Таланттуу акын жана талыкпас котормочу

Замандын оош-кыйышына, жеке турмушунун өйдө-ылдыйына карабастан, төрөлгөндөн орустардын арасында жашап, орус мектебинде окуп, жаш кезинен орус тили аркылуу дүйнөлүк адабиятка, ошолордун ичинен өзгөчө чыгыш адабиятына кызыгып, кырк жылдан бери калемин колунан түшүрбөй котормочулук татаал өнөрдүн жолуна түшүп, кыргыз тилинин байышына, өркүндөп-өсүшүнө талыкпай, кумурскадай эмгектенип келе жаткан акыныбыз Кубанычбек Басылбеков жөнүндө айтмакчымын. Өзүнүн ыр китептери жарык көрбөй, акын катары көп билинбесе да, котормочу экендиги көпчүлүккө маалым.

К.БАСЫЛБЕКОВ чыгармачылык жолунда бөлөктөрдөн өзгөчөлөнүп, Чыгыш поэзиясындагы бир нече ыр ыкмаларын (формасын) кыргыз поэзиясына алып келип, жаңылык киргизүүдө өз салымын кошуп, эч ким жасабаган иштерди аткарды. Атап айтканда: төрт саптар (рубаяттар), туюктар (туюги), эгиз саптар, казал (газель), булар кыргыз поэзиясында жок чыгыш поэзиясынын ыр ыкмалары.

1975-жылы жаштардын жыл сайын чыгып турган «Учкун» аттуу адабий жыйнакка «Туюктар» деп аталган ырлары жарыяланган. Бул төрт саптан турган ырда уйкаштыктар бир эле сөздөн туруп — омонимдер деп айтылат. Бир-экөөнү мисал келтирейин:

Жер көгөрүп, торгой сайрап келди жаз,
Аны тосуп, ага арнап ырды жаз.
Жаштык барда бактуу суунун боюнда,
Достор менен ойноп-күлүп черди жаз.

Ойго батып олтурганмын… Күн чак түш…
Уктап кетип, бир кызыктай көрдүм түш.
Айга чыксам, айтат мага Жер-айым: —
Адаштыңбы? Мен мындамын, жерге түш!

Мындай «Туюктар» деп аталган ырларды ХIV-XV кылымдарда жашашкан Лютфи, Навои, Бабур жана ХIX кылымдын өзбек акыны Хамза Хаким-заде жазган. Залкарлардын «Туюктарын» Кубанычбек Кыргыз поэзиясына киргизгени менен баалуу.

Эми «Сырдуу саптар» деген ырларынан окуп көрүңүз:

Калыңа жүзүңдөгү түшүп көзүм,
Жаныңа баралбаймын качып сөзүм.
Чыдабай жарылабы жүрөк байкуш,
Кабына батыралбай чиркин өзүн?

Бул ырлардын сыры — оңдон солго, солдон кайра оңго карай окулганында. Мунун өзү эле жаңылык эмеспи.

Ырларды кыргызча, орусча эки тилде жазып, эки тилден которуп, алардын китеп болуп чыккан, чыкпаганына карабай эмгектене бергенинен дүйнөлүк поэзиянын мыкты шедеврлери кыргыз тилинде жарык көрүүгө өз кезегин күтүүдө.

Ал эми жакында жарыкка чыккан Кыргыздын Гиннес китебинде: «Күзгүдөй чагылдыруу ыкмасы менен ыр жазууга эксперимент жүргүзүп, бир нече ырларды жарыялаган — акын Кубанычбек Басылбеков» — деп абдан акыйкат жазылган, (Ысмайыл Кадыров, «Кыргыздын Гиннес китеби», Бишкек, 2008-жыл, 124-бет).

Кубанычбектин жогорку билими жок туруп (орус орто мектебин эле бүтүргөн) оор, татаал, залкар акындардын, котормочулардын оюна келбеген, келсе да даап жасай албаган ишке, Шота Руставелинин улуу чыгармасы «Жолборс терисин кийген баатырды» Алыкулдан кийин түп нускасында которгонго киришип, Алыкул поэманы которбой эле сюжеттин негизинде өзү жазып салганын далилдеш үчүн иш аткарып жаткандыгы коркпогон, эр жүрөк баатырдыгы эмей эмне?!

Сөзүбүз кургак болбосун үчүн анын аталган поэмадан которгонунан мисал келтирели:

Үч-төрт ырды жазып койгон акын эмес сынымда,
Андай жазгыч жүрөктөрдү эрите албайт кылымда.
Эптеп-септеп уйкаштыкты таап алат да ырымга
Мына ырдын мыктысы! — деп төшүн кагат чынында.

Майда ырды жазган акын кибиреген немедей,
Жазган менен жүрөк кылын козгой албайт кенедей.
Жаш баланын колундагы ал оюнчук жебедей,
Чоңдон коркуп, майда жанды ата берет кенебей.

Булар поэманын кириш сөзүндөгү ырлар. Түп нускасын сактап которууда. Мында айтып кете турган орчундуу бир нерсе — Кубанычбек бул ишти жасабаганда залкар акыныбыз Алыкул Шотанын котормочусу бойдон кала бермек. Мунусу үчүн Кубанычбекке чоң ыраазычылыгымды айтып, баракелде, азаматсың! — демекчимин.

Мырзабек ТОЙБАЕВ, Кыргыз эл жазуучусу,
КРнын маданият ишмерлер ассамблеясынын Коомдук бирикмесинин Президенти
«Кыргыз туусу»
(«Кыргыз гезиттер айылы»), 06.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий