Зайырбек Ажыматов

Зайырбек Ажыматов жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Зайырбек Ажыматов, 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

«Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) ыр жыйнактарынын автору.

Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», Бишкек таймс» гезитеринде КТРКнын радио тармагында иштеген. Учурда «Жаңы Агым» гезитинде эмгектенет.

З. Ажыматов: “Жарык жана ыр издейм”

Ырлар

«САЙРА ЭНЕ» (ПОЭМА)

 

ЫР ДҮЙНӨ

Коркуп турам калемимди алуудан,
Коркуп турам келген сапты жазуудан.
Ойноок кезде оңой көрүп өзүңдү,
Оо, ыр дүйнө сага бекер кабылгам.

Кулун чактан сени менен бирге өстүм,
Кумарыңа бүт эркимди бийлеттим.
Бирок аттиң, мен ыр жазбай кезинде,
Ырлар мени жазышаарын билбепмин.

Ыргагына кошкон ызгаар, бороонун,
Ырлар менин узатарым, коногум.
Мурунураак билсем болмок, эх десең,
Ыр бар жерде ыйдын дагы болорун.

Өтөт күндөр өкүт салып жаш жанга,
Өтөмүн жетпей асыл саптарга.
Оо, ыр дүйнө, кайберен ыр куубайм деп,
Кожожаштай турам бүгүн аска да…

 

КАЛЕМГЕ

Шымым бар жаңы кийгенге,
Үйүм бар эптеп киргенге.
Үстүмдө  жаңы күрмө бар,
Көчөдө басып жүргөнгө.
Алгыла баарын, а бирок,
Калемге болбойт тийгенге!

Жанымды алсаң, жанымды ал,
Жаркыган Күнүм, Айымды ал.
Тим койчу мага калемди,
Тилимде жазаар жалын бар.
Калемим — талант. Ал болсо,
Хандыктан өйдө тагым бар.

 

АМАН БОЛЧУ, КЫРГЫЗСТАН!

Кагылайын Кыргызстан, кагылайын,
Кайраттанып карууңду жаңылагын.
Каным, жаным дартыңа шыпаа болсо,
Канатыңды сун мага, дарылайын.

Өлбө өлкөм, балапан жаш чагыңда,
Өлөлү биз калганча арт жагыңда.
Уялаштар, аздектеп карегиңдей,
Урпактарга мекенди сактагыла.

Жара тартар бөрү көп жан-жагыңда,
Жүк бар билем опол тоо ай далыңда.
Элди ая, керемет Кыргызстаным,
Эссиз чыкты бектериң, хандарың да

Жүрөгүңдү жебедей көзөп өттүк,
Жүдөө кылдык, өйдө-ылдый көмөлөттүк.
Мыскыл кылып душманга бул доордо,
Мырза болчуң, биз сени чөгөлөттүк..

Ынтымаксыз күчтөрдөн арыдыңбы,
Ыйлап турам, өчүрбө жарыгыңды.
Ала-Тоом, биз сени жыргатпадык,
Аңкаябыз билбестен кадырыңды.

Айланайын, Кыргызстан, айланайын,
Аска — тооңду кучактап аймалайын.
Өчө көрбө, картадан өчө көрбө,
Катарын түк бузбасын тамгаларың.

Бүтүн болуп дайыма турууң керек,
А мен сага ырымды сунуум керек.
Бизди кечир, Ата журт, аман болсоң,
Бир доордо сен күткөн муун келет.

 

КЫРГЫЗ БОЛГУМ КЕЛЕТ

Ушул күнү негедир кайыкты дил,
Урпактар э-эй биздеги айыпты бил.
Кыргызмын деп мен азыр турган менен,
Кыргыздарга окшобойм байыркы бир.

Кадыр, каада бул күндө кайда калган,
Кайран кыргыз өз баркын жайлап алган.
Манас биздин бабабыз деген уят,
Майдаланган калк үчүн майдаланган.

Биз бир кезде тоолордой бийик элек,
Биз бир кезде майда эмес, ирик элек.
Жакшылыктар башталып биздин элден,
Жаратканга жардамчы билик элек.

Калбаганбы уруктук кайрандардан,
Карайлаймын нускасын тангандардан.
Бир кезекте аттиң ай, бир кезекте,
Бийик эле ар кыргыз пайгамбардан.

Улуу мыйзам сакталып жазылбаган,
Уютулуп улуу журт чачылбаган.
Ар бир жаран өзүнүн ордун билип,
Асыл наркын — насилин качырбаган.

Арамдыкты сындырып түзочүбүз,
Адалдыкты, актыкты күзөчүбүз,
Сактап турган теңдикти баардык жерде,
Окшош болчу Теңирге мүнөзүбүз.

Кыргыздардан кыргыздар туулбаган,
Кыйын мезгил өтүүдө шуулдаган.
Кыргыз болгум келет эй, Кыргыз болгум,
Кыргыз болуу дүйнөлүк улуу наам!

 

УЛУТПУЗ БИЗ!

Түндүк-түштүк, сай-сай деп чектегениң,
Түпкү атаңдын арбагын тепсегениң.
Бийлик үчүн мырзалар, бийлик үчүн,
Биримдигин элиңдин экчебегин.

Бир бүтүнгө айлансак улукпуз биз,
Бирикпесек улутту куруттук биз,
Кыр-кырлардан жыйналган жыйын эмес,
Кыргыз деген улутпуз, улутпуз биз.

Өрттөй көрбө быкшытып өзөгүңдү,
Өлтүрбөгүн өзүңдү, өз элиңди.
Ата-энеңден, жарыңдан, балдарыңдан,
Артыгырак сүй журтту, Мекениңди!

Өксүбөсүн бир бооруң жатындашы ,
Өмүр көксөп эч бир ок атылбасын.
Кыргызстандын жеринде сакта Кудай,
Кыргыз каны эми эч чачылбасын!

Зобололуу уул-кызың чыгаан болсун,
Зор биримдик биз үчүн курал болсун.
Кокту -колот, сай-сайга бөлүнбөгүн,
Кыргыз деген бир гана ураан болсун!

 

МЕНИН БАБАМ

Менин бабам мендей эмес башка эле,
Катаалдыкты каптап өткөн чегинбей.
Ашпай турган ашууларды ашты эле,
Азуусу миз мезгилдерге же илбей.

Кыя жолдон чубап улуу күчтөрү,
Кылымдардай кырка тарта өтүшкөн
Тоону көздөй көчүп жүрүп өздөрү,
Тоодой бийик, ыйык болуп кетишкен.

Бар өмүрүн ат жалында сүрүшүп,
Айга чейин алып учуп жарышкан.
Анан баары чексиздикке тунушуп,
Асман болуп, Теңир болуп калышкан.

Бийиктиктин билип эмне экенин,
Биз билбеген эчен сырды ачты эле.
Мен негедир өзүмдү ичтен эземин,
Менин бабам мендей эмес, башка эле.

 

АТА-ЖУРТКА ЖОЛУГУУ

Амансыңбы, мен дүйнөгө тамган жер,
Амансыңбы, балалыгым калган жер.
Асыл боюн коюнуңа сиңирип,
Амансыңбы, атакемди алган жер.

Эсиңдеби, күндөр сага калтырган,
Баео кезим тазалыкты жактырган.
Азыр башка, башка… болуп жүрөм мен,
Көңүл калып көптү күткөн тагдырдан.

Текке чачпай келген өмүр кезегин,
Боломун,-деп, -намысң да, беделиң.
Кеткем сенин үмүтүңдү артынып,
Кечиктимби… кечир мени Мекеним!

Жашоо татаал, бирок жакшы жагы бар,
Жаркыраган улуу үмүт шамы бар.
Кейибей тур кулунуңа, Ата-Журт,
Келечектин дагы атар таңы бар…

 

МЕН — КЫРГЫЗМЫН!

Мен — кыргызмын, сатылбаган, сатпаган!
Мен — кыргызмын, баба наркын сактаган!
Ата Журтка жасасам деп бир эмгек
Ар күн сайын «Чоң казатка» аттанам.

Мен — кыргызмын, асман-жерге жашташмын!
Эзелкимин, келечекмин, максатмын.
Кылы дагы кыйшайганын каалабайм
Кырчылдаган «КЫРГЫЗ» деген жакшы аттын!

Мен — кыргызмын, түгөнөөрдө түтөгөн!
Мен — кыргызмын жок болордо күчөгөн!
Мен — кыргызмын, тарыхым бар, тилим бар,
Мезгилдин да ой-чуңкурун түзөгөн.

Мен — кыргызмын, жөнөкөймүн, улуумун!
Мертинтпеген эчен азап, улуумун.
Кылымдарга улап кетер дагы да
Кыргызмын мен, эр Манаска муунмун!

 

КАРА КҮЧҮК

Улуйт көңүл, көөдөнгө жара бүтүп,
Ушул кышта жүрөктү алат үшүк.
Жалгыз калдым, жапжалгыз дебейинчи,
Жандап калды бир гана кара күчүк.

Кетти жарым баамды барктабаган,
Кейигенде көзүмдү жаштап алам.
Кара күчүк, бир гана өзүң белең,
Каран күнү ээңди таштабаган.

Багытым жок, максат жок жетелеген,
Барам түнкү ызгарлуу көчө менен.
Кара күчүк, калбастан жанымдасың,
Калганымды сездирбей көчөдө мен.

Кара күчүк, күчүгүм, күчүгүм ай,
Кыш түнүндө калчылдап үшүдүк ай,
Карегиңден сен дагы жаш айлантып,
Карайсың да ээңди түшүнүп ай.

Бир өмүрдү ушинтип суулайбызбы,
Бир көчөдө бир күнү куурайбызбы.
Бир кездеги бактылуу бүлөбүзгө,
Биз экөөбүз ашыкча турбайбызбы.

Жан дүйнөмө калды зор жара бүтүп,
Жашайм эми арман, муң, санаа күтүп.
Сүйөм дечү жарымдан өйдө экенсиң,
Таштай көрбө сен эми, каракүчүк.

 

ЖАРТЫ КАЙЫК

От болуп келген эле жанып тургум,
Очоюп отуз беште карып турдум.
Дардаңдап дос, жар күттүм деген менен,
Дагы эле жалгыз бойдон калыптырмын.

Үзүлүп, үзүлбөгөн үмүт жаман,
Үшкүрүк өчүрбөгөн күйүт жаман.
Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы,
Көгөрүп каяккадыр сүзүп барам.

Жашоону ким бар дейсиң түшүндүргөн,
Жалгыздык жанга батып үшүп жүрөм.
Жалбарба махабат деп кумарыңды,
Жалжаке сүйүүлөргө түкүрдүм мен.

Аттиң ай көңүлдү эзет жан арманым,
Ар дайым мээрим издеп карайладым.
Күнүнө күмүш таптым, бирок аттиң,
Көксөгөн жылуулукту таба албадым.

Карытып пайдасы жок ай, жылдарды,
Калдактап кайран өмүр калбырланды.
Каалгыйт айланамда жөө туман,
Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы…

 

АЛ БУЛБУЛДАР АМАН БАРБЫ?

Ар учурда бийик мага кадырың,
Ак жол айылым бүтпөй келген жаңы ырым.
Кармап турат мени кайда жүрсөм да,
Катмарыңа сиңген терең тамырым.

Жыргал жоктур чаңың кечип баскандай,
Жылыйт көңүл жоготконун тапкандай.
Басып өтсөм жолдоруңдан, жонуңдан,
Бабалардын деми өтүп жаткандай…

Өзөн дайраң көңүл кирин жуугандай,
Өскөн гүлүң, тал-терегиң туугандай.
Кайран атам дөңсөөдөгү мүрзөдөн,
Карап мени канаттанып тургандай.

Кышта жылуу, жайда салкын, шаң мекен,
Куттукташкан куштар сайрап таң менен.
…Ата-Журттун ырдап турган ажарын,
Ал булбулдар азыр аман бар бекен?..

Булбул кайда-а… муун улам жашарып,
Бейтааныш көп, тааныш жүздөр азайып.
Жүрөгүм бир тыз этет да , эх анан,
Жаш муунга сапар каалайм ажайып…

Акын болом деп кеткенмин калаага,
Ак жол айылым сен баа бер балаңа,
Керек эмес болсо ырым мекенге,
Кетмен чаап кетиш керек талааңа…

 

ТЕҢИР ТООДО ЖАЗГАН ЫР

Чоочун дебе, ниетим, дилим ак сага,
Бир барганда сүйдүм сени Ак-Талаа.
Кыргыз жерин араласам кубанам,
Салам айтып тоо, жер, дарак, ташка да.

Көчмөнмүн да дүбүрт үнү угулат,
Көл, тоо, талаа көзгө тааныш урунат.
Керек болсо бүт Азия мен үчүн,
Киндик каным тамган жердей туюлат.

Аксы атам, Бишкек үйүм, Көл энем,
Баткен, Талас, Ошум менен көбөйөм.
Нарын менин кан тамырым бойдогу,
Жалал-Абад бир тарабым жөлөгөн.

Ээлеп бүткүл Орто Азия айдыңын,
Мекендегем, билбейм бирок кай кылым.
Бүлүнбөстөн калган бүгүн каректей,
Бүт Кыргызстан менин бактым, байлыгым.

Карк экенсиң таланттарга таптаза,
Эргип турдум мен өзүңдө Ак-Талаа.
Элиң асыл баалай билген өнөрдү,
Жериң асыл өзгөчө да, башкача.

Мейманыңды чын дилиңден тососуң,
Кант, чайыңа мээримиңди кошосуң.
Мыкты ырдап эжекелер чай куйган,
Жеңекелер сунат мактап бозосун.

Чоочун дебе, ниетим дайым ак сага,
Бир барганда жактың мага Ак-Талаа.
Досторумдай сенде өсүп чоңойгон,
Эл, жериңдин экен дили таптаза.

 

ЖОЛДОР ГАНА ТҮГӨНБӨЙТ…

Далай өмүр жыл өтсө түгөнүүдө,
Далай заман ың-жыңсыз түнөрүүдө.
Аягына чыгышат баардык нерсе,
Жолдор гана түгөнбөйт бул өмүрдө.

Жол көрүнөт карасаң асманыңды,
Жолдор кошот алдыңды, арт жагыңды.
Жолдор, жолдор тирүүлүк ыроологон,
Жер шарынын агылган кан тамыры.

Айрылсак да жолдордон айрылабыз,
Сагынычты жолдордон кандырабыз.
Үйдөн бирөө кетсе да келбес жайга,
Үмүт отун жол карап жандырабыз.

Жолдубай деп сапарда төрөлгөндү,
Жоготпостон келишкен жөрөлгөнү.
“Ак жол бер”, — деп Теңирден тилек кылган,
Ак бата бар узака жөнөөрдөгү.

Көп өнөр бар тапканга жан арганы,
Көрүнбөгөн а бирок караандары.
“Жолдой узак өмүр сүр”, — деп алкашкан,
Жол оңдогон, жол салган адамдарды.

Жол салалы кур бекер күн өткөнчө,
Жерге, элге, анан да жүрөктөргө.
Улуу муун өздөрүн курман чалсын,
Урпактардын ак жолун түзөткөнгө.

 

 

ӨКСҮК

Туш тарабым туюк жол болуп,
Түшүнө албай жашоо сырын да.
Түккө турбас ойду ойлонуп,
Түтөп, быкшып өксүк сызында.
Куурап жүрүп өтүп кетемби,
Кунум чыкпай сокур тыйынга.

Тайыз акыл бийлеп башымды,
Тайгаланып баскан жолумдан.
Тааный албай бийик, пасымды,
Тагдыр күтүп эптеп чогулган.
Таратамбы кайран өмүрдү,
Тамчы суудай кумга сорулган.

Туюк болуп кайда бараарым,
Туман болуп жазган ырым да.
Тузак болуп бардык тарабым,
Тирүүлүгүм туруп кыйынга.
Өксүп, өксүп өтүп кетемби,
Өмүр жетпей өчпөс бир ырга…

 

ЭРЕРКӨӨ

Эх апаке, апакем ай, апам а-ай,
Эмгегиңе татыр эмгек жасабай.
Тентип жүрөм жарык издеп, ыр издеп.
Тек гана бир жөн адамдай жашабай.

Тири шумдук кездер коштоп ыргагын,
Тирүүлүгүм азабым да жыргалым.
Баарын сизге айтып туруп апаке,
Шолоктоп бир келет анан ыйлагым.

Ыйламакмын кур намыска кыйылбай,
Ыйламакмын алкымыма муунбай.
Бирок ал ый болбойт апа тек гана,
Бала кезде ыйлап жүргөн ыйымдай.

Болот анда сагыныч да, бук дагы,
Болот анда сиз билбеген бүт баары.
Болот анда атакемдин капилет,
Бала бойдон бул өмүрдөн учканы.

Ал көз жашым боз тумандуу күндөрүм,
Ал көз жашым дос-туугандан күйгөнүм.
Агып турмак ар бир тамчы жаш менен,
Айтылбаган арман муңу дүйнөнүн.

Ошол ыйга көөдөн тиреп жашаган,
Жан сыздатпас сизден бөлөк жат адам.
Баардык бугум, баардык муңум арылмак,
Бала кездей сооротсоңуз,  эх анан!

 

ЖЕСИР

Кечээ баары, баары башка эле,
Кечикпестен таңдар атчу эле.
Кербез боюн сыга кучактап,
Керилген бир жигит жатчу эле.

Жан биргесин сууруп коюндан,
Жан алгычтан карек оюлган.
Жатат жалгыз, жалгыз жаш келин,
Жалгыз жаздык башка коюнган.

Санаа менен кайгы жүктөгөн,
Сан ой келет түбү бүтпөгөн.
А жанында уктайт балдары,
Жетимдигин түшүнүшпөгөн.

Шамаал дагы кирип оюнга,
Күз түнүндө күчөп согууда.
Сынган эле… колу тийбеди,
Терезесин бүтөп койууга.

Жалгыздыкка али көнбөгөн,
Жаш төгүлөт үнсүз көлдөгөн.
…Басыгына окшоп эринин,
Бир үн чыгат коңшу бөлмөдөн.

Улуп ити короо жетинде,
Убайымдуу күндөр өтүүдө.
Уюп турган түндөр уламдан,
Узак болуп барат жесирге…

 

КАЙДА БАКЫТ МЕН БИР КЕЗДЕ ИЗДЕГЕН

Карап турам телмирип, көз чаптырып алыска,
Качан түшкөм, оо мезгил, сени менен жарышка?
Чытырман жыл артымда, а астымда мунарык,
Чыркыраган күндөрүм каяктадыр калууда.

Батып оор санаага, чыгам жалгыз көчөгө,
Бакыт кайда, бир кезде мен издеген көшөрө.
Кайда калды адашып, карагат көз ошол кыз,
Каректерин жандырып айрылбайбыз дечү эле…

Кагазымды барактайм, алаксыйм деп иш менен,
Калдымбы аттиң, сызылып жаштык деген тизмеден.
Карегимди жаш чайып, карайм алыс жактарды,
Кайда бакыт, кайда азыр мен бир кезде издеген?

 

* * *

…Карттанды эми жүрөктө жараттарым.
Кайрылбасын кайрадан канаттарым.
Сапар алдым өзүңдү издөө үчүн,
Сакта мени, сактагын Жаратканым!

Күч бергиниң шайтанга алдырбаган,
Күч бергиниң азапка кайгырбаган.
Мен өзүңө барганда, оо, Жараткан,
Абийир менен барайын айрылбаган.

Эрдик бергин душмандан жалтанбаган,
Оомат бергин чачырып, таркалбаган.
Касиет бер ырыма, касиет бер,
Кунум менин улуу сөз, картайбаган.

Өмүр бергин байсалдуу жашаарыма,
Майышпайын сыноонун катаалына.
Ыйман киргиз баарынын жүрөгүнө,
Таза болсун дос-душман катарымда.

Жан болбоюн дүбүртү араң чыккан,
Жан дүйнөмдү жараткын жалаң шыктан.
Аруу болсун жүрөгүм баардык жерде,
Арамдыктан алыс кыл, арамдыктан.

 

* * *

Жаз келди жүрөгүмө,
Эритип мөңгү, музду кабатталган.
Күкүктөйт кан тамырым дайра болуп,
Башталып өмүр жаңы,
Башталып жашоо шаңы,
Бир кезде кышкы ызгаарга каракталган.

Жаз келди жүрөгүмө,
Жан дүйнөм бейиш сыңар жашылданып.
Жароокер гүлдөр дагы назданышат,
Бул дүйнө сулуу кандай,
Сезилем азыр гана туулгандай,
Нурданып, асылданып.

Сен келдиң жүрөгүмө,
Жаз болуп кокусунан ушул кечте.
Сүйүнүч ууртумдагы,
Төгүлүп калбаса экен.
Сен эми жүрөгүмдөн,
Суранам, такыр кетпе!
Суранам, такыр кетпе!

 

АКЫН ДОСКО

Кыш келет анан жаз келет,
Жашоонун жолу тегерек.
Карачы алды жагыңды,
Кайгырып досум не керек.

Ичине сени батырбай,
Ташташып кетсе жакындар,
Жабыркап калба анчалык,
Жапжалгыз болот акындар.

Байкабай кокус тутулган,
Турмуштан көптөр утулган,
Таяп мен калар болсомчу,
Тагдырдан тайган бутуңдан.

 

НӨЛҮ КӨП ЖЫЛДАР

Акыл — нөл, жан дүйнө — нөл, санаам да нөл,
Сүйүү – нөл, досчулук – нөл, адам да нөл.
Жылдар – нөл, өсүү болбой тегеренген,
… Ырлар- нөл, окурман – нөл, заман да нөл.

Пикет –нөл, минтингдер – нөл, жалган баары,
Эл толкуду эки ирет, пайда албады.
Унаасынын номерин нөлдөн баштайт,
Президент – нөл, нөл демек калгандары.

…Башым- нөл, билимим – нөл, уят кылат,
Боштуктар бирин бири улап турат.
Чөнтөк – нөл, аянычтуу андан дагы,
Намыс –нөл, тилеттирет, сураттырат.

Ишим — нөл, барым жогум билинбеген,
Изим — нөл, таамай болуп чийилбеген.
Көңүл – нөл… ал чынында эч нерсе эмес,
Үмүт – нөл, дилгирлик жок дирилдеген.

Доор – нөл, зар-муңуңду кенебеген,
Биз – нөлбүз, ага минтип тебеленген.
Лөлүгө айландырды түптүү элди,
Нөлү көп жылдар сыртта тегеренген…

 

ПАДЫША ЭЛ

Көтөр башты улутташым, кандашым
Көкүрөктө улуу намыс кайнасын
Ар бир кыргыз аманаты Манастын
Хан тукуму кулга айланып калбасын

Көк теңирге, ай-ааламга тийишкен
Байкуш болбо башты төмөн ийип сен
Бизге теңир берген улуу тоолорду
Бүт дүйнөнү карасын деп бийиктен

Күң кылбасын келген-кеткен коногу
Кыргыз кызы күндөй баркы жогору
А жигиттер, мырзасыңар ар бириң
Тексиз,нарксыз кул жүрүштү коелу

Каршы туруп катаалдыктар ыргытса,
Качырып кир, тарыхтарга турмушка
Бүтүндөй бир тилиң эмес улуу журт
Бир да сөзүң унтулбасын кыргызча

Бүжүрөбөй көтөр башты жаркылдап
Нур чайысын жан дилиңе алтын жаап
Сен падыша, падышасың эй, кыргыз
А тоолоруң теңир берген алтын так.

 

Соц тармактар:

Зайырбек Ажыматов: 6 комментариев

Добавить комментарий