Кыргыз улуттук менталитетин кантип сактайбыз?

Кыргыз болуп туулдук, кыргыз эненин ак сүтүн эмдик, бешик ырын угуп, кыргыз топурагында кылтыйып чыккан кымыздыгын үзүп жеп эр жеттик, аталар баптаган «күлүгүн минип күүлөнүп, күлгүнүн кийип түрлөнүп шарактап той тойлодук «. Кызыгы бүтпөс өмүр базарын азыр да аралап жүрөбүз. Ал эми ошентип алаканга салып алпечтеп өстүргөн эл-журтубузга эмне кайтардык, эмне бердик?!

Ошонун бирден-бир кайтарымы — кыргызча өмүр сүрүүдөгү улуттук каада-салттардын асыл нарктарын улантуу экен. Талдай келгенде, кыргыз үчүн өмүр сүрүп, күн көрүүнүн философиялык маани-маңызы да ушуга барып такалат. Антпесең кыргыздын дилин да, тилин да саттым, өзүм да убара болдум, кыргызды да кор кылдым дей бер! Эгемендик алгандан кийинки жылдары бул маселе саясий мазмуну жагынан алдынкы чекке чыга баштады.

Албетте кыргызча өмүр сүрүү деген, «кымкап чепкен, суусар тебетей» кийип, колго теспе алып сүзүлүп калуу эмес. Чыныгы кыргызча жашоонун өз шарттары бар. Эң башкысы — улуттук менталитетти өстүрүү.

Кыргызча эркин сүйлөй билген орус же кытай кыргыз болуп кете албайт. Илгертен бери эле төшөктө башы, тескейде малы бирге канатташ казакка да, санатташ өзүбекке да, түбү бирге түркмөнгө да кыргызча жыргоо, кыргызча жүрүп-туруу оңой боло койбойт.

А чындыгында кыргыздын кыргызча өмүр сүрүү жүйөөсү, анткени кыргыз башкача өмүр сүрө албайт, сүргүзсөң — кыйналат, өмүрү тозокко айланат.

Ошентип, кыргызга_гана тиешелүү кулк-мүнөз, жүрүм-турум, салт-санаа, үрп-адат бар экен да — аны биз кыргыз менталитети, жалпы кыргыз дили дейбиз.

Кыргыз ич-ара уруу-урууга, кокту-колотко бөлүнгөнү менен, улуттук менталитет антип бөлүнбөйт, ал тутуш. «Бөлүнбөгүн кыргыз эл, бөтөн элге кеп кетет, бөлүнүштү кыргыз деп, бөлүп-бөлүп жеп кетет» деген даанышман Бакай атанын айткан керээзи да ошондон. Дил — бардык кыргызга орток. Анын ирегеташы улуттун асманы, көк чапчып аккан агын суулары менен токойлору, Теңир Тоосу менен Ысык-Көл, Соң-Көл, Сары-Челек, Чатыр_Көлдөрү, Токтогул, Толубай, Жеңижок, Арстанбек баштаган алтын жаак, жез таңдай акындары, дүйнөдө теңдеши жок зор дастан «Манас» эпосу, океан мисал «Манасты» мээсине сактап биз жүргөн доорго чейин ооздон-оозго өткөрүп жеткирген залкар манасчылар Чоюке, Шапак, Келдибек, Балыкооз, Сагынбай, Саякбайы, сейрек таланттары Чынгыз, Алыкулу. Булар кайталангыс, башка элдер менен өлкөлөрдө кездешпей турган, ээлеп алууга болбой турган улуттук сыймык.

Кызыл Туубузду, Баш мыйзамыбызды жана эл урааныбызды (Гимн) токтом менен бекитсе, улуттук дил, улуттук менталитет токтомго көнбөйт, колдон да жасалбайт, тескерисинче калың элди өз эркине көндүрүп отурат.
Бизден башка өлкөлөрдө мыйзам улуттук менталитетке ылайыкталып кабыл алынат экен да, бири-бирине шайкеш болгондуктан анын аткарылышы улуттук бөлүм-бүтүмдөрдүн бузулбашына кепилдик берип турса, бизде мийзам кээде кыргыз салт-санаасына, үрп-адатына кайчылаш алынат. Мыйзам чыгаруучуларыбыз улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алышкысы келбегендиктен, алардын чыгарган мыйзамы турмушка жуурулушпай, көбүнчө андан алыстап калат.

Менталитет — кийин жыш колдонулуп жүргөн латын сөзү («Ментал»), кыргызча мээбиздин өзгөчө түйшүгү, акыл-ойдун чагылышы, руханий кыртышы. Кыргызчасы — дил дедик, андай болгондо дил ишенимге, иманга жакыныраак («Сарттын тили таттуу, дили катуу»). Эл макалы.

Улуттук менталитет узак жылдар бою камоодо болду. Ошондуктан улуттун көзү болгону менен — көрбөдү, кулагы болгону менен-укпады, тили болгону менен — сүйлөбөдү. Оторчулар улуттук менталитетти туткунда кармады. Миңдеген жылдардагы тарыхынан боюна сиңирген ар-намыс, парасат сыяктуу кыргыздын залкар менталитетин коммунисттердин жашырып кармоодон башка айласы калган жок. Бирок кубаттуу күч айтканын жасады! Курчоосун тешти, ичке кирди, иритки салды. «Күчүгүндө таланган тайган карышкыр албайт» дегендей, оторчулук доордо жашып калган улуттук дилибиз али да өзүнүн нугуна түшө албай жаткандай.
Кыргыз, кыргыз болгону канча доор өттү, өзүнүн улут болуп калыптануу жолунда канчалаган жамандык менен жакшылыктарды башынан кечирди: ким менен достошту, ким менен касташты, кимден — кордук, кимден — зордук көрдү — ушунун бардыгы анын улуттук менталитетинде, эсинде сакталып, жүрүш-туруш салт-санаасын ойготуп отурду.

Улуттук менталитеттин калыптануусуна тарыхый тажрыйбанын таасири зор: кордук көргөн улут же жасканчаак, же өрчүл келет да, ал менталитетинен белги берип турат. Кыргыз орустун таягын чеченден аз жеген жок. Бирок улуттук менталитети эки башка. Чечендин барар жери, басаар тоосу болбогондон кийин мүнөзүндө өжөрлүк, ошолор сыяктуу эле тоодо өскөн кыргызда ыкшоолук (жалкоолук, кенебестик) көбүрөөк. Ошондуктан болсо керек, көбүнчө кыргыз тууралуу тарыхый-саясий чыгармаларда кыргыздын толук улут болуп калыптануусуна шек саноо арбын. Мындай кемсинтип көрсөтүүгө, айрыкча кыргыздын илимпоздорунун да калеми курч. Эгемендик үчүн милдеттүү түрдө белсемдүү күрөшүп жүргөндөр аз, көпчүлүгү «партия менен өкмөттүн тапшырмасын жакшы аткаруучулар», «сабырлуулар», «Ар бир тамганын артын аңдып отургандар» ашкере аракетке барбайт, «акыл менен», «парасат менен», «куулук» менен ар иштин өтүү процессин, анын мыйзамдуулугун аңдайт. Кыргыз илимпоздорунун адабий кейпи ушул. Көбүнүн, айрыкча атка минерлердин арасында уурулук, зордук арбын, калп басымдуу. Илимпоздорубуз жашоодогу ордун аныктай албай келе жатышат. Атак-даңктуу адамдарыбыз элин арачалоого жарабай жүрүшөт.
Элдин тагдырына эмнем короп жатты эле деген көз карашта, элден энчиси бөлөк. Биримдик аз, түшүнүк да, түшүнүшүү да кем.

Улук көрсө, баштарын ийип, ийнине чапан жаап, далысын сылап жан-алакетке түшөт, чинге жапкан чапанына корстон. «Ушу биздин эл Токтомуш ханды көрбөсө — жамандаганын, көрсө — тоңкойгонун койбойт» дешчү экен мурункулар. Албетте баары эмес, арасында ак ниеттүүлөрү да кудая шүгүр, бар.

Улуттук менталитеттин түп атасы-улуттук маданият. Маданияттын эки турпаты болот: (материалдык), заттык жана руханий маданият, кийинкисин руханият деп да жүрөбүз. Экөө тең улуттун эмчегин бирдей эмет, бирок өздөрү да улутуна омуроосун тосуп жатат, анткени экөө эгиз, уялаш, бирисиз бири күн көрбөйт; бири — күн көрүү камы, дан азыгы болсо, экинчиси — улуттун ар-намысы, жан азыгы, уяты, бийик өрүшү.

Азыркы маданиятыбызда кош агым бар: аны мен кыргыз маданияты жана кыргызтек маданият деп атаар элем. Кыргызтек маданияттын касиети — анын түп нускаларынын (стереотиптеринин) китепте эмес, архивде эмес, жеке адамдын тула боюнан табылганында, философиянын тили менен айтса, ааламдык тажрыйба менен бузулгус бирдигинде, колдонулмалуугунда, «токуму кургабастыгында».

Өркүндөө (цивилизация) — сырткы дүйнө, неосфера, биздин колубуздан жасалып, бизди курчап турган чөйрө: машине, имарат, учак, кийим-кечек, тамак-аш ж.б., ал эми маданият — адамдын ички дүйнөсү, сезими, туюму, көз карашы, жан сыры, руханий тиричилиги, «сизиң» менен «бизиңи». Азыркы Европанын илим деңгээли экөөнү ушундай кабыл алат. Демек, Кыргызтек маданият кыргыздын расмий маданиятына караганда айча өйдө, бай, терең маанилүү. Бир гана аны таанып да, колдоно да бил, боюна сиңире бил! Ошондон болсо керек, кыргызча достошуу, турмуш куруу, урпак тарбиялоо, сүйүшүү, жагуу, ант беришүү туруктуу болоору маалим. Аны кыргыз баласы абдан жакшы сезет.

Кыргызтек маданияттын туу чокусунда ата-бабанын арбагы турат, ал эми кыргыз маданиятында европалык кайдыгерлик басымдуу. Азыр илимпоздуктан тумчуккан Европанын өзү европалык болууну жерип жатат. Ата-бабасынын рухун пир тутуунун чексиз рахатын жапан (япон) эли көрүп жатса, ал өзүн-өзү жериген элдер улуттук апаатка учурап жатат жана учурай да беришет. Мисал, өзүбүздө да жетишээрлик. «Баталуу кул арыбас, батасыз кул жарыбас» деген ушу болсо керек.

Демек, кыргыздын байыркы этникалык маданиятынын сыпаты бөтөнчө турбайбы да, азыркы расмий кыргыз маданияты бөлөкчө дүйнө экен да! Булар тамыры тереңде жаткан кубулуш, изилдеген адамга өз сырын ашкере ачып берем. Өзүбүздүн табиятыбызды, улутубуздун руханий турмушун, ички мыйзамдуулуктарын, касиети менен себеп-салдырып, тереңдете билгенибиз абзел. Ансыз жаңылануу жок, алга баскан кадам, артка кеткенин токтотпойт.

«Кыргыз маданияты» деген угум мурдагы Кеңеш доорунда этникалык боек катары колдонулду. А кезде кыргыз эстрадасын, кыргыз музыкасын, кыргыз гезит-журнал, радиосун, мектебин ж.б. айтор кыргыз тилинде өтчү кубулуштардын бардыгын «Кыргыз маданиятына» шылтоолочубуз. Түрү кыргызча болгону менен, мааниси орусташууга арналчу.

Азыр кыргызча билбеген же чала-була билген (ачык айтканда-киргиздин) кыргыздын ала-була расмий маданиятына малданып да, алданып да жүрөбүз. Ага да тообо дейли. Айтор, кандай болсо да кыргыз маданиятынан жаңы муун кол үзбөгөү жакшы. Сууга аккан — тал кармайт. Эми эгемендик алгандан кийинки жылдарда этникалык кыргыз маданияты менен кыргыз расмий маданиятынын ортосу дааналана баштады. Демек, кыргыздын этникалык маданияты менен расмий маданияты — бир өзөндүн эки жээги сыяктуу.

Кыргыздын этникалык маданияты миңдеген жылдар ичинде калыптанды. Өзүнүн өсүү жолунда ал өзүнө чейинки мурастарды өнүктүрүү, өстүрүү жана боюна сиңирүү жолдору менен өнүгүп отурду, кошуна элдердин бай мурастарына көңүл буруп, кабылдап, анын мыкты үлгүлөрүн «кыргызчалап» отуруп, алга басты.

Оторчулук мезгил улуттук тарыхыбызда көз-көрүнөө каршы турду, менталитетибизге, динибиз менен тилибизге кыянаттык кылды, салттуу чарбачылыгыбызды, кылымдардан келаткан тажрыйбабызды бүлдүрдү, мал-жаныбыздын тукумун өзгөрттү, элибизге кулак укпаган (рак) илдет таратып, өрүшүбүздү өрттөдү, жерибизди кууратты, уу төктү, агаин арасына от жакты, урпак менен урпакты араздаштырды, ата-баба мурасын жеритти, өзүмдү өзүмдөн жатсындырды, уурулук менен жалган айтуучулукту бийик көтөрдү.

Ал заманда салттуу кыргыз менталитети басынды. Анткени кыйратуучу күч, куруучу күчтөн айча өйдө болчу. Тарыхта көптөгөн маданияттардын күлү көккө сапырылганы белгилүү. Ал эми кыргыз менталитети атайын кыйратууга бой бербей, али да катардан калбай келатканы — анын тарыхый тамыры тереңде жатканынын белгиси.

Эмдиги стратегиялык милдет — «чечүү оңой болсо да, тигүү кыйын» менчиктүү дөөлөтүбүздү калыбына келтирип, кайта жаңыртып, түлөтүп, кыргыз кейпибиз менен салттуу маданиятыбызды туу тутуп, XXI кылымга ишенимдүү кадам шилтөө.

Бир улутту экинчи бир улуттан өзгөчөлөнтүп туруучу эки гана категория бар. Ал — анын улуттук тили менен маданияты. Өз маданиятынан ажыраган эл улут иретинде жоюлуп «жалпы адамзаттык» агымга аралашып б.а. «маңкурт» болуп кетет. Эгемендүү элибиздин маданият менен өнөргө байланыштуу мамлекеттик стратегиясын аныктап аны өкмөткө сунуштап туруу Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлиги жана Улуттук маданий борборунун кечиктирилгис милдети.

Салмоорбек Бектуров,
Кыргыз Республикасынын улуттук маданий борборунун салттуу маданият бөлүмүнүн башчысы,

«Назар» («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий