Нурбүбү Бөдөшова

Нурбүбү Бөдөшева жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Эки талант баш кошсо…

 

Ырлар

 

БҮТПӨЙ КЕЛЕМ БИР ШИҢГИЛ КАЗАЛЫМДЫ

Бопбош жүргөн калдырап арабадай,
Бопбоз жылдар өтүптүр эч дайынсыз.
Курсак тоюп куунаган болсом дагы,
Кур кыялга алданган кеч кайырсыз.

Көр тирликтен көтөрө албай башты,
Көмүскөдө көөдөндү көп жүк басты.
Эртең жетем дегенге али жетпей,
Ак бубактар аралап кундуз чачты.

Өзүм үчүн өкүнбөй жашадымбы,
Бу тагдырым — бактымбы? Азабымбы?
Тээ балалык кезимде баштап алган,
Бүтпөй келем бир шиңгил казалымды…

 

АЙЫМДАРГА

Аялзатсыз эркектер карып дечи,
Аялзаты — ааламга жарык дечи.
Антсе дагы, эркексиз, оо сулуулар,
Алоолонуп от болуп жанып көрчү!

Түмөн түйшүк көтөргөн зайып дечи,
Түтүп келген көлдүгү анык дечи.
Антсе дагы, эркектер бул дүйнөдө,
Түркүк болуп турганын танып көрчү.

Мезгил берет мээнетти, кебетени,
Сындалбасын шапкеси, тебетейи.
Эгер элден заманга зарыл болсо,
Эрден чыгат Манасы, Семетейи.

Көрөңгөлүү эл экен кыргыз дагы,
Көкжалдары — Чолпонбай, Чыңгыздары.
Эрээркетип жүрөктү муза менен,
Эчендерди ээрчитти Ырыспайы.

«Эң биринчи дүйнөгө эркек келген,
А аялдар — алардын кабыргасы»
…деп жазылат Куранда, инжилде да,
Демек бизбиз — алардын табылгасы.

Салыштыруу эркекке тең келеби,
Айтаар элем: Кудайдын эркелери.
Акырында кааларым айымдарга,
Аман болсун, баарынын эркелээри.

 

ЗАМАНГА

Билбей ыгын не бир амал-айланын,
Туура сөздү тик айтуудан тайбадым.
Акча үчүн ак жоолугум булгалап,
Көтөрбөдүм митинг-пикет байрагын.

Ачык айтып акты-көктү, караны,
Апчып алып толуп турган жараны.
Оо, далай кез буюктум бул турмушта,
Актай калып күндөлүктүн барагы.

Далай ирет шумпайыңа алдандым,
Эчен жолу шылуунуңа таң калдым.
А бирок мен күлүп туруп жайлачу,
Адамыңа арбалбадым, ардандым!

Табигат ай, түрдүү пенде жараттың,
Заманың да оодарылат санап күн.
Бул жашоонун табышмагын чечалбай,
Жериң менен аалам кезем, ай аттиң!

 

КОММУНИСТМИН ЭЧ УЮМГА ТУРБАГАН

Партбилетим — чемоданга катылуу,
Азыр деле урматтоого акылуу.
Коммунисттик доор өтүп кетсе да,
Менде ой жок өткөн күндөн басынуу.

Коммунистмин — идеяга берилген,
Ишенбеймин сезимдерге элирген.
Ыйман, ызаат, напси сурап келемин,
Байлык эмес, бакыт күтүп теңирден.

Коммунистмин — эч уюмга турбаган,
Коомдук мүлктү үзүп-тиштеп, жулбаган.
Айланамда адамдар көп болсо дейм,
Адалдыкты арамдыктан ылгаган.

Чындыгым бар, чырылдаган, жетпеген,
Көйгөйүм көп, көкүрөктү өрттөгөн.
Жүрөгүндө бир ишеним болбогон,
Адамдарды мен кудайсыз деп келем.

Сугарылган гумандуулук, ыйманга,
Бир доор өттү, бир муун өттү туйганга.
Өөдө көрүп чымын жандан уятын,
Алар барган өз өмүрүн кыйганга.

Азыр кайда, уруп койбойт ыйманды,
Качан көрдүң тартипсизди тыйганды.
Жан дүйнөнү байытуунун ордуна,
Жакшы көрөт өлүү дүйнө жыйганды.

Бул күндөргө керексиз же… керекмин,
А мен балким өткөн күндөн белекмин.
Коммунисттик идеяны ызааттап,
Чаңын сүртөм партиялык белеттин.

 

ОБОНУ — АДАМЗАТТЫН АРМАНЫДЫР
(Асанкалый Керимбаевге)

Мен билгенден бир обон жазылбады,
Мен билгенден бир нота ачылбады.
Акырекке асынган аккордеон,
Арман ырын тартып бир басылбады.

Мен билгенден бир кайрык кайрылбады,
Элестеткен эрме чөл… айдыңдарды.
Баары жакын негедир мукам ырга,
Адамзат эй, эзелтен кайгың барбы?

Бул сахнада бир обон жаңырбады,
Алакандар астейдил чабылбады.
Асан ырчы айланып арман ырга,
Бир жоголуп, кайрадан табылбады.

 

* * *

Муңканган булбул эле таңдагы бир,
Муңайган угуучу элем залдагы бир.
Чын эле өксүүлөрдөн өрүп койгон,
Обону — адамзаттын арманыдыр…

 

ТОЛКУН ЫРЫ

Толкундарды толкундар сүйөм дейби,
Түйшүк тартып саруулап жүрөм дейби.
Жүрөктөгү эң ыйык сезим үчүн,
От чыгарып жалындап күйөм дейби?

Толкундарды толкундар көрөм дейби,
Ак жүзүнөн аймалап өбөм дейби.
Дүйнөдөгү эң ыйык сезим үчүн,
Жарга урунуп жай алып өлөм дейби?

Бул жашоонун баркын мен билем дейби,
Ырдап, ыйлап, шаттанып күлөм дейби.
Ай нуруна көөшүлүп көгүш тартып,
Ак бороонду ооздуктап минем дейби?

Айтор, ичке жашырып миң бир сырды,
Аңдабастан узатып айды-жылды.
Жээкке урунган толкундун шарпылдагы,
Жетпес арман, сагыныч, муңдуу ырбы?..

 

СЕНИ КҮТҮҮ

Сени күтүү адат болуп баратат,
Карегимден карааныңды түшүрбөй.
Келесиңби же болбосо жан эркем,
Отурганда ойлонбой да күтүнбөй.

Сени эңсөө адат болуп баратат,
Жоодураган көздөрүңдү сагынып.
Жол каратпай жолугууга келе кет,
Жомоктогу периштедей кабылып.

Эңсөө, күтүү, сары убайым, санааркоо,
Эсепсиздей күндөрүмдөн кезигет.
Кыйнасаң да, кыйбай келсең саламга,
Кыз жүрөгү анын баарын кечирет…

 

* * *

Татына жылмаюуңдан
көздөрүм сүртүп алды
тагдырга дары кылып…

Жакшына мамилеңден
жүрөгүм сузуп алды
турмуштун балы кылып…

 

* * *

Түш көрдүм түндө сени…
Сен мага көөлгүп
саамайың толкундатып күлүп келдиң.
Кош карек бал-бал этип,
Негедир оттой болуп күйүп келдиң.

Келдиң да мага таттуу шыбырадың:
«Дүйнөдө сен ардагым, сен ынагым…»
Мен болсо карай албай көздөрүңдү
уялып чоктой болуп албырамын.

…Таңында сүйүнө албай,
өзүмчө ызаланып,
сезимим бууракандап
Жүрөктү түндөгү түш тилип жатты…
Сагынып сенин ыйык шыбырыңды
эңсөөнүн эч күнөөсүз мөлтүр жашы
жаздыкка акырындап сиңип жатты…
карекке бир сүртүүгө дары болчу
элесиң мунарыктап,
Жүрөгүм күйүп жатты…
күйүп жатты…

 

* * *

Жеңем айтат: Алыс кетпегин,
Жигит көп го биздин айылда.
Өз тууруна конгон куш өңдүү
Өз элиңе келип байырда.

А мен күлөм секин ичимден,
Ай жеңеке, неге антесиз?
Алыс… алыс жердин барчынын,
Жүрөк сүйүп калса кантесиз?…

 

АДАМ СЫРЫ

Күн бүркөлүп жааса жамгыр,
Күз келгенин билдирер.
Муңга чөгүп жүрсө адам,
Мунун сырын ким билер.

Көзү күлүп жаркылдаса,
Көңүлдө кир жок дейбиз.
Сөздөрүнөн чок ыргыса,
Кайгы билбес шок дейбиз.

Тоодой түйшүк башка үйүлсө,
Көтөрбөскө не чара.
Бирок адам тагдырына,
Болбойт өтө бечара.

Коюн толгон капалыкты,
Күлкү менен кетирээр.
Кечээ уккан ачуу сөздү.
Азил менен өчүрөөр.

Адам сыры — жаратылыш
сырларынан көп тура.
Адам эрки — сугарылган,
Болоттон да бек тура.

 

* * *

Мезгил жетти, жалбырактар саргарды,
Токтоно албай шарт үзүлдү, ал барбы?
Кечээки эле жашыл кезин эскерип,
Аттиң дүйнө, жашоосуна жалбарды.

Жатты жерде, эл өтүүчү көчөдө,
Тагдырына наалат айта көшөрө.
Шиш такага, курч такага кырчылып,
Балпаң баскан батинкеге төшөлө.

А карт дарак көптү көрүп, көп билген,
Жалбыракты чертип жатып бир-бирден.
Жаркыраган жашыл жазды эңседи,
Наристе, ууз бүчүрлөрдү бүрдөгөн.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий