Жапаров Дүйшөн

1959-жылы Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында колунан көөрү төгүлгөн, ээр чапкан устанын үй-бүлөсүндө туулган.

1976-жылы Кара-Суу орто мектебин аяктаган.

1990-жылы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультетин бүтүргөн. Университетти бүткөндөн кийин бир топ жылдар бою «Ленинчил жаш» гезитинде кабарчы, Бишкектеги улуттук китепканада илимий кызматкер болуп иштеген.

“Жоголгон ырлар” ыр жыйнагы 2013-жылы жарык көргөн.


Дүйшөн Жапаров жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Дүйшөн ЖАПАРОВ: “Калыңым жок, каадам бар, Кааданы билбес наадан бар”


Ырлар

 

БЕЛГИҢДИ БЕРЧИ

Көмүрдөй көзүң коюлган,
Көркөмүң куудай чоюлган.
Түнкүсүн түштөн, күндүзү
Түк кетпей койдуң оюмдан.

Ак марал сындуу төшүңдөн,
Акырын айткан сөзүңдөн.
Жароокер, жумшак мүнөзүң,
Жайдагы кечтей көшүлгөн.

Жыргалдуу салкын таңдайсың,
Жылдызды көктөн өчүргөн.
Жалбырттап сезим жазында,
Жалбарып турмун кашыңда.

Турмушум туура бурулду,
Тушугуп сендей асылга.
Белегим сага ушул ыр,
Белгиңди бергин акынга.

 

ЭРКАЙЫМГА

Кыйын күндө кылчайып бир карашпай,
Жакындарым жакшы сөзгө жарашпай.
Жалгыз калып жарты болуп жүргөндө
Жай сурадың, достон эстүү аяштай.

Сен сырымды түшүнүп да түшүнбөй…
Бизди бир жип байлагансыйт үзүлбөй.
Басынбачы байке — деген сөздөрүң,
Бакыт өңдүү башка конгон күтүлбөй.

Күлөрүмдө күйүп жерде жатсам да,
Тое жебей, жаман кийип бассам да.
Жылыйм минтип, сендей жандар учурап,
Жылтылдаган жылдызым бар асманда.

 

ЖАҢЫ ЖЕР

Капчыгай шыкай камалган
Карагай, четин, арчалар.
Буурадай жөөлөп зоолорду
Булуттар жолдо чарчаган…

Ашуунун жону асмандап,
Астыда калып тирилик.
Боздогон шамал басылбай,
Борчукка боору тилинип…

Бойлогон кымыз, кыз уулап,
Босого, Көлтөр, Каманды.
Эч кимсиз оор күндөрдө,
Элеси канча каралды.

 

КЕЛЧИ МАГА

Көңүл сууган көп нерседен кир калып,
Кайра баштан делебемди козгодуң.
Жагымдуу бир сагынычка чулганып,
Кайра баштан сүйүп калган окшодум.

Ырларым бар бекер берер ар кимге,
Көңүлүм бар көп жеринен жаралуу.
Жакшы үмүттөр жалп деп өчүп кай бирде,
Күндөр болгон өлүм өңдүү каралуу.

Өмүр дартын бойдо барда эсендик,
Даба болсоң дарылоого табылбас.
Кеңдигим бар кадырыңа жетерлик,
Келчи мага кара көздүү карындаш.

 

БУЛУТТАР

Кошойдун тоосун айланып,
Коюлуп көчкөн булуттар.
Кайыгып турам тагдырдан,
Кайгымды менин унуткар.

Агартып дилиң жубардай,
Ак жамгыр болуп нөшөрлө.
Ат-Башы дайра ташкындап,
Агылсын батпай өзөнгө.

Эскирип кетип баратам,
Эстей жүр байкуш Дүйшөндү.
Соконун тиши тилбесин,
Сен эзип түздө мүрзөмдү.

 

КОШ, БАЛАЛЫК!

Кош, балалык, кош бол эми түбөлүк,
Кой жоголуп, коркуп жүрүп жоготтум.
Кезегинде тоо кетилип түгөнүп,
Кезегинде зоо эшилип болот кум.

Кош балалык, көп ооруган апарык,
Мен мал ээрчип, сен мени ээрчип күн өткөн.
А мектепте жакшы окуучу аталып,
Алп максатты көкүрөккө түнөткөн.

Кайыр эми, калдым кайра көралбай,
Сен экөөбүз баскан колот, кыр калып.
Мен жашоого келем дале көналбай,
Көкүрөктө бир арман ыр ырдалып.

 

ЧЫН ДИЛИМДЕН

Жармы кулап, жармы асылып калган ай,
Жашоом менин качан толот, арман ай?!
Мелт-калт болгон учсуз жарык дүйнөдө.
Мекен издеп таппай келем жанга жай.

Баш көтөрүп басарымда басындым,
Баш катырып далай таңды атырдым.
Аралынан ажыраган казактай,
Азыр мен да армандуумун, такырмын.

Жаза басып жыгыларда таярга,
Жанда жүрүп, сырым билип аярга,
Музыкада муң-шаттыкты бөлүшөр,
Муктаж экем мен бир изги аялга.

Канат болчу кайкып учар жыргалда,
Кайрат болчу карек эзген ыйларда.
Өктөм жанып, бир кылчайып алармын,
Өмүрүмдөн өтүп кеткен жылдарга.

Жаш көбөйүп баратканы күнөөмбү,
Жарыгыңды чаччы мага күн өңдүү.
Өмүрүмдө баалабадым бакытты,
Өлүп калсам андан бетер күмөндүү.

 

ЖОГОЛГОН ЫРЛАР

Эртеңки күнгө дем элең,
Экиге башым теңеген.
Бактысыз басып жүргөндө
Бактылуу кылган сен элең.

Көмүлгөн жолдун айрыгы,
Көрүнөө сенден айрыды.
Муз тоңуп ичке эрибес,
Мухиттей кечтим кайгыны.

Жаман түш… түндүн таңы жок,
Жатамын үйдө шамы жок.
Кудайды канча сактадым,
Ал мени сактаганы жок.

 

КАНТЕМ, ЫЯ?

Үйлөндүм… сүйүү соолуду,
Үшүдү, дилим ооруду.
Жайнакай кызым сендеги,
Жашынан тагдыр тооруду.

Кактаган күнгө төбөсүн,
Каралды жанга дөбөсүң.
Мен кара жерге кирейин,
Мээримиң төгө көр өзүң.

Жашоомду менин билбесин,
Жаш чайып жүзүн жүрбөсүн.
Кирдетпе баео жүрөгүн,
Кирдесе кийми кирдесин.

Апамдын жашын агызба,
Атамды ая абышка.
Кыйындап улам турмушум,
Кыйналдым мен да алыста.

Тырмыштым, жанды үрөдүм,
Тыйынсыз бастым, жүдөдүм.
Чагылган тыткан булуттай,
Чачылды менин жүрөгүм.

Баалабай жүрүп айрылган,
Барбы ыя бакыт кайрылган?
Турайын, айтчы, күлкүңдөн,
Угайын, айтчы, кайгыңдан.

Өрттөндү, кыйрап төгүлдү,
Өмүрбү? Түшпү? Өңүмбү?
Айланып алыс кетпеди,
Айдачы ойдон өлүмдү.

 

ЧЕЧ-ДӨБӨНҮ САГЫНДЫМ

Канаттар чертип комуздай,
Каркыра басып көгүңдү.
Кут даарып жаткан чагыңды,
Куттуктап кайткан өмүрдү.

Жакадан чуулап көч чубап,
Жаңы-Жер, Арпа, Аксайлап…
Жол карап боздоп тургандыр,
Жонуңда жалгыз ак тайлак.

Керемет түндөр кезидир,
Керимсел сезим сылаган.
Өмүрдөн тажап кээ жылдыз,
Өрттөнүп төмөн кулаган.

Көп болду көрбөгөнүмө,
Көзгө ысык жайы-кышыңды.
Санааман кетпей күнү-түн,
Сагындым сары кызымды.

Жүрүшөт кантип ата-энем,
Жүздөрү толгон бырышка.
Бугумду мында ырбатып,
Булуттар көчөт чыгышка.

Өзөктү кетип өз өрттөп,
Өз күтүп кайра өгөйдөн.
Калаага калдым байланып,
Кайырчы күндө көбөйгөн.

 

ӨТҮНҮЧ

Бир да жолу бир болбодук сырдашып,
Же биз жаман айтышпадык чырдашып.
Менден танууң мына ушундай башталган,
Мен сага арнап эки-үч сабак ыр жазып.

Бир кылына миң кайрыкты батырган,
Менин эңсөөм көкүрөктө катылган.
Күндөр өтүп, кеттиң менден алыстап,
Күн сыяктуу горизонтко жашынган.

Мейли сүйбө, мейли менден алыста,
Бактыңды изде, катарыңдан калышпа.
Мендей кылбай жылуу кабыл алып кой,
Мени угузуп ырлар ыйлап барышса.

 

ӨЛБӨСТҮК

Таалай издеп татаал жолду тандадым,
Таарынганда тагдырымды каргадым.
Бир өзүң деп бир да жолу тийген жок,
Бир тууганга бир тыйынча жардамым.

Кууп келем караан улап калбастан,
Дайра кечип, ашуу ашып кар баскан.
Калды жаштык карга болуп караандап,
Калбай келем дале азган, жармач жан.

Учкул экен, укмуш экен жүрүшүң,
Уктабастан учуп келем күнү-түн.
Билсең баарын чаап салгам садага,
Бир мүнөткө сага жетер күн үчүн.

 

АКЫН АГАМА

Жакшы үмүткө жаан чыккан агамсың,
Жарым жолдо жалтайласаң жамансың.
Дүйшөйүп деп «дүрр» деп турсун Ат-Башы,
Дүйшөн иниң сенден өзүн карансын.

Агып чыкчы, ташкын болуп, сел болуп,
Жарып чыкчы айгай салып эр болуп.
Колдой чыксын Кошой дөөнүн арбагы,
Коргонунун жугу калган жер болуп.

Болалбаса намыс, күчү, айласы,
Калкына анда кайсы акындын пайдасы?
Жанып турсун ырларыңдан жылдыздар,
Агып турсун Ат-Башыңдын дайрасы.

Мекен жалгыз, мен — сарбагыш, сен — черик,
Менде башка туу тутар жок сенчелик.
Ала кайдан, айчылыктан калдайган,
Алыкулду Акбозунан берчи эңип.

Ал эмесе, бар бол Шаке, узак чап,
Күтөт сени алп тоолордун учу аппак.
Бир кездерде ушул жерде Кошой дөө,
Үйдөй ташты талкалаптыр кучактап.

 

ИЗДЕП КЕЛЕМ

Үстүм жука, суук какшайт карандай,
Ээ болалбай сай-сайлаган санаама.
Издеп келем бакыт өңдүү табалбай,
Жалдаганга жалгыз бөлмө калаада.

Үйлөр батпайт сай ташындай шагырап,
Үлкөн калаа жашоосу бар мол, бекем.
Мында кеткен жаман-жакшы жамырап,
Бакыт деген кандай неме болду экен?

Башымда ойлор жаңжалдашып ич ара,
Таппай калып кээде өзүмдүн атымды.
Издеп келем арзаныраак ижара,
Анан дагы Дүйшөн деген акынды.

 

КЕМПИРИМ

Сен — банкирим, сен — вампирим, сен — пирим,
Сенин мен деп тозду көйнөк, жемпириң.
Сендей мага күн да жарык чачалбайт,
Сен ооруба, мен ооруюн кемпирим!

Тил жанысаң, тилиң тинте, булдурсун,
Тилиң сууруп кууруп жечү кургурсуң.
Анткен менен аянбастан камчылап,
Аалам кезип чапса арыбас дулдулсуң.

Өмүр ширин, өмүрлөшүм сен ширин,
Өзүң менен тапкан балдар эң ширин.
Сендей мага аалам кеңдик кылалбайт,
Сен ооруба, мен жашайын кемпирим!

 

* * *

Шаркырап суу, куш сайрап,
Шаңга толгон көк, төмөн.
Кыш-кыш этип а менин,
Кыш чыга элек өпкөмөн.

Чанак жарды дүйүм гүл,
Чачыладай чачылган.
Кетпей калды а бирок,
Кээри кыштын чачымдан.

Кыштан чыгып чечинип,
Кыял бийлеп басат кыз…
Кайран өмүр… бир кезде,
Каректи да басат кыш.

 

АТАМДЫН БЕЙИТИ

Бозоруп дөңдө жаткан дөң,
Боздогон арман каткан дөң.
Күүгүмдөп көктөн эңиштеп,
Күн сымал атам баткан дөң.
Баары бар эле дээринде,
Баары бар эле ээринде.
Калабы жатып түбөлүк,
Какшыган жылга жээгинде.

Атасы анык өнөрдүн —
Адамды келди көмөр күн.
Атамды жакшы кара деп,
Ажалды беттен өбөр күн.

 

КАЙРАН, МУХА!

Кырсык, дарт торун жайганда,
Кыйкырып арттан сайганда.
Кармап мен кала албадым,
Кара жер буттан тайганда.

Теңтушум элең, тең элең,
Тептерең элең, кең элең.
Өлүмгө кылдым кусамат
Өмүрүң кыска ченеген.

Агымы бүтөт суунун да,
Аягы бүтөт чуунун да.
Мүрзөңдү басып бакырган
Мүнөзүң калды уулуңда.

 

* * *

Миң мекиян ичинде,
Короз болуп калсамчы!
Көп жакырдын ичинде
Сорос болуп калсамчы!

 

СЕРГЕЙ ЕСЕНИНДЕН

Кеч кирди. Мына шүүдүрүм,
Жылтылдайт чалкан бетинде.
Дем алып талга жөлөнүп,
Мен турам жолдун четинде.

Ай нуру көктөн агызган,
Чатырга биздин куюлат.
Кайдадыр тээ алыстан
Булбулдун үнү угулат.

Кылайган жел жок, жыпжылуу
Кыштагы мештин табындай,
Шалбааны кечип келаткан,
Шамга окшойт аппак кайыңдар.

Өзөндөн аркы токойдун
Дүкүйөт көзгө далысы.
Кароолдун уйку-соодогу,
Карайлайт зөөкүр дабышы.
31.02.2008.

 

КӨЧМӨН БУЛУТ

Кайда гана көчпөдүң,
Кайдан гана өтпөдүң.
Ээсиз көктү мекендеп,
Эркиндикти көксөдүң.
Токтоп эле капыстан,
Тоо кучактап өксөдүң.

Жашылданып жашарып,
Жандүйнөсү тазарып.
Сагынычтуу жүзүнөн
Салаа-салаа жаш агып.

Тоо да ыйлады төгүлүп,
Тоодо улуу тазалык!
Биз, кишилер, силерден
Бир топ ылдый жашадык.

Ыйың менен күлкүңдү
Ыр, күү менен коштодук.
Жер боорунда сага биз,
Жетпей турган окшодук.

Сен биз эмес, булутсуң,
Сергек, таза, тунуксуң.
Тоорулганың айланып,
Тоолор кантип унутсун.

Көчө бергин козголуп,
Көбөйө бер топтолуп.
Ыйлай албай турбагын,
Ый угарың жок болуп.

 

ТОО

Жетип турат көк асманга учтары,
Жерди биздей тээп турат буттары.
Кара аскалар канаттары калдайган,
Камынгандай качандыр бир учканы.

Тоо тунжурайт, бой көтөрбөй, басынбай,
Токтоп калган толкундардай жазылбай.
Ыраак калып, унут болуп бу жалган,
Ыр жазарда ойго кеткен акындай.

Эскерүүдөн тилден калып мелтиреп,
Эмнегедир ыйлагыңды келтирет.
Тагдыр кошуп тайыз менен бир ирет,
Тагы кыйрап турбаса экен менчилеп.

 

* * *

Ата-энем кетпей санааман,
Ат-Башы барып ашып кыр.
Черимди келдим жаза албай
Чеч-Дөбө ооруп жатыптыр.

Жапжашыл болуп калчу эле,
Жарылып көккө ташы да.
Күүсүнөн тайып баягы,
Күзгө окшоп калган жазы да.

Жабыркап келдим калаага,
Жазылбас ичте кусадан.
Өчпөс от болуп өзөктү,
Өрттөгөн намыс, ызадан.

Чачылып жырткыч жылдардан,
Чаң учкан өрөөн бозоруп.
Куркулдап кузгун көгүндө,
Кут учкан жолдон бошонуп.

Таштай оор, таштай мупмуздак,
Тагдырын жалгыз көтөрүп,
Жаны ооруп мендей Чеч-Дөбө,
Жатыптыр ыкшып жөтөлүп.

 

БУЛ КАНДАЙ ЖАЗ

Бул кандай жаз? Билбей менин тегимди,
Добул менен күбүп кетти шагымды.
Жамгыр эзди бош урулган жеримди,
Шамал менен үйлөп кетти шамымды.

Жер тамандан, асман кысып төбөмдөн,
Асыл максат артка карай чегинди.
Күлкүгө окшойт караганга төмөндөн,
Тиштенгеним жыйып соңку демимди.

Көрөлекмин дене жазып түзөлүп.
Билбейм дагы боюм канча экенин.
Ушул бойдон жүз тирилип, жүз өлүп,
Күн баткандай жерге батып кетемин.

 

* * *

Олтурсам үйдө чай менен,
Олчоёт төрдө кайненем.

 

ДАБА

Жазмышым, басар жолум ачаланды,
Жазыксыз балдар катуу жазаланды.
Атымды ошолорго актап берер,
Аттиң ай, жакшы ырларды жазаламбы?!

Өмүрдү бүт коштогон күйүт менен,
Өзөккө өрт жабышып, күйүп келер
Өздөн да, өзгөдөн да кайыр күтпөй,
Өзүмдү өзүм таштай түйүп келем.

Бир кайгы бир кайгыны улайт тура,
Бир кайрат бир өмүрдү сынайт тура.
Жылмышып багы баштан тайыганда,
Жылдыз да жылт деп төмөн кулайт тура.

Жан кыйын. Өлөйүн деп өлалбадым,
Жашоого отуз жылда көналбадым.
Бай, бардар кишилерди көрүп жүрөм,
Бактылуу кишини мен көралбадым.

Кулундай тулпар чыгаар чыйрак, күлүк,
Кунда жок жылдар калды кыйрап-бүлүп.
Жашоого ошондо да алдап турган,
Жазылган ырлар гана ыйлап жүрүп…

 

БАЛАЛЫКТЫ ЭСКЕРҮҮ

Калды мектеп “тил угам” деп ыйлаган,
Кыр-кырлардан “кыройлоп” кой жыйнаган.
Кырылгырлар кемип калып кечинде,
Санаа эзип кыйнаган.

Таштап ийип бүт жандилин түрүнүп,
Тапшырманы так аткарган жүгүрүп.
Түндө дайым буту ооруган, эти ысып,
Буту кызыл жүгүрүк.

Балалыгым эске түшөт, сагынам,
Анда жапжаш, атам азыр карыган.
Андагыдай бакыт дагы алыстап,
Мен да атамдай карыгам.

 

ТИРЛИК

Басылбай бороон болуп боздоп турам,
Баласы өлгөн үйгө окшоп турам.
Кара чаар жылан көргөн түшү сайын,
Качанкы өзүмдү өзүм жоктоп турам.

Бу тирлик карайт мага ыйлачудай,
Былк этсем урап түшүп кыйрачудай.
Баталбай жат-жакынга бараткансыйм,
Чоңоюп жер үстүнө сыйбачудай.

Барбы ыя, бакыт, сүйүү мен издеген,
Барайын Батый кандай жеңиш менен.
Кемедей аман келген сыяктанат,
Алышып ай чапчыган деңиз менен.

 

КЫШКЫ ДАРАК

Көргөндүн көзүн азгырган,
Көрүнбөйт көркү кечээги.
Акындай калган жакшы ырдан
Билинбейт тирүү экени.

Бириндеп күзгө үзүлүп,
Жолдордо калып чачылып…
Жылаңач нени күтүнүп,
Аязда турат ачынып.

Сестентип жансыз сүрүнөн,
Тамырын жерге ныгырат.
Тааныбай калдым үнүнөн,
Ким кетти экен шыбырап?

 

ЖАЗДЫН ОН БЕШИНЧИ КҮНҮ

Өткөн иштей жакшылыкка арналбай,
Өмүрүмдү өксүткөн бир армандай.
Калды эсимде араң чыккан ушул ыр,
Катуу оорудан аз-аз жерден калгандай.

Токтоо билбей тоону жарган суулардай,
Жакшы өнөргө жаманатты жуугандай.
Кайрат, намыс кайрылууда каныма,
Каран күндө каралашкан туугандай.

Көңүл толуп, көз кубанып жашылга,
Көктү бербей каркыра учат жакында.
Кайра жанып үмүт кургур бүлбүлдөп,
Кам урамын өмүр деген асылга.

Маанайым чак майрам көрүп тургандай,
Мага назик манжаларын сунгандай.
Атаганат, тилегимде дале бар,
Ушул күндөй жашап өтүү булганбай.

 

ЖАЛГЫЗДЫККА ОН КАЙРЫК

Кыйылганың эл-жер деп,
Кылын чертти сезимдин.
Бийиктигиң – жаштыгың,
Бир боорумдай сезилди.

Калдаясың жапжалгыз,
Калк кайнаган базарда.
Күндөр келди ушундай,
Күлбөй калган жасалма.

Уукпагын тардыктан,
Учсуз аалам, кенен жер.
Жалгыз болот жолдошсуз,
Жаан бузган кеменгер.

Жалгыздык бул – эркиндик!
Жандасын күз, жаз, жай, кыш.
Сапар тарткан ааламга,
Саманчы да жапжалгыз.

Талант болот тапканга,
Канат болот какканга.
Самсып жүрөт жалгыздан,
Сансыз жылдыз асманда.

 

* * *

Жанымдай көргөн дос алдайт,
Мени алдай, өзүн кошо алдайт.
Күн Айдын бетин тоскондой,
Ай Күндүн бетин тосо албайт.

 

ӨЗҮҢ МЕНЕН

Кеңдигиңден тардыгыма теңелбей,
Кеме мисал тарттың мени кебелбей.
Катуу күндө аяп турдуң атамдай,
Ачуу күндө аяп турдуң энемдей.

Чырмалышкан тагдырыңа тагдырым,
Сени менен мен дагы элде жакшымын.
Чындыгында карыздармын алдыңда,
Чыга калган үчүн кээде жакшы ырым.

Сенсиң ээси жакшы ишимдин көбүнүн,
Сенден менин суу баскандай өнүмүм.
Сени менен жакыныраак максатым,
Сергегирээк, узагыраак өмүрүм.

Сен жөнүндө ичим жылып ойлоном,
Түшкө кирсең шыгым артып ойгоном.
Мен турмушка өзүң менен кол салып,
Өзүң менен соккусунан коргоном.

Көзүм барда күч жок бизди бөлгүдөй,
Көз тунарып арып-ачып өлгүдөй.
Биз бир тоого чыгып бараткансыйбыз,
Бир кездерде бизди да элдер көргүдөй.

 

НУРЛАН КАЛЫБЕКОВГО

Өмүрмүн дейсиң, көмүрсүң,
Теңирмин деймиң, темирсиң.
Жазалек ырың жай бербей,
Жаныңды мүлжүп, кемирсин.

Алысмын дейсиң, жакынсың,
Асылмын дейсиң какымсың.
Жылдызга уркуң жетсе да,
Кыргызга гана акынсың.

Көк болсоң дагы жердей жүр,
Көз жаштай, Ысык-Көлдөй жүр.
Бороон да болсоң желдей жүр,
Теңир да болсоң телдей жүр.

Ыр улан болсоң Нурулан,
Ырларың ырдаар эл дей жүр.
Жарабайт десең мунумду,
Жаныма жакын келбей жүр.

 

КӨК-АРТ АШУУСУ

Асманды челген ашуу экен,
Аскасы арсак азуу экен.
Маңкайып турам туу жондо
Маңдайга жазган жазуу экен.

Капчыгай, токой, дайра экен,
Касиет мындай кайда экен?
Ашуулар мурун мен көргөн,
Анчейин экен, майда экен.

Кантейин тагдыр, кызганчы,
Калтырып үйүм сыз, тамчы.
Кырыңдан туруп ааламга,
Кыйкуулап учуп чыксамчы.

 

КАМАНДЫ

Өйүз-бүйүз өбүшчүдөй Каманды,
Өткөнүмдү издеп келдим табамбы?
Өндүр толо жашыл менен сары түс,
Өмүр толо жарык менен караңгы.

Улуу тоолор учу көккө сайылып,
Улуйт шамал бийиктиктен кайыгып.
Жараланып бир жеримден жаңыдан,
Жан сеп алып бир жарадан айыгып.

Караңгыда калтыраткан жапан жай,
Карайт зоолор кайрат-сүрү атамдай.
Алда кайдан алтынданган өзөнгө,
Ай кыйылат аркы кырдан баталбай.

Өмүрүмдү биротоло аздырбай,
Өлөр ал да жарк деп келер жакшы ырдай.
Тайлак болуп боздоп келем көрүүгө,
Таап алып таштап салган бактымдай.

 

КӨЙРӨҢ КЫЗ

Көз жоосун алып чөйрөнүн,
Көргөзүү үчүн көйнөгүн
Көчөгө чыкты көркөм кыз,
Көйрөңүн көрчү, көйрөңүн!

Солкулдап күлсо бөйрөктөн,
Сонуркайт ылдый, өйдө өткөн.
Күпкүндүз күндүн нуруна
Киринип жүрөт көйнөкчөн.

Ак куудай айдың көлдө өскөн,
Ак, кызыл гүлдөй төрдө өскөн.
Бирөөдө көзү өзүнүн,
Бирок да болот көрмөксөн.

 

ТҮНКҮ КАР

Көз жашы жылдыздардын үшүп жаткан,
Каалгып кайра айланып түшүп жаткан.
Күрс-күрс – деп Алыкулча жөтөлгөн жер,
Күңгүрөп окшойт Манас түзүп жаткан.

Биз жетпес жактан жерге себеленип,
Ыш басып, тамандарга тебеленип.
Уйкулуу ушул шыбыр кучагында
Учамын ай-ааламды тегеренип.

Түнкү кар – түн шыбыры, кыш шыбыры,
Түнкү кар – түндүн ыры, кыштын ыры.
Түнкү кар – төгүлүүнүн үлгүсүндөй,
Түнкү кар – түн күзөткөн кыздын ыры.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий