Ордо

Табылдынын «Ордосу»

Табылды Эгембердиев десе жамы журт «Максым шоро» баштаган түркүн суусундуктарды түшүнөрү турган иш. Акыйкатта жатакчы дыйкандын жапма челегинин жака-белинен чыкпаган кыргыз жармасын кыйынсынган жаңы кыргыз манап-бийлерин мындай кой, орусу да, туристи да тамшанып ичкен керемет же саясый тил менен айтканда, эл аралык суусундук деңгээлине көкөлөткөнү не деген табылга, эмгек жана ийгилик.

Эрнест Хемингуэй кебетеленген жүлжүгүй көз, сакалчан акебиз жөн жүрбөй быйыл дагы бир кыргыз керемети — «Супара» аттуу таш үйлөрдүн айылын куруп, бүгүн эч нерсеге таңгалбас кайдыгер кыргыздын оозун жана да бир ачырып жатпайбы, атаңгөрү… Мынабу Бишкекке улай Көк-Жар айылынан жогору чакан суу сактагыч бар. Табыкең элчилеп көк жайык издебей, дал ошол плотинанын түбүндөгү сайды тандаптыр айылына. Курулуш каражаты жөпжөнөкөй, оңой: табигый таш, ылай, камыш, саман, чырпык. Үйлөрүнө кирсең адамзат жарыктык таш доорунан келгенин бир эстейсиң. Түптуюмуң ойгонуп, жандүйнөң жуушап, сергийсиң. Суунун шары, таш, камыш, саман, топо, чырпык жыты, дегеле адам табият менен бир экенин сезип, кубат аласың.

Мындагы дагы бир өзгөчө көрүнүш, кыргыздын эзелки оюн — Ордонун курулушу. Эсеби маселең, тоо койнунда чоңойгон элеттик балдар эс тартканы ушул оюндун кумар таасиринде эрезеге жеттик. Кыштын ызгаарында мурунга суу тоңуп, көкмуштум болсок да Ордодон кетпей, кечинде энелерибиздин жемеси, чаалыккан, суу өткөн буттар, колдун сыздаганы… Бирок, мага Ордодон өткөн керемет оюн жоктой сезилчү. Айылдан алыс жүргөнүмө далай жыл болду, түшүмөн Ордо кетпейт. Андайда андагы карыялар айткандай, «Хан ордо колдо» деп дуба кылам.

Акыйкатта Ордо — кыргыз элинин эзелки оюну. Ата-бабаларыбыз Ордону куттуу жай катары ыйык тутушкан. Ошондон улам «Хан ордо колдосун!» деп бата беришкен. Эсеби маселең, канадалыктар хоккейди адегенде ийри таяк менен ойноп, англичандар бокста мээлейсиз мушташып башташса, спорттун бул түрү кийин мезгилдин шарт-талабына ылайык өркүндөп, толукталып отуруп, дүйнөлүк деңгээлдеги чоң спортко айланды.

Ордо да адегенде сака, томпой менен ойнолуп жүрүп, кийин абалак менен ойноло баштаганы белгилүү. Тилекке каршы, абалак менен ойноо Нарын, Ысык-Көл аймактарында активдүү болгону менен, өлкөнүн калган айматарында анча колдонулган жок. Буга өткөн совет доорунун Ордо оюнуна эскинин калдыгы катары мамиле жасалып келгени да себеп болду. Жаңыртып, өркүндөтүүгө терс таасирин тийгизди.

Ордону абалак менен ойноонун артыкчылыгы эмнеде? Албетте, томпой менен ойноо да өзүнчө искусство, өтө чеберчиликти талап кылат. Бирок, абалак менен ойноо Ордонун аренасын алда канча кеңейтип, спорттук деңгээлге көтөргөнү айкын. Ал эми эреже-тартип маселеси бирдей, айырмасы жокко эсе. Эмесе, Нарын аймагына белгилүү тогуз корголчу, упайчы жана ордочу Садабаев Моңкоштун уулу НУРКЕМЕЛ МОҢКОШОВдун Ордо атуунун эреже тартибин түзгөн вариантын сунуш этмекчибиз.

I. Оюнду даярдоо
1) Аянты тапталган, таза, тегиз жер же атайылап кой жаткырылган сары короо.
2) Борборго (жыдымак) аттын кылы байланган мык житире кагылат.
3) Аркан же жип менен борбордон 7-9 метр (25-30 таман) аралыкта айланта чийилет.
4) Колдонулуучу куралдар: тоо текенин мүйүзүнөн чабылган абалак, тандалма чүкөлөр, кнопка көлөмүндөгү сөөктөн же жука калайдан жасалган хан, 40 см чий же зымдан калыс чен.

II. Оюнду баштоо
1) Ар тарабы 10 кишиден турган эки команда чыгат.
2) Киши башына бештен чүкө салынат. Хан эки чүкөгө барабар, демек, 10дон 20 кишиге 98 чүкө.
3) Хан борборго 3-4 см чукул салынып, чүкөлөр айланта бөгүнөн тыгыз тизилет.
4) Эки команданын башчылары ортодон бирден ат чүкө тандап алышат. Ат чүкө койдун кынтыксыз сол чүкөсү болушу керек.
5) Калчанган ат чүкө алчы, таа конушу кажет. Оңко турса же жантык консо жарабайт. Ат чүкөсү жалкы конгон тарап оюнду баштайт.
6) Ар бир киши үчтөн оюн атат.

III. Оюндун жүрүшү
1) Ортодогу ордо кулактын (3-5 чүкө) чүкөлөрүнөн башкасы бүт чийинден чыгарылмайынча же белгиленген убакыт бүтмөйүнчө оюн улана берет.
2) Оюнду баштаган тарап өз кезегинде ханды баш кылып чүкөнү бүт алып кетсе, экинчи тарапка салып берди болот.
3) Бир тарабы чүкөнү бүт алалбай, каршы тарабы оюнга жеткидей чүкө алса, хан чертилет.
4) Ханды борборго жанаша чийилген чакан тегеректен эки тараптан бирдей чыккан мыкчыгерлер алголошуп чертишет. Алгач оюнду аяктаган тараптын мыкчыгери чертет. Ханды чыгарып кеткен тарап оюнду кайра баштайт.
5) Эгер бир тарап чүкөнү бүт алып кетип, экинчи тарап ханды гана чыгарып кетсе, ар бир оюнчу чокон (бир) атуу укугу менен оюнду баштайт.
6) Чыгарып алынган чүкөнүн санына жараша оюн атуу төмөнкүдөй эсептелинет:
а) хан эки чүкөгө тете;
б) ар бир оюнчуга бирден чүкө жетсе чокон, үчтөн чүкө болсо эки оюн, бештен чүкөгө үч оюн атуу укугу берилет.
7) Оюн аяктап, бир тарабындагылардын ар оюнчусуна бирден чүкө жетсе, Ордо кулактын бир чүкөсүн алып, хан чыгарган тарап оюнду баштап, оюн улана берет. Мисалы, он оюнчуда 9 чүкө болсо, оюн салдырылбайт.
8 ) Оюн салдырылган тарап хан менен чүкөнү бүт чыгарып кетсе, оюн жанат. Эгер хан же команда мүчөлөрүнө барабар чүкө (Ордо кулактан башка) ортодо калса, оюн жанбайт.
9) Ханды бир тарап үч жолу удаа чыгарып алса, ат калчанат. Каршы тараптын оюнга жетерлик чүкөсү жок болуп, бирок аты консо чокондон оюн атат. Чүкөнү жетишерлик чыгарып кетсе оюн уланат. Жетпей калса, оюн салдырылат.

IV. Ордо атуунун ыкмалары
1) Топту же чүкөнү атуу үчүн абалакты оң колго кармап, сол бут менен чийинди туура басып, буттун тумшугун ата турган чүкө менен борборго түздөп, сол буттун таманын көтөрбөстөн атуу керек. Чүкө чыкса абалагын өзү чуркап барып алып, оюну жыдыбай ата берет.
2) Кадамак
Чийинге чукул чүкөнү атуу кадамак деп аталат. Кадамак топту же алыс чүкө аткан сыяктуу эле атылат. Чүкө чийинде же өтө чукул болсо, буттун аралыгы менен чүкөнүн аралыгы абалактын узундугуна 2-3 см кошкондой аралыкка коюп атуу керек. Атканда тизе жерге тийсе оюн жыдыйт. Чүкө артка чыгып кетсе жыдыбайт. Чүкө чыгып жатса же тооругандан кийин кадамак ата берсе болот.
3) Тоорумак
Тоорумак — чийинге чукул чүкөнү чыгаруу менен ичке түшүү. Чийинге чукул чүкөнү тооруш үчүн сол бутту чүкөдөн абалактын узундугуна 2-3 см кошулган аралыкка коюп, сол буттун согончогуна оң бутту ороп, буттун учун жерге тийгизбей, сол колун аркасына кайырып, чүкөнү чыгаруу керек. Тооруганда чийинди баскан бутту калыстын же каршысынын макулдугусуз тең салмактуулукту сактабай ордунан козголуп кетсе, оюн жыдыйт. Андай учурда чүкө чыгып кетсе да, абалак тийип бирок ордунда калса да, ал чүкө борборго салынат. Тооруган чүкөсү башка чүкөлөрдү же ханды аралап кетсе, абалак борбор менен хандан өтүп кетсе жыдыйт.
Ичке түшпөй калса, тооруган чүкөнү атпайт. Чүкө чыгарып эки удаа тоорубайт. Тооруганда калыс салып, чүкөгө абалак жетпей калса жыдыйт. Тооруган чүкөнү адегенде чертпейт. Ханга тооруса жыдыбайт. Өз өнөгүнөн чүкө чыкмайынча жана акыркы оюнда тоорубайт.

V. Чалбай атуу
Чалбай атуу чүкөнү чертип жатып абалак чүкөгө жетпей калса, оюн жыдыбастан чийиндин сыртына чыгып, буттун башын борборго түздөп, сол колун бооруна алып, чүкөнү кыйшык атып чыгаруу. Чалбай атууда абалак чүкө, ханды же башка чүкөлөрдү аралап кетсе жыдыбайт. Каалаган чүкөсүн черте берет.

VI. Чертүү
Ордо оюнунда жеңишти камсыз кылуу чертмекчинин чеберчилигине байланыштуу. Топ атканда, кадаганда, тооруганда чүкө чыгып, абалак борборго, ханга, чүкөгө калыс чен жеткендей туруп калса, чертүүгө укук алат. Абалак кырынан туруп калса жыдыбайт. Калыс ченди ичке түшкөн оюнчунун айтуусу боюнча абалак менен чүкөнүн эң чукул деген тушунан салат. Абалак жылып кетпес үчүн калыс бир колу менен абалакты басып, экинчи колу менен ченди салат.

Абалак борборго же ханга чукул болсо, ченди салуу үчүн борборго, ханга чүкөнүн чети борбор менен хандын абалак жак ыптасынан ашык-кем эмес кырдаалга чүкө коюп бөгүнөн, чүкө жактан ченди салуу керек. Бул кырдаалда чүкөнү кол менен басып туруп, ченди абалакка салуу керек.

Чертмекчи абалакты алганга отурганда сол буттун тумшугу жана оң буттун учу чүкөдөн өтпөгөндөй абалда олтуруу керек.

Талаш болуп калганда калыс, сол же казык буттун мисалга, түшүнүктүү болуш үчүн галош кийген бут кийимди алсак, галоштун тумшугу жана согончогундагы ортолугуна шишче сайып түркүк түздөгөн сыяктуу чүкөнү кароо керек.

Оң же жыккан буттун учу дагы борбордон, хандан, чүкөдөн өтпөш керек. Ал үчүн өтөт деген эки чүкөнүн ортосуна жип тартат. Эгер жип буттун учунун дал өзүндө калса өтпөйт. Бул үчүн дагы эле эки чүкөнүн четине шиш сайып, жип тартылат. Чертмекчи ичке олтураарда бутту эки жолу ченеп алууга уруксат берилет. Экиден ашык ченеп, олтурбай койсо жыдыйт.

Абалак борборго, топ чүкөгө чукул жатып калса, абалакты кайсыл тарабынан алса да жыдыбайт. Абалакты алганда чүкө кыймылдап калса, колду жерге тийгизип алса, так албай колдун бир манжасын жерге тийгизип алса, абалакты жылдырып алса оюн жыдыйт.

Абалакты алып солбугучакты эки бут тең ордунан кыймылдабай казык буттун согончогу жерден үзүлбөш керек. Солбуганда казык бут баштапкы абалынан кыймылдабай, көчүп баратканда буттун учу жерге жана казык бутка тийбеш керек.

Чүкөнү аттап көчсө, өтө бийик туруп көчсө оюн жыдыйт. Бир чүкө чертмейинче топту, ханды жана сабап чертпейт.

Ордунан көчкөндөн кийин абалакты оңдоп алса оюн жыдыбайт. Сабаганда ар бир чүкө черткенде абалак чүкөгө, ханга, борборго чен жеткендей коюлуп, ар бир жолу абалакты койгондо кол бошоп, кайра абалакты кармап чертүү керек. Топту, ханды, борбордогу чүкөнү черткенде солбубай чертет.

Эки удаа солбубай чертсе жыдыйт. Чертип жатканда чүкө колдун билек муунунан жогору денеге же жеңге, бутка тийип калса, алаадан өтүп кетсе, абалак борборду, ханды, чүкөнү басып калса, кырынан туруп калса, абалактын үстүнө хан, чүкө чыгып калса, кесегенде абалакты жерге тийгизип алса жыдыйт. Чертип жатканда колду абалактан чыгара электе кол чүкөгө тийип кетсе, кол тийип чүкө чыгып кетсе жыдыбайт. Чертип жатканда кол канап кетип, кан жерге тамбаса да жыдыйт.

Абалакты тартканда, артыкча чийинге чукул чүкөнү тумшукка черткенде, абалак жаа түрүндөгү формада тартылыш керек.

Чертмекчи ичтен чүкө чертип жатып суроосу жок чийиндин сыртына чыгып кайра ичке кирсе жыдыбайт.

Чертмекчи олтурганда же көчкөндөн кийин алаасында чүкө калса жыдыйт. Алаада чүкө калды деп казык бут менен сунган буттун тизесинин деңгээлинен чүкө ичте калганды айтат.

VII. Жыдымайдын түрлөрү жана тыюу салынган жагдайлар
1) Чүкөнү борбордон кыйшык атууга болбойт.
2) Ханды атса болот, бирок тооруп алууга болбойт, артка чыгып кетсе жарабайт.
3) Чүкө чыгып жатканда ойноп жаткан тараптын оюнчулары ичке кирип алса, чийинди басып турса, чүкө сырттан тийип ичке кирсе жыдыйт.
4) Ичтеги оюнчу көрбөй туруп чүкөдөн өтүп кетсе, бир нерсе денесинен ичке түшүп кетсе, сырттагы оюнчу бир нерсени ичке кийирип жиберсе жыдыйт.
5) Ичтен абалакты, чүкөнү эки алса жыдыйт.
6) Атып жатканда ичте абалак калып калса жыдыйт.
7) Хан же чүкө чийинге илинип калса чыкпайт.
8 ) Черткен хан сырттагы адамга же башка бир нерсеге тийип кайра ичке кирсе, эки тарап тең макул болсо чыкты деп эсептелинет.
9) Хан, чүкө сыртка чыгып эч нерсеге тийбей кайра имерилип ичке кирип кетсе чыкпайт.
10) Тооруганда абалак сыртка чыгып, кайра ичке кирсе жыдыбайт.
11) Чүкө черткенде абалак жерден көтөрүлүп кетсе оюн жыдыйт.
12) Чүкө чыгарып жүргөндө оюнчу чийинди эки жолу басып алып бутун оңдосо оюн жыдыйт.

Биз билген Ордону абалак менен атуунун эреже тартиби ушундай. Көч бара-бара түзөлөт демекчи, калганы оюндун жүрүшүнө жараша толукталар. Эң башкысы — Табылды Эгембердиев борбор калаабызга алгачкы жолу эл үчүн атайын ордо ачып бергени сүйүнтөт. Бар бол Табыке, элиңдин алкышы тийсин.

Дүйшөн КЕРИМОВ, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 02-09.10.2009-ж.

* * *

Бул оюн тууралуу дагы бир маалымат. Ал Х.Н.Анаркуловдун китебинен алынды.

Ордо

Оюнчулардын саны 12—20 киши.  Оюн өткөрүлүүчү жер; аянтча,

Оюнда колдонуучу аспаптар: чүкөлөр, алардын саны катышуучуларга жараша болот, ар бир оюнчуга 5 чүкөдөн салынат.

Кан — диаметри 6 мм, калыңдыгы 2 мм. келген мүйүздөн же сөөктөн да, тегерек формада болот. (Канды бир тыйдык чака тыйындан жасоого болот). Ордо атыш үчүн оюнчулар томпой же абалактты колдонушат.

Абалак мүйүздөн жасалып, узундугу 3 см., кеңдиги 3 см.. жана калыңдыгы 2,5 см. келген тик бурчтуу формада болот.

Оюн үчүн «калыс» — чен узундугу 40 см. келген жыгач чыбыктан жасалат, анын жоондугу ар кандай болушу мүмкүн,

Оюнга даярдануу. Ордо оюну үчүн диаметри 14 метр келген тегерек аянтча чийилет. Чийим 5 мм. ашпаган кеңдикте акиташ менен сызылат. Бул сызыктан тышкары бир метр кеңдикте экинчи айлантма сызык чийилет.

Чийимдин дал ортосунда кеңдиги 2 см. жана тереңдиги 1 см. ашпаган чуңкур казылат да, анда «кан» жайгашат. «Канга» кошуп үч чүкө салынат да, алар «кан» менен бирге 5 чүкө келип эсептелинет. Анын айланасына бардык оюнчулардын санына ылайык ар бирине 5тен чүкө тизилет (кан менен үч ашык бир оюнчуга).

Ордону эки жаат болуп ойношот. Ар бир жаатта б—10 киши болот.

Ордо боюнча мелдешке кеминде 18 жаштагы оюнчулар катыша алышат.

Ордо боюнча калыстар тобу шайланат. Башкы калыс, аянтчадагы калыс, секретарь учётчик, катышуучулардын алдындагы калыс жана врач.

Оюндун тартиби. Эки жааттын ортосундагы беттешүү мурдатан жүргүзүлгөн чүчү кулак кармоонун негизинде өткөрүлөт.

Оюн башкалардын алдында эки жаат чийимдин сыртында маңдай тескей тизилишет.

Башкы калыстан чакыруусу боюнча эки жааттын башчылары аянтчадагы тегеректин ортосундагы калыска барышып, бири – бири менен кол алышып учурашат.

Бир бирин куттуктагандан кийин башкы калыс, оюндун кезегин аныктоо үчүн сологой чүкөнү калчайт.

Оюндун мүнөзү жана узактыгы. Ордо боюнча оюн эки топко (жаатка) бөлүп өткөрүлөт да, айланма. системасы же оюндан чыга калуу системасы боюнча жүргүзүлөт.

Оюн эки топтун биринде ар бир оюнчуга кемин» де бирден чүкө жетпей калганга чейин жүргүзүлөт, Эгерде команда «топ» бардык ашыктардан ажырап, бирок «каны» болсо, анда ага оюнду улантууга укук берилет, мындай учурда чүкөсү жок топтун щ бир оюнчусуна «кан» берилет.

Эгерде топтордун бири ат калчоо (өкчөшүп) боюнча топ бузуп, бардык чүкөлөрдү жана «канды» чыгарып кетсе, анда ордо экинчи топко салынып берилет да ал топ бузду укугуна ээ болот. Эгер бул топ да өз кезегинде бардык чүкөлөрдү чыгарып кетсе, анда оюн кайрадан ат калчоо боюнча башталат. Эгерде бардык оюн атылып бүткөндөн кийин ордодо чүкөлөр калса, салдырып алган топ жеңилген болуп эсептелет. Оюндун узактыгы эки сааттан ашпайт. Эгер бул убак аяктагандан кийин эки топтун бири да жеңишке жетишпесе, анда оюн токтотулат да, жеңищ топтордун уткан чүкөлөрүнүн санына жараша аныкталат. Чүкөлөрдүн саны бирдей болуп калган учурда оюндун натыйжасы тең болду келип эсептелет. Эгерде ордодогу чүкөлөр алынып бүткөндөн кийин «кан» чертилип жаткан учурда белгилеген убакыт бүтүп калса, оюн «канды эки топтун бири чертип алганга чейин узартылат.

Жеңишкен топтордун оюнчуларына — 2 упай (өчкө) берилет, тең чыгышса — I упайдан берилет, жеңилгендерге — утуш упайы берилбейт.

Топтордун орундары бардык оюндарда утуп алынган  упайлардын  саны  боюнча аныкталат.

Эки жана андан кеп топтордун упайлары толуп калган учурда орундар бардык оюндарда утуп алынган  чүкөлөрдүн  саны  боюнча  аныкталат. Чүкө атуунун түрлөрү жана эрежелери.

1. Ура атмай ура атуу деген оюнчу ордонун борборунда  жатка  тол  чүкөлөрдү же ириңдегендери чийимден  туруп атуу  болуп  эсептелет.  Оюнчу  ураатуу мезгилинде арткы такасы (сОюнчогу) менен чийимди  басып, бутунун  башын борборго түздөп, экинчи  бутун чийимдин  сыртына, өзүнө  ыңгайлуу абалга коюп, мээлеген чүкөсүн атат. Оюнчу ура атуу
менен чийимден чүкөнү чыгарганда ага кийинки ата турган оюнчунун каалаган жеринен жана кың кайлата атууга укук берилет

2. Кыңкай  атуу — чийимден алысыраак чүкөнү борборго түздөтпөстөн  чийимден  туруп  кыйгачынан атуу болуп эсептелет. Бул учурда оюнчу чийимди баскан бутунун башын борборго түздөп, экинчи бутун арт жагына  өзүнчө  ынгайлуу  абалга  коюп  чүкөнү чийимден кыйгач чыккандай  кылып атат. Оюнчу чүкө чыгаргандан кийин гана кыакай атууга болот.

3. Кадамак чийимге 2  метрге чейинки  аралыкта жаткан чүкө кадамак деп аталат, Кадамак кадоодо (атууда)  оюнчу төмөндөгү  эрежелерди  сактоого тийиш.

а) оюнчу кадамакчы бутун башын борборго түздөп, экинчи бутун өзүнө ыңгайлуу абалда чийимдин сыртына сунуп жиберет.

б)кадалуучу чүкө чийимден 3040 см. аралыкта жатса кадамакчы бутунун сОюнчогун арткы чийимге коёт.

в) чүкө чийимден 3040 см. жетпеген аралыкта болсо бутунун сОюнчогун кадоого коёт.

г) эгерде чүкө чийимдин үстүндө же чийимден 5 10 см. алыс эмес аралыкта жатса, кадамакчы бутунун сОюнчогу менен чийимди  басып, буту чүкөдөн 10 см, алыс аралыкка (томпой айлангандай кылып) коёт.

Кадамак кадап жатканда чийимди баспаган арткы бутунун тизесин жерге тийгизүүгө болбойт.

4. Тоорумак: чийимге  30—40 см. аралыктагы чүкөлөрдү торуп чертүү тоорумак деп аталат.

Тоорумакты чийимди сОюнчогу менен басып, бутунун башын борборго түздөп тооруйт. Эгерде чүкө кол жетержетпее жерде болсо, бутунун такасын чийимге коюп тооруганы болот» Тоорумакчы чийимди баскан бутунун толорсугуна экинчи  бутунун башын  ичин карай эңкейип туруп тооруйт.

Тоорумакты борборго, топ чүкөлэргө жана бир чүкөгө байлап тоорууга болот, Тоорулган чүкө артка же капталын көздей чыкса туура тооруган болуп эсептелет.

Эгерде тоорулган чүкө чыгып, томпоюабалагы ичке (канга) борборго, чүкөлөргө байланбай калса, оюнчу экинчи атуушуну ошол тоорумак жерден же, 3 кадам оң жагынан жылыш, борбордогу же чийимден алыс аралыктагы чүкөнү борборго түздеп атууга тийиш. Чийимге жакын жерде эки чүкө болуп, бирвене тооруп ичке байланган болсо, ошол тооруп түшкөн чүкөнү чертуүгө руксат берилет. Тооругандан кийин кадамак кадоого болбойт.

5. Чалмай атуу тоорумактын экинчи бир түрү. Чалмай атуучу оюнчу бутунун башын борборго түздөп, такасы менен чийимди басыш, чүкө атпаган колун бооруна алып, өзү чийимдин ичин көздөй, эңкейип, экинчи  бутун  чийимдин  сыртына өзүнө ыңгайлуу абалда сунуп коюп чүкөнү капталын  көздөй чертип чыгарыш керек.

Чийимден I метрге чейинки аралыктагы чүкөлөрдү чалмай атууга болот, Чалмай атууга оюнчу чүкө чыгарыш жүргөн көзинде уруксат берилет.

6. Чертмек — оюнчу жогоруда айтылган ыкмалардын бирин колдонуу менен чуке чыгарып, томпоюже абалагы борборго, «кунга» же  чүкөлөрдүн бирине жакын жатып калса (калыс чен жеткен жерде болсо, оюнчу андан аркы оюнду чийимдин ичине сыңар тизелеп туруп чүкенү чертүү жолу менен улантат.

а) ичке олтуруу — ичке түшкөн оюнчу эки бутунун башын чүкөнүн, «кан» менен чүкөнүн жана борбор менен чүкөнүн аралыгын белгилеген түз сызыктан өткөрбөстөн сыңар тизелеп олтурат, Казык буттун ап кыты — сОюнчогу экинчи буттун жерге койгон тизесин борбор «кан» менен чүкөдөн, томпой менен борбордон кана «кандан» өткөрбөөгө тийиш.  Ичке отурганда оюнчу этекжеңин  жерге  же чүкөгө  тийгизүүгө болбойт.

б) ичке олтуруп томпойду же абалакты алуу; оюнчу ичке олтургандан кийин томпойду же абалакты көздөй эн кейип колу томпойгом же абал акты көздөй эңкейип колу томпойго же абалакка тиер замат айы шып көтөрүп алышы керек. Ичке олтурган томпойду — абалакты алып жаткан көзде казык буттун таманы, экинчи буттун башын жерден көтөрүүгө болбойт. Ичте олтурган оюнчунун казык бутунун таманынын ордунан которулуп же жылып кеткен жана экинчи буттун башы көтөрүлүп калган бардык учурларда оюн жыдып калат.

в) чүкө чертүү: оюнчу жогоруда айтылган бардык шарттарды  аткарып, томпойду — аба лакты  жерден алгандан кийин чүкөнү чертүү башталат. Оюнчу ичке эмне  менен түшсө, чүкө  чертүүнү ошону  менен улантат. Чүкөнү чертүүдө томпойду — абалакты колунун манжалары менен кармап, аны айланта чертүү ыкмасын колдонот.

Оюнчу томпойду — абалакты алгандан кийин экинчи бутунун жерге койгон тизесин өзүнө ыңгайлуу кылып жылдырууга, эгер кааласа тизесин ордунан жылдырбай эле отуруп  черте берүүгө болот.

Томпойду — абалакты тутамдап кармап алга чүкөнү арты менен уруп кагууга болбойт.

Ичке түшкөн оюнчу бир чүкө черткенден кийин борбордогу топ чүкөдөн, үч ашык черткенден кийин чалмай бутунун жерге койгон тизесин кыймылдатпастан туруп «канды» же борбордогу топ чүкөлөрдү чертүүгө уруксат берилет.

Оюнчу бир чүкө черткенден кийин ордунан туруп, башка орунга отуруп алып чүкөнү сабап, удаа удаасы менен ордунан турбастан чертүүгө укуктуу. Сабап чертүүнү унаасы менен бир нече жолу кайталоого болот. Сабап черткенде канча чүкө чертсе оюнчунун өз эрки, бирок экиден кем чүкө чертүүгө болбойт.

Оюнчу чүкөнү черткен соң томпойдун — абалактын жанында жакын жерде чүкө болбосо томпоюп — абалагын артын карай гана тартуу менен колу жеткен жердеги чүкөнүн жанына алып барып коюшу мүмкүн. Томпойду ыргытып жиберүүгө болбойт.

г) кан чертүү: ордодогу чүкөлөрдүн  бардыгы атылып жана чертилип алынгандан  кийин эки топ «кан» чертет.

Эки топтун башчылары «кан» чертүүгө бирден оюнчу белгилешет, аларды керек болсо алмаштырууга мүмкүн; «кан» борбордун жанында атайын жасалган жайда чертилет. «Кан» чертилүүчү жайдын тереңдиги 2 см., чоңдугу 4X2 см. ашпаган, чети жайпак тартып чуңкурураак болот;

канды чертиш үчүн аянттагы калыс (чүлү) белгиленген жерге аны өз колу менен коюп берет. «Кан» чертилип жаткан мөзгилде чийимдин ичинде башкы калыс, «кан» чертүүчү эки адамдан башка эч ким болууга тийиш эмес;

чертилген «кан» учуп барып чийимдин четине бир чекеси илинип калса чыкканга жатпайт, кайрадан чертилет. «Канды» ордодогу чүкөлөр түгөнө электе ичке түшкөн оюнчу чүкө чертип жаткан көзде да чертүүгө уруксат берилет; ортодогу чүкөлөр атылып жатканда «кан» чийимге жакын жерге келип жатып калса, аны кадап чыгарып алууга мүмкүн. Ордодогу ашыктар атылып жаткан мөзгилде «кан» чийимден чыгып кетсе ал оюнду атып жаткан топтун пайдасына калат.

Оюнда тыюу салынган аракеттер:

а) оюн атпаган  оюнчулардын ордонун  ичине кирип жүрүшүнө же отурушуна;

б) ичке түшкөн оюнчунун бир чүкө чертпей туруп топтогу чүкөлөрдү, үч, чүкө чертпей туруп «канды» чертүүсүнө;

в) чүкөнү черткенден кийин томпойду — абалакты алдын көздөй түртүп жиберүүгө жана артын көздөй жерге тийгизбей ыргытып жиберүүгө;

г) томпойду — абалакты үзгүлтүк менен токтотуп тартууга;

д) чүкө чертүүгө отургандан кийин  томпойду —абалакты колуна алып кайра жерге коюуга;

е) «канды» же топту чертүүнүн алдында бутунун жерге койгон тизесин которуштурууга жана кыймылдатууга;

ж) чүкө чертип жаткан оюнчунун жыдый электе чийимдин сыртына чыгып кетүүсүнө;

з) оюнчу  чүкө чыгарып  жүргөн көзде чийимдин ичинен сыртка колун созуусуна, сырттагы оюнчулар чийимдин ичине кол созуусуна;

и) ичке отурган көзде казык бутун таманы менен бүккөн тизеден башка денесин жерге тийгизүүгө;

к) чүкө чыгарып жүргөн көзде абалакты — томпойду бир колдон экинчи колго алууга;

л) чүкө чыгарып жүргөн оюнчуга топтун башка бир оюнчусу томпой — абалакты кармап жана ыргытып берүүсүнө;

м) атылып жечертилип чийимдин сыртына чыккан чүкө бир нерсеге тийип кайра чийимдин ичине  түшкөн учурда калыстын уруксатысыз алууга болбойт,

ЖЫДЫМАЙ ЖАНА АНЫН ТҮРЛӨРҮ

а) ура атуу, кадоо, торуу, чертүү мөзгилинде чүкө чийимден чыкпаган учурда;

б) чийимден чыккан чүкө оюн атып жаткан топтун мүчөсүнүн бирине тийип кайра ичке түшсө;

в) чүкө чыгып жатканда оюнчунун өзү же анын шеригинин (жатташынын) бири  бир нерсени ичке түшүрүп жиберсе;

г) чүкө чыкканда оюнчунун өзү же ошол топтОюнун бирөө ортодо жаткан чүкө менен  борбордун, «кандан», томпойдун — абалактын  аралыгынан өтүп кетсе;

д) чийимдин сыртына чыгып бир нерсеге тийип кайра чийимдин ичине чүкөнү сырттан туруп алганда;

е) оюнчунун ичке түшкөнүн же түшпөгөнүн билүү үчүн чен салдырын, чен жетпей калса;

ж) оюнчу ичке олтурган көзде казык бутун чүкөлөрдүн арасына киргизип коюп олтурса;

з) ичке түшкөн оюнчу борбор  менен «кандын», «кан»  менен  чүкөнүн ортосуна  колун созуп, ичтеги томпойду — абалакты алса;

и) ичке олтурган мөзгилде бүгүлгөн тизеси жана казык бутунун сОюнчогу борбор менен чүкөдөн, «кан» менен чүкөдөн, томпой — абалак менен чүкө« ден өтүп кетсе;

к) оюнчу «кандын» жана борбордун үстүн калпый чүкө чертсе;

л) чүкө чыгып, томпою — абалагы ичке байланган, бирок эреже боюнча сыңар тизелеп отуруп аны мүмкүн болбОюн учурда;

м) аткан же черткен чүкөсү чыгып, бирок томпою — абалагы чүкөгө, «канга» же борборго тийип жатып калса;

н) оюнчу чүкөнү чертип жиберип томпоюн — абалагын жерге койбостон колунда кармап калса;

о) ичке түшкөн көзде томпойду — абалакты жер таянып же томпойдун абалактын өзүн таянып алса, үстү башына тийгизсе;

п) оюнчу чүкөнү чертип, томпойду — абалакты кайра тарткан учурда ал борборго, «канга» же чүкөлөрдүн бирине жетпей арабөк калса;

р) тыюу салынган ыкмаларды колдонгон учурлардын бардыгында жана «тоорумак, чалмай атуу, кыңкай атуу, кадамак кадоо, ичтен томпой — абалак алуу, чүкө чертүү» деген бөлүктөрдүн (пункттардын) ыкмаларынын шарттарын бузган бардык учурларда оюн жыдыган болуп эсептелет.

«Кыргыз эл оюндары: /Анаркулов X. Н, Сурөтчүсү К. Молдоказиев», http://www.bizdin.kg

 

Ордо оюнуна байланыштуу макалалар:

Табылды Эгембердиев, ордо федерациясынын президенти: «Ордо оюну абалак менен кайра жанданды» 

Соц тармактар:

Ордо: 1 комментарий

Добавить комментарий