Кыргыз оймолорун чырпыкка да түшүрүүгө болот

chyrpyk_kТүштүк чөлкөмүндөгү айылдарды аралап жүрүп, бир дагы үйдөн эшик алдына жашыл тилке чырпык экпеген жанды кезиктирүү кыйын. Бул биринчиден, үй чарбактарын мал-жандан коргоо максатында атайын тосмо үчүн эгилген болсо, экинчиден, эшик алдына өзгөчө кооздук берип турат.

Ал эми мына ушундай чырпыктарды өстүрүүнүн өзгөчө түрүн ойлоп тапкан Өзгөн районунун Большевик айылынын тургуну Таштемир Дыйканбаев чырпыктарга кыргыздын боз үйүнөн тартып бардык улуттук оюм-чийимдерин түшүрүп, өзгөчө көрк берип келет. Мындан он жыл мурда үй чарбагынын айланасын тегерете көрк берүүчү чырпыктарды эгип, бүгүнкү күндө аларды көпчүлүк суктанарлык деңгээлде кооздоп өстүргөн. Кыргыздын улуттук оймо-чиймелери түшүрүлүп жасалгаланган чырпыктар жол боюнда жайгашкандыктан, чет жакадан келген коноктордун да назарына илинип, аны көрүүгө куштар болгондордун катары арбууда.

Айрымдар бул жайга келип, эстелик үчүн сүрөткө түшүп кетишсе, жаңыдан баш кошкон түгөйлөрдүн кадимки нике шакегин түшүрүп өстүргөн чырпыкка келүүсү салтка айланган.

chyrpykКыргыздын улуттук оюм-чийимдерин жөнөкөй гана үйдүн короосунда эгилчү жашыл тилкелерге түшүргөн биздин каарманыбыз мындай уникалдуу жасалгаланган чырпыктар өзүнүн он жылдан берки ой чеберчилигинин үзүрү деп айтат. «Алгач жөн гана эгилген. Андан кийин анын бутак-шактарын убагында кыркып, кайсы бир көрүнүштү чагылдырган формага келтирүү идеясы келди. Ошентип олтуруп, улуттук буюмдарыбыздын сүрөтүн түшүрүүгө бел байладым. Албетте, аны асыроо көп мээнетти талап кылат, бир жылда төрт жолу бутактарын кыркып турам», — дейт.

Ошондой эле чакан чарбагына жашылча-жемиштерди эккендиктен үй жаныбарларынан коргойт деп кошумчалады.

Жергиликтүү чарбагердин мындай өнөрүн кошуналары да өздөштүрө баштаптыр. Биздин каармандын кошунасы Ашим Көчөровдун айтымында, акыркы убактарда көпчүлүктүн көңүл кайырмагына илинип бараткан мындай кооздукту өз үйүнүн айланасына да өстүрүүнү колго ала баштаптыр. «Жолдон өткөн кайсы гана жолоочу болбосун, сөзсүз түрдө кайрылбай койбойт. Баарынан да үйдүн айланасын дубалдар менен тоскондон көрө, ушинтип чырпыктарды өстүрсөк, дубалдын да милдетин аткарат, ошол эле учурда айланага да көрк берип турат», — дейт Ашим мырза.

Көчө боюна улут уңгусун сактаган буюмдардын жашыл тукаба жамынган түрүн ойлоп тапкан Таштемир Дыйканбаев алыскы аймактан келип, кызыккан адамдардын үйлөрүнө барып, аны өстүрүүнүн жол-жоболорун үйрөтүп, айрымдарына өстүрүп да берүүдө.

Назгүл Бостонбаева, «Zaman-Кыргызстан», 18.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий