ӨРҮК КОМУЗДАР БАТКЕНДЕ ЧАБЫЛСА…

«Назар» гезитинен жакында «Салтуу музыка «сарттуу» музыкага айланабы?» деген интервьюну окуп алып, оюма көп нерселер келди. Ошолорду ортого салайын. Балким бийлик башында жүргөндөр кокус менин жазганымды окуп калышса,ойлонушуп, бир аз аракет кылаар. (Ай, Кудай билет, ошолордун гезит окуп, ошол боюнча жапондорчо бир аракет кылаарына. Ишенич аз. Ошондой болсо да айтып көрөйүн.)

Нурак Абдрахманов кепти кыйытып айткандай, комуз чертүү, комуз чабуу негизинен түндүк Кыргызстанда гана унутулбай, атадан балага өтүп келатат. Ал эми түштүктө комуз черткендер, комуз чапкандарды санасак-эки колубуздун манжалары артып калат. КТР, ЭлТРдин көрсөтүүлөрү, аларда кыргыздын улуттук музыкасын көп берүүгө басым кылуу коңшу Өзбекстан, Тажикстандын көрсөтүүлөрүнүн алдында шоона эшалбай жатат. Ошондуктан түштүктүн ашкана, ресторан, кафелеринде, коомдук жайларда, автобус, троллейбустарында, таксилерде же өзбекче, же тажикче музыка басымдуулук кылат. Ал турмак кыргыздардын үйлөнүү тойлорунда, маараке же салтанаттарында өзбекче ыр-күүлөргө көбүрөөк ыктап турушат.Телевизордо өзбектердин 2-3 каналы күнү-түнү сайрап жатса, кыргыздын балдары «президентиң ким?» десе «Ислам Каримов» дебегенде башка кимди айтмак?

Биздин Баткенди өрүкзарлуу деп оозеки гана айтканыбыз ооз толтурат. Бийлик мамлекеттик кызыкчылыкты ойлосо, элдин турмушу жогоруласын дегенди ойлосо өрүктүн сортун жакшыртуу, эски аянттарын жаңылоо жана кеңейтүү, түшүмүн жыйноо, андан жок дегенде 5-6 түрлүү компот, джем, как даярдоого, аларды сатып өткөрүүгө бир аз эле жардам берип койсо болбойт беле? Канча адамдар иш менен камсыз болот эле. Бул маселенин экономикалык жагы деп коелу. Мейли, бул тармак акчага байланыштуу экен, аныңыз коррупцияланышып өлгөн дейли.

Менин негизги күйгөнүм-идеология жагы болуп жатпайбы. Эй, баткендик башы көрүнгөн Нур уулу Досбол, Тургунбай Садыков, Мамат Айбалаев, Ташболот Балтабаев, Рахат Ачылова деген саясатчы сөрөйлөр? Эй,эл артисти болгон Саламат Садыкова, Апас Жайнаков? Эгемендиктен берки 18 жыл ичинде бирөөңөрдүн да акыл-эсиңерге баткендик шыктуу жаштарды Бишкекте өрүк комуз чабуучу окууга окутуп, Баткен, Лейлек, Кадамжай, Ноокаттын айылдарында бирден, таза болбоду дегенде Кызыл-Кыя, Пүлгөн, Баткен, Ноокат шаарларында бирден өрүк комуз чабуучу цехпи, устаканабы,—ачтырып койгонго дараметиңер жетет эле го? Бишкек, Көл, Нарын, Таласта комуз чабууга өрүк табылбайт, Баткенде болсо өрүктү отун кылып жагып жатабыз. Бишкектин дүкөн, базарларында, ашкана, ресторандарында чет элден келген тиш чукугучтарды пайдаланабыз да, арчадан, өрүктөн калган калдыктардан жада калса ошол тиш чукугучтарды да жасай албайбыз. Үйрөтсө, окутса баарын эле жасайбыз, бирок антип элине кам көргөн бийлик жок болуп жатпайбы. Күйөсүң да күйөсүң? Айла жок анан жаштар айылын таштап Ош, Бишкекке, андан ары Россияга агып кетип жатпайбы? Анан кантип Баткендин балдар-кыздары комуз черткенди билсин? «Курсак тойбой жатса каяктагы комузду айтасың» дегендер да чыгышы мүмкүн. Туптуура. Кетип жаткан кыргыздардын үйлөрүн тажиктер баса калып сатып алып жатышат. А силер-Баткендин башы көрүнгөн инсандары-керт башыңарды Бишкекке катып жүрө бергиле? Анан да Досбол Нур уулун улуттук идеологияга жооп берет деп коет. Жооп бергиче жоюлуп эле кеткениң ажеп болуптур.

Алижан МУКТАРОВ, Кадамжай району,
«Назар» («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий