Г.И.Бройдону боройлоткон кимдер же, тарыхты бурмалоодон качан арылабыз?

Г.И.Бройдонун жогорудагы басылмасынын «Кыргыз болушунун ички түзүлүшү» аттуу 2-бөлүгүндө болуштардын ички түзүлүшү, аларды шайлоодогу ыплас иштери, андагы бай-манаптардын чагымчылык, кара өзгөйлүк иш аракеттери маалымдалат. Ал эми «Кыргыз элинин улуттук жана диний жүзү»-деген 3-бөлүгүндө XIV кылымдан берки кыргыз урууларынын коомдук абалы (көз каранды, кулчулук ж.б.) кыргыз жериндеги будда, христианчылык диний көрүнүштөр, мусулманчылыктын өнүкпөгөндүгү б.а. анын XVI кылымдан кийин зордук менен жайылтылгандыгы, кыргыздардын сабаттуулугунун төмөнкү деңгээлде болгондугу, алардын мал менен өмүрү өткөн жапайы урууларынын эч качан бирикпегендиги жөнүндө айтылат.

Кыргыздардын орто кылымдан берки жалпыланган тарыхынын аскер адамы тарабынан берилген жогорудагыдай таржымалы прокуратуранын сурагына зарылчылыгы деле болбосо керек. Эгерде ошончолук эле ал тарыхый маалыматтар тергөөчүгө керек болунса Бартольд, Бичурин ж.б. чыгаан тарыхчылардын (аскер адамынын эмес) илимий негизде терең изилденген эмгектерин пайдаланмак.

Анын кээ бир орчундуу маселелерди түшүндүрүүдө өзүнүн оюна өзү каршы чыгып, башы аягы жок чаташтырып алган учурлары аз эмес. Мисалы, «көрсөтмөсүнүн» баш жагында орус келгиндеринин кыргыздарды кысмака алып, жакшы жерлерди тартып алгандыктан нааразычылыктардын күчөп кеткенин айтат дагы корутундусунда тескерисинче мындай дейт: (Д.Сарыгулов келтирген тексти боюнча): Киргизы, систематической работой различных органов правительства, в том числе перес. управления, были совершенно обезземелены, хозяйство их разорено. (Б.Ж.) Однако, это обстоятельство не было непосредственной причиной восстания. (Б.Ж.)

Жогорудагы айтылгандардын негизинде төмөндөгүдөй жыйынтыктоочу ой-пикирди айтууга туура келет.
1. Анын «көрсөтмөсүн» узун туурасынан окуп чыгып, «көтөрүлүшкө катыштыгынын» эч кандай анык далилдерин биле албадык. Ал эми, өзү болсо андай маалыматты ачык айтып ак сүйлөбөптүр. А түгүл, бир кыргызды ажалдан арачалап калганын, өзү айткандай канкор падышанын «Элди кырууга» багытталган иш аракеттерине бөгөт, тоскоолдук кыла турган (жок дегенде рапорт, протест, нааразылык билдирүү) таасирдүү кыймыл-аракет көргөнү айтылбаптыр. Анан ал кандайча суракка чакырылган «жалындуу көтөрүлүшчү, гуманист болуп отурат». (Б.Ж.)

2. Адатта, суракка барган адам ошол окуяларда, көрүнүнүштөрдө өзүнүн иш аракеттери боюнча (күбө, катышуучу же аткаруучу катары) көрсөтмө (показания) берээри белгилүү. («Кыргызстан маданияты» газетасынын Үркүндүн 75 жылдыгына карата чыгарылган 1991-ж. 22-августтагы санына генерал-майор Я.И.Корольковдун 1916-жыл 1-октябрда Верный округдук сотунун Пржевальск уездинин 3-участкалык эл аралык судьясы В. Руновскийге кылмыш сот курулушунун 443 статьясынын негизинде күбө катары берген көрсөтмөсү басылган. Суракка алуунун протоколуна судья В. Руновский, күбө Я. Корольков жана округдук соттун прокурору Моркушевдин колдору коюлган. Мына ушуну чыныгы далилдүү документ десек болот го. (Я.Корольков 1933-жылы Пржевальск шаарында 90 жаш курагында дүйнөдөн кайткан).

Мына, ушул жогоруда айтылган макаламдын жыйынтыгында жана суроо, жооптордун негизинде, Д Сарыгулов көтөрө чалып «Үркүндүн» негизги документи катары санаган Г.И.Бройдонун 1916-жыл 3-сентябрдагы прокуратурадагы «көрсөтмөсү» Совет бийлиги орногондон кийин оңдоп-түздөп жазылган, 1925-ж. жарыкка чыккан катардагы эле публицистикалык макала (Б.Ж.) болуп чыга келгендиги сын көз менен караган ар бир окурманга айгине болгондугун баса белгилейм.

Ушундан улам падышалык Россиянын прокурорунун тергөөчүсү Адамов, падышалык аскер адамы Г.Бройдону падышалык администрациясынын күнөөсүн табууга чакырбагандыгы жана анын ал боюнча көрсөтмө бербегендиги түшүнүктүү болуп турбайбы. «Көрсөтмөсүнүн кириш сөз» жана тыянак бөлүктөрүндө падышалык саясаттын кылмыштуу иш аракеттеринин көрсөтүлүшү «жоо кеткенден кийин кылычыңды бокко чап» дегендей (падышалык бийлик ээрден жылмышкандан кийин) совет бийлигинде жаңыдан иштеп жаткан өзүнүн ишине ишенимди бекемдөө максаты көздөлгөн болуу керек деп айтмакчымын.

Анын көрсөтмөсү кайсы мезгилде айтылбасын, жарыяланбасын (1916-жыл же 1920-жылдан кийин) ал эч жерде үркүндөгү окуяны «улуттук боштондук көтөрүлүш» катарында баалабастан, «көтөрүлүш», «козголоң» маанисинде көргөзгөндүгүн көңүлгө алып коюубуз керек).

Мындан ары спекуляцияга жол бербөө максатында Г.Бройдонун «көрсөтмөсүнүн» аныктыгын (подлинник) тарыхчылар сурак протоколунун негизинде тактап коюуга аракет кылышат го деген ойдомун.

(Уландысы бар)

Бейшеналы Жамгырчиев, «Эл сөзү» («Кыргыз гезиттер айылы»), 29.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий