызыл тил өнөрү»! Кенениңе сөз жетпейт да, тереңине көз жетпейт го! Кыргыз менен кылым кезип, азбай-тозбой, булактан аккан сымал кулакка агып, атадан балага, муундан муунга калып күн сайын, түн сайын канкакшап айтылып келаткан бул керемет сөз берметтери жөн эле айтылган эмес чыгаар. Тегеренип келип тегин жерден бизге жетпеген чыгаар.

«Баба Сөзү- улуу сөз», «Ата-бабанын аманатын туталык», — дешет элибизде. Байыртадан элибиздин салтында сөздөн күчтүү, сөздөн ыйык курал болгон эмес. Сөзгө баа жетпейт, ал өтө кымбат. Ооба, кадырман кыргыз эли эзелтеден эле: көрөөрүнө көз, көкүрөккө эс келгенден эле топ алдында шаңшыган, тоо суусундай ташыган ырчылардын ырын уккан, сынчылардын сырдуу сөзүн уккан, көрөгөч көсөмдөрдүн келечек көчүн уккан, жолоочу жолдон уккан, доогердин досун уккан, манасчыны түнөп уккан, боздогону бозуп уккан эл. Ал сөз багып, сөз сыйлап, айтылуу манасчы Жайсаң бабабыз айткандай: «Учкуну ойлорумдун өчпөстөн тек, учкул ой турпагымдан тапса түнөк», — деп көксөп келген эл.

«Караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан…» акылман кыргыз элибиз өздөн мурда сөздү баалаган. Белгилүү окумуштуу Константин Юдахин: «Кыргыздар сүйлөсө эле ыр сыяктуу төгүлүп турат»- деп бекеринен тамшанып айтпаса керек. Илгери кепке жыгылган адам эл алдында сөзгө жыккан кишинин астына ат тартып, үстүнө тон жапчу экен.

«Мына ушундай улуу касиетке ээ болгон узун сөздү улаган, кыска сөздү кынаган сөз билги чечендердин, сөз данегин чаккан жез таңдай көсөмдөрдүн сөз берметтерине- макал, лакап жана учкул сөздөрдөн куралган угуттуу асыл сөз наркына, философиялык даанышман ой- чабытына, дүйнөтаанымына чыкталган Баба сөзүн окуп жатып изгилерин иргеп, көкүрөгүңүзгө түйүп койсоңуз.

Адамдын кийимине караба, сөзүнө кара.
Жаман кийимдин ичинде жалындаган жүрөк бар.
Адамдын ойлогону- миң, аткарганы бир.
Адилет сөз- ачуу сөз.
Айтсаң- тилиң күйөт, айтпасаң- дилиң күйөт.
Акылмандын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.
Акын болбойт талантсыз, молдо болбойт сабатсыз.
Алтын сөздөр жуурулат, каухар болуп куюлат.
Арам алдаганга устат, сынчы талдаганга устат.
Арамзанын куйругу (укуругу) кыска,
Акылмандын сөзү кыска, нуска.
Атадан каргыш алган оңбойт.
Баатыр баатырды көзүнөн тааныйт,
Чечен чеченди сөзүнөн тааныйт.
Базары жакын байыбайт, калп айткан киши жарыбайт.
Билимдүүнүн сөзү арыбайт,
Булактын суусу карыбайт.
Бир сөз бар-кут, бир сөз бар- жут.
Душмандын сөзү жылуу, боору таш,
Дудук- үн чыгарбас моло таш.
Жакшы адам байкайт го сөздүн баркын,
Жамандар билеби адам баркын?
Жаман кыздын сөздөрү Көк желкеге ургандай.

Даярдаган Айсалкын Байгазиева
«Арт.kg» («Кыргыз гезиттер айылы»), 29.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий