Какен Алмазбеков

1934-жылы 13-июлда Сокулук районундагы Шалта айылында төрөлгөн. Фрунзедеги №5-кыргыз орто мектебинен билим алган. «Кимде айып?», «Жыргал», «Мелдеш», «Ырлар» жыйнактарынын автору. Акындын көптөгөн ырлары обонго салынып, элдик ырга айланып ырдалып жүрөт.

1991-жылы дүйнөдөн кайткан.

Какен Алмазбеков жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Талант тагдыры: Какендин баалуу мурастары

 

Ырлары

КАЙДАСЫҢ

Биз жүргөн айлуу түн кайда,
Биз үзгөн жыпар гүл кайда.
Көзүңдөн секет болоюн,
Көрүнүп койчу бир кайра.

Жалбырак жайдын кечи эле,
Жанаша баскан кез эле.
Тамаша кыял сөз айтсам,
Таарына түштүң тез эле.

Кыялым чертип түркүн күү,
Сен карап койсоң сүйкүмдүү.
Тымызын ичим тызылдайт,
Сагындым сенин күлкүңдү.

 

ЧАГЫЛГАН

Көрүшкөндө көздөр тике карабай,
Эрке мүнөз уяң өскөн баладай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.

Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
Аппагыңды көрүп алчы дегенсип,
Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.

Жарк дегенде неге сени карадым,
Жүрөк булкуп, жайнап турду жамалың.
Дагы-дагы жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.

Басылат го туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичине.
Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кызык кишиге.

 

БЕЙТААНЫШ ДОСУМА

Келбетим сеникинен жупунураак,
Келатсам кызга сенден чукулураак.
Кыйытып кызга бурдуң мындай кебин:
“Кыздардын көзүн бууган жаштык убак”.

Көрүшпөйт акты-көктү таамай карап,
Көрк менен иштери жок атаганат.
Жүрсө да айдай бирөө арман кылып,
Жүдөмүш бир кургурду ээрчип алат.

Мейли дос, чын болсунчу айдайлыгың,
Менин да кызга маалим кандайлыгым.
Бактыма токто, далай суктанарын,
Барында жүрөктөгү сан байлыгын.

 

АЙСАРЫ

Анда Кокон хандыгы. Турпандан чыккан кырк кербен Анжиян тараптан соода кылып, кайра өтүп баратканда Чүй боорунан алтын баштаган асыл буюмдарын уурдатышат. Ошол кезде каардуу Байтик солто элин солк дедирбей билип турган. Кербендер даттанып ага келишет. Байтик элдеги атанган ууруларды түгөл жыйнап, акыры алтындын изин табат. Бирок аны өзү сиңирип калыш үчүн: “Ууру табылбады, бирок уурдатканыңарды төлөп берели”,–дейт. Алтындын баасы толук эсептелип, ал чыгым элге чачылат. Айыпсыз элден калың мал алынат, ага кошумча айып үчүн кыркына кырк чаар ат, Турпандын ханына бир кыз тартуу кылынат. Ал кыз ашкан сулуу, кошокчу, ырчы Айсары аттуу, түндүкчү Тойчук дегендин жалгыз кызы болот. Доо бүтүп, кербендер кетээр алдында айыпка бараткан Айсары кыз минтип арманын боздойт.

Асмандап бүркүт желде ойнойт,
Айыпсыз калтар жерде ойнойт.
Ачылган гүлдөй жадырап,
Армансыз киши элде ойнойт.
Ак чөлмөк кылып адамды
Айткыла кандай пенде ойнойт?!

Ач бөрү шимшип жемди ойлойт,
Ак марал оттуу белди ойлойт.
Айланып издеп кызыгын,
Адашкан күлүк жерди ойлойт?!
Азапка түшкөн мен шордуу
Армандан башка эмне ойлойт?!

Алыста калчу жерди ойлойт,
Агаин тууган, элди ойлойт.
Алышып бирге ойногон
Асылкеч теңтуш теңди ойлойт.
Ажыдар соргон бөжөгүн
Атакем байкуш эмне ойлойт?!

Акимдин күчү зор беле,
Алсыздар ага кор беле.
Ак кептер элем кайыган,
Алдымда каткан шор беле.
Алдырган колдон күкүгүн,
Апакем кандай шордуу эле?!
Айлана жылан ордолоп,
Агаин элим корголоп.
Азап, муң, кайгы, ызы-чуу,
Аккан жаш көздөн шорголоп
Ак жерден айып тартышып,
Айтчы эмне мынча кор болот?!

Арман бар жерде санаа бар,
Армандуу мен бир жарадар.
Айыпка адам карматкан,
Абийирсиз жүзү каралар.
Каңгырап элден адашып,
Какшасын мендей балаңар.

Жаңыдан гүлүм ачты элем,
Жалп этип өччү жаш белем.
Жазыксыз муңга чөмүлүп,
Жамгырдай жааган жаш менен.
Тырмагы тийип дөбөттүн,
Тытылмай болду жаш денем.

Ак чоку тоонун ар жагы,
Аралаш кытай, калмагы.
Өз элден алыс ажырап,
Өткөн күн курсун андагы.
Бирөөгө кантип күң болот, I
Бирөөнүн эрке ардагы?!

Албырган жүзүм кубарар,
Арманга арман уланар.
Ачылган жашыл гүл элем,
Апсыйган бирөө будалар.
Жазыксыз, мындай кордукка
Жан болбос чыдап туралар.

Ач бөрү чыгып жолуман,
Алдырып алым жогунан.
Ардагым ага, тууганым,
Адашмай болдум тобуңан.
Айыпка келген шүмшүк деп,
Арылбас таяк жонуман.

Жалгызы элем бирөөнүн,
Жанчылып барат жүрөгүм.
Кагылам, кантем, апаке ай,
Капаска түштү чүрөгүң.
Кайрылып элди бир көрбөй
Канткенде чыдап жүрөмүн.

Арманын боздойт кырчының,
Атаке ай, кандай кылчумун.
Кулпуруп өсүп калганда,
Куурайбы жашыл чырпыгың.
Жат элде кантип күн көрөт
Жалгызың, алсыз чымчыгың?!

Баткан ай кайра толсочу,
Байтикти ажал сорсочу.
Ата-энем боздоп турганда
Ак куусу кайра консочу.
Улутпай эки шордууну
Уялаш бирөө болсочу?

Көргөндө көөнүм бир жибип,
Көөдөндө сырым бир билип
Асылкеч болуп алууга,
Айлыман жакпай бир жигит.
Жок тура мендей кесирлүү,
Жоруга турган илдирип.

Ак билек сунсам алчу ким?
Ак жибек боосун чалчу ким?!
Ажыдар соруп баратат
Арача кылып калчу ким?!
Айсары байкуш кантти деп
Аркаман издеп барчу ким?!

Калкынын мончок селкиси,
Канкордун болсо энчиси.
Айлымда жокпу бел байлап,
Ажалга тике келчүсү.
Качан бир чыгат Шалтадан,
Каманга кайрат берчүсү.

Акак таш элем кири жок,
Азапка байлап жиби жок.
Ач жылан соруп жатканда,
Арага түшөр бири жок.
Арка-бел болчу мындайда
Ага жок менде, ини жок.

Мага бир көркоо көз болор,
Манаттай өңүм жез болор.
Жадырап жүрчү Айсары,
Жалдырап турма нес болор.
Андайда көңүл көтөрүп,
Адам ким акыл-эс болор.

Канчалык болсо көрөр күн,
Ошончо жашым төгөрмүн.
Ажалга моюн сунгуча,
Азапты далай көрөрмүн.
Заманга айтып дартымды,
Зар какшап жүрүп өлөрмүн.

Тоо гүлү элем буралган
Тоту куш элем сыланган.
Азыр мен болдум бир байкуш,
Арманга күчүн чыгарган.
Кузгундар турат тарп аңдып,
Кутулам кантип булардан?!

Алты өрүм чачым чубалган,
Ак көйнөк кийип тубардан.
Адырда жүрсөм гүл терип,
Ак марал элем суналган.
Алмашып ал күн кайгыга,
Адашат башым тумандан.

Ким билет кандай эл көрөм,
Ким билет кандай жер көрөм?!
Жайнаган гүлдүү Ала-Тоом,
Жанымдан кантип кем көрөм.
Кадимки бейиш болсо да
Канткенде сага тең көрөм.

Ата журт, конуш Арчалым,
Арманым айтып чарчадым.
Кор болгон күнүн билсеңчи,
Койнуңа бышкан алчанын.
Сорсоңчу Байтик зулумду
Соолуткан жашын канчанын.

Тулпары туйлап кермеден,
Туурунан туйгун жем жеген.
Адыры гүлгө чулганып,
Атыр жел арча термеген.
Балкыган бейиш Ала-Арча
Бактыма сыйбас жер белең?!

Ардагым, ага-тууганым,
Аппак гүл элем куурадым.
Ачканда бүчүр жаңыдан,
Ач мите чачып ууладың.
Алсырап калды Айсары,
Азуусу тийип бууранын!

Азабы бүтпөс жол мына,
Айсары тартчу шор мына.
Кучагын жайып тең өскөн,
Курбулар эсен болгула!
Кулаалы алган жөжөсүн,
Кургурлар эсен болгула.

Алчактап өткөн бала чак
Айылым жүрөк канатат.
Айыпсыз азап тарттырып,
Адамды неге жаратат?
Ардагым элим кош эми,
Айсарың кетип баратат.

 

АЛБЫРЫП ШАТТЫК ЖҮЗҮҢДӨ

Бар бекен эсте баягы,
Бак чети айыл аягы.
Күн чыга ишке бараттык,
Күч алып жаштык баяны.

Жылдызы жанса маңдайда,
Жыргабай турган жан кайда
Демейде бир топ узак жол,
Деги эле кыска андайда.

Айталбай сырдын түгөлүн,
Ачышып кетти жүрөгүм.
Кыйылып турган мени аяп,
Кылчактайт аппак чүрөгүм.

Ишиңе калдың кайрылып,
Ич сыздап араң айрылып.
Кызматка кеттим мен дагы,
Кыскарган жолго кайгырып.

Андан соң көрдүм күзүндө,
Албырып шаттык жүзүңдө.
Шаа жетпей турган бак ичи,
Шак ийип бышкан жүзүмгө.

Байкалбай көп эл жайнаган,
Башталды сырлар кайрадан.
Гүлдөткөн сүйүү бутагын,
Гүл турмуш сенден айланам.

 

АТТИҢ

Жашыл бак жайкы кеч эле,
Жанаша жүргөн кез эле.
Күйдүргү кермек кеп угуп,
Күүгүмдөй түштүң тез эле.

Балакет болуп кетерин,
Байкаган эмес экемин.
Аны ойлоп азыр баш чайкап,
Аттиң деп жүргөн кезегим.

Бото көз сүйкүм жалжалым,
Болсо да айып андагым.
Үйдө да, тышта сени эстеп,
Үмүтүм үзө албадым.

Көп издейм, таппайм, кайдасың,
Көрүнбөс кандай жайдасың.
Жүзүңө жүргөн жылынып,
Жүрөктүн кантем айласын.

Биз үзгөн жыпар гүл кайда,
Биз жүргөн жыргал түн кайда.
Көзүңдөн секет болоюн,
Көрүнүп койчу бир кайра.

 

ЖЫПАРЫ БЕЛЕҢ БАЛАНЫН

Таратып шоокум асманга,
Таң атып келе жатканда.
Алмалуу бакты аралап,
Айылды көздөй басканда

Кош дедиң колум бек кысып,
Козголуп жүрөк кетти ысып.
Жоодурап көпкө тиктештик,
Жок чыгар андан эч кызык.

Жылдыздай жарык кабагың,
Жылмайып жал-жал карадым.
Жытыңа кеттим магдырап,
Жыпары белең баланын.

Көрүнсө азыр карааның,
Жарк эте түшөт кабагым.
Убайым тартып кыйналам,
Укпасам бир пас кабарың.
Сүйүүгө эркин жол берген,
Ырахмат сага, заманым

 

АЙЫМ СЕН

Айлыман чыккан айым сен,
Алагды кылып дайым сен.
Ой менен жыргап өзүмчө,
Ойноочу, күлчү жайым сен.

Жайдары жүзгө ылайык,
Жаагыңан саамай кылайып.
Тамшанып коём өзүмчө,
Табалбай сенден бир айып.

Куду эле шыңгыр күмүш үн,
Кулактан кетпей күлүшүң.
Суктантат айдай элестеп,
Суу жайып бакта жүрүшүң.

Сен баккан ошол жашыл бак,
Сеңселет желге баш ыргап.
Жүзүмүң терип, алма үзүп,
Жүрсөкчү ойноп жашынбак.

 

АЗЫР ДА ОШОЛ БОЙДОНМУН

Жамалың жайдын таңы эле,
Жапкансыйт булут жаңы эле.
Билбеймин дагы не болгон,
Бир сонун күлкүң бар эле.

Салкын жел турса талашып,
Саамайың сага жарашып.
Албырып, жайнап турчу элең,
Ал кайда калган адашып.

Артылта колум сунчу элем,
Ак куудай мойнуң бурчу элең.
Айтчы эмне болуп калгансың,
Маралга окшоп турчу элең.

Ойноктой калса азыраак,
От жайнап кетчү чачырап.
Сурмалуу бото көздөрүң,
Сумсайып нени жашырат.

Сумсайткан кимдин айыбы,
Сурабай тактап жайымы.
Ойдо жок жерден каралап,
Оодарган сенсиң шайымы.

А бирок эркем ойлонгун,
Ал айбың кечип койгонмун.
Айдан ак элем сен үчүн,
Азыр да ошол бойдонмун.

 

КЕЧИРИП КОЙСОҢ

Жыл өттү көрбөй калганга,
Жык толду жүрөк арманга.
Өкүнүч мени мыжыгат,
Өзүңдү эстей калганда.

Жоодурай калсаң көз ирмеп,
Жок эле сенин өзүңдөй.
Көңүлгө улам чок салган,
Көз кайда сенин көзүңдөй.

Эркелей калсаң асылып,
Эт жүрөк чери жазылып.
Аралай кирип кетчү элек,
Алмалуу бакка жашынып.

Бул кезде анын бири жок,
Буркурайт жүрөк тили жок.
Бир сөзгө анча таарынып,
Каякка кеттиң жиги жок.

Сен үчүн далай ырдадым,
Дагы эле келет ырдагым.
Кетирген күнөөм мойнумда,
Кечирип койсоң, жыргалым.

 

УГУЗЧУ БИР СӨЗ

Гүлүнө бизди далдалап,
Күнүгө тосот алма бак.
Козгогум келип сырыңды,
Колуңду коём кармалап.

Сүзүлө тиктеп карасаң,
Сүрдөнүп сөздөн адашам.
Жакшы эле ачык жан элем,
Эмне үчүн минтип баратам.

Аракет кылып күндө эле,
Айтайын десем бирдеме.
Жүзүңдөн жүрөк жалтанат,
Жүрсөк да дайым бирге эле.

Унчукпас уяң немени,
Ушинтип кыйнай береби?
Уусун же балын татайын,
Угузчу бир сөз деги эми.

 

НУР ЖАНАТ

Ай, күнгө бербес айырбаш,
Аппагым мага айырбаш.
Турган бир пери өзүнчө,
Турпатын гүлдөн айырбас.

Сүйкүмдүн бири андагы,
Сүзүлүп карай калганы.
Жарашып турат өзүнө,
Жаагына бүткөн кал дагы.

Аймалып таңкы жел менен,
Ал кетсе ишке эл менен.
Жүргүн деп мени талаага,
Жүрөгүм булкуйт дембе-дем.

Күлмүңдөп анын койгону,
Күчтү алып бүткөн бойдогу.
Оолугуп айтсам деп келген,
Оюмдун чыгат ойрону.

Ал өтсө күлө бир карап,
Алдыма аппак нур жанат.
Калтаарыйм, сүрдөйм деп жүрүп,
Калбасам болду кур жалак.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий