Заманыбыздын залкар инсандары

d0bbd0b8d180Атагы алыска таанымал, көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун алган бул залкар таланттарды кимдер гана билбейт. Бүткүл кыргыз эли сыймыктанган, талантына тизе бүгүп таазим кылган кош жылдыздын жарык дүйнө менен кош айтышып кетиши жеке балдары,туугандары, жакындары үчүн гана эмес ар бир кыргыз атуулу үчүн өтө чоң жоготуу болду. Талантты туу туткан, театр, кино дегенде ичкен ашын жерге койгон мындай искусство чеберлери албетте сейрек кездешет

«Эки корифей бирин-бири урматтап, сыйлап, барктап, колдоп турушчу», дешет замандаштары. Муратбек агайдын сырдуу касиети бул- терс каарманды жаратып жатканда да, анын адамдык жан дүйнөсүнүн жакшы жагын да жарата билчү. Анын Ата-Журт үчүн болгон сый-урматы, сүйүүсү өзгөчө эле.

«Менин кыргыз элим, сүйүктүү Мекеним, көгүлтүр-терең Ысык-Көлүм, жан дүйнөмдү ээлеген театрым»- деп сыймыктанчу. Муратбек Рыскулов: «Ар бир инсан эли-жери үчүн кызмат кылат, көздүн карегиндей сактайт,баалайт»-деп айтып келген. Муратбек Рыскулов эл сүйгөн, эл кадырлаган талант ээси. Ал ойногон ар бир роль көркүнө чыгып, элдин жүрөгүндө орноп калчу. Муратбектин түмөн түйшүктүү жумушунун эң биринчи күйөрманы үй бүлөсү болуп келген. «Король Лирди» ролун аткарарда Муратбек Рыскулов орусча билбегендиктен, балдары ага «Король Лирди» орусча окуп, анан кайра кыргызча айтып беришчү. Ал эми аялзаттын өнөрлүүсү, сулуусу Сабира апа спектакль учурунда сахнанын артында жылуу айранды муздап калбасын деп көкүрөгүнө кысып турчу экен… Бул анын өмүрлүк жарына болгон сүйүүсүн даңазалагандыгы деп түшүнсөк болот.

Рыскулов Лондонго Шекспирдин 400 жылдыгына барган. «Король Лирди» Лондондун сахнасында ойноп бүткөндө королева Елизавета баштаган көрүүчүлөр овация менен дүркүрөтө кол чабышкан. Муратбек Рыскулов жөн гана жүгүнүп кирип кетпестен, «Отеллодон» үзүндү ойноп берип Елизаветтаны таң калтырган экен. Бир ирет «Король Лирдин» жинди болуп бараткан эпизодун ойноп жаткан Муратбек сахнадан жыгылат. Аны түз эле академик Миррахимовго алып барышат. Тиешелүү жардам көрсөткөндөн кийин гана кыргыздын Король Лири өзүнө келет. Ошондо Сабира апа кызы Нуржамалды «атам тирүү кабатыр болбогула», деп айт деп кайра сахнанын директоруна жиберет. Жолдо келе жаткан Нуржамал «Каяктагы директор, ал эчак эле үйүнө кетсе керек, эптеп кароолчуну тапсам, атамдын амандыгын айтып коеюн», деп ойлойт. Арадан дээрлик бир саат өтсө да театрдагы эл тарабай Муратбекти күтүп отурушкан экен. Аман экендигин уккан залдагы көрүүчүлөр ордуларынан тура калышып, дүркүрөтө кол чаап жиберишиптир. Бул жалпы элдин Рыскуловго болгон сүйүүсү, чоң сый-урматы эле. Өнөр адамына мындан өткөн кадырлоонун кереги жок эмеспи.

Муратбек кокустан ооруп калып, операция жасалды. Бирок, тилекке каршы жыйынтыгы абалынын оорлошу менен аяктады. 6 күн ажал менен күрөшүп 7- күн дегенде көз жумду.Эмнегедир ушул күндөр аралыгында кимдир бирөөнү чыдамсыздык менен күтүп жатканы сезилип турду. Палатага кирип келген уулу Искенди көргөндө кадимкидей эсине келип, «Балам, искусствого ак иште, жүрөгүң менен кызмат кыл», деген керээз сөзүн калтырды. Мына ошентип улуу талант тумардай ыйык үй бүлөсүн, Атажуртун, көркөм жерин таштап кете берди. Андан бери арадан канча жыл өтсө да, театрдын корифейи Муратбек Рыскуловду эл унута элек.

Уулу Искен Рыскулов «Атам менен апамдын талантына, адамкерчилигинебир да адамды теңдештире албайм», — деп көп айтчу. Сабира Күмүшалиева 1934-жылы театрга кабыл алынган. Алгачкы ирет Касымаалы Жантөшевдин «Карачач» пьесасында башкы каарман Карачачтын ролун ойногон. 1957-жылы театр искусство илиминде мыкты эмгек сиңиргендиги үчүн Сабира Күмүшалиева «СССРинин эмгек сиңирген артисти» деген наам алган. Мындан тышкары грамота, медаль жана дагы талыкпас эмгеги үчүн алган наамдары көп. Эгемендүүлүктүн жылдарында биринчи ажо Сабира апага «Кыргыз Эл Баатыры» наамын ыйгарган.Чебер актриса Сабира Күмүшалиеваны небереси Эркин Турусбеков мындайча эскерет: «Залкар чебердин жашоосу эл үчүн үлгү болчу. Ошондуктан бул инсандын таланты көпчүлүктү багындырса керек. Апамдын сахна адамы катары эмес, жеке жашоодогу жөнөкөй адам катары кандай адам экени көпчүлүккө белгисиз болсо керек. Ошондуктан апамдын жеке жашоосу жөнүндө кыскача айта кетсем, апам үйдө да ар дайым жасанып, өзүн тыкан алып жүргөн адам болчу. Белгилүү инсандар, меймандар жана күйөрмандар үчүн үйүбүздүн эшиги ар дайым ачык болоор эле. Апам үйгө келген конокторго чай бермейин кетирчү эмес. Кыргыздын каада-салтына, үрп-адатына өзгөчө көңүл бөлүү менен жогору баалап келген.» Өмүрүнүн акыркы жылдарында Сабира апанын көзү да жакшы көрбөй калды. Эки баласын жоготуу эне үчүн оор күйүт болду (кыргыздын белгилүү театр режиссеру Искендер Рыскулов) жана полковник Бактыбек Рыскулов «Эне жүрөгү сыздап, жан дүйнөсүнө бүлүк салганда апам ыйлап да алчу. Бирок эл көзүнчө көзүнө жаш алчу эмес. Мына ушундан улам апамдын кайраттуулугуна өзгөчө баа берип келем. Канчалык ички дүйнөсүндө оор болуп турса да, өзүн кармана билээр эле. Жүрөк дарты болуп келген маселелерин жакындары менен гана бөлүшүп, сырдашып да калчу. Неберелерин жанынан артык көрчү. Неберем мектептен келет деп дасторкондун үстүн жайнатып койчу. Башка адамдын күйүтүн, оор тагдырын, чечилбеген маселелерин өзүнө тиешелүүдөй кабыл алчу. Колунан келип турган жардамын эч бир адамдан аяган жок. Биз үчүн апам өчпөс шоола калтырды», — дейт залкарлардын кызы Нуржамал Рыскулова.

2007-жылдын 14- сентябрында 92 жаш курагында кыргызга Умай энедей болуп калган Сабира Күмүшалиева дүйнөдөн кайтты. Көзү тирүүсүндө калтырган керээзи боюнча апабызды Ала-Арча көрүстөнүнө өмүрлүк жолдошу Муратбек Рыскуловдун жанына коюшту. Биз үчүн бул таланттар легенда болуп кала бермекчи. Искусство чеберлеринин баа жеткис эмгектери кылымдардан-кылымга жашап, ар бир кыргыздын жүрөгүндө унутулбай сакталат деген ойдомун.

Даярдаган Айсалкын Байгазиева
«Арт.kg» («Кыргыз гезиттер айылы»), 29.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий