«КЫРГЫЗДАР — КУДАЙДЫН ЧЫНЫГЫ ЭЛИ»

«Кыргыздар — арийлер!» деген макалага карата алгачкы пикирди сунуш кылабыз. Редакциябызга ак калпагын кийип Рысбек баш бакты.Кыргыз тарыхына, санжырасына жана рух дүйнөсүнө өз алдынча изилдөөлөрдү жүргүзүп, олуттуу ойлорду козгогон, АКШдан келген калифорниялык окумуштуу Ричард Хьюитт (Рысбек) менен маек бардык окурмандар үчүн кызык болот деген ойдобуз. Маектин өзөгүндө кыргыз эли тууралуу чет элдик көз караштардын дагы бир жаңыча формасы, жаңыча ой жоруусу жатат.

Рысбек мырза, маегибизди алгач Сиздин Кыргызстанга кантип, кандайча жана эмне максат менен келип калганыңыздан баштасак?
Мен өзүм Калифорния штатындагы Санта-Барбара университетинде окуп жүргөнүмдө Жараткандын демин сезип, бир гана кесибиме байланыштуу китептерди карабастан, ыйык китептин Инжил бөлүгүндөгү Улукманды (Луканы) окудум. Андагы олуя Исанын жүрүш-турушу мага аябай жакты, жана анын накыл сөздөрүн окугандан кийин мен Кудайга ушунчалык берилип кеттим. Анан бир ордумда олтура албай, китепкананын ичинде ары-бери басып, сыйынып жаттым. Ошол учурда мен ал жердеги дүйнөлүк картанын жанына келип ага карасам, андагы Ала Тоо менен Памир тоолору жүрөгүмдү ээлеп, мени өзүнө тартты. Ал учурда эч кандай добушту уккан жокмун, аянды көргөн жокмун, бирок, бул Теңирден экенин туйдум. Бул чыныгы Руханий нерсе болду. Ал учурда, 1987-жылы, Кыргызстан дүйнөгө жабык өлкө болчу. Айрыкча бизге СССРдин аймагына келүү дээрлик мүмкүн эмес эле. Антсе да, баары бир келгим келип, жол издеп, бирок Теңир Тоо аймагына кире албай, Пакистанга барып, ал жактагы элдердин жашоосун, салттарын билейин деп, Ооганстандан ооп келген хазар деген эл менен 3 айдай жашап, кайра кеткем. Ошол бойдон 1991-жылы СССР чачырап, андагы бардык мамлекеттерге жол ачылды. Мен кайрадан келүүнүн аракетинде жүргөндө бир таанышым Өзбекстанда эле. Ал аркылуу Өзбекстанга келип, ал жакта 3 айча туруп, анан Кыргызстанга жөнөдүм. Бишкектен айыл чарба институту менен байланыш түзүп, 1994-жылы зоотехникалык кесибиме ылайык жумушка орноштум. Ал жерде иштегениме жыл айланып калган мезгилде бир врачка жолугуп калдым. Ал мага «Нарын жакта бүт баары бар, дарыгерлер жакшы, дары-дармектер дагы арбын, бирок элге витаминдер жетишпегендиктен наристелер оорулуу болуп төрөлөт, анткени, боюнда бар жана бала эмизген энелер бир гана нан менен чай ичишет» — деди. Аны угуп Нарынга бардым. Мага кыргыздардын көпчүлүгү Нарында эч нерсе өспөйт дешти. Бирок, байкап көрсөм ал жакта деле көп жашылчаларды өстүргөн мээнеткеч дыйкандар бар экен. Ошондуктан мен ал жактагы тоолуу райондордун топурагына изилдөө жасап, ал жердин ыңгайына жараша урук-үрөндөр менен иштеш үчүн кичине грант алдым.

Ал эмненин үрөндөрү эле?
Сабиз, буурчак, бадыраң, помидор, капуста ж.б. Чындыгында үрөндөр жакшы өстү. Жыйынтыгында 90% дан ашыгы түшүмдүү болду. Нарында ушул иштер менен алектенип жүргөнүмдө мени он эки баласы бар Бусурманкул деген аксакал он үчүнчү уулу кылып багып алды.

Сиз Кыргызстанга келип калууңузду Кудайга берилүүңүз менен байланыштырдыңыз. Бул жоопту укканымда оюма ар кыл күдүктөнүүлөр пайда болду. Дегеним, азыркы күндө Кудайдын атын жамынып, өз кызыкчылыктарын акырындап таңуулап жатышкан ар кандай бөтөн элдердин окутуучулары, диний секталар биздин төрүбүздү ээлегилери келет…
Сурооңузду түшүндүм. Буга узагыраак жооп берейин. Менин Кыргызстанга келүүмдү Теңирдин чакырыгы сыяктуу сезем. Анткени, Нарында иштеп жүргөнүмдө кыргыздын каада-салттарына канчалык көп күбө болгон сайын, ошончолук кызыгуум артып, өз алдымча изилдей баштадым. Ошондон тартып кыргызга таандык нерселердин баары мени ушунчалык таң калтырып, ойго салды. Себеби, мен мурда Кудайдын ыйык китебинен гана окуган окуялардын, салттардын, ырым-жырымдардын, көптөгөн санжыралардын өзөгүн силердин элиңерден жана эпосуңардан учураттым. Мисалы, салттардан: «кудайы конок», «кыдыр тууралуу», «агасы өлсө, анын аялын бир тууганына алып берүү тууралуу», «чоң атасы тун небересин багып алуу тууралуу» ж.б. Санжыралардан: 12 уруу, Жакыптардын тарыхы, Ребекка менен Рабиганын тарыхы ж.б.д.у.с. толгон-токой окшош окуялар көп экен. Кыргыз салттары байыркы пайгамбар-олуя жандарга жакын.

Биз, батыштыктар, ыйык жазууларды биздики дейбиз. Чындыгында, ал жазууларда силердин тарыхыңар, силердин мүнөзүңөр, силердин дүйнөңөр жатат. Андагы түшүнүксүз көп нерселердин жообун мен ушул кутман кыргыз арасынан кездештирдим. Айтайын дегеним, кыргыздардын руханий дүйнөсү ушунчалык бай. Ооба, бул мен үчүн Кыргызстандан жана кыргыздар арасынан тапкандардын эң маанилүүсү, жана мен силерди Кудайдын чыныгы эли деп эсептеп, ушул Рух дөөлөтүңөрдү төмөндөтпөстөн, ким экениңерди Семетей сыяктуу ар бир кыргыз билсе деп тилейм.

Эми Сизди кооптондурган алиги диний секталар жөнүндө кылтыйткан соболуңузга келсек, алар мени дагы тынчсыздандырат. Мен Кудайга берилсем да, «Ак калпак», «Боз үй» деген китепчелериме жана кыргыз эпосу туурасында жазган ойлорума мусулмандар да, христиандар да ж.б. четтен келген диний агымдар аябай каршы. Маселен, айрым кыргыз христиандарынын жетекчилери менин китептеримди окууга тыюу салды. Динчилдер мени жамандап, ушактап, «еврей», «агент», «шпион» же «миссионер» дешип гана тим болбостон, алар дайыма мени сүйүктүү өлкөм Кыргызстандан да кубалап чыгуу аракетинин үстүндө. Бирок, мен баары бир чындык жеңет дейм.

Негизинде кудайчыл адамдар кайсыл бир диндин таянычында жашайт эмеспи. Жогоруда аталып өткөн дин агымдары Сиз менен макул болбосо, демек Сизди кайсыл агымга кошсок болот?
Менин ата — энем христиандар. Кичине кезимде алар мени чиркөөгө алып барышаар эле. Бирок, мен алты жашымда алар менен чиркөөгө баруудан баш тарттым. Балким, балалык дүйнөм менен ал жактагы адамдардын көпчүлүгү Кудай үчүн чындап сыйынууга эмес, жөн гана ал жайга баруу милдетинен кутулуу үчүн келгендерин сезсем керек. Ал эми азыр кыргыз дүйнө таанымына же ишенимине ынанып, көзүм жетти.

Теңирчиликкеби?
Ооба, силер байыркы кыргыздардай болуп сыйынат экенсиңер.

Бирок сиздин изилдөөлөрүңүзгө саресеп салсак, «Манас» эпосубузга салыштырып кыргыз элин Тоорат китебиндеги Жакып пайгамбардын небереси Жусуп пайгамбардын тун уулу Манасстын тукумдары деген көз карашта жүрөсүз. Менин билишимче, Сиз негиз туткан ыйык китеп дээрлик еврей санжыраларынан турат эмеспи? Андыктан, алиги Сизди еврей же миссионер дегендер ушундан улам чыгар?
Инжил (Библия) — бүткүл адамзат тарыхындагы эң атактуу китеп. Демек, бул жалгыз эле еврейлердики же христиандардыкы эмес. Куран аяттарын окусам, анда Тооратты, Забурду жана Инжилди окубаган мусулмандар чыныгы мусулман эмес экендиги көп чагылдырылган. Ыйык библиотекада (Библияда) Тоорат, Забур, Инжил жана дагы майда-чүйдө китептер камтылгандыктан аны чаар китеп десе болот, же «библия» деген сөздү которсок «чаар китеп» болуп которулат. Кыргыз санжыраларында, элдик сөздөрүндө дагы, «чаар китеп» тууралуу маалыматтар бар. Натыйжада бул китептер (айрыкча алдыңкы экөө) байыркы-байыркы доордо эле силердин араңарда болгон деп эсептейм. Негизинде чаар китеп менен кыргыздардын ортосундагы байланыштарга ылайык булактар көп. Аларды далилдөө келечектеги кыргыз муундарынын иши.

Эми мен өз тегимди айта кетсем. Менин түпкүлүгүм Америкага Шотландиядан ооп барышкан англо-саксондорго кирген кельт тукумунанмын. Менин бул жактагы изилдөөлөрүмдүн аркасында эч ким турбайт. Спонсор-монсорлор жок. Андай болсо, мунун каржы маселеси кандайча чечилет деген суроо туулушу мүмкүн. Бул боюнча айтсам, төрөлгөнүмдө чоң аталарым да, тайэнем да банкка акча салышып, менин наамыма акция сатып коюшуптур. Өзүм өтө бардар же, өтө жакыр эмес, орто жашайм. Банкта бир аз акциям калды.

«Ак Калпак» жана «Боз үй» деген китептерди жазууңузга эмне түрткү берди?
Мен бул жакка келгенче Теңир мага «Кыргыз элин угуп, алардан үйрөн,» деген. Ошол үчүн «Боз үйдүн» баш сөзүндө «Элиң — менин имамым» деп жаздым. Боз үйдү 6-7 жыл араң жазып чыгардым. Ошол үчүн акыркы бетте «Бул ачылыштын оордугун жалгыз көтөрө албаймын. Ушул бүтпөгөн китеп, ачылышы менен силерге тапшырам,» дегеним бар.

Ал эми «Ак Калпак» деген китебимдин жазылуу себеби мындайча. Бир тойдо эки кыргыз Кудай жөнүндө абдан талашып-тартышты. Кудай тууралуу алардын калпакчаны «Теңир» десе, топу кийген жергеталдык «Аллах» деди. Мен кийлигишпестен, аларды карап олтуруп ичимден: «Бул эки кыргыз сага ишенсе, эмнеге алардын ынтымагы жок? Кыргыздын руханий биримдиги кайда?» деп Жаратканга кайрылдым. Жана да калпакчандын калпагы мага өзгөчө сезилип тургандыктан, суроомдун жообу калпакта катылып жатканын билдим, бирок, анын сыры мага дароо эле ачылбады. Ал мезгилдерде мен депрессияда жүргөм, ошондон көп өтпөй ички кыжаалаттыктардан улам төшөктө жатканымда Теңирдин деми мага түшүп, «Тур, жаз» дегенсиди. Анан ушунчалык эргүү менен «Ак Калпакты» эки жуманын ичинде жазып, депрессиядан чыктым.

Бир топ жыл мурун Батыш элдери кылган иштери үчүн Сиз жалпы кыргыз калкынан кечирим сурадыңыз эле. Анын себеби эмнеде?
Кыргызстанга жаңы келген учурларымда, бир күнү Ата Бейитке бардым. Мен ал жактан өзүнөн-өзү муун-жуунум бошоп, катуу боздоп ыйладым. Буга чейин Теңир алдында сыйынганымда анын сезимдерин сезгим келет деп кайрылчымын. Дал ушул жерден Теңир менин суранычыма жообун берген окшойт. Анткени, көздөрүмдөн жаш токтобой акты. Бирок, ал көз жаш меники десем калпычы болмокмун. Себеби, мен көзү ачык же бакшы эмесмин, антсе да, бул убакытта Теңир көз жашын Ата Бейитке мен аркылуу төгүптүр десем болчудай. Ал чын эле мээримдүү жана кыргыздардан алыс эмес.

Кийинчерээк мен, каапыр баскынчыларынын бир урпагы болуп, жүздөгөн кыргыз студенттеринин алдында турганда абдан уялып, алардан «Орустар силерди кырып салгандай, биз да америкалык индеец туугандарыңарды жок кылганбыз. Мыкаачылыгыбызды кечире көргҮлө» деп сурадым эле, азыр да силерден сурагым келет.

Айрым адамдар мага келип, «Сен эмес, андай зомбулукту бабаларың жасашты» дешет. Ооба, бирок, «менин канымда да, алардын каны болгондугун мойнума алып жана алардын зомбулуктары үчүн кечирим суроого милдеткермин» деп эсептейм.

Кыргыз элине эмне каалоо айтат элеңиз?
Сөзсүз тынчтык, байлык, ж. б. кадимки каалоолорум бар, бирок, тилекке каршы, азыркы кыргыздар… силер мага Теңириңерден да, тагдырыңардан да айрылган элдей көрүнөсүңөр. Менимче, Теңир кыргыз элин өзгөчө себеп менен жаратып, бүгүнкү күнгө чейин жөн эле сактап келген жок, ал дүйнө боюнча дин тынчтыгынын, руханий биримдиктин кошулуулары силердин араңарда болуусун каалайт. Мен да кыргыз эли ал максатты орундатуусун каалайм.

Кыргыз улуу жана байыркы эл экенине сиз ишенесизби?
Сөз жок ишенем. Албетте, баарыбыз бир атаданбыз, бирок, силер байыркы аталардын салттарын жана дүйнө таанымдарын бүгүнкү күнгө чейин сактап жана аткарасыңар. XIX кылымда Хенрий Ланздел деген англиялык саякатчы «байыркы пайгамбардын жашоосун көрөйүн десең, еврейлерге эмес, кыргыздарга барып көрүш керек» деп жазган. Эми, мен да силерден бир суроо сурагым келет: Эмнеге динчил улуттар эмес, силер байыркы олуя жандардын жүрүш-турушу менен жашайсыңар?

Сиз Индияга барып, Бакайдын урпактарыбыз деген элге жолугуп келдиңиз?
Ооба, алар кыргызыма окшош экен. Индиянын түндүк-чыгыш жагында Манипур менен Ассам деген райондор бар. Бакайдын урпактарыбыз деген эл Манипурда турушат. Биз үч күн маектештик. Алар силерге ысык салам айтты, дагы эле айтып жатат. Ассам жакта Манас парк жана Манас дарыясы бар. Мен ал жакта Манастын суусунан даарат алып, Жаратканга кайрылып, анан анын жээгиндеги даракка кыргыздардын ысымынан бир чүпҮрөктү байлап койдум.

Маектешкен Калмат МОЛДОКУЛОВ, «Назар» («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий