Кыргыздардын күч унаалары, алардын токумдары

Кыргыз эли көчмөн доорду башынан өткөрүп, ошого ылайык, каада-салтты, үрп-адатты, сый-урматты, ынтымакты бек кармап келген. Коомдук түзүлүшүндө эл башчылары, аксакалдары жана аскердик иштерди жетектеген баатырлары болгон. Ошол көчмөн жашоосунда негизги күч унаалары төө, уй, өгүз, ат болгон. Күч унааларга кандай жабдуулар жана токумдар пайдаланылган?

Ат токуму — ээр

Ээр бекем жыгачтардан жасалат. Жигит ээр, аял ээр, бала ээр айырмач болуп үчкө бөлүнөт. Ээрдин кашы булгаары менен капталат, маңдай жагына күмүштөн, жезден же калайдан чегеленип, кооздолуп жасалат. Ээрдин отура турган бөлүгү көпчүк деп аталат. Ээрдин алдыңкы эки кабырына көмөлдүрүк тагуу үчүн эки төңөлүк кадалат.

Көмөлдүрүк бек кайыштан болуп, сырткы бети кооздолуп жасалат. Көмөлдүрүк ээр артка кетпес үчүн кызмат кылат. Ээрдин арткы кабырына куюшкан үчүн, канжыга үчүн төрт төңөлүк кагылат. Куюшкандын төңөлүгүнө куткун байланат. Куюшканды эки түрдө жасайт. Алар өрмө куюшкан, тикме куюшкан деп аталат. Куюшкан ээр алдыга кетпес үчүн кызмат аткарат. Канжыгага бекем кайыштан тилип жасалат. Канжыгага бөктөрүнчөк же башка нерселер байланат. Ээрге миңгенде жумшак, ыңгайлуу болуш үчүн көрпөчө териден болот. Кийин калың кездемеден эки беттеп, ортосуна жүн же кебез салып көктөп шырып жасалат. Ээрдин алдына кийизден шырылган, сыртын кайыш менен каптаган ээрдин кабыры жата турган эки желдик болот. Ээр менен желдиктин алдына ат үстүнө тердик, анын алдына жаман ичмек салынат. Тердик күзгү койдун кара жүнүнөн жасалат. Аялдардын, кыздардын тердиги сырты булгаары менен капталып, анын бетине оюм-чийимдер түшүрүлөт. Байдын кыздарынын тердигинин бети күмүш менен чегеленет. Ат үстүнө минүү үчүн эки үзөңгү болот. Тепкичи темирден же колодон жасалат. Үзөңгүгө жаасы кайыштан үзөңгү боо байланат.

Ээрди ат үстүнө жылдырбай бекитиш үчүн басмайыл колдонулат. Басмайыл кайыштан жасалып бир чоң, бир кичине төңөлүк тагып коет. Кичинесине байламта кайыш байланат.

Атты башкарып алып жүрүш үчүн башына жүгөн салынат. Жүгөн өрүлүп жасалат.

Жүгөнгө ооздук, тизгин, сагак тагылат. Экинчи нокто катылат. Ноктого чылбыр байланат. Бардык жабдууларды усталар, өрмөчүлөр жана уздар жасашкан.

Уй токуму — ыңырчак

Ыңырчак жазыраак, жалпак жыгачтан жасалган эки кабыра (жатак) болот. Жатактын алды — артына талдан ийилип жасалган эки түндүкчө бекитилет. Түндүкчө бекем жасалат. Капталына жана ортосуна кошумча жыгачтар бекилет. Мине турган жерине калың кайыш көктөлүп бекитет. Үстүнө кийиз капталат. Ыңырчакка көмөлдүрүк тагылат. Уй баласын жүк жүктөөгө пайдаланышкан. Миңгичтери да болгон, көбүнчө койчулар минишкен. Ыңырчакка үзөнгү, басмайыл пайдаланылат. Уйдун, өгүздүн мурдун көзөп чүлүк тагып, ага мурунтук жип байланат. Токол болсо нокто катып коюшкан. Чүлүк камыштын тамырынан жана талдан жасалган.

Tөө токуму — чом

Кыргыздарда чоң күч унаа төө болгон. Төөгө жүк артууга ылайыктап чом жасалган. Чом негизинен кийизден төөнүн эки өркөчүнүн ордун ачык коюп, өркөчтүн алды-артына чейин жапкыдай кылып чом жасаган. Эки өркөчтүн ортосун калың кылып жасашкан. Өркөчтөрдүн ортосун, өркөч менен тең кылып эмерек менен толтуруп коет. Андан кийин жалпы кийиз же башка нерседен ком жабат. Өркөчтүн алды жагына же төөнүн капталына эки ком жыгач коюлуп алды-артын бекитип коет. Анан каалагандай жүгүн арта берет.

Төөнү башкаруу үчүн мурдун көзөп, жыгачтан буйла тагып, бир учуна жип байлайт.

Абдыкожо Жарбаналиев,
ага мугалим, эмгек ардагери,
Ат-Башы району, «Назар» («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий