Дзюнсей Терасава, Будда дининин монахы: «Дүйнөнүн келечеги — Кыргызстан: Өңүмдө жана түшүмдө»

2009- жылдын 25-августунда Бишкек шаарынын Жазуучулар союзунда өткөн «Борбор Азия кечээ, бүгүн, эртең»-деп аталган илимий конференциясында Будда дининин дүйнөгө белгилүү өкүлү монах Дзюнсей Терасаванын сүйлөгөн сөзү.

Мен силер менен бала кезимдеги окуялар менен ой бөлүшсөм дейм. Будда монахы болордон мурда океан жээгинде, Кореянын ыраакы чыгыш тарабында кичинекей япон айылында төрөлүп бу дүйнөгө келгем.

Менин мекеним ар кандай уламыштарга өтө бай. Ошо жерде эң эле эски ыйык жай, япондордун Будда динине чейинки эң ыйык делген он синто храмдарынын бири жайгашкан. Бул жан дүйнө духу Японияга евроазиялык континенттен келген дешип тарыхчы-изилдөөчүлөр тыянак чыгарышкан. Бизде муну «бул батыштан, деңиздин ары жагынан келген дух»-деп коюшат. Анда эски коргондор да өтө көп. Арасындагы такка окшоп турганы өзгөчө көрктүү. Уламышта бул жерге бир баатыр көмүлгөн деп айтылат. Ал ыраактан келип, киши жегич жырткыч канаттууну өлтүргөн. Азыркыга чейин ошо коргондун чөнөктөрү, орду көрүнүп турат. Бул жерди «Тоо» деп коюшат. Ар жылы, тээ илгертеден, а балким ошо коргон курулган убактан баштап, ошо баатырдын элесине арналып сумо боюнча мелдеш өткөрүлөт. Арбактардын урматына арналып өткөрүлүүчү бул мелдеш-бүгүн спорттун бир түрүнө айланды.

Жаш кезде, бир аз чоңоюп калганда, көп ойлорду ойлоп, жашоону, диндерди, философияны талдап калганымда, таңгалыштуу көрүнүштөр боло баштады. Эсимде, университетке тапшыруу экзамендерине даярданып, түнкү саат 3төн таң эртеге чейин жымжырттыкта отуруп, деңиздин шарпылдагы угулуп турчу.

Кээ бир убакта чарчаганымды унутайын деп, көзүмдү жумсам эле көзүмө бир өрөөн көрүнүп, ал түшкө окшоп кайра-кайра күндө кайталанчу.

Ал түшүмдө мен кичине баламын. Ат үстүндө отуруп баратам. Адырлуу жерлер, бирде ылдый түшүп, өйдө чыгып, жайнаган аңыздарда, жаркыраган асман алдында, батып бараткан күндүн нурундабыз. Аттын тизгини кагылганы кадимкидей угулат. Менин артымда атам отурат деп, сезимимде билем. Бирок, бурулуп жүзүн караган эмесмин. Өрөөндө ат, мен, атам үчөөбүз гана баратабыз.

Японияда мындай өрөөн, адыр жок, ат дагы бизде болбойт, атка минип да көргөн эмесмин. А бирок ал түш күндө кайталанып, башкача сезимдерге арбалчумун. Бул окуялар менин жаштыгымда, сезимтал кезимде болуп өткөн.

Ички дүйнөмдө болгон табышмактуу сырлардан башка менин жашоомдо келечегимди аныктаган эки зор окуя болду. Биринчиси, менин колума атактуу китеп тийди, анын атын көп жолу уккам. Япон тарыхындагы эң ыйык саптар, сөздөр жазылган. Мага айтышкан, бул Будда окуусунун эң негизгиси анда эң улуу даанышмандык жатат деп. Анын аты Ме-Хо-Рен-Ге-Кё — Кереметтүү Дхарманын Лотос Гүлү жөнүндөгү Сутрасы — Лотос Сутрасы (Лотос ырлары). Мен аны жөн гана китепканадан алып, уктаар алдымда бир карап коеюн деп ойлогом. Бирок кызыгы тарабай таңгалуу менен бир түндө уктабай окуп чыгууга туура келди. Менин жан дүйнөмө терең бүлүк салып, чындыктын нурун таап, кайра жаралгандай болдум. Мени кыйнаган көптөгөн санааларым жеп жуткандай, караңгылыктан жарык нур чачкандай болду. Бул менин жан дүйнөмдөгү биринчи тажрыйбам эле.

1945-жылдын 6-августунда Хиросимада эмне болгондугун университеттен түшүндүм. Мага оор болду. Элестеткиле, эртең менен эчтеке менен иши жок энелери балдарын мектепке даярдап, аталары ишке жөнөп жатышкан бейкүнөө шаар адамдары бир заматта тозок отунда калышты. Ал кезде согуш маалы эле да. Ошол күнү асманда бир самолет пайда болуп бомбалоо башталат деп жатышса, жалгыз самолет айлана учуп кетип калган. Анан асманда бир точка пайда болуп жерге парашют менен бир нерсе түшүп бара жатты. Жерге жетпей эле ал точка иңир жарган ак жарыкка айланды. Аны көргөн адамдардын денелери эрип күйдү, ойго келбес жарык адамдарды жансыздыкка бөлөдү. Күйүү толкуну каптап барып үйлөрдү күл кылды. Анан эс тундурган үн чыгып, артынан талкалануунун толкуну каптады. Таш үйлөр күкүмдөй, бычырап, эстеликтердин таш плиталары какымдын үлпүнчөктөрүндөй каалгып калышты. Төгөрөк тозокко айланып, ал жерде эч ким жан сактай алмак эмес. Көп өтпөй ошол төгөрөккө кара жаан жаап, ошо жаанда жан-жаныбарлар, адамдар радиациянын өлө турган дозасына кабылышты. Аларга жардамга келгендер да соо калышкан жок. Бул күнү жүз миңдеген бейкут адамдардын өмүрү кыйылды. Канчалаган жан-жаныбар, курт-кумурска жандуулар, канаттуулар жок болушту.

Кантип бир бомба менен ушунча жамандык жасоого болот!? Баарынан да мени таңкалтырганы, адамдар бул куралдын чексиз оор, шумдук кесепетин көрүп, андан баш тартпай, аны кайра кээ бир өлкөлөр көбөйтүп жасай баштаганы болду.

Ушинтип менин сар санаама, келечек кандай болот деген ойго тыянак чыкты. Биринчиси, жогорку даанышмандык, ар кандай тескери ойлорду жок кылган чындык. Баарыбыз бул даанышмандыкты кабылдасак болот, ал-жашоонун, ааламдын, табияттын ыйыктыгы. Тескерисинче, биз жашоону тозокко айландырсак да болот. Анда жалгыз эле Хиросиманы эмес, бир күндө бүт жер шарын бир чоң эбегейсиз жарык менен жардырып салууга эмнеге болбосун?

Ушул эки окуя мени үйүмөн кетүүгө түрткү болду. Жөн эле кол куушуруп отуруу мүмкүн эмес болчу, Ата-энемден, үйдөн, досторуман, «эмне үчүн жашайм, эмне кылам»-деп өз жолумду табуу үчүн качуу керек болду. Атайын бир максат койгон эмесмин, эмне жасаарымды, кайда бараарымды билген эмесмин. Ошентип тагдырым мени деңиз айылынан Токиого жеткизди. Мен андан устатымды таап, акыр аягы аны менен Будда монахы болууга анын батасын алдым. Мунун өзү үйүнөн чыгып кеткен Дербиш болуп, чыныгы чындыкты издеген, накта адамча жашоого бет урдум. Ага жетиш үчүн бир орунда турууга мүмкүн болбойт эле, ар дайым жер кезип жүрүүгө, байлыктан, оокаттан, үйдөн, кызматтан, бийликтен баш тартыш керек болчу. Мен ушундай жашоону кабылдадым, ал эми иш жүзүндө бул жашоо негизи байыркы көчмөндөрдүн, өмүр тажрыйбасынан, дүйнө таанымынан куралган.

Будда Индияда ханзаада болуп төрөлгөн. Алдын ала айтуучу, карыган ыйык Брахман жаңы төрөлгөн наристени бир сыйра карап чыккандан кийин ал ыйлап жиберет.

— «Менин баламды көрүп эмнеге ыйлап жибердиң?»-деп толкунданып сураган ханга.

— «Бул наристе келечекте Чакравартин болот экен»-дейт көзүнүн жашын агызган Брахман. «Бүт дүйнөнү башкарат, бардык элдер баш ийишет, бир дагы күч колдонбой кең пейилдик, даанышмандык, мээрман иштери менен жер жүзүн каратат, — дейт.

— Ооба биз бардык сактар (шакья, скиф) ишенебиз, Улуу аянда айтылган, биздин уруудан дүйнө падышасы төрөлөт деген, — деди бактысына сүйүнгөн хан. Ооба менин уулумдун ошондой болоору маңдайына жазылган. А сен эмнеге ыйлап жатасың, — деп сурады.

— Себеби ал баарын таштап, үйүнөн чыгып кеткен дербиш болуп, чындыкты, бийик даанышмандыкты издесе, анда ал улуу окутуучу, сактап калуучу болот. Анын келишин адамдар, асманда жашагандар дагы күтүп атышат, бирок андай боло электе эле мен өлүп калам, — дейт Брахман.

Хандын баласы Будда Шакьямуни, сак (скиф) уруусунан чыккан Ойгонгон ыйыгы болду. Ал мындайга жер кезип жүрүп жеткен. Ак сарайдан, оокаттан, бийликтен, байлыктан баш тарткан. Бийликтен кетип нагыз эркиндикке ээ болгон. Ал чыныгы даанышмандыкты жана дүйнөнү сактап калуу үчүн гана жашады.

Миңдеген жылдар мурун көчмөндөр бүтүндөй Евроазияны кезип жашап жүрүшкөн. Алар дин жаратышкан эмес. Бирок, алардын урууларынан көптөгөн баатырлар чыгып, алар улуу жан дүйнөнү алып жүрүшүп, көктөн келген буйруктарды аткарууну, эрдик көргөзүүнү үйрөтүшкөн. Алар эрдикте, намыстуулукта, эли-жерди сүйүүдө керек болсо жан берүүгө даяр болушкан. Булар сак (скиф) цивилизациясынын улуу дүйнөсүн айгинелеген.

Алар Египет пирамидаларындай же Кытай сепилиндей эбегейсиз курулуштарды курушкан эмес. Алар баалуу буюмдарды да чыгарышпаган, түздөн — түз аалам даанышмандыгына байланышкан, адамзаттын баатырларын жаратышты. Ошон үчүн адамдар аларды ар дайым урматташкан, таазим кылышкан, аларды дайым эстешип, аларга күмбөз, көрүстөндөрдү тургузушуп, аларды (курган) коргондор деп аташкан. Байыркы көчмөндөр тарыхын жазышкан эмес, ошон үчүн биз алардын өзүлөрү күмбөздөрүн эмне деп аташканын билбейбиз. Алар чоң шаарларды салышпады, бир нерсе өндүрүшпөдү, артында баатырдык иштери, коргондору менен сакталып, айтылып кала берди. Мындай күмбөз көрүстөндөр менин туулуп өскөн жеримде да бар. Сөз башында айтып өтпөдүмбү, биз азыр дагы ишенебиз, булар деңиздин ары жагынан келген Сибирден Кореянын жээктеринен баатырлардын элесине арналган. Евроазиянын бүт жагында: Украинада, Кавказда, Борбордук Азиянын бүт тарабы, Сибирде, Манчжурия, Кореяда, Японияда ааламдык эстин баатырларынын көрүстөн — коргондорун көрөбүз, алар өздөрүнө, эрдикти, шердикти, айкөлдүктү, өлүмгө тике караганды, чексиз сүйүүнү сиңиришип өлбөстүккө айланышкан. Аларга коргондорду тургузган, адамдар алардай болууну, аларга жетүүнү самап, көксөп келишкен.

(Уландысы кийинки санда)

Кыргызчалаган К.АЛДАЯР, «Эл сөзү» («Кыргыз гезиттер айылы»), 06.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий