Сооронбай ЖУСУЕВ, КР эл жазуучусу: «Сүйүү дептеримди 44 жылдан соң таптым»

Сооронбай ЖУСУЕВ кыргыз адабиятынын тоодой түйшүгүн аркалап, жаштарды тарбиялоодо, келечекти калыптандырууда салымы зор. Чыгармалары ооздон-оозго алынып, жазгандары жаштарга үлгү болгон. Жумурай журтка аттын кашкасында таанымал жазуучубуз балалыгын эскерип, чыгармачылыгы туурасында сыр бөлүштү.

— Сооронбай агай, кандай жүрөсүз?
— «Жашым өтүп, карыдым» деп үйдө чалкалап жаткан жерим жок, чыгармачылык менен алекмин. Көпчүлүгү «карыган чал алдан тайыды» дешсе керек, чыгармачыл адам болгон соң, бир нерсе жазбасаң болбойт. Карыганда уйку качып таңкы алтыда турам, кечке чейин демдүү эле жүрөм. Чыгармачылыгым карыганда башталды бейм, үч айдан бери «Арашан» адабий үйүндө эмгектендим, жаңы чыгармаларымдын жыйнагын китеп кылып чыгарам.

— Балалыгыңызды эскергенде кайсы шоктугуңуз эске түшөт?
— Балалыкта бары тентек болсо керек, мен да бейбаш элем. Энемдин бир топ эчкиси бар эле, артынан калбай кайтарып жүрчү. Энемдин көзү мындай болгондо эле баягы эчкилерди түстүү боекторго кооздоп, жүндөрүн кыркып, колумдун келишинче эчкилерди эрмектеп, өз билгенимди жасачумун. Ошондой тымызын шоктуктарды жасап койчумун. Бирок аша чаап тентектик кылып, бейбаштыкты көп деле жасабадым. Ал-күчкө толуп турганда деле чоң муштум болуп, мушташып, кимдир бирөөнү таяктаган эмесмин, ал жагынан аябай момун жигит элем.

— Жакшы мамиледеги калемдештериңиз менен жолугушуп, чайлашып турасыңарбы?
— Албетте, карыган кезде өткөн-кеткендерди эскерип, жакын адамдарың менен маектешүүдөн өткөн сонун нерсе жок. Чыгармачылыктагы кайгы-капамды тең бөлүшүп сырдашкан Сүйүнбай Эралиев, Кожогелди Култегин, Төлөгөн Мамеевдер менен жолугуп, чер жазышып турам. Сүйүнбай Эралиев менден 4 жаш улуу болсо да, ага-инидей өтө ысык мамиледебиз.

— Карылыкта кандай ырлар жазылат экен?
— Карылыкка моюн сунуп, эстен танып калган убакка жете элекмин. Акыл-эсим ордунда, күүлү-күчтүү элемин. Азыр жазганда да эргүү менен ар кыл темадагы чыгармаларды жазам. Жакынкы үч айдан берки жазган ырларымды гезиттерге берем, ошондо кандай ырларды жазып атканыма күбө болосуңар.

— «Жүзүмө бырыш түшсө да, жүрөккө бырыш түшө элек» деп, сүйүү темасына кайрылып атасызбы?
— Ар кыл темага кайрылам дебедимби, сөзсүз сүйүү темасына да кайрылуу абзел. Жакында кызык окуя болду, 1965-жылы «Махабат» аттуу жалаң сүйүү темасындагы дептерим болуптур. Ал дептерди жоготуп жиберип быйыл 44 жылдан соң таптым. Жарыкка чыкчу жаңы китебиме «Жоголуп табылган ырлар» деген аталышта киргизем. Ошентип 44 жыл мурунку сүйүүлөрүмдү быйыл эскердим.

— Чыгарма жазууда кайсы учурда эргүү аласыз?
— Илхам келет деп коет го, кээси илхам келгенде жазам дешет. Илхамды күтүп отурганда келбей калышы да мүмкүн, ошондуктан илхамды эч убакта күтпөш керек. Мага илхам келбесе да, калемди колго алып өзүмдү кыйнасам да ишке киришем, анан илхам, эргүү өзү эле келет. Жазуучулар түнкүсүн жазгандарды «үкү», таң эрте жазгандарды «торгой» деп коюшат. Мага эргүү эртең менен келип көпчүлүгүн таң эрте жазам, ошондо торгой болуп каламбы? Ыр жазаарда сүрдөп, жаңы чыгарма жаралган сайын башкача эргүү келип, өзүмдү жаш акын катары элестетем.

— Сизди Чыңгыз Айтматов менен бир үйдө жашаган дешет го…
— Ооба, үч жылдан ашык бирге жашап, бир үйбүлө болуп калганбыз. Чыңгыз экөөбүздүн жытыбыз сиңип, бир туугандан артык ынак элек. Ошондо «Мен билген Чыңгыз» деген китеп жаздым. Анын адамкерчилиги өтө жогору, боорукер, акылман, сыйчыл адам эле. Чыңгызга жазуучулардын көпчүлүгү таарынып жүрүштү, алардын таарынычы эле «мага сыйлык, наам алып бербейсиң» деген таарынычтар. Ошондуктан Чыңгыз менен мамилеси келишпей, каршы болгондордун бирден-бир себеби наам, сыйлык, көрө албастык болду.

— Армансыз адам болбос, өкүнүчтө калган эмне арманыңыз бар?
— Адамдын жан дүйнөсүндө канчалаган арман, сыр болот. Алардын барын коомчулукка жарыялаганда болбойт, айтыла турган арман, жан адамга айтылбачу сырлар бар, аларды айтууга мүмкүн эмес.

— Кыжаалат болуп, көңүлүңүз чөккөн абалдан кантип чыгасыз?
— Кыжаалат болгондо өзүмдү алаксытып, көбүнчө китеп окуйм. Негизи жаш өткөн сайын аркы-берки ойго келип, андай учурга көп кабыласың, ошол абалдан тез чыгууга аракет кылып телевизор көрүп, жакшы нерселер менен көңүлдү көтөрүү зарыл.

Венера Наркеева, «Айат пресс» («Кыргыз гезиттер айылы»), 01.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий