«Нагыз манасчылардын мектебин уюштуралы»

«Манас» эпосунун ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кытайлык кыргыздар тарабынан киргенине байланыштуу Токтайым Үмөталиева жетектеген өкмөттүк эмес уюмдар ассоциациясы демилге көтөрүп, ЮНЕСКОго кыргыз коомчулугунун катын даярдап жатат. Ошол тушта биз манасчылар менен «Манас» эпосунун тегерегинде азыноолак ой бөлүштүк.

Токтайым ҮМӨТАЛИЕВА:
— Бул маселени коомчулукка көтөрүп чыккан Садык Шер-Ниязга ыраазылык билдирели. Ал көтөрүп чыкпаса, ушул бойдон көмүскөдө калып, кылымдан бери сакталып келген «Манас» эпосубуз кытайлык кыргыздардын энчиси катары гана көрүнүп калмак.

Таланталы БАКЧИЕВ:
— Мындай ишке эл-жерине күйбөгөн, аны сүйбөгөн адам гана кайдыгер карабаса, кол шилтеп коюуга адамдын дити барбайт.

Уркаш МАМБЕТАЛИЕВ:
— «Манас» дегенде биз кыргызды, кыргыз дегенде «Манасты» түшүнөбүз. Биздин эл- жерди, Мекенди сүйүүбүз «Манастан» башталат эмеспи. «Баланы жашынан» дегендей, элин-жерин сүйүүнү баланын жаш кезинен баштоо керек. Мына биздин маңдайыбызда бизди тыңдап олтурган кичинекей манасчы Бексултан «Манас» айткандан тартынбай, Манастын Жолой менен күрөшкөн жерин сүрөттөп айтып бергенин уктук. «Манас жөнүндө китеп окуп жатам» дейт. Балдар канчалык баатырлар жөнүндө көп окуса, келечекте эл-жерин коргогон ошондой баатыр болгусу келет. Баатыр десе эле көрүнгөндү найза менен сайып, тоголотуп жиберүү эмес экендигин балдарыбызга жашынан түшүндүрүшүбүз керек. Манас боорукер, айкөл болгон. Жары да өзүнө жарашып турчу. Түшүнө аян түшүп, эртеңки күндү айтып берген акылман, даанышман болгон.
Бексултанда үн, данек бар экен. Данекти өстүрүш керек. Экинчиден, «Манас-ка» дилин берген. Сагымбайдын сөзүн төкпөй-чачпай, ашык-кеми жок көркөмдүк менен жеткире айтып берип жатат. Бул баланы Сагымбайдын арбагы колдойт. Мындай таланттуу балдар сейрек кездешет. Манасчыларды издесе, ар бир айылдан чыгат. Балдарды бир жерге топтош үчүн атайын бир мектеп ачуу керек. Анан аларга өкмөт тарабынан каражат бөлүнүш керек.

Таланталы БАКЧИЕВ:
— Ооба, манасчы балдардын мектебин уюштуруу керек. Өйдөдөн аян берилген манасчы балдар сейрек болот. Өкмөт ошондой таланттуу беш баланы бага албай эмне болуптур? Ак үйдө беш жүз адам олтурат. Өкмөт манасчыларды бакканды мойнуна алыш керек. Бирок, аны беш жыл иштетип, «болбой калды» деп таштап кетпеген, чындап күйгөн адам келиши зарыл. Дагы бир эскерте турган нерсе, «сенде үн бар» деп бир баланы алып келип, ага «Манас» айттырып, аны зордоп, өнөрдү тагып, күчкө салбашыбыз керек. Мүмкүн анын табиятында өнөрү башка. Балким, ал музыканттыр, математиктир же журналисттир. Биз тубаса, аян алган жаш балдарды таап, ошолордун ичкен-жегенин мойнубузга алып, багышыбыз керек. Ал ата-энесин, кийим-кечесин ойлобой, «Манасты» гана ойлошу керек.
Чыныгы манасчылар мектеби ачылып, манасчынын чордонуна айланыш керек.

Дөөлөт СЫДЫКОВ:
— Манасчылар мектеби сөзсүз ачылышы керек. Анткени, манасчылык өнөр жоголуп кетүү коркунучунда турат.
Кабарчы: — Манасчылык, айтыш айтуу, дастанчылык жоголуп кетүү коркунучуна дуушар болгон өнөр катары ЮНЕСКОго кирип, ал 2003-жылы кабыл алыныптыр.

Таланталы БАКЧИЕВ:
— Ошол боюнча Бексултан Жакиев долбоор түзүп, ЮНЕСКОго жиберип, андан кийин бул өнөрлөр дүйнөдөгү жоголуп кетүү коркунучу бар касиеттерге кирген. Япон өкмөтүнүн каражаты менен мектеп түзүлүп, жер-жерлерде иштеп жатат. Булардын принциптерине да кошулам. Бирок, менин жеке оюм башка. Аны эч кимге таңуулагым келбейт. Мен манасчылыкта өйдөдөн аян берилгендерди, нукуралуулукту көздөйм.

Токтайым ҮМӨТАЛИЕВА:
— Мектепке шыктуу балдарды топтоп, аларга жогорку билим болбосо да, орто билим катары «манасчы» деген диплом ала тургандай кылыш керек. Буга көп каражат деле кетпейт.

Уркаш МАМБЕТАЛИЕВ:
— Мына бүгүн Токтайым Үмөталиеванын өкмөттүк эмес уюму демилге көтөрүп, ЮНЕСКОго, өкмөттүк структураларга ЮНЕСКОнун тизмесине «Манас» эпосу кытайлык кыргыздар үчүн жоголуп кетүү коркунучунда деп алынган формулировкага өзгөртүү киргизүү үчүн каттын долбоорун даярдадык, анын аралыгында «Манас» кыргыз үчүн кандай экенин, манасчылык мектеп, анын келечеги, балдарды «Манас» эпосу аркылуу тарбиялоо сыяктуу маселелерди да азыноолак айтып өтүп, анын арасында бизден бата алганы келген кичинекей манасчы Бексултандын өнөрүнө да күбө болуп кеттик. Бул жерде сөз «Манасты» бирөө, мисалы кытайлык кыргыздар тартып алганы калды деген сөз эмес, кыргыз «Манас» үчүн күйгөндөй, турмушта келечек муунубуз «Манас» деп ураан чакыргандай деңгээлде, унутулбай, кор болбой, муундан- муунга жашашында болуп турат. Биздин мамлекет билдирбей, жада калса манасчыларга билдирбей, ЮНЕСКО кабыл алып жиберген маселеге да кайдыгер карабаганыбыз жакшы.

Бетти даярдаган Назира СААЛИЕВА, “Назар” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 03.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий