Абдыкерим Муратов Адеп сабагы

18-сабак: Акыл-парасаттуу болуу адеби
Ааламды башкарган да, адамзатты ушул күнгө алып келген да — бул акыл-парасат. Акылдуу адамдар, эстүү инсандар ар дайым ардакталып, алар тууралуу кеп-сөздөр айтылып, арзабасы атадан балага даңазаланып келет.

Эски накылдарга келели: Күндөрдүн биринде падыша Махмуд Газнавий бийик балаханасында жакын санаалаштары менен отурган. Ал жайдын төрт эшиги бар эле. Эриккен өкүмдар катарларында отурган Абу Райхан Берунийдин акыл-парасатын сынап көрүү үчүнбү, же шылдың кылуу ниетиндеби, айтор мындай дейт:

— Мен азыр ушул балаханадан чыгып кетемин. Сен кыйын болсоң ушул төрт эшиктин кайсынысынан чыгарымды билип, аны жазып, килемдин астына коюп кой!
Беруний айткандай эле өзүнүн жообун жазып, кагазын килем астына жашырды.
Махмуд Газнавий күтүлбөгөн нерсени жасады, төрт эшиктен тең чыккан жок, усталарды чакырып келип, балахананын чыгыш жакка караган дубалынан эшик ачтырып, ошол жерден чыгып кетти.
Ал кайра келип Беруний жазган катты талап кылды. Катты окуп көрүшсө анда мындай жазылыптыр: «Төрт эшиктен тең чыкпайсыз. Чыгыш жактагы дубалдан тешик чыгарып, ошол жерден чыгасыз».
Туура таап алганга ачуусу келген падыша «Абу Райханды сыртка түртүп ийгилечи» деп буйрук берет. Айтылгандай кылышат. Карап турушса Беруний бийик балаханадан жерге талп деп кулабастан, акырын түшүп баратат. Көрсө ал тамга тартылган тор жипти кармап баратыптыр.
Муну көрүп турган Махмуд Газнавий дагы да ачуусу келип:
— Сен эмне бул балакеттин болорун да билдиң беле? — дейт.
— Ооба, падышам, билдим эле, аман-эсен калуу үчүн керектүү нерселердин баарын алдын ала ойлонуштуруп койдум эле, — деп жооп бериптир Абу Райхан Беруний.
Бул ибарат бекер айтылбайт. Адамдын акылы, парасаты, аңдоосу керек болсо баарын алдынан билет, баарын алдын ала даярдап коёт жана ар кандай туңгуюктан жол таап чыгат.
Кыргыздардын мындай макалдары бар: «Акылдуу мактанса, ишти тындырат, акмак мактанса бутун сындырат», «Акылы бар билимди самайт, акылы жок кийимди самайт», «Акыл — тозбос тон, билим — түгөнбөс кен», «Кеңешти акылдуудан сура», «Акылдуу элге тартат, акмак тууганына тартат» ж.б. Мына ушуларда акыл дааналык даңазаланат, адамдарды акыл-парасаттуу болууга чакырат.
Бир жолу кычыраган кышта Аяз өзү токуган муздарын арыктагы сууда чагып жүргөн экен. Падыша увазирлери менен көчөдөн өтүп баратып көрүп калат. Салам-аликтен кийин падыша Аязга айтат:
— Аяз, сен эмне үчтөн төрттү чыгара албай атасыңбы?
— Жо-ок, таксыр, — дептир Аяз өкүмдарга таазим кыла.
— Андай болсо сага эки каз жиберем, жакшылап жүнүн жулуп ал.
— Макул, падышам.
Увазирлер бул экөөнүн эмне тууралуу сүйлөшкөнүн аңдай албаптыр да, өздөрүнчө ичинен, падыша сурап калса эмне дейбиз деп кыжаалат болуптур.
Кечирээк эки увазир Аяздын алдына келет:
— Аяз, бая падышабыз менен эмне тууралуу сүйлөштүңөр? — деп сурашат андан.
— Айтпаймын, — Аяз ал тууралуу ооз ачпайт.
Увазирлер жалынат, жалбарат. Аяз дале сырын чыгарбайт. Мал-мүлк убада кылат. Дале айтпайт. Акыры көп байлык алып келишет. Ошондо Аяз сөз төркүнүн мындай чечмелейт:
— «Үчтөн төрттү чыгара албадыңбы» дегендин мааниси: үч мезгил — жаз, жай, күз — үчөө, алар кетип, эми төртүнчүсүн — кышты чыгара албай жатасыңбы дегени. Мен падышага «жок» дедим, падыша болсо: «эки каз жиберем, жакшылап жүнүн жулуп ал» деди. Мааниси: «Увазирлерим түшүнбөдү, келип сенден падыша менен эмне тууралуу сүйлөштүңөр», — деп сурашат. Мына, силер келдиңер, мен болсо жүнүңөрдү жулдум.
Бул окуя ушундайча айтылып келет, адамдагы акыл-парасат улуктанат, ар кандай сырдуу сөздөрдү түшүнүүнүн миң кыл жолдору ибаратталат.

Абдыкерим Муратов, Zaman-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 23.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий