Физик — тилчи Ташполот Садыков

Курманбек Токтоналиев, филология илимдеринин доктору, профессор, милициянын полковниги

Негедир физик менен лириктерди дайыма карама-каршы коюшат. Физиканы так илим катары адамзаттын дүйнө таанымында орчундуу милдет аткарганын белгилешсе, лириканы жан дүйнөнүн таанымы катары түшүнүп, лириктер менен физиктер илим тамашасына айланган. Ал эми физика менен лириканы айкалыштыра билген окумуштуулар физиктердин арасында да, тилчилердин арасында да аз санда. Бул жерде биз лириканы тил менен байланыштырып жатабыз. Тилдин өзү физика менен лирика. Аны так илимдерге да, коомдук илимдерге да кошууга болот. Ошондой илим тармагын кошо билген чыгаан окумуштуулардын бири филология илимдеринин доктору, профессор Эларалык компьютер жана инженердик лингвистика мектебинин мүчөсү, академик Б.М.Юнусалиев, агартуучу И.Арабаев атындагы сыйлыктардын ээси, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги Ташполот Садыков.

Ал 1949-жылы 31-октябрда Өзгөн районундагы Эркин-Тоо айылында төрөлгөн. Башталгыч классты Эркин-Тоо айылынан 1958-жылы, сегиз жылдык мектепти Саламалик кыштагынан 1963-жылы, орто мектепти Чаткал районундагы Шакафтар жатак мектебинен 1966-жылы бүтүрөт. Бир жыл Бишкектеги Ленин заводунда жумушчу болуп иштейт. 1967-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин физика факультетине өтүп, 1972-жылы бүтүргөн.

Студент кезинде Ташполот Садыковдун келечекте тилчи болом деген түшүнүк түшүнө дагы кирбесе керек. Анын ою физик-окумуштуу болом деп кыялданчу, бирок тагдырдын тамашасын караңыз, ал кыргыз тили боюнча адис болуп чыга келди. Ташыкенин тилчи болуп калышына бүгүнкү кездеги филология илимдеринин доктору, профессор, биздин ардактуу агайыбыз Абдыкадыр Орусбаевдин эмгеги зор. Ал 1972-жылы Москвадан аспирантураны бүтүрүп, мөөнөтүнөн мурда кандидаттык диссертациясын жактап келип, Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын Тил жана адабият институтуна эксперименталдык фонетика лабораториясын ачышы Ташыке жана менин келечек кесибибиздин тагдырын чечкен. Аталган лабораторияга Ташполоттун инженер катары жиберилиши, тилчилер менен аралашып, алака түзүп жүрүшү анын дегеле тил проблемасына сүңгүп киришине шарт түзгөн.

Мен Ташыке менен 2-курста окуп жүргөндө тааныштым, ага курстук иш боюнча жетекчим Абдыкадыр Орусбаевич себеп болду. Лабораторияга жума сайын барышым Ташыке экөөбүздү жолдош катары жакындатып жиберди. Ошондон бери, шүгүрчүлүк, кесиптеш, жолдош катары өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келебиз.

1975-жылы Улуу Жеңиштин 30 жылдык мааракесинде жаш изилдөөчүнүн илимге болгон дилгирлиги бааланып, Кыргызстандагы жаш окумуштуулардын жеңүүчүсү катары Москвада жеңиш туусу астында сүрөткө түшөт. 1976-жылы СССР илимдер академиясынын Ленинград бөлүмүнө компьютердик жана инженердик лингвистика багыты боюнча эки жылдык такшалууга жиберилиши — анын кыргыз тилинин фонологиясы жана морфонологиясы боюнча чыгаан, көрүнүктүү адис болушуна негиз салды. 1982-жылы Ленинград университетинде «Кыргыз тилиндеги атооч сөздөрдүн морфологиясын ЭЭМде моделдөө» деген темада аткарылган кандидаттык диссертациясын коргойт. Сөз маанисинен сөздүн өзүн компьютер аркылуу синтездөө маселесин ишке ашырган бул эмгегиндеги илимий табылга-натыйжалары жана иштеп чыккан технологиялары менен Т.Садыков түркологияда алгач ирет компьютердик лингвистика багытынын пайдубалын түптөгөн.

1982-90-жылдары Кыргыз Республикасынын УИАсынын Тил жана адабият институтунда кенже, ага, жетектөөчү илимий кызматкер болуп иштейт да, академияда ачылган алгачкы докторантурага кабыл алынат. 1991-97-жылдары Түркология жана грамматика бөлүмдөрүнүн башчысы, докторлук диссертация коргоо боюнча адистештирилген кеңештин окумуштуу катчысы. 1997-2000-жылдары Эларалык «Ататүрк-Ала-Тоо» университетинин биринчи проректору, 2000-01-жылдары Кыргыз-түрк «Манас» университетинин профессору, 2005-07-жылдары И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунун кыргыз тили кафедрасынын башчысы, 2002-жылдан бери Бишкек гуманитардык университетинин профессору, Эларалык «Ататүрк-Ала-Тоо» университети Гуманитардык жана так билимдер факультетинин деканы кызматында эмгек жолун улантууда.

1995-жылы Казак Улуттук Илим академиясы Ахмет Байтурсун уулу атындагы Тилтааным институтунда «Кыргыз фонологиясы менен морфонологиясынын теориялык негиздери» аттуу темада докторлук диссертациясын коргойт. Окумуштуунун бул эмгеги капсалаңдуу жылдардын жазыксыз курманы болгон А.Байтурсун уулу, Ишенаалы Арабай уулу, Касым Тыныстан уулу сыяктуу кыргыз-казак залкарларынын илимий мурастарын дүйнөлүк деңгээлге алып чыгууга өбөлгө түзөт.

«Азыркы кыргыз тили: фонетика», «Азыркы кыргыз тили: морфология», «Түрк тилдеринин салыштырма грамматикасы», «Түрк тилдеринин тарыхы», «Тил илиминин тарыхы», «Сөзжасам», «Кыргыз фонологиясы менен морфонологиясынын теориялык негиздери», «Түркчө-кыргызча котормо теориясы жана практикасы», «Түркологияга киришүү», «Азыркы түрк тилдери жана диалектилери», «Чагатай тили», «Казак тили», «Татар-башкыр тилдери», «Маданий аралык коммуникация», «Адабий тилдин нормалары», «Компьютердик лингвистика», «Колдонмо лингвистикага киришүү» сыяктуу негизги курстар боюнча дарс окуп келет.

Т.Садыковдун 1987-жылы жарык көргөн «Проблемы модерлирования тюркской морфологии» аттуу монографиясы түрк тилдерин изилдөөдө өзгөчө жаңылык болду. Бул китеп анда иштелип чыккан моделдер жана алгоритмдердин негизинде УИАнын кор.-мүчөсү П.С.Панков тарабынан жазылган компьютердик программалар менен бирге кезегинде И.Арабаев атындагы сыйлыкка татыктуу болгон. Ал баарыбызга белгилүү. Сөз кылып жаткан монография түрк тилдеринин морфологиясын, анын ичинде сөз маанисинен сөз формасын ЭЭМде синтездөө процессин изилдөө багытында соңку учурларда пайда болгон компьютердик лингвистика аттуу жаңы багыттын башталышынан кабар берет. Т.Садыков — тил теориясы менен кибернетиканын акыркы жетишкендиктерин билгичтик менен пайдаланып лингвистикалык жан-тереңдиктеги кубулуштардын сырларын ачууга баш оту менен тайманбай кирген окумуштуу. Бул эмгек анын ошол багытта жүргүзгөн илимий изилдөөлөрү менен жарыя кылынган макалаларынын логикалык жыйынтыгы, проблеманын жалпы эле түрк тилдеринин контекстинде коюлушу жана кыргыз тилинин факты-материалдарынын негизинде чечмелениши.

Т.Садыковдун «Основы кыргызской фонологии и морфонологии. Б: Илим, 1992» аттуу монографиясы кыргыз тил илиминде гана эмес, түркологияда да, жалпы тил илиминде да фундаменталдуу изилдөө болуп саналат. Такталган, тастыкталган жана ынанымдуу фактылардын негизинде жазылган бул эмгекте кыргыз тилинин фонетика-фонологиялык курулушу чечмеленип, тилдин фундаментин жана фонологиялык системанын өзөгүн тыбыштардын белгилик мазмуну түзөрү жана муну менен морфонологиянын табияты ажырагыс байланышта болору даана ачып көрсөтүлөт да, морфонология фонетика менен морфологиянын жалгашуусунан жаралган жана жашап жаткан өзгөчө деңгел экендиги тастыкталат. Кыргыз тилиндеги мындай заң-мыйзамдар, анын ичинде фономорфологиялык эрежелер аталган китепте синхрондук планда да, диахрондук планда да ийине жеткире чечмеленген.

Т.Садыков терең филологиялык жана системологиялык билимге ээ. Мына ошондуктан бул китебинде кыргыз тилинин илимий фактылары жакын тектеш тилдердин даректери менен салыштырат да, алардагы тилдик кубулуштар синкретикалык көрүнүштөр менен айкалыша жашап жатышын баяндайт. Окумуштуунун баамында тилдеги окшоштуктар менен айырмачылыктар фонологиялык этимология жасоого жана сөздөрдүн маанисиндеги (семантикасында) контоминациялык жылыштарды көрсөтүүгө да жол ачат.

Т.Садыковдун бул эмгеги оригиналдуу, илимий өрүшү кенен да, терең фундаменталдуу изилдөөлөрдөн болуп саналат. Анын теориялык негиздери Т.В.Гамкрелидзе, Вяч.Вс.Ивановдун кезегинде СССРдин илим-билим жаатындагы Ленин сыйлыгына татыктуу болгон жана индоевропеистикада революция жасаган «Индоевропейский язык: реконструкция праязыка и протокультуры» аттуу эмгегинин идеялары менен толук үндөшүп турат. Ошондуктан аталган монография Кыргыз тили коомунун академик Б.М.Юнусалиевдин ысмын алып жүргөн сыйлыгына татыктуу болгон. Менин терең ишенчимде, анын теориялык жоболору кыргыз жана түрк тилдеринин тарыхый морфонологиясын иштеп чыгууга өбөлгө түзөрү бышык.

Кыргыз тилинин фонологиясы, морфонологиясы, морфологиясы, орфографиясы, түрк тилдеринин машина фонду, «Манас» эпосунун ар кандай версиядагы сөздүктөрү менен маалыматтар базасы, тектеш жана тектеш эмес тилдердин типологиясы ж.б. багыттарга байланыштуу 150гө жакын илимий эмгеги, анын ичинде 2 илимий монографиясы жана бири (авторлошу — проф. И.Абдувалиев) «Сорос-Кыргызстан» фондунун баш байгесин жеңип алган 2 окуу китеби жарык көргөн. 1992-жылы ноябрь айында азыркы түрк тилдеринин латынга негизделген орток алфавитин иштеп чыгуу боюнча Стамбул шаарында (Мармара университети) өткөрүлгөн эларалык симпозиумга, 1994-жылы март айында Берлин шаарында (Азат университети) өткөрүлгөн «Борбор Азия элдеринин менталитети» аттуу эларалык конгресске, 2005-жылы май айында Кырымда (Симферополь университети) уюшулган 1-түркологиялык симпозиумга, Минск, Петербург, Таллин, Кишенев, Махачкала, Минск, Алматы, Ташкен, Самаркан, Чимкен калааларында уюшулган эларалык илимий форумдарга катышып, баяндама жасаган. Илимдин төрт кандидаты менен ондон ашуун магистринин устаты. Беш докторлук жана онго жакын кандидаттык диссертацияга расмий оппонент болгон. Анын илимий жетекчилиги менен бир катар докторлук, кандидаттык, магистрлик диссертациялар иштелүүдө.

Учурда Т.Садыковдун демилгеси жана тикелей өзүнүн катышуусу менен улуу манасчыларыбыз Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу жана кытайлык жазма манасчыбыз Жусуп Мамайдын нускаларынын негизинде «Манас» эпосунун чоң көрсөткүч сөздүгүнүн» кыргызча-түркчө, кыргызча-англисче, кыргызча-орусча, кыргызча-арапча, кыргызча-кытайча, кыргызча-немисче, кыргызча-фарсыча версиялары, «Манас» эпосунун маалыматтар базасы» аттуу долборлор ишке ашырылууда. Булардын ичинен «Манас: кыргызча-түркчө чоң көрсөткүч сөздүк» аттуу 1500 беттен турган фундаменталдуу эмгеги Түркиянын Түрк тил куруму тарабынан басып чыгарылууда.

Жыйынтыктап айтканда, Ташполот Садыковдун изилдөөлөрү өз мезгилинен эрте изилденген, келечектеги инженердик жана компьютердик лингвистиканын өнүгүшүнө өз салымын кошуучу эмгек болуп саналат.
Биз Ташыкеңдин мааракесин чын жүрөктөн куттуктап, ага ден соолук, иштерине ийгилик, талыкпас эмгек, үй-бүлөсүнө бакыт каалайбыз!

Бар бололу, бир бололу, Ташыке!

«Zaman-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы»), 06.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий